Улуттук банктын жаңылыктары


Датасы: 02.06.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын төрт жаранына (А.у.Р., С.А.Д., Ч.у.Р., М.М.Т.) нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок жүргүзгөндүгү үчүн ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 

 


Датасы: 01.06.2023
Туруктуу шилтеме

2023-жылдын 1-июнунда - Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында улуттук валютанын киргизилгендигинин 30 жылдыгына арналган «Сом Кыргызстандын жүзү» темасында балдар арасында сүрөт тартуу/колго жасалган буюмдар чыгармачылыгы боюнча республикалык сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү

Сынактын максаты - балдар жана жаштар арасында улуттук валютага аяр мамиле жасоону калыптандыруу, балдарды жана жаштарды финансылык сабаттуулук маселелерине кызыктыруу, жаштардын чыгармачылык жигердүүлүгүнө дем берүү, Улуттук банктын иши жөнүндө коомчулуктун кабардар болушун арттыруу жана калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга өбөлгө түзүү

Сынакка 200дөн ашык эмгек сунушталды, ар бир эмгек өзүнүн аткаруу техникасы жана чыгармачылыгы менен өзгөчөлөнүп уникалдуу болду. 

Республикалык сынактын жеңүүчүлөрүнө эстелик дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды. 

 

 

 


Датасы: 01.06.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «БАКАЙ БАНК» ачык акционердик коому тарабынан «БАКАЙ БАНК» ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Ибрагимов Тимур Сергеевичтин талапкерлигине 2023-жылдын 26-майында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

 

 


Датасы: 01.06.2023
Туруктуу шилтеме

2023-жылдын 30-майында Улуттук банктын өкүлдөрү коммерциялык банктардын директорлор кеңешинин жана башкармасынын мүчөлөрү менен террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (мындан ары ПФТД/ЛПД) чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарынын аткарылышы, ошондой эле Кыргызстанга карата экинчилик санкциялардын колдонулушу мүмкүндүгүнө байланышкан тобокелдиктерди төмөндөтүү боюнча маселелер менен жолугушту.  

Улуттук банк коммерциялык банктарга кардарлардын операцияларын жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын ПФТД/ЛПД чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарын так сактоону, аналитикалык иштерди күчөтүүнү, ЕБ жана АКШ тарабынан юридикалык жана жеке жактардын товарларына карата киргизилген эл аралык санкцияларга өзгөчө көңүл буруу менен алдын алуу чараларын көрүүнү сунуштады.  

Улуттук банк, кандайдыр бир мыйзам бузуулар аныкталса, коммерциялык банктарга жана алардын кызмат адамдарына карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү таасир этүүчү чаралары колдонула тургандыгын белгиледи.  

Улуттук банк өзү тарабынан жогоруда аталган маселелерди чечүү боюнча банк секторуна колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. 





Датасы: 31.05.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы К.К. Боконтаев 2023-жылдын 30-31-майында Беларусь Республикасынын Минск шаарында өткөн Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарынын валюта саясаты боюнча Консультациялык кеңешинин 24-отурумуна катышты. 

Иш-чаранын алкагында ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү учурдагы экономикалык кырдаал жана акча-кредит саясатын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат алмашуу болду. Аталган бирликтин жалпы финансы рыногун калыптандыруу боюнча иштерди мындан ары активдүү жүргүзүү жана кредиттик рейтингдерди өз ара таануу боюнча күн тартибинде белгиленген маселелер да талкууланды. 


Датасы: 30.05.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасында санариптик төлөм инфраструктурасын өнүктүрүү, накталай эмес төлөмдөрдү көбөйтүү, калктын финансылык кызматтардан пайдалануусун кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2023-жылдын 24-майында № 2023-П-14/34-4-(ПС) «Кыргыз Республикасында тез төлөмдөр системасын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө» токтомун кабыл алды.  

Кыргыз Республикасында тез төлөмдөр системасын өнүктүрүү концепциясы Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Банктын милдеттери/ Төлөм системасы бөлүгүндө жайгаштырылган.  

 

 


Датасы: 30.05.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү, банктардын жана төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын мобилдик тиркемелерин колдонуу менен товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуу үчүн соода-тейлөө ишканаларын эки өлчөмдүү штрихкод белгилери (QR-код) менен камтуу жана аны жайылтуу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2023-жылдын 24-майында № 2023-П-14/34-3-(ПС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) «Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды.  

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Ченемдик укуктук акты Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Төлөм системасы бөлүгүндө жайгаштырылган.  

 

 


Датасы: 30.05.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

эсептик ченди 13,00 пайыз деңгээлинде сактап калды 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2023-жылдын 29-майында эсептик ченин (негизги ченин) 13,00 пайыз деңгээлинде өзгөртүүсүз калтыруу жөнүндө чечим кабыл алды. Чечим 2023-жылдын 30-майынан тартып күчүнө кирет.  

Кыргыз Республикасынын экономикасына тике жана кыйыр таасирин тийгизген тышкы экономикалык шарттар, мурдагыдай эле, белгисиздик жагдайлардын таасиринде, бир калыпта болбостон, тышкы финансылык рыноктордо өзгөрүлмөлүүлүк сакталууда. Дүйнөлүк азык-түлүк жана мунай рынокторунда баа динамикасынын акырындап төмөндөшүнө карабастан, көпчүлүк өлкөлөрдө жогору инфляция деңгээли күтүлүүдө. Ал эми региондо инфляциянын акырындык менен төмөндөшү алгылыктуу фактор болуп саналат. 

Кыргыз Республикасында 2023-жылдын январь-апрель айларынын жыйынтыгы боюнча ИДӨнүн айкын өсүш арымы 4,4 пайызды түздү. ИДӨнүн жалпы көлөмүнүн өсүшү экономиканын негизги тармактарынын, айрыкча, кызмат көрсөтүүлөр секторунун оң көрсөткүчтөрү менен камсыздалат. Салык-бюджет жана акча-кредит саясатынын өз ара аракети орто мөөнөттүү келечектеги инфляциянын туруктуу динамикасы үчүн аныктоочу факторлордун бири болуп эсептелет. Ички суроо-талап реалдуу эмгек акынын туруктуу өсүшү, ошондой эле керектөө кредиттеринин көлөмүнүн өсүшү менен шартталат. 

2023-жылдын башталышынан тартып Кыргыз Республикасында керектөө баалары (2023-жылдын 19-майына карата) 4,2 пайызга жогорулап, инфляция деңгээли жылдык мааниде 11,2 пайызды түзгөн. Күндөлүк инфляциянын калыптанышына, негизинен, айрым административдик баалардын (тарифтердин) кайра каралышы, ошондой эле дүйнөлүк азык-түлүк рынокторундагы баа конъюнктурасынын турукташуусу таасирин тийгизген. 

Улуттук банк тарабынан алдын ала көрүлгөн чаралардын натыйжасында, акча жана валюта рынокторундагы жагдай салыштырмалуу туруктуу бойдон сакталууда. Учурдагы акча-кредит шарттарын колдоо улуттук валютадагы аманаттарга болгон суроо-талапты сактоого жана калктын каражат топтоосуна өбөлгө түзүүгө мүмкүндүк берет. 

Кыска мөөнөттүү келечекте инфляцияга түрткү берүүчү факторлор мурдагыдай эле сакталып турушу күтүлөт. Күтүлүп жаткан инфляция деңгээли тышкы шарттар менен катар эле, ички факторлордун да таасиринде калыптанат, анын ичинен, ички суроо-талаптын акырындап көбөйүшү, ошондой эле бир катар тарифтердин жана акциздердин жогорулашы негизгилерден болуп саналат. Ошол эле учурда, дүйнөлүк азык-түлүк бааларынын динамикасы боюнча оптимисттик болжолдоолор ички баалардын өсүшүнө ооздуктоочу таасирин тийгизиши күтүлөт.  

Учурда орун алып турган шарттарды эске алуу менен Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 13,00 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Улуттук банк тарабынан жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясаты, мурдагыдай эле, Кыргыз Республикасында инфляция деңгээлин орто мөөнөттүү мезгилдеги максаттуу көрсөткүчкө чейин төмөндөтүүгө багытталган. Кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан учурда, Улуттук банк жүргүзүп жаткан монетардык саясатына кошумча корректировкаларды киргизиши мүмкүн. 

Улуттук банк түптөлгөн жагдайга туруктуу негизде көз салып турат жана зарыл болгон учурда акча-кредит саясатынын тиешелүү чараларын көрөт жана кошумча инструменттерди колдонот. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча кийинки отуруму план боюнча 2023-жылдын 31-июлунда өткөрүлөт

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жагдайга жараша негизги чен өлчөмү боюнча пландан тышкаркы отурум өткөрүшү мүмкүн


Датасы: 26.05.2023
Туруктуу шилтеме

Улуттук банк жарандарга шектүү продукттар менен инструменттерге инвестиция салууда этият болууну сунуштайт 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, акыркы учурларда ар кандай интернет-ресурстар, жалпыга маалымдоо каражаттары, ошондой эле социалдык тармактар, мессенджерлер жана башка коммуникация каражаттары аркылуу жарандарга белгилүү бир активдерди сатып алуу же Улуттук банктын жана башка финансылык уюмдардын атынан финансылык жардам көрсөтүү боюнча түшүнүксүз көп маалыматтар сунушталып жаткандыгын билдирет.  

Мында чындыкка дал келбеген маалымат таркатылып жатат, тактап айтканда, шилтеме аркылуу өтүү менен же ошол инструменттерге акча каражаттарын салып, кыска убакыт ичинде көп киреше алуу жана заматта байып кетүү мүмкүнчүлүгү сунушталууда. 

Калктын көңүлүн буруу үчүн алдамчылар чындыкка жатпаган маалыматты таратуу, белгилүү бир активдерден жогору киреше алуу жана аларды андан ары төлөм каражаты катары жүгүртүү же аларды товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө алмаштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу жөнүндө материалдарды жайгаштыруу менен жарнама ишин катуу жүргүзүп жатышат. Элди көбүрөөк ишендирүү үчүн алдамчылар Улуттук банктын атрибуттарын жана медиа чөйрөсүндө кеңири таанымал инсандардын сүрөттөрүн пайдаланган учурлар да кездешүүдө.  

Улуттук банк мындай учурларда өтө этият болууну, алдамчылык белгилерин камтыган шектүү продукттарга жана инструменттерге инвестиция салуудан алыс болууну сунуштайт жана төмөнкү коопсуздук чараларын так сактоого чакырат: 

- расмий сайттарды гана колдонуңуз, эч качан шектүү шилтемелерге кирбеңиз, ал шилтемеге жеке маалыматтарыңызды жана картаңыздын маалыматтарын киргизбеңиз;  

- эгерде картаңызды уурдатып же жоготуп алсаңыз, картаңыз банкоматка тартып алса же кайсы болбосун башка кыйынчылыктарда дароо өз банкыңызга телефон чалыңыз;  

- дайыма өз операцияларыңызды банктын көчүрмөсүнө салыштырып текшериңиз. Эгерде сиз аткарбаган операция жүргүзүлгөнүн аныктасаңыз, түптөлгөн жагдайды териштирүү өтүнүчү менен дароо өз банкыңызга арыз менен кайрылыңыз;  

- карта сыяктуу эле, электрондук капчыкты колдонууда да шектүү шилтемелерге кирип, жеке маалыматтарыңызды жазбаңыз.  

- эгерде электрондук капчык тиркемеси жүктөлгөн телефонуңузду уурдатып жиберсеңиз, дароо өз банкыңызга бул тууралуу маалымдап, электрондук капчыгыңызды блокко коюңуз.  

- банкоматтан акча чыгарууда эч качан бейтааныш адамдардан жардам сурап кайрылбаңыз. 

- өзүңүздүн картаңыздын номерин, ПИН-кодун, картанын колдонуу мөөнөтүн, ошондой эле CVV/CVC коддорун (бул коопсуздук коддору болуп саналат, картанын аркы бетиндеги кол тамга коюла турган тилкедеги 3 цифра) эч кимге айтпаңыз жана көрсөтпөңүз.  

- электрондук капчык колдонууда да коопсуздук эрежелерин сактаңыз. Биринчи кезекте, капчыкка кирүү үчүн көп белгиден турган узак сыр сөздү (мисалы, 6 дан 16га чейинки белгиден турган) белгилеп алыңыз, идентификациядан өтүңүз;  

- алдамчылык иш-аракеттерине кабылган учурда токтоосуз өзүңүз тейленген банкка жана укук коргоо органдарына кайрылыңыз.  

Финансылык кызматтарды көрсөтүүгө байланыштуу суроолор пайда болгон учурда Улуттук банк финансылык уюмдарга онлайн-сервис кызматтары аркылуу (телефон, электрондук почта, социалдык тармактар ​​жана мессенджер аркылуу) кайрылууну сунуштайт. Иш тартиби, продукттар жана кызматтар жөнүндө маалымат финансы уюмдарынын интернет-сайттарында жайгаштырылган.  

Зарыл болгон ыкчам маалыматты/консультацияларды алуу үчүн жарандар Улуттук банктын коомдук кабылдамасына 0 312 61 04 86 телефону, Улуттук банктын 0501 89 00 00 whatsapp-каналы, финансы кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселелери боюнча 0312 61 45 78 телефон номери жана 0555 85 57 48, 0770 73 73 49 мобилдик номерлер аркылуу кайрыла алышат.  

 


Датасы: 26.05.2023
Туруктуу шилтеме

Өтүп жаткан жылдын 25-майында «Economist» финансылык басылмасынын economist.kg интернет-сайтында «Кыргыз Республикасынын ири финансылык форумунда Министрлер Кабинетинин башчысы катышып, Улуттук банктын башчысы катышкан жок» деген аталышта жарыяланган макаласы боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төмөнкүлөрдү билдирет. 

Аталган макаланын текстинде төмөнкүдөй жазылган: 

“Бишкекте 25-майда сегизинчи BIFF 2023 эл аралык финансылык форум өтүп жатат, анын алкагында финансы секторундагы инновациялар, ошондой эле финансы секторунун башка маанилүү маселелери талкууланат. Расмий ачылыш бөлүгүндө Банктар союзунун башчысы Анвар Абдраев жана Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров чыгып сөз сүйлөштү. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан күтүүлөргө карабастан, Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Боконтаев эмес, анын орун басары Заир Чокоев чыгып сөз сүйлөдү.  

Мурда Кыргызстанда ар жылдык ири финансылык форумда дайыма Улуттук банктын башчылары чыгып сөз сүйлөп келген. Ошондой эле, жөнгө салуучу органдын азыркы башчысы ири тармактык иш-чараларга көп катышпай жаткандыгын, ошондой эле маалымат мейкиндигине көп аралашпай, жалпыга маалымдоо каражаттарына да интервью бербей келгендигин белгилейбиз. Улуттук банктын атынан акыркы кеңири интервьюну мурдагы төрага Толкунбек Абдыгулов берген.”. 

