Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2023-2025-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча 

стратегиялык иш-аракеттер планынын (САП) 2023-жылдын 4-чейрекке карата отчету 

 

Стратегиялык көрсөткүч: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ишинде коррупциялык аракеттердин жоктугу 

Максаттуу индикаторлор: Улуттук банктын ишинин ачык-айкындуулугу жана отчеттуулугу, калктын Улуттук банктын ишмердүүлүгүнө болгон ишеними, ишкердик беделинин деңгээли, Улуттук банктын аброю жана банк сектору менен тышкы өнөктөштөрдүн (борбордук банктар, эл аралык финансы уюмдары) ишенимге ээ болуусу  

Ички контролдоо: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу эксперт Кешикбаев Азиз Асылбекович 

Тышкы мониторинг: AИК(КР Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеш, жарандык коом, бизнес-ассоциациялар) 

Стратегиялык максаты 

Коррупцияга каршы чара 

Тапшырмалар 

Иш-аракет же иш-чара 

Аткаруучу 

Жылдар боюнча аткаруу мөөнөтү:  

2023-2024-2025 

Каржылоо булактары 

Натыйжа 

I жыл 

II жыл 

III жыл 

I. Коррупциялык аракеттерге мониторинг 

Улуттук банкта коррупцияга каршы аракеттенүүгө жарандык коомдун институттарын тартуу. 

Улуттук банкта коррупцияга каршы күрөшүүдө жарандык коом институттарынын активдүү катышуусуна жол берүү

Калкка, жарандарга жана уюмдарга коррупциялык фактылар, аларды түзүүгө көмөктөшүүчү себептер жана шарттар жөнүндө билдирүүгө өбөлгө түзүүчү коомдук кабылдаманын, ишеним телефондорунун үзгүлтүксүз иштешин жана натыйжалуулугун камсыз кылуу. 

Коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу (эксперт). 

Маалыматты жеткирүү ыкмаларынын иштешине мониторинг жүргүзүү жана камсыз кылуу. 

Маалыматты жеткирүү ыкмаларынын иштешине мониторинг жүргүзүү жана камсыз кылуу. 

Маалыматты жеткирүү ыкмаларынын иштешине мониторинг жүргүзүү жана камсыз кылуу. 

Сарптоолорду талап 

кылбайт. 

Улуттук банкта «коррупция тууралуу билдирүү» түз байланыш телефону иштейт, бул номер Улуттук банктын расмий сайтында жайгаштырылган. 

Улуттук банкта коррупцияга каршы аракеттенүүнү ченемик-укуктук камсыздоо 

Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорунда коррупциялык нормаларды алдын алуу 

Улуттук банкка экспертизага келип түшкөн ченемдик укуктук актыларга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлоруна коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү. Бизнес-коомчулук, жарандар жана мамлекеттик органдар менен коомдук талкууларды өткөрүү, ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо 

Юридика башкармалыгы, Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы, Төлөм системалары башкармалыгы, Экономика башкармалыгы, Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы, Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмү, Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы, Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгы, Коопсуздук жана маалыматтык коргонуу башкармалыгы . 

Ченемдик укуктук актыларга туруктуу негизде коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү

Ченемдик укуктук актыларга туруктуу негизде коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү

Ченемдик укуктук актыларга туруктуу негизде коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү

Сарптоолорду талап 

кылбайт. 

Коомдук талкууга сунушталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун саны, жөнгө салуучу таасирин талдоолордун, ченемдик укуктук актыларды талкуулоо боюнча жолугушуулардын/сүйлөшүүлөрдүн саны, ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна жүргүзүлгөн коррупцияга каршы экспертизанын саны. 

Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы төмөнкү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкууга жөнөттү

2023-жылдын IV чейрегине карата: 

1) «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКтын ишинин маселелери боюнча айрым токтомдорго өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө»; 

2)   «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (санарип документтери боюнча); 

3) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым ченемдик укуктук актыларына активдерди классификациялоо маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»; 

4) «Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу»; 

5) «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКтын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКтын ишин жөнгө салуу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»; 

6) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»; 

7) Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча «Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»; 

8) «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш алып барган банк эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетторун түзүүгө, жарыялоого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүүгө карата талаптар жөнүндө»; 

9) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын  

12-августундагы  

№ 2020-П-12/45-3-(НПА) «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу. 

