Кайта келүү
 Конъюнктура: 22 - 25 октябрь


Жогорку окуу жайлардын студенттери арасында Илимий иштер сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды 

 

Жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчү курсунун студенттери жана магистранттары арасында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына арналган Илимий иштер сынагы аягына чыкты. Сынакка катышуу үчүн Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин, “Манас” Кыргыз-Түрк университетинин, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, Кыргыз Республикасынан Президентине караштуу Башкаруу академиясынын, Борбордук Азиядагы Америка университетинин, ошондой эле Г.В.Плеханов атындагы Россия экономикалык университетинин бүтүрүүчү студенттери өз билдирмелерин беришкен. Сынак иштери ар түрдүү тематикада сунушталган, б.а. аларда финансы рыноктору, банктар жана банк иши, экономикалык өсүш, тышкы экономикалык мамилелер, мамлекеттик жана жеке карыз, валюта курсу сыяктуу экономикалык илим багыттарынын маселелери жана көйгөйлөрү козголгон.  

Курамына Улуттук банктын өкүлдөрү сыяктуу, тышкы эксперттер да кирген баа берүү комиссиясы, сынак иштерин кароого алып жана аны талкуулоо менен үчүнчү орунду “Реалдуу эффективдүү алмашуу курсу жана алтын менен жаратылыш ресурстарынан тышкары экспорт. Кыргызстан жана Россия Федерациясынан алынган фактылар” эмгеги үчүн Муратханов Анвар Абасхановичке ыйгаруу чечимин кабыл алган. Ал эми тиешелүү баллга эч ким жетишпегендиктен 1 жана 2-орундар бош калган. Ал эми “Кыргыз Республикасынын мисалында бир эле учурдагы экономикалык текшилөө системасын пайдалануу менен акча которуулардын ИДӨнүн өсүшүнө таасирин иликтөөгө алуу” деп аталган эмгеги үчүн Сулайманова Бурулча Бактыбековна кызыктыруучу белекке ээ болду.  

Мындан тышкары, “VAR-үлгүсүнүн жардамы аркылуу экспортко, импортко жана алмашуу курсуна иликтөөлөрдү жүргүзүү” темасындагы конкурстан тышкаркы эмгеги үчүн анын маанилүүлүгүн жана сапатын эске алуу менен Осконбаева Замира Жолдошбековнага өз эмгегин Улуттук банктын Илимий-Эксперттик кеңешинин отурумунда тааныштыруу сунуш кылынды, ал эми Улуттук банк өз кезегинде аны борбордук банкта тажрыйбадан өткөрүү мүмкүнчүлүгүн караштырууда.  

 

Кыргыз Республикасында нак акча жъгъртълъшънън 2012-жылдын III чейрегинин абалы тууралуу 

 

2012-жылдын 1 октябрына карата жъгъртъъдёгъ акчанын жалпы суммасы 53 562,4 млн. сомду тъзгён, анын ичинен 2 857,6 млн. сом коммерциялык банктардын кассаларында, ал эми калганы банк тутумунан тышкары колдонууда турган

2012-жылдын III чейрегинде коммерциялык банктардын кассаларына республиканын бътъндёй аймагынан 172 101,9 млн. сом келип тъшкён, бул 2011-жылдын тиешелъъ мезгилине салыштырганда 51 372,1 млн. сомго же 42,5 пайызга кёп.  

Коммерциялык банктардын кассаларынан 2012-жылдын III чейрегинде 179 318,2 млн. сом берилген, бул 2011-жылдын тиешелъъ мезгилине салыштырганда 59 226,7 млн. сомго же 49,3 пайызга кёп.  

Коммерциялык банктардын кассаларына нак акча кайтарымдуулугу 2012-жылдын III чейрегинде 96,0 пайызды тъзгён.  