Бул маалыматка жооп катары Улуттук банк 2023-жылдын 25-майында өткөн BIFF форумунда (мындан ары - Форум) Улуттук банктын төрагасы К. Боконтаев кыргыз мамлекетинин жана анын жетекчилеринин коррупция менен күрөшүү саясатына көз караштардын каршы келип калбашы үчүн катышпагандыгын маалымдайт.  

Бул жагдай, Форумду уюштуруунун башкы баскычында анын башкы бирге уюштуруучусу тарабынан Улуттук банк менен өз ара иш алып баруу үчүн коррупция иши боюнча, атап айтканда, Керемет банк иши боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында коррупция боюнча айып тагылган адам дайындалгандыгы менен байланыштуу. Мындай дайындоо Улуттук банк үчүн жол берилгис жана терс көрүнүш болуп саналат.  

Ушул себептен, Улуттук банктын төрагасы кыргыз мамлекетинде коррупция менен күрөшүүнүн негизи болуп саналган баалуулук көрсөткүчтөрүнө көз караштардын каршы келип калбашы үчүн Форумга катышкан эмес.  

Мында, жогоруда белгиленген фактылар жөнүндө маалым болбогон жана ага эч кандай тиешеси жок Кыргызстандын банк коомчулугун урматтагандыктан, ошондой эле алдын ала пландаштырылып калган Форумду өткөрүүнү үзгүлтүккө учуратпоо максатында, Улуттук банктын төрагасы өзүнүн ордуна аталган Форумга катышууну орун басарына өткөрүп берип, Форумду өткөрүүгө көмөктөшүү боюнча мурда алган милдеттенмелерди да толук аткарууну тапшырган. 

Ал эми Улуттук банктын төрагасынын тармактык иш-чараларга катышпагандыгы жөнүндө маалымат боюнча Улуттук банк бул маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын билдирет. Алсак, мисалы, Форумга чейин беш күн мурда Улуттук банктын төрагасы 2023-жылдын 19-майында Бишкек шаарында болуп өткөн, улуттук валютанын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына арналган, башка мамлекеттердин борбордук банктарынын башчылары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилери, Кыргыз Республикасындагы эл аралык органдардын, өлкөнүн коммерциялык банктарынын жана башка финансы секторунун жетекчилери катышкан маанилүү Эл аралык банктык конференцияга катышып, бир нече жолу чыгып сөз сүйлөгөн. Бул конференция жөнүндө маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарында (мындан ары - ЖМК) кеңири жарыяланган: Улуттук банктын төрагасынын сөзү республикалык телеканалдарда көрсөтүлүп, андан үзүндүлөр жалпыга маалымдоо каражаттарында, анын ичинде социалдык тармактарда да жарыяланган. 

Мындан тышкары, Форумга чейин 10 күн мурун Улуттук банктын төрагасы улуттук валютанын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына арналган, Кыргызстандын 800гө жакын банк кызматкери катышкан, жарыш - жалпы банктык спорттук иш-чаранын ачылышында сөз сүйлөгөн. Спорттук жарыш тууралуу маалымат ЖМКларда, интернет-ресурстарда, анын ичинде социалдык тармактарда да чагылдырылган.  

Улуттук банктын төрагасы К. Боконтаевдин эл алдында сүйлөбөгөндүгү тууралуу маалымат боюнча айтсак, төрага ар түрдүү маселелерди кароодо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин отурумунда чыгып сүйлөйт. Алсак, алтын боюнча парламенттик комиссиянын иш жыйынтыгын кароодо парламенттин жакынкы арада болуп өткөн отурумунда кыргыз коомчулугуна Улуттук банктын алтын менен операциялары, Улуттук банктын тескөөсүндө турган алтындын көлөмү тууралуу маалымат берген. Анын сөзүнөн алынган үзүндүлөр ЖМКга жарыяланган.  

Мындан тышкары, буга чейин Улуттук банктын төрагасы Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзам долбоорун жана Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамын коргоо максатында, Жогорку Кеңештин отурумдарына дайыма катышып сүйлөп турган, анда «Керемет банк» ААКтын ишине байланыштуу 2018-2020-жылдары Улуттук банкта миллиарддаган жоготууларга жол берилгендиги тууралуу маалымдаган, Улуттук банктагы бул жоготуулардын өлчөмү жана Улуттук банкта мындай болушу мүмкүн экендиги жөнүндөгү маалымат ошол учурда кыргыз коомчулугун таң калтырган. Төраганын айткан сөзүнөн алынган үзүндүлөр ЖМКларга мезгил-мезгили менен жарыяланып турган жана жарыяланып турат.  

Жогоруда белгиленгендер Улуттук банктын төрагасынын коомчулукка берген маалыматтын актуалдуулугун, учурдун талабына туура келген жана сапаттуу экендигин көрсөтүп турат.  

Күндөлүк маалыматтарды сунуштап туруу үчүн Улуттук банкта Коомчулук менен иш алып баруу бөлүмү иштейт. Бөлүм Улуттук банктын иши, Кыргыз Республикасынын банк секторунун абалы жана башка маселелер тууралуу коомчулукка туруктуу негизде маалымат берип турат.  

Улуттук банкта дайыма Улуттук банктын атынан интервью берип туруу үчүн Улуттук банктын расмий өкүлү дайындалган, ал өз ишин туруктуу негизде аткарып келет.  

Азыркы учурдагы журналисттердин жана редакторлордун мууну К. Боконтаев Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп турган учурда ЖМКга ошол мезгилде бат-бат интервью берип тургандыгын эстебей калышкандыгын белгилеп кетүү керек, анда ал Убактылуу өкмөттүн мамлекеттик казынада акча жок деген жалган маалыматына 2010-жылдын апрель айында чындыкты айткан интервью берген. Ал пресс-конференцияларда коомчулукка (ЖМКларда, анын ичинде телекөрсөтүүлөрдө көрсөтүлгөн) Улуттук банкта Өкмөттүн жана Өнүктүрүү фондунун 220 млн АКШ долларынан ашык каражаты сакталып тургандыгын маалымдаган. Бул маалыматы үчүн ал дароо ээлеген кызматынан бошотулуп, көп жылдык саясий куугунтукка алынган. Ал эми 2010-жылдын апрель айында жана андан кийин деле ошол жылдары 2010-жылга чейин бийликте иштеген адамдар коопсуздугуна коркунуч жаралып жаткандыгынан жана саясий куугунтукка алынышы ыктымалдыгынан улам, ЖМКларга кандайдыр бир интервью берүүдөн кооптонушкан.  

Жогоруда белгиленгендерге таянсак, «Economist» финансылык басылмасы жарыялаган «Кыргыз Республикасынын ири финансылык форумунда Министрлер Кабинетинин башчысы катышып, Улуттук банктын башчысы катышкан жок» деген жогоруда берилген маалымат чындыкка дал келбейт.  

Ошондой эле, Улуттук банк бул жагдай коммерциялык банктардын жана башка финансы уюмдарынын тиешелүү коомдук уюмдардын уюштуруучулары болуп саналган негизги акционерлери жана жетекчилери тарабынан жогоруда аталган терс мүнөздөгү маалымат канчалык деңгээлде алардын ички саясатына дал келе тургандыгы өз убагында каралышы керек деп эсептейт, себеби бул уюмдар коомдук уюмду колдоо үчүн финансылык төгүмдөрдү которуп турушат. Айрыкча бул, коррупцияга каршы күрөшүү максатын көздөгөн өлкөдөгү мамлекеттик банктардын жана уюмдардын жүргүзгөн саясатына тиешелүү

Ошондой эле Улуттук банк 2022-жылдын экинчи жарымында жана 2023-жылдын башталышында коомчулуктун жана парламент депуттарынын арасында Кыргызстандын коммерциялык банктарынын ишине карата айткан кескин нааразычылыктары байкалгандыгын белгилейт, алардын пикиринде учурдагы болуп жаткан кризиске байланыштуу коммерциялык банктар пайда көрүп жатат дешкен. Бул учурда Улуттук банктын расмий өкүлү коммерциялык банктарга карата негизсиз күнөө коюлуп жаткандыгы тууралуу комментарийлерди жана интервьюларды үзгүлтүксүз берип турган. Бирок, тилекке каршы, ошол мезгилде тиешелүү банктык коомдук уюмдар тарабынан коммерциялык банктарды коргогон интенсивдүү интервьюлар жана пикирлер айтылган эмес.  

Улуттук банкка жана анын жетекчилигине карата, Улуттук банкта мыйзамдуулукту орнотуу боюнча анын ишмердүүлүгүнө байланышкан, өзгөчө Керемет банкты калыбына келтирүү боюнча айтылган маалыматтык чабуул, тилекке каршы, буга чейин болуп келген жана азыр дагы болуп жатат. Бирок ишенимдүү жана так маалыматтар мындай көрүнүштөргө каршы туруу үчүн негиз болуп саналат.  

Басылманын редактору жогоруда айтылган маалыматты жарыялоонун алдында анын аныктыгын тактап текшерип көрбөгөндүгү жана экинчи тараптын пикирин укпагандыгы өкүндүрөт. Ошондой эле, колдон келген бардык ыкманы, анын ичинде анык эмес маалыматты колдонуп, каалаган максатка жетүүгө болот деп эсептегендердин катарына билип-билбей кошулуп алган «Economist» финансылык басылмасынын калыс баа бере албагандыгы абдан өкүнүчтүү. Улуттук банк журналисттердин аткарып жаткан ишин баалайт, бирок кандай болбосун маалыматты жарыялоодон мурда экинчи тараптын пикирин угууну жана маалыматтын чындыкка дал келе тургандыгын тактап текшерип алууну сунуштайт. 

 


Датасы: 26.05.2023
Туруктуу шилтеме

2023-жылдын 25-майында, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен бирге «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмеси тарабынан уюштурулган «Технологиялар, мүмкүнчүлүктөр жана туруктуу өнүгүү» аталышында Бишкек эл аралык финансылык форум BIFF-2023 болуп өттү

Форумга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Улуттук банктын жетекчилиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Улуттук банктын, эл аралык уюмдардын, Кыргыз Республикасынын финансы секторунун өкүлдөрү жана чет элдик эксперттер катышты. 

Жолугушуунун катышуучулары финансылык технологияларды өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин, анын ичинде накталай эмес төлөмдөрдүн келечеги, санариптик трансформация, аралыктан идентификациялоо, киберкоопсуздук, финансылык технологиялар жана мамлекеттик жөнгө салуу тууралуу маселелерди талкуулашты. 

 

 

 


Датасы: 26.05.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төлөм системасынын оператору жана төлөм уюму «Диджитал Пэйментс-К» ЖЧКнын юридикалык аталышы «Фридом Пэй Кыргызстан» ЖЧКга өзгөргөндүгүнө байланыштуу 2023-жылдын 18-майында төлөм системасынын операторунун № 2022160218 жана төлөм уюмунун № 3027111019 лицензиялары кайра таризделгендигин билдирет. 

 

 


Датасы: 26.05.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын ички рыногунда баалуу металлдар рыногун өнүктүрүү, анын ичинде зергерчилик тармагын чийки зат менен камсыздоо жана баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүүнү арттыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз фондулук биржасы» жабык акционердик коому менен биргеликте (мындан ары «КФБ» ЖАК) «Кыргызалтын» ачык акционердик коому тарабынан даярдалган, салмагы 10900 граммдан 13400 граммга чейинки аффинаждалган алтын куймаларын «КФБ» ЖАКтын соода аянтында сатууну баштады.  

Кыргыз фондулук биржасында аффинаждалган алтын куймаларын сатууга катышуу жана сатып алуу шарттары боюнча кеңири маалымат «КФБ» ЖАКтын расмий интернет-сайтында жайгаштырылган. 


Датасы: 25.05.2023
Туруктуу шилтеме

2023-жылдын 23-майында Улуттук банктын кызматкерлери коммерциялык банктардын комплаенс-кызматтары менен санкциялар жана санкциялардан улам кошумча тобокелдиктердин таасири боюнча актуалдуу маселелерди, ошондой эле жаңы банктык продукттарды/кызмат көрсөтүүлөрдү жана финансылык технологияларды колдонууга киргизүүдө Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мыйзам талаптарын сактоо маселелерин талкуулоо үчүн жолугушушту.  

Жолугушууда АКШ жана Европа бирлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын экономикалык өнөктөш өлкөлөрүнө карата чектөө чаралары киргизилген учурдан тартып Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банк системасына санкциялардын терс таасирине бөгөт коюу жана банктык корреспонденттик мамилелердин токтоп калуу тобокелдиктерине жол бербөө максатында тиешелүү иштерди жүргүзүүдө

Атап айтканда, Улуттук банк туруктуу негизде коммерциялык банктарга санкциялардан улам кошумча тобокелдиктердин таасири жөнүндө маалымдап турат жана санкцияларга жол бербөө максатында коммерциялык банктарга OFAC, Европа бирлигинин санкциялык тизмегине кирген товарлар жана жактар менен операцияларды контролдоону күчөтүү жана аларга жол бербөө боюнча чараларды кабыл алууну сунуштайт. 

Мындан тышкары жолугушууда коммерциялык банктарга, банктын кардарларын тейлөөдө, санкциялар аларга карата киргизилген юрисдикциядагы жактар менен операцияларга өзгөчө көңүл буруу менен аларды Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарына ылайык талапка ылайык текшерүү жагында ички контролдукту күчөтүү чараларын көрүү ишин улантууну сунуштады. 

 

 


Датасы: 23.05.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын  

Жалал-Абад областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын төрт жаранынын (Х.К., М.Н.А., Ю.М.М. жана М.М.М.) ар бирине 17 500 сомдон айып пул салынды. 

 


Датасы: 22.05.2023
Туруктуу шилтеме

2023-жылдын 22-майында Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй областтарынын тургундары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча семинарлар өткөрүлө башталды. Семинардын максаты калкка өз каражаттарын туура пайдаланууга окутуу, финансылык продукттардан жана кызмат көрсөтүүлөрдөн, анын ичинде электрондук кызматтардан пайдалануу жөнүндө маалымат берүү, ошондой эле инвестициялоо, салыктар, камсыздандыруу жана финансылык коопсуздук маселелери боюнча финансылык билимин арттыруу саналат. 

Семинарлар Улуттук банк тарабынан ОБСЕнин Бишкектеги программалык офисинин колдоосу астында өткөрүлүп жатат.  

Семинарларды өткөрүү графиги жөнүндө толук маалымат менен төмөнкү  шилтеме аркылуу таанышып чыгууга болот. 

 

 

 

 

 


Датасы: 22.05.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Талас областтык башкармалыгы 2023-жылдын 17-майында улуттук валюта  кыргыз сомунун жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Талас шаардык Көркөм сүрөт музейинде коллекциялык монеталарды сатуу уюштурулган нумизматикалык көргөзмөнү ачты.  

