Кайта келүү

 Конъюнктура: 27 - 31 июль


Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн 8,00 пайыз деңгээлине чейин төмөндөтүү чечимин кабыл алган 

Улуттук банк Башкармасы 2015-жылдын 27-июлунда эсептик чен өлчөмүн 150 базистик пунктка, 8,00 пайыз деңгээлине чейин төмөндөтүү чечимин кабыл алган.  

Сезондук фактор инфляция арымынын басаңдашын шарттап, июль айынын орто ченине (17сине карата), өтүп жаткан жылдын баш жагындагы 11,6 пайызга карама каршы, жылдык мааниде алганда 5,0 пайызды түзгөн. 

2015-жылдын январь-июнь айларында экономикалык өсүштүн жогорку көрсөткүчтөрү (7,3 пайыз), эң башкысы “Кумтөр” алтын кенин казып алуу ишканаларында өндүрүш көлөмүнүн өсүшү менен шартталган. “Кумтөрдү” эске албаганда ИДӨнүн реалдуу өсүш арымы 4,4 пайыз чегинде катталган.  

Инфляциялык процесстердин болжолдуу динамикасын эске алганда Улуттук банк, өлкө экономикасындагы жагдайларга мониторинг жүргүзүүнү улантуу менен мыйзамдарда белгиленген өз ыйгарым укуктарынын чегинде тиешелүү акча-кредиттик саясат чараларын көрөт. Акча-кредиттик саясат инфляцияны орто мөөнөттүк келечекте 5-7 пайыз деңгээлинде сактап турууга багытталган, бул Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын орто мөөнөттүк келечекке каралган акча-кредит саясатынын негизги багыттарында аныкталган.  

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү тууралуу маселе каралуучу кийинки отурум ушул жылдын 24-августуна пландаштырылган.  


Төмөнкү БФКМдерге жана алмашуу бюролоруна лицензиялар/күбөлүктөр берилген: 

1. "ШЕЙШЕН-ТАТА" ЖЧКсына 2015-жылдын 31-июлунда нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүгө №5351 лицензия берилген. Алмашуу бюросунун каттоо номери № 3334. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Курманжан Датка атындагы көчө, 266. 

2. «Мир валют» ЖЧКсына 2015-жылдын 31-июлунда нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүгө № 5350 лицензия берилген. Алмашуу бюросунун каттоо номери № 3334. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Манас атындагы көчө, №38-12. 

Мындан тышкары, "Руслан ЛТД" ЖЧКсына 2015-жылдын 27-июлунда кошумча алмашуу бюросунун каттоодон өткөндүгү жөнүндө №3332 кат берилген. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Фучик атындагы көчө, 1а, 12-кв. 

 

Төмөнкү БФКМдердин жана алмашуу бюролорунун лицензиялары/күбөлүктөрү жокко чыгарылган/кайтарылып алынган: 

1. “Уултай-кредит” кредиттик союзуна 1999-жылдын 22-сентябрында өз катышуучуларын кредиттөөгө берилген №154 лицензия, кредиттик союз жоюлгандыгына байланыштуу жокко чыгарылган. Дареги: Чүй областы, Аламүдүн району, Озерное айылы, Фрунзе көчөсү, 35. 

2. Жеке ишкер Кутманалиева Динара Токтогуловнага 2012-жылдын 31-июлунда нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна берилген №5030 лицензия, колдонуу мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу жокко чыгарылган. Дареги: Талас шаары, Сарыгулов атындагы көчө, номери жок (“Көктөм” соода үйүнүн имаратында). 

3. Жеке ишкер Гаипов Анварбек Тургуновичке 2012-жылдын 27-июлунда нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна берилген №5028 лицензия, колдонуу мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу жокко чыгарылган. Дареги: Баткен областы, Кызыл-Кыя шаары, Асаналиев атындагы көчө, “Айбек Базары” ЖЧКсы. 

4. “Заковат” кредиттик союзуна 1998-жылдын 27-ноябрында өз катышуучуларын кредиттөөгө берилген №73 лицензия кайтарылып алынган. Дареги: Баткен областы, Ляйляк району, Исфана айылы, Строительная көчөсү, номери жок.