Сынактар
Датасы: 05.09.2023
Туруктуу шилтеме
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
маалымат базасына талапкерлерди тандоо боюнча ачык сынак жарыялайт:
- банктын жоюучусу (ликвидатор)
- банктын убактылуу администратору
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалымат базасына киргизилген талапкерлер андан ары банктын жоюучусу же убактылуу администратору катары тиешелүү жагдайлар жаралган учурда дайындалышы мүмкүн.
Документтерди 2023-жылдын 29-сентябрында саат 17:00дөн кечиктирбестен тапшыруу зарыл.
Белгиленген убакыттан кийин тапшырылган документтер кабыл алынбайт жана каралбайт.
Бардык суроолор менен 31-29-37 телефону аркылуу комиссиянын катчысына кайрылсаңыздар.
Минималдуу квалификациялык талаптар (жүктөө)
Жеке маалымат тууралуу (жүктөө)
Документтердин тизмеги (жүктөө)
Убактылуу администратордун функционалдык милдеттери (жүктөө)
Банктын жоюучусунун функционалдык милдеттери (жүктөө)
Датасы: 30.08.2023
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин
30 жылдыгына арналган
«Сом – Кыргызстандын жүзү» темасында балдар жана жаштар арасында эссе жазуу боюнча республикалык сынак өткөрүү
ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1.1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы улуттук валютанын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында 12-15 жаш курактагы балдар жана жаштар арасында «Сом – Кыргызстандын жүзү» темасында эң мыкты эссе жазуу боюнча республикалык сынак (мындан ары – сынак) өткөрөт.
1.2. Сынакка даярдалган эмгектер берилген тематика боюнча эссе түрүндө берилет.
1.3. Сынактын максаттары:
- балдардын жана жаштардын улуттук валютага карата сарамжалдуу мамилесин калыптандыруу;
- финансылык сабаттуулук маселелерине балдардын жана жаштардын көңүлүн буруу;
- жаштардын чыгармачылык жигердүүлүгүнө дем берүү, Улуттук банктын иши боюнча коомчулуктун кабардар болушун жакшыртууга жана калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга өбөлгө түзүү.
1.4. Сынак боюнча эмгектердин темалары:
- «Сом – Кыргызстандын жүзү» / «Сом – лицо Кыргызстана».
- «Каражатыңды планда, өз келечегиңе кам көр» / «Планируй свои деньги, позаботься о своем будущем».
- «Кыялдар канат байлаганда» / «Когда мечты становятся возможностью».
2. Сынакты өткөрүүнүн тартиби жана шарттары
2.1. Сынак 2023-жылдын 1-сентябрынан 1-октябрына чейин (материалдар саат 17:00дөн кечиктирилбестен жөнөтүлөт) өткөрүлөт.
2.2. Сынак боюнча эмгектерди тандоо баскыч боюнча жүргүзүлөт.
I баскыч. 2023-жылдын 3-октябрынан 8-октябрына чейин сынак комиссиясы тарабынан иштерди тандоо жана кароо.
II баскыч. 2023-жылдын 17-октябрында сынактын жеңүүчүлөрүн көз карандысыз комиссия тарабынан аныктоо.
III баскыч. 2023-жылдын 24-октябрында жеңүүчүлөрдү жарыялоо.
2.3. Бир автор бир гана эмгекти тапшыра алат.
3. Сынакка материалдарды берүү тартиби
3.1. Сынакка катышуу үчүн талапкерлер төмөнкү формада онлайн-өтүнмө толтурушу керек: https://forms.gle/FVUxucXgviNxEYxm8 (мындан ары – google-форма) жана сынакка тапшырыла турган эмгекти төмөнкү тартипте жайгаштыруу/жөнөтүү зарыл.