Көргөзмөгө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 30 жыл ичинде чыгарган төмөнкү нумизматикалык баалуулуктар коюлду:  

- Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын өнүгүү тарыхын чагылдырган, 1993-2023-жылдары чыгарылган банкноттордун үлгүлөрү;  

- 1995-2023-жылдары чыгарылган коллекциялык эстелик монеталар; 

- сувенир буюмдары.  

Жогоруда аталган иш-чара 2023-жылдын 17-18-май күндөрү Талас шаардык Көркөм сүрөт музейинде өттү. Ал эми, 23-25-май күндөрү Талас шаары, Бердике Баатыр көчөсү 291 дарегинде жайгашкан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Талас областтык башкармалыгынын имаратында өткөрүлөт. 

 

 

 

 


Датасы: 22.05.2023
Туруктуу шилтеме

2023-жылдын 18-майында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын этика жана коррупциянын алдын алуу боюнча комиссиянын отуруму болуп, анда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2023-2025-жылдарга коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө стратегиялык иш-чаралар планынын долбоору талкууланды.  

План ачык-айкындуулукту, маалымдуулукту жана коррупцияга каршы билим берүүнү жана коррупциянын алдын алууну камсыздоо боюнча иш-чараларды камтыйт. 

Отурумга Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү М.Ш.Аттокуров жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын этика жана коррупциянын алдын алуу боюнча комиссиянын башка мүчөлөрү катышты. 

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2023-2025-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча стратегиялык иш-чаралар планынын долбоору жактырылып, Улуттук банктын төрагасына бекитүүгө жөнөтүлдү

2023-жылдын 19-майында Улуттук банктын төрагасы “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2023-2025-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча стратегиялык иш-чаралар планын бекитүү тууралуу” буйругун чыгарган. 

 

 


Датасы: 22.05.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилгендигинин  

30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында 2023-жылдын 13-майында «Сулайман Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин имаратында жана 2023-жылдын 16-майында Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде Улуттук банк тарабынан чыгарылган коллекциялык монеталардын нумизматикалык көргөзмөсү болуп өттү.  

Көргөзмөнүн салтанаттуу ачылышына «Сулайман Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин кызматкерлери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин кызматкерлери менен студенттери катышты.  

Көргөзмөгө келгендер үчүн Улуттук банк тарабынан чыгарылган коллекциялык нумизматикалык монеталарды сатуу уюштурулду. 

 

 

 

 

 

 


Датасы: 22.05.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгынын алкагында жана «Сом  Кыргызстандын жүзү» аталышындагы иш-чаралар планына ылайык, 2023-жылдын 16-майында Нарын областтык башкармалыгында агрардык-экономикалык колледждин студенттери үчүн лекция уюштурулду.  

Окулган лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын Нарын областтык башкармалыгынын өкүлдөрү студенттерге улуттук валютанын өнүгүү этаптары жана коргоо белгилери тууралуу кызыктуу маалымат беришти

Агрардык-экономикалык колледждин студенттери нумизматикалык коллекциялык монеталарды сатуу көргөзмөсүнө катышты, көргөзмөгө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган, кыргыз элинин терең тарыхы менен маданий мурасын чагылдырган, жогорку көркөм чеберчиликте жасалган нумизматикалык коллекциялык монеталар коюлган. 

 

 

 

 

 


Датасы: 22.05.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгынын алкагында жана «Сом  Кыргызстандын жүзү» аталышындагы иш-чаралар планына ылайык, 2023-жылдын 12-майында Нарын областтык башкармалыгында улуттук валютанын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйын уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө салтанаттуу жыйындын катышуучуларына кыргыз сомунун 30 жылдык тарыхын камтыган өнүгүү этаптары жана улуттук валютанын коргоо белгилери тууралуу кызыктуу маалымат берилди

Ошондой эле нумизматикалык көргөзмө уюштурулуп, анда Улуттук банк тарабынан чыгарылган, кыргыз элинин терең тарыхы менен маданий мурасы чагылдырылган жогорку деңгээлдеги көркөм чеберчиликте жасалган нумизматикалык коллекциялык монеталар коюлган. 

Мындан тышкары, көргөзмөнүн катышуучулары үчүн Улуттук банк тарабынан чыгарылган коллекциялык нумизматикалык монеталарды сатуу уюштурулду 


 

 

 

 

 

 


Датасы: 22.05.2023
Туруктуу шилтеме

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Оптима Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Оптима Банк» ААКтын ички аудит департаментинин директорунун орун басары кызмат ордуна сунушталган Мырзабеков Арсен Бейшекеевичтин талапкерлигине 2023-жылдын 16-майында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «ЭкоИсламикБанк» жабык акционердик коому тарабынан «ЭкоИсламикБанк» ЖАКтын ички аудит кызматынын жетекчисинин орун басары кызмат ордуна сунушталган Тюменбаев Баккелди Рахимовичтин талапкерлигине 2023-жылдын 16-майында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

 


Датасы: 22.05.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн 1 микрокредиттик компаниясына айып пул салынды.  


Датасы: 19.05.2023
Туруктуу шилтеме

Улуттук валютанын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына арналган «Чакырыктардан жаңы мүмкүнчүлүктөргө карай» 

эл аралык конференциясы 

 

2023-жылдын 19-майында Бишкек шаарында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында улуттук валютанын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына арналган «Чакырыктардан жаңы мүмкүнчүлүктөргө карай» темасында эл аралык конференция болуп өттү.  

Эл аралык конференциянын программасында туруктуу экономика жана экономиканы санариптик трансформациялоо темаларына арналган эки сессиялык блок каралган. Биринчи сессиянын алкагында «Экономиканы трансформациялоо шарттарында акча-кредит саясатынын ролу» темасы боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Заир Чокоев, Россия Федерациясынын Борбордук банкынын төрагасы Эльвира Набиуллина жана Казакстан Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Галымжан Пирматов баяндама беришти.  

Инфляциянын глобалдуу өсүшү, анын Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн акча-кредит саясатынын негиздерине таасири темасы Өзбекстан Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Мамаризо Нурмуратовдун жана Эл аралык валюта фондунун Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Тигран Погосяндын баяндамасынын өзөгүн түздү.  

Мындан тышкары, катышуучулар туруктуу экономиканы өнүктүрүү инструменттери катары санариптештирүү жана «жашыл финансы» маселелерин, ошондой эле глобалдуу өнүгүү процессине өтүүдө өндүрүштүн калдыктарын мүмкүн болушунча жокко чыгаруу боюнча Борбордук Азиянын көйгөйлөрүн талкуулашты.  

Экинчи сессиянын жүрүшүндө, катышуучулар финансы технологиялары, финансы системасын санариптештирүү мүмкүнчүлүктөрү жана чакырыктары, ошондой эле борбордук банктардын санарип валютага, финансы рыногун жөнгө салууга, киберкоопсуздукка байланышкан келечегинен талкуулоодон тышкары, IT тармагындагы кадрлар потенциалын, анын ичинде технологиялар чөйрөсүндөгү аялдардын ролу жөнүндө сөз кылышты. 

Конференцияны жыйынтыктап жатып К. Боконтаев өз сөзүндө: «Дүйнөдө болуп жаткан өзгөрүүлөр экономикалык жана финансылык толкундоолорго алып келип, бүткүл дүйнө жүзүндө экономикалык өнүгүүгө карата тобокелдиктерди жаратууда, мындай кырдаалда өкмөттөр жана борбордук банктар тышкы таасирлерге туруштук берүүнү жогорулатуу үчүн алдын-ала аракет кылуусу зарыл» - деп белгиледи. 

«Эл аралык маанидеги конференцияны уюштуруп жатып, биз биргелешкен талкууларды өткөрүү, тажрыйба алмашуу, ошондой эле ар бирибиздин өлкөбүздө ишке ашырууга мүмкүн болгон иш-чаралардын негизин түзүү максатында, саясатты иштеп чыгууга жооптуу адамдарды, изилдөөчүлөрдү жана практиктерди чакырууну туура көрдүк», - деп баса белгиледи. 

Конференциянын акырында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы катышуучуларга кызыктуу жана мазмундуу баяндамалар үчүн ыраазычылыгын билдирип, мындай форматта пикир алмашуу өз натыйжасын берет жана мындан ары да улантыла тургандыгына терең ишенимин билдирди. 


 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 


Датасы: 19.05.2023
Туруктуу шилтеме

Улуттук валютанын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына арналган «Чакырыктардан жаңы мүмкүнчүлүктөргө карай»  

эл аралык конференциясы 

 

2023-жылдын 19-майында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына арналган «Чакырыктардан жаңы мүмкүнчүлүктөргө карай» темасында эл аралык конференция болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы К.Бөкөнтаев конференцияны ачуу менен: «Бүгүнкү күндө кыргыз сому совет мезгилинен кийинки мейкиндикте кыйла туруктуу валюталардын бири болуп саналат, ал экономикада жана дүйнө жүзүндө мезгил-мезгили менен болуп жаткан кризистик жагдайлар менен толкундоолорго карабастан, жогору ишенимдүү төлөм каражаты экендигин дале тастыктоодо», деп баса белгиледи.  

Эл аралык конференцияда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н. Азыгалиев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары А. Касымалиев жана Швейцария Улуттук банкынын башчысы Т.Йордан чыгып сөз сүйлөштү

Конференцияга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Армения, Беларусь Республикасы, Казакстан, Өзбекстан, Россия, Түндүк Македониянын жана Швейцария борбордук (улуттук) банктарынын, ошондой эле эл аралык уюмдардын, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, ведомстволорунун жана финансылык сектордун өкүлдөрү катышты.  

 

 

 

 

 

 


Датасы: 19.05.2023
Туруктуу шилтеме

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2023-жылдын 18-майында Эл аралык музей күнүнө карата жана улуттук валюта кыргыз сомунун жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында ачык эшик күнүн өткөрдү

Музейдин коноктору улуттук валютанын түптөлүшү жана өнүгүү тарыхы менен таанышып, банкнотторду жана монеталарды чыгаруу баскычтары, Кыргызстандын Улуу жибек жолу өркүндөгөн мезгилде акча жүгүртүү тарыхына байланыштуу монеталар экспозициясы жана Улуттук банк тарабынан 30 жыл ичинде чыгарылган коллекциялык монеталар менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. 

Улуттук банктын музейине келүүгө үлгүрбөй калган жарандар алдын ала 66-90-08 жана 61-24-14 телефон номерлери же mail@nbkr.kg электрондук дареги аркылуу жазылуу менен иш күндөрү саат 10:00-16:00 чейин экскурсияга келсе болот.  

 


Датасы: 19.05.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Боконтаев менен Швейцария Улуттук банкынын төрагасы Томас Йордан ортосунда эки тараптуу жолугушуу болуп өттү 

  

2023-жылдын 19-майында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Боконтаев менен Швейцария Улуттук банкынын төрагасы Томас Йордан ортосунда эки тараптуу жолугушуу болуп өттү.  

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар дүйнөлүк экономикадагы кырдаал жана эки өлкөнүн борбордук банктарынын ортосундагы мындан аркы кызматташуунун келечеги жөнүндө пикир алмашышты.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башчысы Кубанычбек Боконтаев Швейцария Улуттук банкына кыргыз тарапка берген жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, банк иши жана инновациялык банк технологиялары жаатындагы эл аралык тажрыйбаны Кыргызстанда ишке киргизүү маанилүү экендигин белгиледи.  

Өз кезегинде Швейцария Улуттук банкынын төрагасы Томас Йордан кыргыз кесиптешин юбилейлик дата улуттук валютанын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгы менен куттуктап, Улуттук банкка макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу ишинде ийгиликтерди каалады.  

 

 

 


Датасы: 18.05.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Боконтаев менен Өзбекстан Республикасынын Борбордук банкынын төрагасы 

Мамаризо Нурмуратов ортосунда эки тараптуу жолугушуу болуп өттү 

 

2023-жылдын 18-майында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Боконтаев менен Өзбекстан Республикасынын Борбордук банкынын төрагасы Мамаризо Нурмуратов ортосунда эки тараптуу жолугушуу болуп өттү

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстанда жана Өзбекстанда учурда орун алып жаткан экономикалык жагдайды, эки өлкөнүн борбордук банктарынын акча-кредит саясатын жана мындан ары да кызматташуу келечегин талкуулашты.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башчысы Кубанычбек Боконтаев региондо интеграциялык процесстердин алкагында өз ара иш алып баруунун маанилүүлүгүн белгиледи.  

Өз кезегинде Өзбекстан Республикасынын Борбордук банкынын башчысы Мамаризо Нурмуратов Кыргыз Республикасынын Улуттук банкын юбилейлик дата - улуттук валюта - сомдун жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгы менен куттуктап, Улуттук банкка макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу ишинде ийгиликтерди каалады.  

 

 

 


Датасы: 18.05.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы 

Кубанычбек Боконтаев менен Армян Республикасынын Борбордук банкынын Кеңешинин мүчөсү Давид Нагапетян ортосунда эки тараптуу жолугушуу болуп өттү 

 

2023-жылдын 18-майында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Боконтаев менен Армян Республикасынын Борбордук банкынын Кеңешинин мүчөсү Давид Нагапетян ортосунда эки тараптуу жолугушуу болуп өттү

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн банк ишине байланыштуу кеңири чөйрөдөгү маселелер боюнча пикир алышып, тажрыйба алмашышты, ошондой эле мындан ары да эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулашты.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башчысы Кубанычбек Боконтаев региондо интеграциялык процесстердин алкагында өз ара иш алып баруунун маанилүүлүгүн белгиледи.  

Өз кезегинде Армян Республикасынын Борбордук банкынын Кеңешинин мүчөсү Давид Нагапетян Кыргыз Республикасынын Улуттук банкын юбилейлик дата улуттук валюта сомдун жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгы менен куттуктап, Улуттук банкка макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу ишинде ийгиликтерди каалады. 

 

 

 


Датасы: 18.05.2023
Туруктуу шилтеме

2023-жылдын 12-майында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ысык-Көл областтык башкармалыгынын кызматкерлери К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин «Экономика, туризм, тарых» факультетинин студенттери тарабынан уюштурулган «Кыргыз сомуна 30 жыл» аттуу темада тегерек столго катышты.  

Студенттерге улуттук валютанын кыргыз сомунун калыптануу тарыхы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган нумизматикалык баалуулуктар тууралуу лекция өтүлдү. Окутуучуларга жана активдүү катышкан студенттерге баалуу белектер тапшырылды. 

 

 

 


Датасы: 18.05.2023
Туруктуу шилтеме

2023-жылдын 17-майында улуттук валюта кыргыз сомунун жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына арналган почта маркасынын эскизин даярдоо боюнча республикалык сынактын жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин сыйлоо аземи болуп өттү. Сынак «Кыргыз почтасы» ачык акционердик коому жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулду. Сынактын жеңүүчүлөрүнө баалуу сыйлыктарды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тапшырды. 