 

Төмөнкү мыйзам долбоорлору каралды 

2023-жылдын IV чейрегине карата: 

1) «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»; 

2) «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасы Жарандык кодексине, «Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»; 

3) «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Атаандаштык жөнүндө», «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү  

киргизүү жөнүндө»; 

4) «Вакуф (вакф) негиздери жөнүндө»; 

5) «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»; 

6) «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»; 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйрук/токтом долбоорлору каралды: 

2023-жылдын IV чейрегине карата: 

1) «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин оюн-зоок иштери чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»; 

2) «Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк юридикалык жактардын банк эсептерин ачуу жана тейлөө боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору; 

3) «Келечек» мамлекеттик программасын бекитүү тууралуу». 

 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан  

2023-жылдын  

IV чейрегинде акча-кредит саясаты маселелери боюнча төмөнкү токтомдор жактырылган: 

1. 2023-жылдын  

27-ноябрындагы № 2023-П-07/73-2-(ДКП)  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө»;  

2. 2023-жылдын  

27-ноябрындагы № 2023-П-07/73-1-(ДКП) «2023-жылдын III чейреги үчүн акча-кредит саясаты жөнүндө отчет»; 

3. 2023-жылдын  

29-ноябрындагы № 2023-П-07/74-4-ДКП) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын отурумдарынын  

2024-жылга каралган графиги жөнүндө»; 

4. 2023-жылдын  

20-декабрындагы  

№ 2023-П-07/80-1-(ДКП) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2024-жылга карата акча-кредит саясаты жөнүндө билдирүүсү»; 

5. 2023-жылдын 20-декабрындагы  

№ 2023-П-07/80-2-(ДКП) «2024-жылга милдеттүү резерв түзүү графиги тууралуу». 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 22-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын  

31-мартындагы  

№ 2023-П-14/21-2-(ПС) «Эсептешүү банкына карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору коомдук талкууга коюлган. 

 

Мүмкүн болуучу операциялык анын ичинде коррупциялык тобокелдиктерди өз убагында аныктоо жана алардын Улуттук банктын ишине таасирин азайтуу боюнча чаралар топтомун ишке ашыруу. 

Улуттук банктын бизнес-процесстеринде операциялык жана коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу жана текшилөө

Инциденттерди, тобокелдик жагдайларды жана бизнес-процесстерди талдоонун негизинде Улуттук банктын операциялык тобокелдиктерин азайтуу боюнча системалык (жалпы банктык) чараларды иштеп чыгуу. 

Операциялык тобокелдиктер жана бизнес-процесстер бөлүмү жана түзүмдүк бөлүмдөр.  

коррупциялык тобокелдик аныкталган учурда маалымат берүү

коррупциялык тобокелдик аныкталган учурда маалымат берүү

коррупциялык тобокелдик аныкталган учурда маалымат берүү

Сарптоолорду талап 

кылбайт 

Улуттук банк операциялык тобокелдиктерди азайтып, Улуттук банкта тобокелдикти төмөндөтүүнү жогорулатты. 

II. Ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту камсыз кылуу үчүн коррупцияга каршы стандарттарды жана механизмдерди ишке ашыруу 

Улуттук банкта коррупцияга каршы саясаттын деңгээлин жогорулатуу, бизнестин ак ниеттүүлүгү жаатында эл аралык сертификациялоо  

KMС ISO 37001:2016 «Паракорчулукка каршы күрөшүү менеджментинин системасы. Колдонуу боюнча талаптар жана көрсөтмөлөр улуттук стандарттын ишке киргизилишин изилдөө  

KMС ISO 37001:2016 «Паракорчулукка каршы күрөшүү менеджментинин системасы. Колдонуу боюнча талаптар жана көрсөтмөлөр улуттук стандарттын ишке киргизилишин изилдөө. Чет өлкөлүк борбордук банктарда бул стандартты ыңгайлаштыруу маселеси. 

Коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу (эксперт), Ички аудит кызматы  

ISO 37001:2016 «Паракорчулукка каршы күрөшүү менеджментинин системасы. Колдонуу боюнча талаптар жана көрсөтмөлөр «эл аралык стандартты ишке киргизүү тажрыйбасын изилдөө. Чет өлкөлүк борбордук банктарда бул стандартты ыңгайлаштыруу маселеси. 

ISO 37001:2016 «Паракорчулукка каршы күрөшүү менеджментинин системасы. Колдонуу боюнча талаптар жана көрсөтмөлөр «эл аралык стандартты ишке киргизүү тажрыйбасын изилдөө. Чет өлкөлүк борбордук банктарда бул стандартты ыңгайлаштыруу маселеси. 

Улуттук банкта ISO 37001:2016 «Паракорчулукка каршы күрөшүү менеджментинин системасы. Колдонуу боюнча талаптар жана көрсөтмөлөр «улуттук стандартты ишке киргизүү актуалдуулугун кароо жана зарыл учурда Улуттук банктын 2025-жылга жана кийинки жылдарга бюджетине ишке киргизүүгө жана сертификациялоого каражат салуу. 

Улуттук банктын бюджети 

Чет өлкөлүк борбордук банктарда ISO 37001:2016 «Паракорчулукка каршы күрөшүү менеджментинин системасы. Колдонуу боюнча талаптар жана көрсөтмөлөр» эл аралык стандартты ишке киргизүү тажрыйбасын изилдөө.  

Жеке адамдар жана юридикалык жактар ​​менен өз ара аракеттенүүгө байланышкан сатып алуулар процессинде Улуттук банктын жеке адамдар жана юридикалык жактар ​​менен байланышсыз өз ара аракеттенүүсүн автоматташтырууну киргизүү

Улуттук банктын сатып алуу процесстеринде адам факторун минималдаштыруу максатында сатып алуулар системасын автоматташтыруу. 

Улуттук банкта сатып алуулардын автоматташтырылган системасын киргизүү

Сатып алууларды уюштуруу жана мүлктү сатуу бөлүмү, Банк ишин автоматташтыруу башкармалыгы.  

Тех. тапшырмаларды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүү, Улуттук банктын бюджетине каражаттарды салуу. 

сатып алуу комиссиясын түзүү, сынак жарыялоо. 

 

сынактын жеңүүчүсүн аныктоо, пилоттук долбоорду иштеп чыгуу, ишке ашыруу. 

Улуттук банктын бюджети 

Улуттук банкта сатып алуулар порталы иштейт, сатып алуулар боюнча иш мүмкүн болушунча автоматташтырылган. 

III. Улуттук 

банктын ишинин ачыктыгын жана калктын ишеним деңгээлин жогорулатуу 

Жарандык коом институттары, жалпыга маалымдоо каражаттары, жарандар жана бизнес түзүмдөр менен натыйжалуу өз ара аракеттенүү

Эффективдүү кайтарым байланыш системасын түзүү

Улуттук банктын иши жөнүндө маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу. 

 

Улуттук банктын ишинин ачыктыгын жогорулатуу жана маалыматтык айкындуулукту камсыз кылуу. 

Улуттук банктын катышуусу менен болгон иш-чараларды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда чагылдыруу, анын ичинде борбордук коомдук-саясий, ишкердик басма сөз жана электрондук ЖМКлардын атайын маалыматтык аянтчаларында Улуттук банктын иши жөнүндө бир катар басылмаларды чыгаруу. 

