Кайта келүү

2023-жылдын 20-майында Каракол шаарынын Жеңиш сейил багынын аймагында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана Каракол шаарынын мэриясынын көмөгү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ысык-Көл областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы  сомдун жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына арналган спорттук жарыш Ысык-Көл областтык башкармалыгынын жана Ысык-Көл областында жайгашкан финансы-кредит уюмдарынын кызматкерлеринин катышуусунда өттү.  

Жарышка эки жаш курактагы категория боюнча 270ден ашык адам катышты. Финансы секторунун кызматкерлери арасында сергек жашоо образын жайылтуу, аларды дене тарбия жана спорт менен машыгууга активдүү тартуу жарыштын негизги максаты болуп саналат.  

Жарыштын жыйынтыгында жеңүүчүлөр медалдар, дипломдор жана башка баалуу сыйлыктар менен сыйланды. 

Жарыш катышуучулар, Каракол шаарынын тургундары жана коноктору үчүн концерттик программа менен аяктады.