• 1-орун - Эшенкулов Калысбек Мунапысович. 

• 2-орун - Турумбеков Каныбек Асанбекович. 

• 3-орун - Кулинова Амина Неджадовна. 

Буга чейин 2017-жылы маанилүү датага - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 25 жылдыгына карата юбилейлик почта маркалары, маркалар салынуучу фолдер жана ага маркалар чапталган конверт жүгүртүүгө чыгарылган. 

 


Датасы: 17.05.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Талас областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын жаранына (К.Э.К.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 


Датасы: 17.05.2023
Туруктуу шилтеме

2023-жылдын 16-майында Кыргызстандын калкы үчүн финансылык сабаттуулук боюнча тренерлер үчүн экспресс-курстун экинчи этабы аягына чыкты.  

2023-жылдын 22-майынан тартып 7-июнуна чейинки мезгил ичинде ЕККУнун финансылык колдоосу менен Улуттук банк тарабынан Ысык-Көл, Талас, Нарын жана Чүй областтарынын жаштары жана калктын эресеге жеткенден кийинки катмары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча семинарлар уюштурулат. 

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жетекчилиги алдында «Кыргыз Республикасында аймактык өнүгүүгө көмөктөшүү» долбоорунун алкагында эксперттер тобу тарабынан финансылык сабаттуулук боюнча базалык компетенциялардын стандарттарына негизделген, калктын эресеге жеткенден кийинки катмары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча экспресс-курс иштелип чыккан. 

Кошумча маалымат www.finsabat.kg Финсабат сайтында берилет.  

Бардык суроолор боюнча: 0312 61 24 14 телефонуна кайрылсаңыздар болот. 

 


Датасы: 17.05.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн эки алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын бир жаранына (Д.А.С.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды . 


Датасы: 16.05.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн 2023-жылдын 16-майынан тартып 25-майын кошо алгандагы мезгил аралыгына Бишкек шаары, Кожевенная көчөсү 1, Киоск-3 участогу, Түндүк өтмөгү, 84-соода оруну дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Восток Шамшыкал» алмашуу бюросунун 2022-жылдын 18-июлундагы № 6326 лицензиясынын аракети токтотулду. 

 

 


Датасы: 16.05.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы сомдун жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында жана Эл аралык музей күнүнө карата бардык кызыккан адамдарды Улуттук банктын музейинде 2023-жылдын 18-майында өтө турган Ачык эшик күнүнө чакырат. 

Музейге келген адамдар улуттук валютанын өнүгүү тарыхы менен таанышып, банкноттор кандай жасала тургандыгы тууралуу маалымат алуу менен катар эле, Улуу Жибек жолу доорунан тартып Кыргызстандын аймагында табылган кайталангыс байыркы монеталар экспозициясын көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.  

Ошондой эле, музейде Улуттук банк тарабынан 30 жыл ичинде чыгарылган коллекциялык монеталардын жана чет өлкө акча белгилеринин үлгүлөрүнүн экспозициялары жайгаштырылган. 

Экскурсия саат 09.00дөн 17.00гө чейин өткөрүлөт. 

Кирүү акысыз. Экскурсияга келүүчүлөрдүн жанында инсандыгын тастыктаган документ (паспорт, студенттик билет, айдоочунун күбөлүгү) болууга тийиш. 

Экскурсияга төмөнкү телефондор аркылуу: 66-90-08; 61-24-14 же mail@nbkr.kg электрондук дарек аркылуу алдын ала жазылууга болот. 

 

 


Датасы: 16.05.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгы 2023-жылдын 10-майында Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгынын имаратында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Ош шаарынын мэриясынын өкүлү, коммерциялык банктардын филиалдарынын кызматкерлери жана башка уюмдардын, мекемелердин өкүлдөрү катышкан салтанаттуу иш-чара өткөрдү. Аталган иш-чарада улуттук валюта  кыргыз сомунун калыптануу тарыхы боюнча маалымат берилип, Ош регионундагы банк кызматкерлерин сыйлоо аземи болуп өттү.  

Ошондой эле Улуттук банк тарабынан чыгарылган коллекциялык монеталардын нумизматикалык көргөзмөсү уюштурулду. Алар кыргыз элинин тарыхы менен маданий мурасын терең чагылдырылган, жогорку көркөм чеберчиликте жасалган нумизматикалык коллекциялык баалуулук болуп саналат жана көргөзмөгө келгендер үчүн Улуттук банк тарабынан чыгарылган коллекциялык нумизматикалык монеталарды сатуу уюштурулду.  

Мындан тышкары, банктар аралык минифутбол турниринин ачылыш аземи болду. 

 

 

 

 

 

 


Датасы: 15.05.2023
Туруктуу шилтеме

2023-жылдын 12-майында «OneVision» ЖЧШ (Казакстан Республикасынын резиденти) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында OneVision эл аралык электрондук акча системасынын оператору катары каттоодон өттү

«OneVision» ЖЧШнын реестрде каттоо номери  5017120523. 

Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган эл аралык электрондук акча системасынын операторунун/эл аралык электрондук акча эмитенттеринин реестри Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Банктын милдеттери»/«Төлөм системасы»/«Эл аралык электрондук акча системалары» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

 


Датасы: 15.05.2023
Туруктуу шилтеме

Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышууда жабыркаган карыз алуучуларга финансы-кредит уюмдары тарабынан көрүлгөн чаралар 

   

Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 6-октябрындагы № 2022-П-12/62-2 (НПА) «Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган коммерциялык банктардын, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдардын кардарларына колдоо көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым чечимдери тууралуу» токтомунун жана 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 2022-П-12/71-1 (НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы карыз алуучуларга кредиттерди берүү маселелери боюнча айрым убактылуу чечимдери тууралуу» токтомунун талаптарынын аткарылышына мониторинг жүргүзүп турат.  

2023-жылдын 30-апрелине карата финансы-кредит уюмдарына (мындан ары ФКУ) 514 карыз алуучу кайрылган, 36,4 млн сом суммасында 378 кредит жоюлган, 324,3 млн сом суммасында 230 кредит реструктуризацияланган. 

2022-жылдын 18-ноябрында кабыл алынган токтомду ишке ашыруу максатында, ФКУ Баткен областындагы карыз алуучулар боюнча бир катар чараларды көргөн: 

- 2022-жылдын 18-ноябрынан 2023-жылдын 30-апрелине чейинки аралыкта ФКУ тарабынан 4606,2 млн сомго 40 373 кредит артыкчылыктуу тартипте каралган жана берилген; 

- «Кепилдик фонд» ААК 330,8 млн сом суммасына 326 кредит боюнча 156,4 млн сом суммасына 321 кепилдик берген. 

ФКУлар жабыркаган карыз алуучулардан келип түшкөн бардык арыздарды кароону улантып жатышат жана алар банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүшөт. 

 

 

 


Датасы: 15.05.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Убактылуу администратору катары банкта, депозиттерди тартуу укугуна ээ микрофинансылык компанияда, депозиттерди тартуу укугуна ээ кредиттик союзда, турак жай-сактык кредиттик компанияда жана «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКта дайындалуучу талапкерлер маалымат базасына киргизүү үчүн талапкерлерди тандоо боюнча сынактын жыйынтыгын маалымдайт 

 

 

№ 

Аты-жөнү 

Мурзалиев Бактыбек Шайлообекович 

Иманалиева Айсалкын Узаковна 

Суранов Марипбек Равшанович 

Насыров Азатджан Садыкович 

 


Датасы: 15.05.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы №51/4 «Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган. 

Токтом долбоору боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды 2023-жылдын  

13-июнунан кечиктирбестен электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүү зарыл. 

 


Датасы: 15.05.2023
Туруктуу шилтеме

2023-жылдын 11-майында Талас мамлекеттик университетинин залында банк секторунун, мамлекеттик органдардын кызматкерлери, пенсионерлер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн  Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйын болуп өттү

 

 

 

 


Датасы: 15.05.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Талас шаары, Бердике баатыр көчөсү 295 дарегинде жайгашкан Талас шаардык Көркөм сүрөт музейинде 2023-жылдын 17-18-май күндөрү саат 10:00-15:00 жана Талас шаары, Бердике Баатыр көчөсү 291 дарегинде жайгашкан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Талас областтык башкармалыгынын имаратында 23-25-май күндөрү саат 10:00-15:00 нумизматикалык көргөзмө, коллекциялык монеталарды сатууну уюштуруу пландаштырылууда.  

Кеңири коомчулукка сунушталган көргөзмөдө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган нумизматикалык коллекциялык монеталар жана башка нумизматикалык баалуулуктар коюлат, алар кыргыз элинин тарыхын жана маданий мурасын терең айкалышта чагылдырган, жогорку көркөм чеберчиликте даярдалган нумизматикалык баалуулук болуп эсептелет.  

Көргөзмөгө келген коноктор үчүн Улуттук банк тарабынан чыгарылган коллекциялык монеталарды сатууну уюштуруу пландаштырылууда, алар нумизматикалык баалуулук эле болбостон өзгөчө белек да болуп саналат. 

Улуттук банк тарабынан чыгарылган нумизматикалык баалуулукка кызыккан бардык адамдарды көргөзмөгө чакырабыз. 

 


Датасы: 15.05.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 

 


Датасы: 15.05.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы өкүлчүлүгү 2023-жылдын 12-майында Баткен шаарындагы «Айгүл Тоо» мейманканасынын конференция залында салтанаттуу жыйын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн директору өзүнүн сүйлөгөн сөзүндө салтанатка келген конокторду мааракелүү дата менен куттуктап, улуттук валюта сомдун калыптануу тарыхы тууралуу айтып өттү

Салтанаттын ачылышында Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары М.К. Туллаев, Баткен шаарынын мэри И.А. Бурканов жана Баткен районунун акими У.И. Жоробаев чыгып сөз сүйлөшүп, салтанаттын бардык катышуучуларын Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы сомдун 30 жылдык мааракеси жана банк кызматкерлеринин күнү менен куттукташты. 

Салтанаттуу жыйынга финансы-кредит уюмдарынын, кредиттик союздардын жана микрокредиттик агенттиктердин өкүлдөрү, ошондой эле Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгүндө иштеп кеткен ардактуу эс алуудагы ардагерлер чакырылган.  

 

 

 

 

 


Датасы: 15.05.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын үч жаранынын (С.Ш.У., С.С.А. жана А.А.А.) ар бирине 17 500 сомдон айып пул салынды. 

 


Датасы: 13.05.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына нак чет өлкө валютасын  сыртка алып чыгууга убактылуу уруксат берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Банк/Улуттук банктын ченемдик актылары/Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган.  

Коммерциялык банктар токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2023-жылдын 13-июнунан кечиктирбестен электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл. 

 

 


Датасы: 13.05.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Жалал-Абад областтык башкармалыгы 2023-жылдын 10-майында Жалал-Абад областтык Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Жалал-Абад шаарынын мэри, Жалал-Абад областындагы банктардын, финансы-кредит уюмдарынын жана башка мекеме менен ведомстволордун өкүлдөрү катышкан салтанаттуу иш-чара өткөрдү. Аталган иш-чарада улуттук валюта кыргыз сомунун калыптануу тарыхы боюнча маалымат берилип, Жалал-Абад областындагы банктардын, финансы-кредит уюмдарынын кызматкерлерин, пенсионерлерин сыйлоо аземи болуп өттү.  

Ошондой эле Улуттук банк тарабынан чыгарылган коллекциялык монеталардын нумизматикалык көргөзмөсү уюштурулду. Алар кыргыз элинин тарыхы менен маданий мурасын терең чагылдырылган, жогорку көркөм чеберчиликте жасалган нумизматикалык коллекциялык баалуулук болуп саналат. 

Мындан тышкары, көргөзмөгө келгендер үчүн Улуттук банк тарабынан чыгарылган коллекциялык нумизматикалык монеталарды сатуу уюштурулду. 

 

 

 

 



Датасы: 13.05.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн үч алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 

 


Датасы: 13.05.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 


Датасы: 12.05.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2023-жылдын 12-майында улуттук валюта кыргыз сомунун жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде нумизматикалык көргөзмө ачты. 

Көргөзмөнүн ачылышына Улуттук тарых музейинин эмгек жамааты, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери жана башкалар катышты. Катышуучулар улуттук валютаны чыгаруу жана аны жакшыртуу тарыхы, ар кандай тарыхый окуяларды, архитектураларды жана маданий эстеликтерди даңазалоо, улуттук спорттун түрлөрүн, ырым-жырымдарды жана үрп-адаттарды, Кыргызстандын фаунасы менен флорасынын жоголуп бара жаткан түрлөрүн кеңири жайылтуу максатында чыгарылган нумизматикалык баалуулуктар, ошондой эле эстелик банкноттор, жүгүртүү монеталары жана өлчөнгөн алтын куймалары түрүндөгү башка нумизматикалык баалуулуктар менен таанышып чыгышты. 

Көргөзмөгө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 30 жыл ичинде чыгарган төмөнкү нумизматикалык баалуулуктар коюлду: 

- Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын өнүгүү тарыхын чагылдырган, 1993-2023-жылдары чыгарылган банкноттордун үлгүлөрү

- 1995-2023-жылдары чыгарылган коллекциялык эстелик монеталар; 

- 1, 2, 5, 10, 31.1035 (1 унций) жана 100 грамм салмагындагы өлчөнгөн алтын куймалары; 

- сувенир буюмдары. 

Көргөзмө 2023-жылдын 31-майына чейин болот. 

 

 

 


Датасы: 12.05.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду: 

2023-жылдын 12-майынан тартып 21-майын кошо алгандагы мезгил аралыгына: 

- Бишкек шаары, 11-микрорайон, 3/1-үй, дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Салтан плюс» алмашуу бюросунун 2022-жылдын 14-сентябрындагы № 6353 лицензиясы; 

- Бишкек шаары, Кожевенная көчөсү 74, «Аляска» өтмөгү, №11 соода оруну дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Только наличные» алмашуу бюросунун 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 6360 лицензиясы. 

 


Датасы: 12.05.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2023-жылдын 11-майында № 2023-П-14/31-1-(ПС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына чет өлкө валютасында эсептешүүлөрдү жана төлөмдөрдү жүргүзүү маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды. 

Токтом менен онлайн-казино жана электрондук (виртуалдык) казинолордун, ошондой эле Интернет тармагында оюн-зоок ишинин субъекттери тарабынан жүзөгө ашырылышы мүмкүн болгон башка оюн-зоок ишинин кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө карата талаптар аныкталды. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Төлөм системасы бөлүгүндө жайгаштырылат. 

 

 


Датасы: 12.05.2023
Туруктуу шилтеме

Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн 2023-жылдын 11-майынан тартып Ош шаары, Ленин көчөсү, № 428 дарегинде жайгашкан «Тим-Финанс» ЖЧК алмашуу бюросунун нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2021-жылдын 14майындагы № 6126 лицензиясы кайтарылып алынды. 

