Кайта келүү

 Конъюнктура: 5 - 17 август



Бишкекте Эксперттик форум болуп өттү 

2013-жылдын 2-августунда Бишкек шаарында Улуттук банк тарабынан уюштурулган кезектеги Эксперттик форум болуп өттү, анда Улуттук банктын жетекчилери, түзүмдүк бөлүмдөрдүн начальниктери, банк чөйрөсүндөгү, эл аралык уюмдардын, илимий чөйрөнүн жана бизнес шериктештердин эксперттери катышты.  

Эксперттик форумда Улуттук банктын 2013-жылдын I жарым жылдыгы үчүн акча-кредит саясатынын жыйынтыктары талкууга алынып, анын жүрүшүндө айтылган сын-пикирлер жана сунуштар кийинки акча-кредит саясатын иштеп чыгууда эске алынаары белгиленди.  

Улуттук банктын Экономика башкармалыгынын начальниги Сейилбек Урустемов өлкө ичинде орун алып турган экономикалык жагдай, ошондой эле Улуттук банк тарабынан жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатынын болжолдоолорду жана анын андан аркы багыты тууралуу маалымдады. 2013-жылдын I жарым жылдыгы ичинде ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) өсүшү 7,9% түзгөндүгүн, бул негизинен, “Кумтөр” алтын кенин казып алуу өндүрүшүнүн калыбына келиши менен шартталгандыгы белгиленди. Жыл башынан берки акча-кредит саясатынын өзгөчөлүктөрү тууралуу ал, январь-июнь айларында Улуттук банк ички банктар аралык валюта рыногунда катышуусу минималдуу болгондугун, ошондой эле апрель айында 14,7 млн. доллар көлөмүндө АКШ долларын сатуу боюнча бир жолу валюталык интервенция жүргүзүлгөндүгүн билдирди.  

2012-жылдын акырында Улуттук банк ликвиддүүлүктүү колдоо жана кайра каржылоо максаттарында кредиттик аукциондорду өткөрүүнүн механизмдерин ишке киргизген, бул механизмдин алкагында каражаттар пролонгациялоо мүмкүнчүлүгү менен 3 жана 6 айлык мөөнөткө сунушталат; өткөрүлгөн аукциондор боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык чен 6 пайыздан ашкан эмес, ал эми жайгаштыруу көлөмү 337,0 млн. сомду түзгөн

Мындан тышкары, өтүп жаткан жыл ичинде жергиликтүү экономикадагы негизги жагдайлардан болуп, Кумтөр боюнча белгисиздик орун алып тургандыгы белгиленди, бул өз кезегинде, мамлекеттик бюджеттин тартыштыгын каржылоо жагында коркунуч жаратып тургандыгын, ошондой эле дүйнөлүк экономиканын абалынын начарлоосуна алып керээрин, ал эми бул жеке трансферттик арымдын басаңдашына, тышкы суроо-талаптын төмөндөшүнөн улам, күндөлүк операциялар эсебинде тартыштыктын күч алышына алып келиши мүмкүн.  

Форумдун жыйынтыгында катышуучулардын көпчүлүгү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына акча-кредит саясатындагы монетардык инфляцияны ооздуктоо боюнча учурдагы багыттарын колдоого алып, мындан тышкары кайра каржылоо боюнча каражаттарды колдонуу механизмдерин өзгөчө көзөмөлгө алып, текшерүү иштерин күчөтүүнү сунушташты.   

Улуттук банктын Эксперттик форуму эрежедегидей эле, бир чейректе бир жолу өткөрүлүп турат. Анын эң негизги максаты эксперттер акча-кредиттик саясатка басым жасоо менен актуалдуу экономикалык маселелерди талкуулоонун негизинде, өлкөдөгү макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылууга багытталган сунуштарды иштеп чыгуусу зарыл.  

Улуттук банк акча-кредиттик саясаты боюнча I жарым жылдын жыйынтыгын чыгарды.   

2013-жылдын 2-августунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Заир Чокоев пресс-конференция өткөрдү.  