Коммуникация жана эл аралык кызматташуу башкармалыгы, түзүмдүк бөлүмдөр  

Улуттук банктын пресс-релиздери, Улуттук банктын кызматкерлеринин катышуусундагы иш-чаралар, Улуттук банктын иши жөнүндө басма сөз жана электрондук жалпыга маалымдоо каражаттары, басылмалардын серияларын чагылдыруу/чыгаруу 

Улуттук банктын пресс-релиздери, Улуттук банктын кызматкерлеринин катышуусундагы иш-чаралар, Улуттук банктын иши жөнүндө басма сөз жана электрондук жалпыга маалымдоо каражаттары, басылмалардын серияларын чагылдыруу/чыгаруу 

Улуттук банктын пресс-релиздери, Улуттук банктын кызматкерлеринин катышуусундагы иш-чаралар, Улуттук банктын иши жөнүндө басма сөз жана электрондук жалпыга маалымдоо каражаттары, басылмалардын серияларын чагылдыруу/чыгаруу 

Сарптоолорду талап 

кылбайт. 

Улуттук банктын пресс-релиздеринин саны, Улуттук банктын кызматкерлеринин катышуусундагы иш-чаралардын саны, Улуттук банктын иши боюнча басма сөз жана электрондук ЖМКлардын саны, басылмалардын серияларын чагылдыруу/чыгаруу саны. 

Улуттук банктын расмий интернет-сайтында коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча Улуттук банктын маалыматын/ үзгүлтүксүз отчетторун жайгаштыруу. 

Коррупцияга каршы аракеттенүү маселеси боюнча Улуттук банктын ишинин ачыктыгын камсыз кылуу. 

Улуттук банктын расмий сайтында маалыматты/Коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча Улуттук банктын кезектеги отчеттору жайгаштыруу. 

Коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу (эксперт), Коммуникация жана эл аралык кызматташуу башкармалыгы, Банк ишин автоматташтыруу башкармалыгы.  

Отчетту чейрек сайын жайгаштыруу, жылдын жыйынтыгы боюнча маалыматтардын жыйындысы. 

Отчетту чейрек сайын жайгаштыруу, жылдын жыйынтыгы боюнча маалыматтардын жыйындысы. 

Отчетту чейрек сайын жайгаштыруу, жылдын жыйынтыгы боюнча маалыматтардын жыйындысы. 

Сарптоолорду талап 

кылбайт. 

Отчетту чейрек сайын Улуттук банктын расмий сайтында жайгаштыруу, жылдын жыйынтыгы боюнча кыскача маалымат. 

IV. Улуттук банктын кызматкерлеринин паракорчулукка жана мыйзамсыз жүрүм-турумуна каршы ишкердик этиканы жана баалуулуктарды калыптандыруу 

Улуттук банктын кызматында абийирдүүлүктү камсыздоо 

Улуттук банктын кызматкерлерин этика нормаларын сактоо боюнча окутуу. 

Улуттук банктын кызматкерлерин этика нормаларын сактоо боюнча үзгүлтүксүз окутуп туруу. Жаңыдан кабыл алынган кызматкерлерди Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 28-декабрындагы № 79/2 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкерлеринин жүрүм-турум кодекси менен тааныштыруу. 

Персонал менен иш алып баруу бөлүмү  

Улуттук банктын кызматкерлеринин кеминде 30% этика нормаларын сактоого жыл сайын окутуу. 

Улуттук банктын кызматкерлеринин кеминде 30% этика нормаларын сактоого жыл сайын окутуу. 

Улуттук банктын кызматкерлеринин 30% кем эмесин этика нормаларын сактоо боюнча жыл сайын окутуу. 

Сарптоолорду талап кылбайт. 

Төртүнчү чейректе бул сан 27 адамды түзгөн. Жалпысынан 2023-жылга Улуттук банктын кызматкерлеринин жалпы санынын 18% жана 100% иштеп жаткан кызматкерлердин Улуттук банктын кызматкерлеринин кесиптик этика кодексине ылайык этика нормаларын сактоо боюнча окуудан өткөндөр деп эсептелет.  

Улуттук банктын кызматында кызыкчылыктардын каршы келип калышын баалоо жана жөнгө салуу үчүн укуктук жана институционалдык негиздерди ишке ашыруу. 

Кызыкчылыктардын каршы келип калышын алдын алуу, аныктоо жана жөнгө салуу жана өздүк (жеке) кызыкчылыктардын декларациясын толтуруу боюнча окутуу. 