 


Датасы: 11.05.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Каракол шаары, Жамансариев көчөсү, 164 дарегинде жайгашкан Каракол шаарынын Тарых аймак таануу музейинде 2023-жылдын 17-19-май күндөрү саат 10:00-15:00 жана Каракол шаары, Токтогул көчөсү, 265 дарегинде жайгашкан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ысык-Көл областтык башкармалыгынын имаратында 22-24-май күндөрү саат 10:00-15:00 нумизматикалык көргөзмө, коллекциялык монеталарды сатууну уюштуруу пландаштырылууда.  

Кеңири коомчулукка сунушталган көргөзмөдө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган нумизматикалык коллекциялык монеталар жана башка нумизматикалык баалуулуктар коюлат, алар кыргыз элинин тарыхын жана маданий мурасын терең айкалышта чагылдырган, жогорку көркөм чеберчиликте даярдалган нумизматикалык баалуулук болуп эсептелет.  

Көргөзмөгө келген коноктор үчүн Улуттук банк тарабынан чыгарылган коллекциялык монеталарды сатууну уюштуруу пландаштырылууда, алар нумизматикалык баалуулук эле болбостон өзгөчө белек да болуп саналат.  

Улуттук банк тарабынан чыгарылган нумизматикалык баалуулукка кызыккан бардык адамдарды көргөзмөгө чакырабыз. 

 


Датасы: 10.05.2023
Туруктуу шилтеме

2023-жылдын 10-майында Кыргызстандын калкы үчүн финансылык сабаттуулук боюнча тренерлер үчүн экспресс курс өткөрүү тренингинин биринчи баскычы уюштурулду. Буга чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жетекчилиги менен «Кыргыз Республикасында аймактык өнүгүүгө көмөктөшүү» долбоорунун алкагында эксперттер тобу тарабынан, Финансылык сабаттуулук боюнча базалык компетенциялардын стандарттарына негизделген, калктын эресеге жеткенден кийинки катмары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча экспресс курс иштелип чыккан.  

ЕККУнун финансылык колдоосу менен окутуудан кийин Ысык-Көл, Талас, Нарын жана Чүй областтарынын тургундары үчүн 50 жакын семинар уюштуруу пландаштырылууда. Семинарларды өткөрүү графиги Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы менен макулдашылган жана калкка маалымдоо үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жөнөтүлгөн.  

Кошумча маалымат Финсабат сайтында жайгаштырылат. Бардык суроолор боюнча 0312 61 24 14 телефонуна кайрылсаңыздар болот. 

 


Датасы: 10.05.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына арналган «Сом Кыргызстандын жүзү» темада балдар арасында сүрөт/кол өнөрчүлүк боюнча республикалык чыгармачылык сынагынын жыйынтыктары 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына арналган «Сом Кыргызстандын жүзү» деген темада балдар арасында сүрөт/кол өнөрчүлүк боюнча республикалык чыгармачылык сынагынын (мындан ары сынак) жыйынтыгын чыгарды. Сынактын жеңүүчүлөрү

1-орун Рустамов Адиль. 

2-орун Булыгин Филипп. 

3-орун Лукин Демид. 

Төмөнкүлөр кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланат: 

1. Орозбеков Дастан. 

2. Акбарова Азахира. 

3. Ибраимова Айсезим. 

4. Орозалиева Гульнур. 

5. Жакыпова Айбике. 

6. Мумузиев Назим. 

7. Заидова Амира. 

8. Аманбаева Эркеайым. 

Сынактын бардык катышуучуларына терең ыраазычылык билдиребиз.  

Сыйлоо аземи 2023-жылдын 1-июнунда өтөт.  

Бардык суроолор боюнча 0312 61 24 14 телефонуна чалсаңыздар болот. 


Датасы: 10.05.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, 2023-жылдын 10-майынан тартып 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы банкнотторду, улуттук валютанын жаңы 5-сериясын жүгүртүүгө чыгарат.  

Жаңы сериядагы банкноттор Кыргыз Республикасынын улуттук валютасын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына арналат жана улуттук валютанын 1993-жылы жүгүртүүгө чыгарылган мезгилинен тартып азыркы учурга чейин коргоо элементтеринин минималдуу топтомун камтыган жөнөкөй купондон тартып, жасалма жол менен акча чыгаруудан коргой турган жогорку деңгээлдеги коргоо элементтеринен турган банкнотторго чейинки басып өткөн жолун чагылдырылат. 

Улуттук валютанын жаңы сериядагы банкнотторунун негизги сюжеттеринин багыты Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастарын чагылдыруу өзгөрүүсүз калды. Алдыңкы бетиндеги искусство жана маданият чеберлеринин портреттери, арткы бетинде республиканын ажайып кооз жерлери сакталды. Банкноттордун негизги түсү жана өлчөмү өзгөрүүсүз калды. 

Кыргызстандын жаңы сериясынын банкноттору жасалма жол менен акча чыгаруудан бекем коргоону камсыз кылган, үч деңгээлден турган заманбап коргоо элементтеринин комплексин камтыйт.  

Улуттук валютанын бардык банкноттору Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөө каражаты статусуна ээ жана чыгарылган жылына карабастан, төлөө каражаты катары эч кандай чектөөлөрсүз, милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш. 

2023-жылдагы үлгүдөгү 

200, 500 жана 1000 сом номиналындагы банкноттордун негизги коргоо элементтери 

1. Суу белгиси: ачык түстөн күңүрт түскө өткөн портрет жана номинал түрүндөгү электротип.  

2. Коргоо тилкеси: үзүк тилке, жарыкка салып кароодо бүтүн тилке сыяктуу (үзгүлтүксүз) чагылып көрүнөт. Анда сандын номиналы жана ромб түрүндө Улуттук банктын логотиби камтылган. Банкнотту жантайыңкы алып кароодо ромб фигурасынын чагылышы жана тилкенин кубулуп жатканы көрүнөт. 

3. Бири-бирине дал келген сүрөт: банкноттун алдыңкы жана арткы беттериндеги сүрөттөрдүн фрагменттери жарыкка салып кароодо ромб формасын түзөт. 

4. Банкнотту кол менен кармап көрүүдө анын бетине түшүрүлгөн портреттин, жазуулардын, сан жана тамга түшүрүлгөн номиналдын сүрөттөрүндө рельефти (одуракайлык) сезүүгө болот. 

5. Көмүскө сүрөт: банкнотту жантайыңкы алып кароодо сомдун белгиси  

С пайда болот. 

6. Түстөрдүн өзгөрүшү банкнотту жантайыңкы алып кароодо эки шакектин кыймылга келишин, оюу-чийменин (орнаменттин) алтын түстөн жашыл түскө өзгөрүшүн байкоого болот.  

7. Жалтырак түс (арткы бетинде) банкноттун номиналы жана Улуттук банктын логотиби түрүндө берилген. 

 

 

 

 

 

 


Датасы: 10.05.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз сомуна - 30 жыл! 

 

1993-жылдын 10-майында улуттук валюта - сом жүгүртүүгө киргизилген. Ал өлкөнүн бүтүндөй аймагында расмий төлөм каражатына айланган. Мындай кадам көз карандысыз мамлекетти түптөө жолунда маанилүү баскыч катары экономикалык көз карандысыздыктын пайдубалын бекемдөөгө өбөлгө түзгөн.  

Улуттук валютаны жүгүртүүгө киргизүү өлкөбүздүн экономикалык саясатты көз карандысыз жүргүзүүгө, Улуттук банктын акча-кредит саясатын өз алдынча жүргүзүүсүнө негиз болгон. Өзүнүн валютасын жүгүртүүгө киргизгенден кийин отуз жыл ичинде өлкөнүн финансы секторун калыптандыруу, реформалоо жана өнүктүрүү жаатында олуттуу иштер аткарылган. 

Улуттук валюта колдонулуп келген бүтүндөй мезгил ичинде кыргыз сомунун банкноттору беш жолу өзгөртүлгөн, коргоо элементтеринин минималдуу топтомун камтыган жөнөкөй купондордон тартып, жасалма акча жасоодон ишенимдүү коргоону камсыз кылган үч баскычтуу коргоо элементтери бар банкнотторго чейин алмаштырылган. 

2023-жылдын 10-майынан тартып Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына карата Улуттук банк 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы банкноттордон турган улуттук валютанын жаңы бешинчи сериясын жүгүртүүгө чыгарууда. Кыргызстандын тарыхый жана маданий мурасы чагылдырылган улуттук валютанын жаңы сериядагы банкнотторунун сюжеттеринин негизги темасы өзгөртүлгөн жок. Банкноттордун алдыңкы бетинде искусство жана маданият өкүлдөрүнүн портреттери, ал эми арткы бетинде республиканын кооз жерлери чагылдырылган. Банкноттордун негизги түсү жана өлчөмү да өзгөргөн жок. 

Улуттук валютанын бардык банкноттору, чыгарылган жылына карабастан, Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ жана төлөм каражаты катары милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш экендигин белгилейбиз. 

Кыргыз сому өлкөнүн экономикалык туруктуулугунун эң маанилүү көрсөткүчү болуп саналат, анын ишенимдүү колдонулушу, сатып алуу жөндөмдүүлүгү жана баасынын туруктуулугу 30 жылдан бери тастыкталып келет. 

 


Датасы: 04.05.2023
Туруктуу шилтеме

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ачык акционердик коому тарабынан «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ААКтын башкармасынын төрагасы кызмат ордуна сунушталган Алиев Бектур Кубанычбековичтин талапкерлигине 2023-жылдын 4-майында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Керемет Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Керемет Банк» ААКтын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Самаков Нурдин Талантбековичтин талапкерлигине 2023-жылдын 4-майында макулдук берүү чечимин кабыл алды  

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «БАКАЙ БАНК» ачык акционердик коому тарабынан «БАКАЙ БАНК» ААКтын тобокелдиктерди тескөө боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Асылбаева Гюльшат Кадыровнанын талапкерлигине 2023-жылдын 4-майында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

 


Датасы: 04.05.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн 1 коммерциялык банкка административдик айып салынды. 


Датасы: 03.05.2023
Туруктуу шилтеме

Долбоорлорду жеткиликтүү каржылоону кеңейтүү (стартаптар, инфраструктуралык долбоорлор ж.б. үчүн), ошондой эле долбоордук каржылоону сунуштоодо банктын кредиттик тобокелдигин натыйжалуу башкаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2023-жылдын 26-апрелинде № 2023-П-12/27-8-(НПА) «Коммерциялык банктар тарабынан долбоордук каржылоону сунуштоодо кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомун кабыл алды.  

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Ченемдик укуктук акты Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат. 

 

 


Датасы: 02.05.2023
Туруктуу шилтеме

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «БАКАЙ БАНК» ачык акционердик коому тарабынан «БАКАЙ БАНК» ААКтын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Садыркулова Айжан Медетовнанын талапкерлигине 2023-жылдын 27-апрелинде макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Айыл Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Айыл Банк» ААКтын башкармасынын төрагасы кызмат ордуна сунушталган Алимджанов Тилек Буромбаевичтин талапкерлигине 2023-жылдын 27-апрелинде макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз-Швейцариялык Банк» жабык акционердик коому тарабынан «Кыргыз-Швейцариялык Банк» ЖАКтын башкармасынын төрагасынын орун басары кызмат ордуна сунушталган Жардамова Айзада Садыковнанын талапкерлигине 2023-жылдын 27-апрелинде макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

 

 


Датасы: 02.05.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоо жол-жобосунан өткөн эл аралык акча которуу системасынын реестринде «Астрасенд» эл аралык акча которуу системасы каттоодон өттү

Эл аралык акча которуулар системасынын оператору Коммерциялык банк «Соколовский» акционердик коому Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоо жол-жобосунан өттү. Реестрдеги каттоо номери 1052250423. 


Датасы: 02.05.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2023-жылдын 25-апрелинен тартып «Астрасенд» эл аралык акча которуу системасынын оператору «Инкахран» банк эмес кредит уюму (акционердик коом) Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуу системалары боюнча кызмат көрсөткөн эл аралык операторлор реестринен чыгарылгандыгын маалымдайт. 


Датасы: 29.04.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2023-жылдын 29-апрелинде № 2023-П-12/29-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды.  

Токтом менен аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактар менен операцияларды ишке ашырууда тобокелдиктин максималдуу өлчөмүн эсептөөгө өзгөртүүлөр, ошондой эле баалуу кагаздар менен байланышкан операцияларга башка өзгөртүүлөр киргизилген

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат. 

 


Датасы: 29.04.2023
Туруктуу шилтеме

Улуттук банктын кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке катышты 

 

Бүгүн, 2023-жылдын 29-апрелинде, Улуттук банктын кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке катышты. Ишембиликтин жүрүшүндө Кой-Таш айылынан «Jannat Resort» эс алуу комплексине чейин 7 чакырымга жакын аралыктагы аймакта тиричилик калдыктары тазаланды. 

Акциянын башкы максаты жарандар арасында экология маданиятын сактоону жайылтуу, ошондой эле айлана-чөйрөнүн санитардык абалын жакшыртуу болуп саналат. 

Эскерте кетсек, иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» жарлыгы менен белгиленген «Улуттук тазалык күнү» акциясынын алкагында өтүп жатат. 

 

 

 

 


Датасы: 29.04.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2023-жылдын 24-апрелинен тартып «Коммерциялык банк Кыргызстан» ААКтын «Аргымак» акча которуу системасынын оператору Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуу системалары боюнча кызмат көрсөткөн операторлордун реестринен чыгарылгандыгын маалымдайт. 


Датасы: 28.04.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 2023-ЗСД-КОМ-КПС-4/1 токтому менен «М Булак» микрокредиттик компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомуна атайын жөнгө салуу режиминин алкагында төмөнкү банктык операцияларды тесттен өткөрүү мөөнөтү 2023-жылдын 1-ноябрына чейин узартылды

- нак эмес кредиттерди берүү үчүн «Элкарт» улуттук төлөм системасынын алдын ала чыгарылган, чектелген функционалдык кредиттик карталарын чыгаруу; 

- «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карталарын «М Булак» МКК POS-терминалдары/QR-коддору аркылуу эквайринги, анын ичинде POS-терминалдарды орнотуу/ QR-коддорду колдонуу боюнча соода-тейлөө ишканалары менен келишимдерди түзүү, товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөдө төлөм каражаты катары «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карталарын кабыл алуу, ошондой эле коммерциялык банктар жана/же электрондук акча менен эсептешүү системаларынын операторлору менен түзүлгөн келишимдердин алкагында соода-тейлөө ишканалары менен эсептешүүлөрдү камсыз кылуу. 


Датасы: 28.04.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын бир жаранына (Д.К.К.) 17 500 сом айып пул салды. 


