Кайта келүү

Баткен областында жарым марафон болуп өттү 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы сомдун жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында, шаардык борбордук стадиондо 2023-жылдын 1-май күнү Баткен шаарынын жана Баткен областынын тургундары үчүн атайын марафон өткөрдү

Иш-чаранын ачылышына Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарлары И.Ж. Маматович, Т.М. Мадяров, Баткен шаарынын вице-мэри М.Т. Маматисаев жана Баткен районунун акиминин орун басары К.А. Кыдырова катышып, катышуучуларды 1-Май - эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнү жана Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын 30 жылдыгы менен куттуктап, өз каалоо-тилектерин айтышты.  

200дөн ашык адам катышкан бул мелдешке эркектер жана аялдар ар түрдүү аралыкка чуркашкан. Марафондун жыйынтыгы боюнча алдыга чыккан жеңүүчүлөр аныкталып, аларга акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер тапшырылды.  

Салтанаттуу иш-чара катышуучулар, Баткен шаарынын тургундары жана коноктору үчүн концерттик программа менен аяктады.