3.2. Сынак боюнча эмгектерди Улуттук банктын тармактык ресурсуна эмгектерди жайгаштыра турган Улуттук банктын кызматкерлеринин электрондук почтасына жөнөтүү керек:
- Ысык-Көл областы – nmakeshov@nbkr.kg;
- Ош областы - eismanov@nbkr.kg;
- Нарын областы - aryskulova@nbkr.kg;
- Жалал-Абад областы - uaskarbekov@nbkr.kg;
- Талас областы skokoev@nbkr.kg;
- Баткен областы - nsaparova@nbkr.kg;
- Чүй областы жана Бишкек шаары - dtokmambetova@nbkr.kg.
3.3. Эссени Times New Roman 14-шрифти, 1,5 интервалы менен көлөмү үч барактан ашпаган Word форматында Улуттук банктын кызматкерлеринин электрондук почталарына жөнөтүү зарыл. Кызматкерлер эмгектерди Улуттук банктын тармактык ресурсуна жайгаштырышат.
4. Сынак боюнча эмгектерди тандоо критерийлери
4.1. Сынак боюнча эмгектерди баалоонун негизги критерийлери:
· теманы ачуу;
· логикалык жана ырааттуу ой жүгүртүү;
· кошумча материалдарды колдонуу;
· тыянак.
4.2. Сынакка башка авторлордун эмгектеринин көчүрмөлөрү, автор жөнүндө толук эмес маалымат менен берилген материалдар, ошондой эле ар кандай социалдык топтордун өкүлдөрүнүн ар-намысын жана кадыр-баркын кемсинткен же зомбулук көрүнүштөрүн камтыган же курчап турган чөйрөгө жана экологияга зыян келтирген иштер кабыл алынбайт.
4.3. Тартиптин талаптарына ылайык келбеген эмгектерге сынакка катышууга жол берилбейт жана формалдуу белгиси боюнча четке кагылат.
Датасы: 27.06.2023
Туруктуу шилтеме
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
маалымат базасына талапкерлерди тандоо боюнча ачык сынак жарыялайт:
- банктын жоюучусу (ликвидатор)
- банктын убактылуу администратору
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалымат базасына киргизилген талапкерлер андан ары банктын жоюучусу же убактылуу администратору катары тиешелүү жагдайлар жаралган учурда дайындалышы мүмкүн.
Документтерди 2023-жылдын 07-июлунда саат 17:00дөн кечиктирбестен тапшыруу зарыл.
Белгиленген убакыттан кийин тапшырылган документтер кабыл алынбайт жана каралбайт.
Бардык суроолор менен 31-29-37 телефону аркылуу комиссиянын катчысына кайрылсаңыздар.
Минималдуу квалификациялык талаптар (жүктөө)
Жеке маалымат тууралуу (жүктөө)
Документтердин тизмеги (жүктөө)
Убактылуу администратордун функционалдык милдеттери (жүктөө)
Банктын жоюучусунун функционалдык милдеттери (жүктөө)
Датасы: 15.05.2023
Туруктуу шилтеме
Улуттук банктын «Кыргыз сому тууралуу беш факты»
интернет-викторинасын өткөрүү
ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Эрежелерде Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын социалдык тармактардагы баракчаларынын окурмандары арасында викторина өткөрүү тартиби жана шарттары жөнгө салынган.
1.2. Викторинанын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары – Улуттук банк) саналат. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Чүй пр., 168. Байланыш телефондору: 0312 61-06-67, 0312 61-06-52.
1.3. Викторина өткөрүүнүн шарттары жана анын жыйынтыктары жөнүндө маалымат Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында, ошондой эле Улуттук банктын социалдык тармактардагы расмий баракчаларында жайгаштырылат.
1.4. Викторинанын аталышы «Кыргыз сому тууралуу беш факты».
1.5. Викторина 2023-жылдын 15-майынан 19-майына чейин өткөрүлөт.
1.6. Викторина Улуттук банктын социалдык тармактардагы расмий баракчаларында: Instagram: (@nbkr_kg), Facebook: (@kyrgyzbank1992) өткөрүлөт.