Датасы: 28.04.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, 2023-жылдын 10-майынан тартып 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы банкнотторду, улуттук валютанын жаңы 5-сериясын жүгүртүүгө чыгарат.  

Жаңы сериядагы банкноттор Кыргыз Республикасынын улуттук валютасын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына арналат жана улуттук валютанын 1993-жылы жүгүртүүгө чыгарылган мезгилинен тартып азыркы учурга чейин коргоо элементтеринин минималдуу топтомун камтыган жөнөкөй купондон тартып, жасалма жол менен акча чыгаруудан коргой турган жогорку деңгээлдеги коргоо элементтеринен турган банкнотторго чейинки басып өткөн жолун чагылдырылат. 

Улуттук валютанын жаңы сериядагы банкнотторунун негизги сюжеттеринин багыты Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастарын чагылдыруу өзгөрүүсүз калды. Алдыңкы бетиндеги искусство жана маданият чеберлеринин портреттери, арткы бетинде республиканын ажайып кооз жерлери сакталды. Банкноттордун негизги түсү жана өлчөмү өзгөрүүсүз калды. 

Кыргызстандын жаңы сериясынын банкноттору жасалма жол менен акча чыгаруудан бекем коргоону камсыз кылган, үч деңгээлден турган заманбап коргоо элементтеринин комплексин камтыйт.  

Улуттук валютанын бардык банкноттору Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөө каражаты статусуна ээ жана чыгарылган жылына карабастан, төлөө каражаты катары эч кандай чектөөлөрсүз, милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш. 

2023-жылдагы үлгүдөгү 

200, 500 жана 1000 сом номиналындагы банкноттордун негизги коргоо элементтери 

1. Суу белгиси: ачык түстөн күңүрт түскө өткөн портрет жана номинал түрүндөгү электротип.  

2. Коргоо тилкеси: үзүк тилке, жарыкка салып кароодо бүтүн тилке сыяктуу (үзгүлтүксүз) чагылып көрүнөт. Анда сандын номиналы жана ромб түрүндө Улуттук банктын логотиби камтылган. Банкнотту жантайыңкы алып кароодо ромб фигурасынын чагылышы жана тилкенин кубулуп жатканы көрүнөт. 

3. Бири-бирине дал келген сүрөт: банкноттун алдыңкы жана арткы беттериндеги сүрөттөрдүн фрагменттери жарыкка салып кароодо ромб формасын түзөт. 

4. Банкнотту кол менен кармап көрүүдө анын бетине түшүрүлгөн портреттин, жазуулардын, сан жана тамга түшүрүлгөн номиналдын сүрөттөрүндө рельефти (одуракайлык) сезүүгө болот. 

5. Көмүскө сүрөт: банкнотту жантайыңкы алып кароодо сомдун белгиси  

С пайда болот. 

6. Түстөрдүн өзгөрүшү банкнотту жантайыңкы алып кароодо эки шакектин кыймылга келишин, оюу-чийменин (орнаменттин) алтын түстөн жашыл түскө өзгөрүшүн байкоого болот.  

7. Жалтырак түс (арткы бетинде) банкноттун номиналы жана Улуттук банктын логотиби түрүндө берилген. 

 

 

 

 

 

 


Датасы: 28.04.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында 2023-жылдын 26-апрелинде Улуттук банктын төрагасынын орун басары К.Э. Куленбековдун жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Мамлекеттик салык кызматынын, «УКУК» мамлекеттик мекемесинин, «Инфосистемс» мамлекеттик ишканасынын, коммерциялык банктардын жана «Банктар аралык процессинг борбору» жабык акционердик коомунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен Төлөм системасы боюнча банктар аралык кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү.  

Отурумдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жана «УКУК» мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү тарабынан айып пулдарды төлөө сервиси тууралуу маалымат берилип, коммерциялык банктарга бул сервиске туташуу жана катышуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүү сунушталды. 

Мындан тышкары, QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүүнү андан ары жайылтууга, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2022-жылдын 16-декабрындагы № 680/66-6 «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуу жөнүндө» токтомун ишке ашырууга жана «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын мамлекет ичиндеги төлөмдөр бөлүгү боюнча талаптарын ишке ашырууга байланыштуу маселелер талкууланды. 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д. Бекешев, Ж. Абиров, Ч. Айдарбеков, Э. Сурабалдиева тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына үйлөрдү башкаруу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору өзүнчө талкууланды. 

 

 

 

 


Датасы: 27.04.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаары, Бейшеналиева көчөсү 38/1, дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Олимп Континент» алмашуу бюросунун 2022-жылдын 31-октябрындагы № 6386 лицензиясынын аракети 2023-жылдын 27-апрелинен тартып 6-майын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду. 


Датасы: 26.04.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып салынды. 


Датасы: 25.04.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

эсептик ченди 13,00 пайыз деңгээлинде сактап калды 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2023-жылдын 24-апрелинде эсептик ченди (негизги ченди) 13,00 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Чечим 2023-жылдын 25-апрелинде күчүнө кирет.  

Кыргыз Республикасынын экономикасында оң тенденция сакталып турат. ИДӨнүн реалдуу өсүш арымы 2023-жылдын январь-март айлары ичинде 4,6 пайызды түзгөн. Өнөр жай, кызмат көрсөтүү секторлорунда өндүрүштүн өсүшү экономиканын өсүшүнө көбүрөөк салым кошуусун улантууда. Ички суроо-талап чөйрөсү туруктуу кеңейип жатат.  

Кыргыз Республикасында керектөө баалары 2023-жылдын башынан тартып 3,2 пайызга өскөн, мында апрель айында (2023-жылдын 14-апрелине карата) жылдык инфляция көрсөткүчү 2022-жылдын декабрь айындагы 14,7 пайызга караганда бир аз басаңдап, 10,5 пайызды түзгөн. Айрым азык-түлүк товарларына баалардын өсүшү басаңдаганы байкалат. Мурда кабыл алынган акча-кредит саясатынын чаралары инфляциянын бир калыпта төмөндөшүнө өбөлгө түзгөн. 

Жалпысынан Кыргыз Республикасында инфляция бир аз басаңдаган, бирок тышкы чөйрөдө белгисиздик жагдай дагы деле жогорку деңгээлде сакталып турат: дүйнөлүк инфляциянын болжолдуу көрсөткүчтөрү жогорку мааниде сакталып, тышкы финансы рыноктору өзгөрүлмөлүү бойдон калууда. Дүйнөлүк азык-түлүк рынокторундагы жагдайдын андан ары туруктуу абалга келиши Кыргыз Республикасындагы инфляциянын басаңдашына өзүнүн таасирин тийгизет, ошол эле учурда бир катар административдик баалардын (тарифтердин) жогорулашы менен байланышкан факторлор инфляцияга түрткү берген ички факторлор бойдон калууда. Инфляциянын келечектеги тенденциялары көп учурда дүйнөдөгү геосаясий жагдайга көз каранды болот.  

Тышкы жана ички экономикалык чөйрөдө түптөлгөн өнүгүү шарттарын эске алып, Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 13,00 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан шартта, Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка кошумча түзөтүү киргизүү мүмкүнчүлүгүн дагы караштырат. 

Улуттук банк түптөлгөн жагдайга туруктуу негизде көз салып турат жана зарыл болгон учурда орто мөөнөттүү мезгил ичинде баа туруктуулугун камсыз кылуу максатына жетүү үчүн тиешелүү чараларды көрөт жана кошумча инструменттерди колдонот. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча кийинки пландалган отуруму 2023-жылдын 29-майында өтөт


Датасы: 24.04.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранына (Ж.З.К.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 

 

 


Датасы: 24.04.2023
Туруктуу шилтеме

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Халык Банк Кыргызстан» ачык акционердик коому тарабынан «Халык Банк Кыргызстан» ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Карпыкова Алия Сакеновнанын талапкерлигине 2023-жылдын 20-апрелинде макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Оптима Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Оптима Банк» ААКтын башкы бухгалтеринин орун басары кызмат ордуна сунушталган Климова Юлия Александровнанын талапкерлигине 2023-жылдын 20-апрелинде макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

 


Датасы: 24.04.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча өткөргөн аукциондун жыйынтыгы  

 

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы сомдун жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2023-жылдын 20-апрелинде улуттук валютанын 30 жыл өнүгүү мезгилинин аралыгында Улуттук банк тарабынан чыгарылган нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча аукцион өткөрдү

Аукцион Улуттук банктын сейрек коллекциялык монеталарына нумизматтардын суроо-талабын канааттандыруу максатында өткөрүлдү. Ушуга байланыштуу жалпы саны 80 даанадан турган, ар кандай тарыхый окуяларды, архитектуралык-маданий эстеликтерди, улуттук спорт оюндарынын түрлөрүн, каада-салттарды, Кыргызстандын жоголуп бараткан жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн даңазалоо үчүн Улуттук банк тарабынан чыгарылган жана сатыкта жок коллекциялык алтын, күмүш, жана жез-никель монеталары, ошондой эле эстелик банкнот түрүндөгү нумизматикалык баалуулуктар, жүгүртүүдөгү монеталар топтому, номиналы 1 (бир) тыйын коллекциялык монеталар 30 лот менен аукционго чыгарылды. 

Аукционго катышуу үчүн 25 катышуучу катталган. Аукционго чыгарылган лоттордун жалпы баштапкы баасы 857 700,00 (Сегиз жүз элүү жети миң жети жүз) сомду түзгөн. Бардык аукционго 30 лот менен чыгарылган нумизматикалык баалуулуктар сатылды. Ал эми аукциондун жыйынтыгы боюнча коллекциялык монеталарды сатуунун жалпы суммасы 1 139 050,00 (Бир миллион бир жүз отуз тогуз миң элүү) сомду түздү

Алтын монеталардын ичинен «Манас» эпосуна 1000 жыл» алтын монета үчүн эң жогорку сунушталган баа 180 500,00 (Бир жүз сексен миң беш жүз) сомду түздү, ал эми күмүш монеталардын ичинен 8-лоттун «Эл аралык тоолор жылы» сериясындагы «Архар» жана «Ташрабат» күмүш монеталарына сунушталган эң жогорку баа 42 100,00 (Кырк эки миң бир жүз) сомду түздү

Улуттук банк тарабынан өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыгы Кыргызстандын эксклюзивдүү жана кооз коллекциялык монеталар продукцияларына болгон нумизматтардын жана жөнөкөй сүйүүчүлөрдүн көбүрөөк кызыкканын күбөлөндүрдү


Датасы: 24.04.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий маалыматы 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2023-жылдын 24-апрелинен тартып улуттук валютаны жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына карата «Тарыхый окуялар» сериясындагы «Тай-туяк» жана «Сомго 30 жыл» коллекциялык монеталарын жүгүртүүгө чыгарат. 

 

«Тай туяк» монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжетин ХIX кылымдарда акча жүгүртүү чөйрөсүндө колдонулган күмүш куймасы - тай туяктын сүрөтү түзөт. Монетанын жогору жагында анын аталышы, ошондой эле монетанын сапат белгиси (Ag 925) жана салмагы (500 g) жайгашкан, ал эми монетанын төмөн жагында анын номиналы (500 с) көрсөтүлгөн. 

Монетанын арткы бетинде кыргыз тоолору жана кыргыз оймо-чиймеси түшүрүлгөн, бул сүрөттөлүш негизинен байыркы менен азыркы доорду бириктирген негизги идеяны түшүндүрөт. Монетанын борборунда Кыргыз Республикасынын герби берилген. Монетанын четинде тегерете: «Национальный банк Кыргызской Республики / Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы» жазуусу жайгашкан. Монетанын төмөн жагында чыгарылган жылы (2023) көрсөтүлгөн. 

«Тай-туяк» күмүш монетасы Улуттук банк тарабынан чыгарылган салмагы 500 грамм жана номиналы 500 сом болгон алгачкы монета болуп саналат. 

 

 

«Тай туяк» коллекциялык монетасынын өзгөчөлүгү 

 

Номиналы 

500 сом 

Металлы (сапат белгиси) 

Ag 925 

Диаметри (мм) 

90,00 

Салмагы (г) 

500,00 

Аткаруу сапаты 

«Proof» 

Нускасы (даана) 

500 

Кошумча технология 

жогорку рельеф; оксидирлөө 

Сатуу баасы 

93 300 С 

 

 

«Сомго 30 жыл» монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжети катары ар башка жылдарда чыгарылган банкноттордун фрагменттеринин үстүнө «30» саны жана сомдун графикалык белгиси «С» түшүрүлгөн. Монетанын оң жана сол жагында жүгүртүүдөгү монеталардын сүрөттөрү жайгаштырылган. Монетанын жогору бөлүгүндө монетанын аталышы: «Сомго 30 жыл / Сому  30 лет», ал эми төмөн жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925), монетанын салмагы (28.28 g) жана номиналы (10 сом) көрсөтүлгөн. 

Монетанын арткы бетинде көз карандысыз Кыргызстандын алгачкы кагаз тыйындарында колдонулган саркеч улуттук оймо-чийменин фонунда Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Монетанын четинде тегерете: «Национальный банк Кыргызской Республики / Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы» деген жазуу жайгаштырылган. Монетанын төмөнкү бөлүгүндө чыгарылган жылы көрсөтүлгөн (2023). 

 

 

 

«Сомго 30 жыл» коллекциялык монетасынын өзгөчөлүгү 

Номиналы 

10 сом 

Металлы (сапат белгиси) 

Ag 925 

Диаметри (мм) 

38,61 

Салмагы (г) 

28,28 

Аткаруу сапаты 

«Proof» 

Нускасы (даана) 

1 000 

Сатуу баасы 

4 110 С 

 

 

Ар бир коллекциялык монета акрил капсуласына жайгаштырылып, сапатты тастыктаган сертификат менен өзүнчө кутучага таңгакталган. 

Улуттук валютанын коллекциялык монеталары Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ. 

Коллекциялык монеталар Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында, ошондой эле нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча www.numizmat.nbkr.kg веб-сайты аркылуу иш күндөрү саат 9.00дөн 15.00гө чейин сатылат. 


Датасы: 20.04.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Баткен областында жашап жаткан жарандарга жана чарба ишин жүргүзгөн субъекттерге каржылоонун жеткиликтүү болушун кеңейтүүгө, административдик-аймактык бирдиктерди, анын ичинде 2022-жылдын сентябрь айында Баткен областында куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 17-сентябрындагы № 313 «Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2023-жылдын 19-апрелинде № 2023-П-12/25-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 2022-П-12/71-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы карыз алуучуларга кредиттерди берүү маселелери боюнча айрым убактылуу чечимдери тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун (мындан ары - Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 19-апрелиндеги токтому) кабыл алды. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 19-апрелиндеги токтомуна ылайык, Улуттук банктын 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 2022-П-12/71-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы карыз алуучуларга кредиттерди берүү маселелери боюнча айрым убактылуу чечимдери тууралуу» токтомунун (мындан ары - Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 18-ноябрындагы токтому) аракети 2023-жылдын 1-ноябрына чейин узартылды. 

