Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында, 2023-жылдын 21-майында Баткен шаарындагы В.И. Ленин атындагы орто мектебинде Баткен областындагы финансы-кредит уюмдарынын командаларынын арасында минифутбол боюнча турнир болуп өттү

Мындан тышкары, Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн имаратында Баткен областындагы финансы-кредит уюмдарынын кызматкерлери - кыз-келиндери арасында шахмат боюнча турнир болуп өттү

Минифутбол менен шахмат боюнча турнирге катышкан жана жеңишке ээ болгон катышуучулар акчалай жана баалуу сыйлыктар менен сыйланды.