1.7. Сынактын жеңүүчүлөрүнө Улуттук банк тарабынан баалуу белектер тапшырылат.
2. Викторина өткөрүүнүн шарттары
2.1. Викторинага катышуу жана баалуу сыйлыктарды утуп алуу үчүн Улуттук банктын социалдык тармактардагы аккаунттарына (Instagram, Facebook) катталуу зарыл.
2.2. Улуттук банктын социалдык тармактардагы (Instagram, Facebook) баракчаларында 5 (беш) күн бою мамлекеттик жана расмий тилдерде даярдалган суроолор күн сайын жайгаштырылып турат.
2.3. Викторинанын катышуучусу суроо камтылган билдирүүгө карата комментарий түрүндө өзүнүн жообун берүүгө тийиш.
2.4. Викторинанын катышуучусу викторина өткөрүлгөн мезгилде 1 (бир) гана жолу байге ээси боло алат (3.1-пункт).
2.5. Берилген суроого биринчилерден болуп туура жооп жазган катышуучулар викторинанын жеңүүчүлөрү болуп саналат.
3. Викторинанын жеңүүчүлөрүн аныктоо критерийлери
3.1. Викторинанын жеңүүчүлөрүн уюштуруучу суроо Улуттук банктын социалдык тармактардагы баракчаларына жайгаштырылгандан кийин күн сайын саат 17.00дө аныктайт.
3.2. Викторинанын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи викторинанын жыйынтыгы чыгарылгандан кийин өткөрүлөт.
4. Тараптардын укуктары жана милдеттери
Катышуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
4.1. Викторинага ушул Эрежелерде аныкталган тартипте катышууга.
4.2. Сынактын бардык шарттары аткарылгандан кийин жана катышуучу жеңүүчү катары таанылгандан кийин уюштуруучудан сыйлык берүүнү талап кылууга.
Катышуучу төмөнкүлөргө милдеттенет:
4.3. Жеңүүчү катары таанылган учурда төмөнкү маалыматтарды көрсөтүүгө: паспорттун маалыматтары (паспорттун сериясы жана номери, берилген жер жана датасы сканерден өткөрүлүп көрсөтүлөт).
Уюштуруучу төмөнкүлөргө укуктуу:
4.4. Инсандыгын тастыктаган документтерди көрсөтүүдөн баш тартканда же викторина боюнча берилген маалыматтар дал келбеген учурда жеңүүчүгө сыйлык берүүдөн баш тартууга.
4.5. Викторинанын эрежелерин бузган учурда каалаган убакта катышуучуну викторинага катышуудан четтетүүгө (атап айтканда, катышуучу социалдык тармактарда ар кандай аккаунттар аркылуу бир нече жолу катталуу аракетин жасаган учурда).
4.6. Калып калган сыйлыктарды өз каалоосу боюнча колдонууга.
Уюштуруучу төмөнкүлөргө милдеттенет:
4.7. Ушул Эрежелерде аныкталган тартипте викторина өткөрүүгө.
4.8. Викторинанын жеңүүчүсүнө сыйлыкты ушул Эрежелерге ылайык тапшырууга.
5. Сыйлыкты алуу тартиби жана шарттары
5.1. Сыйлыктар жеңүүчүлөргө паспортун же инсандыгын тастыктаган башка документти көрсөткөндө гана берилет.
5.2. Сыйлык алуу укугун башка бирөөгө өткөрүп берүүгө, ошондой эле утуштарды акчалай түрдө төлөөгө жол берилбейт.
5.3. Викторинанын жеңүүчүсү кандайдыр бир себеп менен байгеден баш тарткан учурда, сыйлык викторинанын жеңүүчүсүнөн кийинки туура жооп жазган адамга берилет.
6. Кошумча шарттар
6.1. Викторинага 18 жашка толгон, Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган адамдар катыша алышат. Көрсөтүлгөн талаптарга жооп бербеген адамдар викторинага катышпайт жана байге алууга укугу жок.