Мындан тышкары, кредит берүү системасын өркүндөтүү жана кредиттерди берүүдө автоматташтырылган системаларды колдонууга финансы-кредит уюмдарына түрткү берүү, ошондой эле керектөө кредиттерине калктын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү, кредиттерди берүү үчүн рейтингдик моделдерди пайдалануу жолу менен операциялык чыгымдарды азайтуу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2023-жылдын 5-апрелинде № 2023-П-12/22-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына кредиттик тобокелдиктер маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды, ага ылайык 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 2022-П-12/71-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы карыз алуучуларга кредиттерди берүү маселелери боюнча айрым убактылуу чечимдери тууралуу» токтомунун 5 жана 6-пунктарындагы ченемдер Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актысына киргизилген. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 19-апрелиндеги токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 18-ноябрындагы токтомунун 5 жана 6-пунктулары күчүн жоготкон катары таанылды. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 19-апрелиндеги токтому Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган. 


Датасы: 19.04.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2023-жылдын 12-апрелинде «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системаcы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» № 2023-П-14/23-4-(ПС) токтомун кабыл алды.  

Киргизилген өзгөртүүлөр локалдык акча которуу системасынын операторун каттоону жокко чыгарууга жана аларды акча которуу системасынын операторлорунун реестринен чыгарууга тиешелүү

Токтомдун электрондук версиясы Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Ченемдик укуктук акты Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында Банк тууралуу/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Төлөм системасы бөлүгүндө жайгаштырылган. 


Датасы: 18.04.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн 1 коммерциялык банкка административдик айып салынды 


Датасы: 18.04.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2023-жылдын 12-апрелинде № 2023-П-12/23-5-(НПА) «Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомун кабыл алды.  

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Ченемдик укуктук акт Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Банк тууралуу/Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат. 


Датасы: 18.04.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы сомдун жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгын белгилөөгө карата Улуттук банк Бишкек шаарынын № 10, 4, 98, 99, 3 кесиптик лицейлеринин окуучулары жана окутуучулары үчүн нумизматикалык музейге экскурсия уюштуруп, финансылык сабаттуулук боюнча лекция өткөрдү

Экскурсияда Кыргызстанда табылган бардык белгилүү жана уникалдуу монеталардын типтери коюлган экспонаттар көрсөтүлүп, кыргыз сомунун калыптануу тарыхы, ошондой эле жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн коллекциялык монеталары тууралуу айтылды

Иш-чаранын катышуучулары финансылык сабаттуулук боюнча кошумча лекция угушту, анда Кыргызстандын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, каражатты сарамжалдуу колдонуу, топтоо маданияты, финансылык коопсуздук жана финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча Улуттук банктын ресурстары тууралуу маалымат берилди

 

 


Датасы: 14.04.2023
Туруктуу шилтеме

Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу  

кагылышууда жабыркаган карыз алуучуларга финансы-кредит уюмдары тарабынан көрүлгөн чаралар 

 

 

Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 6-октябрындагы № 2022-П-12/62-2(НПА) «Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган коммерциялык банктардын, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдардын кардарларына колдоо көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым чечимдери тууралуу» токтомунун жана 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 2022-П-12/71-1 (НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы карыз алуучуларга кредиттерди берүү маселелери боюнча айрым убактылуу чечимдери тууралуу» токтомунун талаптарынын аткарылышына мониторинг жүргүзүп турат.  

2023-жылдын 31-мартына карата финансы-кредит уюмдарына (мындан ары ФКУ) 514 карыз алуучу кайрылган, 36,2 млн сом суммасында 377 кредит жоюлган, 160,8 млн сом суммасында 228 кредит реструктуризацияланган. 

ФКУлар 2022-жылдын 18-ноябрында кабыл алынган токтомду ишке ашыруу максатында, Баткен областындагы карыз алуучулар боюнча бир катар чараларды көргөн: 

- 2022-жылдын 18-ноябрынан 2023-жылдын 31-мартына чейинки аралыкта ФКУ тарабынан 3 884,4 млн сомго 36 299 кредит артыкчылыктуу тартипте каралган жана берилген; 

- «Кепилдик фонду» ААК 274,4 млн сом суммасына 254 кредит боюнча 129,1 млн сом суммага 250 кепилдик берген. 

Учурда ФКУлар жабыркаган карыз алуучулардан келип түшкөн бардык арыздарды карап жатат жана алар банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүшөт. 

 


Датасы: 14.04.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 2022-П-12/71-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы карыз алуучуларга кредиттерди берүү маселелери боюнча айрым убактылуу чечимдери тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Улуттук банк Башкармасынын токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоору 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 2022-П-12/71-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы карыз алуучуларга кредиттерди берүү маселелери боюнча айрым убактылуу чечимдери тууралуу» токтомдун аракетин узартуу зарылдыгына байланыштуу иштелип чыкты, бул токтом 2022-жылдын сентябрь айында Баткен жана Ош областтарында куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган коммерциялык банктардын/микрофинансылык уюмдардын кардарларына колдоо көрсөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 17-сентябрындагы №313 «Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынган. 

Токтом долбоору жалпысынан коммерциялык банктар жана микрофинансылык уюмдар тарабынан Баткен областында жашаган жана/же ишкердик кылган карыз алуучуларга кредиттерди берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү маселелерин жөнгө салууга багытталган. 

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg)жайгаштырылган.  

Коммерциялык банктар, микрофинансылык уюмдар жана «Кепилдик фонд» ААК токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2022-жылдын 17-апрелинен кечиктирбестен jkonoeva@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл. 


Датасы: 14.04.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы К.К. Боконтаев Дүйнөлүк банктын (ДБ) жана Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) башкаруучулар тобунун АКШ, Вашингтон шаарында өтүп жаткан жазгы жолугушуусуна катышууда. 

Иш-чаранын алкагында ЭВФтин өкүлдөрү, анын ичинде Акча-кредит системалары жана капитал рыногу департаментинин техникалык жардам көрсөтүү боюнча директору, Кыргыз Республикасындагы экономикалык абалды жана акча-кредит саясатынын чараларын талкуулоо боюнча Жакынкы Чыгыш жана Борбордук Азия өлкөлөрү департаментинин өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушуулар өтүп жатат. 

Мындан тышкары, борбордук банктардын, анын ичинде ЭВФ өлкөлөрүнүн швейцариялык тобунун башчыларынын алкагында дүйнөлүк экономиканын өнүгүшү жана глобалдуу инфляциядан улам калыптанган факторлор тууралуу талкуулар жана пикир алмашуулар жүрүп жатат. 


 

 


Датасы: 13.04.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. 

Бул токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрында кабыл алынган № 637 «Кыргыз Республикасынын аймагында санариптик документтерди пайдаланууну киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомуна ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан 

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында Улуттук банктын ченемдик актылары/Талкууга сунушталган долбоорлор бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган.  

Сектор токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2023-жылдын 14-майынан кечиктирбестен uosmonov@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл. 


Датасы: 12.04.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2023-жылдын 29-мартында № 2023-П-14/20-4-(ПС) «Кыргыз Республикасынын төлөм системасын 2023-2027-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттары жөнүндө» токтомун кабыл алды. 

Бул документ төлөм системасынын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын төлөм системасын орто мөөнөттүү мезгилде өнүктүрүү жагында багыт болуп берет.  

Токтомдун электрондук версиясы Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Документ Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында Банктын милдеттери/ Төлөм системасы/ Төлөм системасын өнүктүрүүнүн негизги багыттары бөлүгүндө жайгаштырылган. 


Датасы: 12.04.2023
Туруктуу шилтеме

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы улуттук валютанын жүгүртүүгө чыгарылгандыгынын 30 жылдыгына карата 2023-жылдын 20-апрелинде нумизматикалык баалуулуктарды сатуу аукционун өткөрөт.  

Аукционго жеке адамдар жана юридикалык жактар катыша алышат. Эсептешүүлөр нак жана нак эмес төлөмдөр аркылуу жүргүзүлөт. Аукционгө күрөөсүз катышуу мүмкүнчүлүгү каралган. 

Аукцион 16.00дө өтөт, дареги: Бишкек шаары, Киев көчөсү 148В, отель «Шератон» (Sheraton Bishkek).  

Аукционго байланыштуу суроолоруңуз болсо, төмөнкү телефондор аркылуу кайрылсаңыздар болот: 66-92-19, 66-92-31 Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын кассалык операциялар бөлүмү.  

 

Аукционго төмөнкү монеталар сатууга чыгарылат: 

 

Лотун номери 

Баалуулуктардын аталышы 

Баштапкы баа (сом) 

Монеталардын саны (даана) 

«Манас» эпосуна 1000 жыл» алтын монетасы  

94 000 

«Ош-3000 жыл» алтын монетасы 

94 000 

«Курманжан Даткага 200 жыл» алтын монетасы 

94 000 

1. «Манас» эпосуна 1000 жыл» алтын монетасы 

2. «Манас» эпосуна 1000 жыл» күмүш монетасы 

102 300 

1. «Ош-3000 жыл» алтын монетасы 

2. «Сулайман Тоо» күмүш монетасы 

102 300 

1. «Курманжан Даткага 200 жыл» алтын монетасы 

2. «Чыңгыз Айтматов» күмүш монетасы 

102 300 

Күмүш монеталары: 

1. «Улуттук валютага 10 жыл»  

2. «Кызматташуунун Шанхай уюму»  

16 600 

Күмүш монеталары: 

1. «Аркар»  

2. «Ташрабат»  

16 600 

Күмүш монеталары: 

1. «Ак маңдай гүл»  

2. «Ысык-Көл»  

16 600 

10 

1. «Бишкек» күмүш монетасы 

2. 1 тыйын номиналындагы коллекциялык монета (бир баракта 30 даана) 

9 200 

11 

Күмүш монеталары: 

1. «Чыңгыз Айтматов»  

2. «Улуу Жеңишке 60 жыл»  

16 600 

12 

Күмүш монеталары: 

1. «Хан-Теңири»  

2. «Улуу Жеңишке 70 жыл»  

16 600 

13 

1. 100 сом номиналындагы эстелик банкнотасы 

2. 200 сом номиналындагы эстелик банкнотасы 

3. Жүгүртүү монеталар топтому (кɵк түстɵ

850 

14 

Күмүш монеталары: 

1. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негизделиши»  

2. «Өзгөн архитектуралык комплекси»  

Жез-никель монетасы 

1. «Саймалуу Таш»  

16 750 

15 

Күмүш монеталары: 

1. «Аркар»  

2. «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары»  

Жез-никель монеталары: 

1. «Кыз куумай»  

2. «Комуз»  

17 100 

16 

Күмүш монеталары: 

1. «Ак маңдай гүл»  

2. «Бишкек»  

Жез-никель монеталары: 

1. «Манастын күмбөзү»  

2. «Барсбек кыргыз каганы»  

16 800 

17 

Күмүш монеталары: 

1. «Кызматташуунун Шанхай уюму»  

2. «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары»  

Жез-никель монетасы 

1. «Элдик Апрель революциясына 10 жыл»  

17 450 

18 

Күмүш монеталары: 

1. «Манас» эпосуна 1000 жыл»  

2. «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негизделиши»  

Жез-никель монеталары 

1. «Кыргыз каганатынын жеңил куралданган жоокери»  

2. «Кыргыз каганатынын шайма-шай куралданган жоокери»  

16 950 

19 

Күмүш монеталары: 

1. «Хан-Теңири»  

2. «Өзгөн архитектуралык комплекси»  

Жез-никель монеталары: 

1. «Хан-Теңири чокусу»  

2. «Өзгөн архитектуралык комплекси»  

16 900 

20 

Күмүш монеталары: 

1. «Бурана»  

2. «Сулайман-Тоо»  

Жез-никель монеталары: 

1. «Бурана»  

2. «Сулайман-Тоо»  

16 900 

21 

Күмүш монеталары: 

1. «Ташрабат»  

2. «Ысык-Көл»  

Жез-никель монеталары: 

1. «Ташрабат»  

2. «Ысык-Көл»  

16 900 

22 

Күмүш монеталары: 

1. «Улуу Жеңишке 60 жыл»  

2. «Улуу Жеңишке 70 жыл»  

Жез-никель монетасы 

1. «Жеңиш чокусу»  

16 750  

23 

Жез-никель монеталары: 

1. «Комуз»  

2. «Кыз куумай»  

500 

24 

Жез-никель монеталары: 

1. «Ташрабат»  

2. «Өзгөн архитектуралык комплекси»  

3. «Бурана»  

4. «Сулайман-Тоо»  

5. «Ысык-Көл»  

750 

25 

Жез-никель монеталары: 

1. «Хан-Теңири чокусу»  

2. «Жеңиш чокусу»  

3. «Ɵмүр сакчыларына таазим»  

4. «Элдик Апрель революциясына 10 жыл»  

2 050 

26 

Жез-никель монеталары: 

1. «Кыргыз каганатынын жеңил куралданган жоокери»  

2. «Кыргыз каганатынын шайма-шай куралданган жоокери»  

3. «Барсбек кыргыз каганы»  

450 

27 

1. 1 тыйын номиналындагы коллекциялык монета (бир баракта 30 даана) 

900 

28 

1. 100 сом номиналындагы эстелик банкнотасы 

2. 200 сом номиналындагы эстелик банкнотасы 

3. Жүгүртүү монеталар топтому  

850 

29 

Күмүш монетасы:  

1. «Бурана»  

Жез-никель монеталары: 

1. «Саймалуу Таш» жез-никель монетасы 

2. «Манастын күмбөзү» жез-никель монетасы 

8 550 

30 

Күмүш монетасы: 

1. «Улуттук валютага 10 жыл»  

Жез-никель монетасы:  

1. «Ɵмүр сакчыларына таазим»  

9 200 

 

Жалпысы: 

 

80 

 


Датасы: 12.04.2023
Туруктуу шилтеме

Кредит берүү системасын өркүндөтүү жана кредиттерди берүүдө автоматташтырылган системаларды колдонууга финансы-кредит уюмдарына түрткү берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2023-жылдын 5-апрелинде № 2023-П-12/22-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына кредиттик тобокелдиктер маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды.  

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат.  


Датасы: 11.04.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын жаранына (М.Ы.О.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 

 


Датасы: 10.04.2023
Туруктуу шилтеме

Улуттук банк регулятивдик банктык отчетторду жакшыртуу максатында жана коммерциялык банктардан оперативдүү, жана кеңири маалыматтарды алууга багытталган, Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасында регулятивдик банктык отчету жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/ «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg)  жайгаштырылган. 

Коммерциялык банктар токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2023-жылдын 10- майынан кечиктирбестен rbo@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жибере алышат.  