Пресс-конференциянын жүрүшүндө Улуттук банктын төрагасынын орун басары журналисттерге акыркы 6 ай аралыгындагы акча-кредиттик саясат тууралуу маалымдап, кароого алынган мезгил аралыгында инфляциянын жылдык мааниси 8,1% чегинде катталгандыгын, 2013-жылдын июнь айында баа 0,1% жогорулагандыгын билдирди. «Ошол эле учурда, июль айында дефляция 0,2% деңгээлинде белгиленип, август айында инфляциянын деңгээли болжолу менен нөлгө барабар болоору болжолдонуп жатат. Күзүндө адаттагыдай эле, баалар көтөрүлүшү мүмкүн», - деп З.Чокоев билдирди.  

 Жарым жыл ичиндеги акча-кредиттик саясат тууралуу, төраганын орун басары республикадагы акча базасынын 3,8% жана банк тутумунун негизги көрсөткүчтөрүнүн өсүшүн белгилей кетти. «Январь-июнь айларында иштеп жаткан коммерциялык банктардын кредиттик портфели 46 млрд 955,6 млн сомго жетип, 17,08% жогорулаган. Депозиттер 13,53%, жогорулап, 57 млрд 504,6 млн сомду түздү», - деп кошумчалады ал.  

 З.Чокоевдин маалыматын уккан соң, журналисттер көйгөй жараткан айрым банктар, айрыкча эки мамлекеттик банк «Айыл Банк» ААКсы менен «РСК Банк» ААКсынын жетекчилеринин эмне себептерден улам алмашкандыгы тууралуу маалыматтарды козгошту. “РСК Банк” ААКсындагы мыйзам бузуулар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Сүткорлук ишкердигин чектөө жөнүндө мыйзамынын күчүнө киришинен улам, Улуттук банктын аларга карата иш-аракеттери жагында да суроолор берилди».  

Төраганын орун басары ар бир төрт банк боюнча - "Манас Банк", Инвестбанк «Ысык-Көл», БТА «Банк» менен «КыргызКредитБанк» боюнча кырдаалга токтолуп, эки мамлекеттик банктагы жетекчилердин алмашканы боюнча кеңири маалымат берди. ««Айыл Банк» менен «РСК Банктын» жетекчилеринин алмашуусун күтүүгө болоор эле” деди ал сөзүнүн башында. Бул жаңы күч менен ишти жакшыртуу аркылуу жаңы максаттарды коюуга багытталып жатат. Негизинен, «Айыл Банктын» Директорлор кеңеши менен башкармалыктын мүчөлөрүнүн ортосунда тирешүүлөр бар эле. Бул маселеге акционер өзү кийлигишип, эки органдын курамын толугу менен алмаштырган. Ал эми “РСК Банкы” боюнча, аныкталган валюталык операцияларды жүргүзүүгө байланыштуу тартип бузуулардан тышкары, башка маселелер да бар. «РСК Банк» - бул ири жана системалуу банк. Анда казыналыктын жана Соцфонддун эсептери болгондуктан, анын ишинин сапатын жогорулатуу талабы орун алып турат. Маалымат системасын жаңылоо жагында олуттуу иштер жүргүзүлүүгө тийиш. Филиалдык түйүндөрдү кайрадан уюштуруп, башкаруу курамын да өзгөртүү зарылчылыгы келип чыгышы мүмкүн. Мындай көйгөйлөр чечкиндүү аракеттерди талап кылат», - деп белгиледи ал.   

 Кыргыз Республикасынын “Сүткорлук ишкердигин чектөө жөнүндө мыйзамынын күчүнө кириши тууралуу З.Чокоев бул микрофинансылык секторго кандай таасирин тийгизээрин алдын ала болжоо татаал экендигин, ал эми Улуттук банк өз кезегинде, баардык процесстерге байкоо жүргүзүп, коомчулукка маалымдап тураарын белгиледи

 Төмөнкү банктык эмес финансы-кредит мекемелерине жана алмашуу бюролоруна лицензиялар/күбөлүктөр берилген

"Вейрон" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2013-жылдын 12-августунда каттоо номери 3099, 5107 лицензия берилген. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Лермонтов көчөсү, 35 А.  