6.2. Викторинага катышуу автоматтык түрдө катышуучу ушул Эрежелер менен таанышкандыгын жана макулдугун билдирет.
6.3. Викторинага катышуу менен катышуучу өзүнүн жеке маалыматтарын (аты-жөнүн, уюлдук телефон номери) текшерүүгө макулдугун берет.
6.4. Викторинага катышуу менен катышуучу өзүнүн жеке маалыматтарын берүүгө жана аларды карап чыгууга макулдугун берет (Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун сканерленген версиясын же жеңүүчүнүн инсандыгын тастыктаган башка документти уюштуруучуларга берүү).
6.5. Викторинага уюштуруучу тараптын кызматкерлери жана алар менен аффилирленген адамдар (алар менен аффилирленген жактардын кызматкерлери), викторинаны даярдоого жана өткөрүүгө катышкан уюмдардын кызматкерлери, ошондой эле баардык көрсөтүлгөн адамдардын үй-бүлө мүчөлөрү катыша албайт.
6.6. Викторинанын уюштуруучусу интернет-провайдерде келип чыккан техникалык үзгүлтүктөр жана викторинаны өткөрүүнүн жүрүшүндө орун алган кандайдыр бир үзгүлтүктөр үчүн күнөөсү жок болсо, жоопкерчилик тартпайт.
Датасы: 19.04.2023
Туруктуу шилтеме
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ачык тандоонун жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын туунду жана ассоциацияланган уюмдарынын директорлор кеңештерине талапкерлердин тышкы резервине
төмөндөгү талапкерлерди киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынгандыгын билдирет
№ |
Аты-жөнү |
Багыттар* |
1 |
Рыскулов Тилекмат Азизбекович |
КБ, КФ, ТС |
2 |
Жакишов Манас Жумадилович |
КБ, КФ, ТС |
3 |
Сатымкулов Миррад Женишбекович |
КБ, КФ |
4 |
Алыбаев Таалайбек Орунбаевич |
КБ, ТС |
5 |
Данияров Айдин Мунарбекович |
КБ, ТС |
6 |
Оморов Эркинбек Темирбекович |
КБ, ТС |
7 |
Турсунбеков Азамат Апсалбекович |
КБ, ТС |
8 |
Тулемушева Аида Мидиновна |
КБ, ТС |
9 |
Чотуралиев Асылбек Бадалбекович |
КБ, ТС |
10 |
Сарбагишев Нурлан Бердибекович |
КБ, ТС |
11 |
Шаршеналиев Бакыт Арстанбекович |
КБ, ТС |
12 |
Асанкулов Эркинбек Сагыналиевич |
КБ, ТС |
13 |
Асанбеков Улан Асанбекович |
КФ, ТС |
14 |
Абдурахманова Дамира Сулаймановна |
КБ |
15 |
Имаралиева Фарида Нурмахамотовна |
КБ |
16 |
Мамыров Нурбек Аскарбекович |
КБ |
17 |
Кочобаев Нурлан Рысбекович |
КБ |
18 |
Таласбаев Эрмек Насрединович |
КБ |
19 |
Сарбагышева Жылдыз Карыпбековна |
КБ |
20 |
Мамбеткадыров Болот Нургазиевич |
КБ |
21 |
Кыдыкеев Максат Шамшидинович |
КФ |
22 |
Умарходжаев Мелис Батырбекович |
КБ |
23 |
Иманкулова Чинара Кашкаровна |
ТС |
* Багыттар: КБ – коммерциялык банктар, КФ – кепилдик фонддор, ТС – төлөм уюмдары жана төлөм системаларынын операторлору.
Тышкы резерв талапкерлеринин тизмесине киргизилбегендиги тууралуу чечимге макул болбогон талапкерлер тышкы резервге кирген талапкерлердин тизмеси жарыялангандан кийин 3 (үч) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка тиешелүү арыз берүүгө укуктуу.