Улуттук банктын кызматкерлерин кызыкчылыктардын каршы келип калышы маселелеринин алдын алуу, аныктоо жана жөнгө салуу жана өздүк (жеке) кызыкчылыктардын декларациясын толтуруу боюнча үзгүлтүксүз окутуу. Түзүмдүк бөлүмдөрдөн жеке (жеке) кызыкчылыктар жөнүндө маалыматтарды чейрек сайын талап кылуу. 

Персонал менен иш алып баруу бөлүмү, Улуттук банктын этика жана коррупциянын алдын алуу боюнча комиссиясы. 

Кызыкчылыктардын каршы келип калышын алдын алуу, аныктоо жана чечүү боюнча тренинг. Өздүк (жеке) кызыкчылыктар жөнүндө декларация берген кызматкерлердин саны. 

Кызыкчылыктардын каршы келип калышын алдын алуу, аныктоо жана чечүү боюнча тренинг. Өздүк (жеке) кызыкчылыктар жөнүндө декларация берген кызматкерлердин саны. 

Кызыкчылыктардын каршы келип калышын алуу, аныктоо жана чечүү боюнча тренинг. Өздүк (жеке) кызыкчылыктар жөнүндө декларация берген кызматкерлердин саны. 

Сарптоолорду талап кылбайт. 

Кызыкчылыктардын кагылышын алдын алуу, чечүү жана башкаруу боюнча Улуттук банктын кызматкерлеринин саны 100% түзөт. 

Улуттук банктын тиешелүү кызматкерлери тарабынан кызматкерлердин жеке (жеке) кызыкчылыктары жөнүндө декларацияларды жыл сайын милдеттүү түрдө берүүсү да үзгүлтүксүз түрдө жаңыланып турат. 

V. 

Банктык жана микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо деңгээлин жогорулатуу 

Улуттук банк тарабынан көзөмөлгө алынуучу субъекттер тарабынан керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча талаптардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча колдонмону иштеп чыгуу. 

Банктык жана микрофинансылык кызматтарды көрсөтүү боюнча талаптардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу. 

Көзөмөлгө алынган финансы-кредит уюмдары тарабынан керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча талаптардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча колдонмонун долбоорун даярдоо. 

Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмү, Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы.  

Улуттук банктын башка бөлүмдөрү менен биргеликте 2023-жылдын 4-чейрегине карата колдонмонун долбоорун иштеп чыгуу.  

Документти Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2024-жылдын 1-жарым жылдыгында бекитүү

 

Сарптоолорду талап кылбайт 

Улуттук банктын башка бөлүмдөрү менен биргеликте 2023-жылдын  

IV чейрегине карата колдонмонун долбоорун иштеп чыгуу. Документти Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2024-жылдын I-жарым жылдыгында бекитүү

Алдыңкы тажрыйбаларды үйрөнүү, ишке киргизүү жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен керектөөчүлөрдүн ортосундагы талаш маселелерди чечүү тартибин аныктоо. 

Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен керектөөчүлөрдүн ортосундагы талаш маселелерди чечүү деңгээлин жана сапатын жогорулатуу. 

Финансылык ортомчу кызматын түзүү, иш тартибинин укуктук статусун аныктоо, түзүү, мамлекеттик жана башка органдар менен өз ара иш алып баруу. Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана жайылтуу. Каржылоо тартибин аныктоо. 

Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмү,  

Юридика башкармалыгы,  

Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы.  

Финансылык ортомчу институту боюнча чет мамлекеттердин тажрыйбасын үйрөнүү

2023-жылдын 1-жарым жылдыгы 

Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу 

жана 2024-жылдын аягына чейин Улуттук банк Башкармасынын кароосуна сунуштоо. 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында финансылык ортомчу кызматы жөнүндө« мыйзам долбоорун  

2025-жылдын аягына чейин илгерилетүү

Сарптоолорду талап кылбайт. 

Кыргыз Республикасында финансылык ортомчу институтун ишке киргизүү 

 

 

Коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу (эксперт) А. Кешикбаев