МКК “Азия Береке Кредит” ЖЧКсына 2013-жылдын 16-августунда жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөгө эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу 477 күбөлүк берилген. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Тихвинский көчөсү, 72.  

 

Төмөнкү банктык эмес финансы-кредит мекемелердин күбөлүктөрү/лицензиялары кайтарылып алынган:  

 

МКА "КуТЖАК" коомдук фондусуна 2003-жылдын 3-июлунда жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөгө берилген 41 эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгү, МКА "КуТЖАК" коомдук фондусунун уюштуруучуларынын жалпы жыйынынын 2013-жылдын 7-августундагы протоколунун жана МКА Башкармасынын төрагасынын эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүгүн жокко чыгаруу жөнүндө 2013-жылдын 14-августундагы өтүнүч катынын негизинде, 2013-жылдын 17-августунан тартып жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Ош областы, Ноокат району, Кеңеш айыл өкмөтү, Куу-Майдан айылы

МКА “Сэбу-Талас” коомдук фондусуна 2013-жылдын 16-майында жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөгө берилген 30 эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгү, МКАнын Директорлор кеңешинин 2013-жылдын 27-майындагы микрокредиттөө боюнча ишкердикти токтотуу тууралуу 2 токтомунун негизинде 2013-жылдын 17-августунан тартып жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Талас областы, Талас шаары, Оторбаев көчөсү 233, кв. 25. 

КС “Оомат” финансы компаниясына 1997-жылдын 3-ноябрында берилген лицензиясы бул кредиттик союздун 2013-жылдын 13-августундагы жалпы жыйынынын протоколунун, кредиттик союздун Башкармалыгынын төрагасынын 2013-жылдын 16-августундагы лицензияны жокко чыгаруу тууралуу өтүнүч катынын негизинде, 2013-жылдын 17-августунан тартып жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Ош областы, Кара-Суу шаары, Ленин көчөсү, 25 

 

 

Банктар аралык төлөм системаларынын көрсөткүчтөрү (БТС) 

 

Бардыгы болуп БТС 

анын ичинде 

Клирингдик система 

Гросстук система 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

2012-жылдын 05- августунан 17-августуна чейинки аралыктагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил ичинде) 

Абсолюттук мааниде  

29 486 784 357,39 

97 059 

3 258 837 160,30 

90 900 

26 227 947 197,09 

6 159 

БТС төлөмдөрүндөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

11,1 

93,7 

88,9 

6,3 

анын ичинде  (%)  

  

  

  

  

  

  

БАПБнын таза позициялары  

0,1 

1,6 

1,2 

1,7 

0,0 

0,0 

БК чыгыш   

13,4 

7,4 

19,5 

7,8 

12,7 

1,8 

БК кириш 

15,0 

44,8 

21,3 

47,6 

14,3 

3,1 

СФ чыгыш 

0,1 

2,8 

1,0 

3,0 

0,0 

0,0 

СФ кириш   

0,8 

7,4 

7,6 

7,9 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр 

Абсолюттук мааниде  

16 103 297 184,45 

55 112 

1 803 057 039,47 

51 561 

14 300 240 144,98 

3 551 

Отчеттук мезгил ичиндеги көрсөткүчтөрдүн өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрдөн четтеши 

Абсолюттук мааниде  

13 383 487 172,94 

41 947 

1 455 780 120,83 

39 339 

11 927 707 052,11 

2 608 

%  

83,1 

76,1 

80,7 

76,3 

83,4 

73,5 

 

Элкарт улуттук төлөм системасынын көрсөткүчтөрү 

карата абал боюнча  

2013-жылдын 

02-августуна карата 

2013-жылдын 

17-августуна карата 

Жүгүртүүдөгү карттардын саны   

(кайра чыгарылгандарын эске албаганда)  

212 477 

214 122 

Бардыгы болуп, pos-терминалдардын саны,   

анын ичинде:  

- банктарда  

- соода түйүндөрүндө  

 

1157 

647 

510 

 

1157 

647 

510 

Банкоматтардын саны  

289 

289