 

Төмөнкү банктык эмес финансы-кредит мекемелери жана алмашуу бюролоруна лицензиялар берилген: 

 

1. Жеке ишкер Бурканова Гульнара Эркиновнага нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 23-октябрында №5061 лицензия берилген. Юридикалык дареги: Ош областы, Кара-Суу шаары, Туратали базары, 0-катар, №3 алмашуу бюросу; 

2. Жеке ишкер Чуйтиев Рахатбек Кочоновичке нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 24-октябрында №5062 лицензия берилген. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Жибек-Жолу көчөсү, 403, "Гоин" соода үйү

 

Төмөнкү МККлардын күбөлүктөрү калыбына келтирилди:  

 

1. 2007-жылдын 25-сентябрында МКК "ПиК и Компани" ЖЧКсына берилген эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө №94 күбөлүгү, күбөлүктү кайтарып алуунун себептеринен болгон кемчиликтер четтетилгендигине байланыштуу, Улуттук банктын 2012-жылдын 22-октябрындагы № 47-0 буйруусунун негизинде 2012-жылдын 22-октябрынан тартып калыбына келтирилген. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Чүй проспектиси 4А; 

2. 2010-жылдын 3-августунда МКК "Асыл Капчык" ЖЧКсына берилген эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө №304 күбөлүгү, күбөлүктү кайтарып алуунун себептеринен болгон кемчиликтер четтетилгендигине байланыштуу, Улуттук банктын 2012-жылдын 22-октябрындагы № 47-0 буйруусунун негизинде 2012-жылдын 22-октябрынан тартып калыбына келтирилген. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Аламедин-1 мкр., 83-4; 

3. 2011-жылдын 10-мартында МКК "Байлык-Финанс" ЖЧКсына берилген эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө №346 күбөлүгү, күбөлүктү кайтарып алуунун себептеринен болгон кемчиликтер четтетилгендигине байланыштуу, Улуттук банктын 2012-жылдын 22-октябрындагы № 47-0 буйруусунун негизинде 2012-жылдын 22-октябрынан тартып калыбына келтирилген. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Аламедин-1 мкр., 58-2; 

4. 2011-жылдын 30-ноябрында "МКК "MicroFinance" (МикроФайненс) ЖЧКсына берилген эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө №417 күбөлүгү, күбөлүктү кайтарып алуунун себептеринен болгон кемчиликтер четтетилгендигине байланыштуу, Улуттук банктын 2012-жылдын 22-октябрындагы № 47-0 буйруусунун негизинде 2012-жылдын 22-октябрынан тартып калыбына келтирилген. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Орто-Сай базары, Орто-Сай соода үйү, № 8 офис. 

 

 

Банктар аралык төлөмдөр 

Банктар аралык төлөм системаларынын көрсөткүчтөрү (БТС) 

 

 

Бардыгы болуп БТС 

анын ичинде 

Клирингдик система 

Гросстук система 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

2012-жылдын 22-октябрынан 25-октябрына чейинки аралыктагы көрсөткүчтөр  

(отчеттук мезгил ичинде) 

Абсолюттук мааниде 

11 170 439 737,41 

38 003 

1 124 043 008,39 

35 610 

10 046 396 729,02 

2 393 

БТС төлөмдөрүндөгү үлүшү (%) 

100,0 

100,0 

10,1 

93,7 

89,9 

6,3 

анын ичинде 

(%) : 

  

  

  

  

  

  

БАПБнын таза позициялары 

0,1 

1,4 

0,6 

1,5 

0,0 

0,0 

БК чыгыш  

10,4 

6,3 

13,7 

6,7 

10,1 

1,0 

БК кириш  

16,0 

35,0 

18,6 

37,0 

15,7 

5,9 

СФ чыгыш  

0,004 

0,1 

0,04 

0,1 

0,0 

0,0 

СФ кириш  

0,1 

1,2 

1,2 

1,3 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр 

Абсолюттук мааниде 

13 007 385 025,17 

44 134 

1 436 542 178,44 

41 311 

11 570 842 846,73 

2 823 

 

Отчеттук мезгил ичиндеги көрсөткүчтөрдүн өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрдөн четтеши  

Абсолюттук мааниде 

-1 836 945 287,76 

-6 131 

-312 499 170,05 

-5 701 

-1 524 446 117,71 

-430 

-14,1 

-13,9 

-21,8 

-13,8 

-13,2 

-15,2 

 

Элкарт улуттук төлөм системасынын көрсөткүчтөрү 

 

… карата абал боюнча 

2012-жылдын 12-октябрына карата 

2012-жылдын 19-октябрына карата 

Жүгүртүүдөгү карттардын саны 

(кайра чыгарылгандарын эске албаганда) 

149 163 

150 637 

Бардыгы болуп, pos-терминалдардын саны,  

анын ичинде: 

- банктарда 

- соода түйүндөрүндө 

 

753 

492 

261 

 

753 

492 

261 

Банкоматтардын саны 

245 

247