Датасы: 10.04.2023
Туруктуу шилтеме

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «ФИНКА Банкы» жабык акционердик коому тарабынан «ФИНКА Банкы» ЖАКтын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү/тобокелдиктерди тескөө комитетинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Абдрасилов Ринат Сагиевичтин талапкерлигине 2023-жылдын 6-апрелинде макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Оптима Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Оптима Банк» ААКтын башкы бухгалтери кызмат ордуна сунушталган Осмонова Дарыйка Дюровнанын талапкерлигине 2023-жылдын 6-апрелинде макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

 


Датасы: 10.04.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 5-апрелиндеги чечими менен «ФинансКредитБанк» ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленген (чыгарылган) аффинаждалган өлчөнгөн куйма түрүндөгү баалуу металлдар менен операцияларды нак жана нак эмес формада жүргүзүү укугуна уруксат берилгендигин билдирет. 


Датасы: 06.04.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду: 

2023-жылдын 7-апрелинен тартып 16-апрелин кошо алгандагы мезгил аралыгына: 

- Бишкек шаары, Менделеев көчөсү, 9 б дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Ийгилик Али» алмашуу бюросунун 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 6411 лицензиясы; 

- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 119-үй, 23-квартира дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Силквей» алмашуу бюросунун 2022-жылдын 19-июлундагы № 6327 лицензиясы. 


Датасы: 06.04.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) «Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.  

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган. 

Коммерциялык банктар, төлөм системасынын операторлору, төлөм уюмдары ошондой эле кызыкдар болгон башка жактар долбоор боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2023-жылдын 10-майынан кечиктирбестен asyrgataev@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл. 


Датасы: 06.04.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн үч алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Жалал-Абад областы, Жалал-Абад шаары, Н. Айтматова көчөсү, н/ж (болжол менен борбордук базар, «Бут кийим» соода борборунун жаны) дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Каныкей-Ч.Г.» алмашуу бюросунун 2021жылдын 21-июлундагы № 6170 лицензиясынын аракети 2023-жылдын 6апрелинен тартып 15-апрелин чогуу алгандагы мезгил аралыгына токтотулду. 

 


Датасы: 05.04.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына чет өлкө валютасында эсептешүүлөрдү жана төлөмдөрдү жүргүзүү маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган. 

Токтом долбоору боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды 2023-жылдын 5-майынан кечиктирбестен asyrgataev@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүү зарыл. 


Датасы: 05.04.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Талас областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын жаранына (Т.Б.С.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 


Датасы: 04.04.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 28-сентябрындагы №2021-П-33/53-9-(НФКУ) «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетторун түзүүгө, жарыялоого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүүгө карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Улуттук банк Башкармасынын токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган.  

Сектор токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2023-жылдын 3-майынан кечиктирбестен электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл. 


Датасы: 04.04.2023
Туруктуу шилтеме

Төлөм системасы боюнча ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүүнүн алкагында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2023-жылдын 31-мартында № 2023-П-14/21-2-(ПС) «Эсептешүү банкына карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомун (мындан ары токтом) кабыл алды.  

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук акт Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Улуттук банктын ченемдик актылары/ Төлөм системасы бөлүгүндө жайгаштырылган. 


Датасы: 04.04.2023
Туруктуу шилтеме

Төлөм системасы боюнча ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүүнүн алкагында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2023-жылдын 31-мартында №2023-П-14/21-1-(ПС) «Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомун (мындан ары токтом) кабыл алды.  

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук акт Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Улуттук банктын ченемдик актылары/ Төлөм системасы бөлүгүндө жайгаштырылган. 

 


Датасы: 31.03.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранына (А.Б.Д.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 

 


Датасы: 30.03.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранына (С.И.Т.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 


Датасы: 30.03.2023
Туруктуу шилтеме

Коммерциялык банктарын, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарынын 2022-жылдын сентябрь айында Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган кардарларына колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2023-жылдын 29-мартында № 2023-П-12/20-5-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 6-октябрындагы № 2022-П-12/62-2-(НПА) «Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган коммерциялык банктардын, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдардын кардарларына колдоо көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым чечимдери тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды.  

Ушул токтом менен Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 6-октябрындагы № 2022-П-12/62-2-(НПА) «Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган коммерциялык банктардын, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдардын кардарларына колдоо көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым чечимдери тууралуу» токтомунун аракети 2023-жылдын 30-сентябрына чейин узартылды. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  


Датасы: 29.03.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2023-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн бир төлөм уюмуна айып пул салды (55 000 сом өлчөмүндө). 


Датасы: 28.03.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, төлөм системасынын оператору жана төлөм уюму «Пэйдала» ЖЧКнын юридикалык атынын «Флэш Пэй» ЖКЧсына өзгөрүшүнө байланыштуу, 2023-жылдын 23-мартында төлөм системасынын операторунун № 2029150222 жана төлөм уюмунун № 3031150222 лицензиялары кайра таризделгендигин билдирет. 


Датасы: 28.03.2023
Туруктуу шилтеме

2023-жылдын 28-мартынан тартып «Евразиялык Сактык Банкы» ААКтын Убактылуу администратору болуп Алыбаев Таалайбек Орунбаевич дайындалды. 


Датасы: 27.03.2023
Туруктуу шилтеме

"Каражатыңды планда, өз келечегиңе кам көр» деген ураан менен Кыргызстандын бардык аймактарында өтүп жаткан Глобалдуу акча жумалыгы-2023 иш-чарасынын алкагында 2023-жылдын 15,16 жана 24-мартында Талас шаарындагы А. Чолпонкулов атындагы №1 орто мектебинин жогорку класстын окуучуларына, Медициналык колледждин жана Талас мамлекеттик университетинин студенттерине, Улуттук банктын Талас областтык башкармалыгынын кызматкерлери финансылык сабаттуулук боюнча лекцияларды окушту. 

Окуучуларга улуттук валютабыз  кыргыз сомунун калыптануу тарыхы жана финансылык сабаттуулук жөнүндө лекция окулуп, анын жүрүшүндө Кыргызстандын калкынын финансылык сабаттуулук деңгээли, каражат топтой билүү, финансылык коопсуздук жана Улуттук банктын финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча ресурстары тууралуу маалымат берилди.   

 

 

 

 

 

 


Датасы: 27.03.2023
Туруктуу шилтеме

Глобалдуу акча жумалыгы  2023 иш-чарасынын алкагында, «Каражатыңды планда, өз келечегиңе кам көр» деген ураан менен Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгынын нумизматикалык музейинде Ош шаарындагы Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинин студенттерине, «Новатор» жана «Эврика» атындагы жеке менчик мектептеринин  окуучуларына «Финансылык пландаштыруу жана үй-бүлө бюджети», «Улуттук валютанын өнүгүү этаптары», «Улуттук валютанын коргоо белгилери» жана «Финансылык сабаттуулук» боюнча лекциялар уюштурулду. Келген окуучулар менен студенттер уникалдуу байыркы монеталар, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы - кыргыз сомунун калыптанышынын 30 жылдык тарыхы жана Кыргыз Республикасынын нумизматикалык мурасынын көптөгөн башка экспонаттар менен башкармалыктын музейинде таанышып чыгышты.  

Мындан тышкары Глобалдуу акча жумалыгы  2023 алкагында Ош шаарындагы Ош технологиялык университетинин студенттерине «Финансылык пландаштыруу жана үй-бүлө бюджети» темалары боюнча атайын көчмө лекциясы өткөрүлдү

 

 

 

 

 

 


Датасы: 27.03.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгынын жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ош шаарынын аэропортун аба транспортунда тейлөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2023-жылдын 24-мартында өткөрүлгөн биргелешкен рейддин алкагында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы Кыргыз Республикасынын эки жаранына (К.Ы.А. жана С.у.Н.) 17 500 сомдон айып пул салды. 


Датасы: 25.03.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «РСК Банкы» ачык акционердик коому тарабынан «РСК Банкы» ААКтын ички аудит башкармалыгынын начальнигинин орун басары кызмат ордуна сунушталган Шалтагулов Нурлан Каныбековичтин талапкерлигине 2023-жылдын 23-мартында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

 


Датасы: 24.03.2023
Туруктуу шилтеме

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун коомдук талкууга сунуштайт. 

«Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору (мындан ары Мыйзам долбоору) атайын жөнгө салуу режиминин алкагында бир микрокредиттик компаниянын банктык операциялардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн чектелген тизмегин ийгиликтүү тестирлөөдөн өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча микрокредиттик компаниялардын операцияларды/кызматтарды көрсөтүүсүндөгү тоскоолдуктарды жоюу максатында иштелип чыккан. 

Мыйзам долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтынын «Банк тууралуу»/ «Банк иши тууралуу мыйзамдар»/«Талкууга сунушталган мыйзам долбоорлору» бөлүгүндө жана Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган. 

Мыйзам долбоору боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды 2023-жылдын 21-апрелинен кечиктирбестен ammaratova@nbkr.kg электрондук дарегине жөнөтүү зарыл (Word форматында). 

 


Датасы: 24.03.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-мартындагы №9/10 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жана аны жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү, ошондой эле айрым ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси боюнча кызыкдар болгон жактардан сунуштарды кабыл алуу тууралуу билдирет.  

1. Проблемалар жана негиздер   

Ченемдик укуктук актылардын ченемдерин өркүндөтүү төмөнкү маселелерди чечүүгө багытталган: 

- Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кассалык документтерди тариздөөдө жана электрондук кол тамганы колдонуу менен документтерге кол коюу маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана башка техникалык өзгөртүүлөрдү киргизүү.  

 

2. Сунушталып жаткан жөнгө салуунун максаты мамлекеттик жана финансылык (банктык) кызматтарды санариптештирүү боюнча санариптик технологияларды киргизүү

 

3. Сунушталып жаткан жөнгө салуудан күтүлүп жаткан пайдага жана артыкчылыктарга баа берүү

- финансылык (банктык) кызматтарды санариптик технологияларды колдонуу менен тейлөө боюнча сапатын жогорулатуу; 

- Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларынын талаптарын тактоо.  

 

4. Келип чыгышы мүмкүн болгон алгылыксыз натыйжаларга баа берүү

Бул ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы алгылыксыз натыйжаларга алып келбейт, анткени ал кардарларды тейлөөнүн сапатын санарип технологияларды колдонуу менен жогорулатууга жана мыйзамдардын талаптарына ылайык келтирүүгө багытталган.  

 

5. Ишкердик субъектилери жөнгө салуу сунушталган адресат боюнча мүнөздөмө жана санына баа берүү 

Сунушталган жөнгө салуу коммерциялык банктарга, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарына тиешелүү.  

 

6. Сунушталып жаткан жөнгө салууну колдонууга киргизүүдөн улам потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгашаларын жана пайдасын болжолдуу баалоо. 

Сунушталган жөнгө салуу субъектилери чыгым тартпайт.  

 

7. Сунушталып жаткан жөнгө салууну киргизүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо. 

Долбоорго Кыргыз Республикасынын бюджетинен кошумча чыгашалар талап кылынбайт. 

 

Коомдук консультациялардын катышуучулары үчүн суроолор тизмеги: 

- жөнгө салууну өзгөртүү аркылуу чечүүнү талап кылган, көрсөтүлгөн проблемалар туура болуп саналабы? 

- көрсөтүлгөн максат ага жетүү үчүн негиздүү, маанилүү болуп саналабы? 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу проблемаларды чечүү үчүн кыйла артыкчылыктуу ыкма болуп саналабы? 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн? 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар орун алышы ыктымал? 

- проблемаларды чечүүнүн альтернативдүү, кыйла натыйжалуу ыкмалары барбы? 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу боюнча сиздин жалпы пикириңиз.  

Байланышуу үчүн маалымат жана сунуштарды талкуулоо үчүн мөөнөттөр: 

 

1. Сунуштарды кабыл алуу:  

   

- электрондук почта аркылуу  

saubakirova@nbkr.kg   

- почта дареги аркылуу  

720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чүй пр., 168  

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү  

2023-жылдын 24-апрели 

3. Сунуштар жана жооптор реестрин Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштыруу мөөнөтү 

2023-жылдын 02-майы 

 

 


Датасы: 24.03.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2023-жылдын  

15-мартында № 2023-П-17-16-4-(НПА) « Коммерциялык банктардын уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталдарынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомун кабыл алды. 

Токтомдо төмөнкү талаптар каралган:  

1. Жаңыдан түзүлүп жаткан коммерциялык банктар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү (чет өлкө банктарынын филиалдарынын капиталына карата талаптарды кошо алганда) кеминде 1 млрд сом өлчөмүндө белгиленсин. 

2. Иштеп жаткан коммерциялык банктар үчүн (чет өлкө банктарынын филиалдарын кошо алганда) уставдык капитал төмөнкү минималдуу өлчөмдө төмөнкү мөөнөттөрдө белгиленсин: 

- 2023-жылдын 1-апрелинен тартып 600 млн сом; 

- 2024-жылдын 1-июлунан тартып 800 млн сом; 

- 2026-жылдын 1-июлунан тартып 1 млрд сом. 

3. Иштеп жаткан системалуу мааниге ээ коммерциялык банктар үчүн (чет өлкө банктарынын филиалдарын кошо алганда) уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү  

2023-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө 2 млрд сом өлчөмүндө белгиленсин. 

4. Эгерде коммерциялык банк системалуу мааниге ээ катары таанылса, Улуттук банк тарабынан системалуу маанилүүлүк критерийлерине ээ болгондугу жөнүндө маалымдалган күндөн тартып бир жыл ичинде коммерциялык банк уставдык капиталдын өлчөмүн белгиленген талапка чейин жеткирүүгө тийиш экендиги белгиленсин. 

5. Жаңыдан түзүлгөн жана иштеп жаткан коммерциялык банктар үчүн өздүк (жөнгө салуучу) капиталдын минималдуу өлчөмү боюнча экономикалык ченем (чет өлкө банктарынын филиалдарын кошо алганда) жаңыдан түзүлүп жаткан коммерциялык банктар үчүн ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык жана иштеп жаткан коммерциялык банктар үчүн 2 жана 3-пункттарына ылайык белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнөн төмөн эмес өлчөмдө белгиленсин. 

Мында, эгерде банк системалуу мааниге ээ катары таанылса, мындай банктын өздүк (жөнгө салуучу) капиталы Улуттук банк тарабынан системалуу маанилүүлүк критерийлерине ээ болгондугу жөнүндө банкка маалымдалган күндөн тартып 3 (үч) ай ичинде белгиленген өлчөмгө чейин жеткирилүүгө тийиш экендиги белгиленсин. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук акт Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат. 

 


Датасы: 23.03.2023
Туруктуу шилтеме

Глобалдуу акча жумалыгы 2023 иш-чарасынын алкагында, Улуттук банктын Ысык-Көл областтык башкармалыгында 2023-жылдын 16-мартында Каракол шаарынын №15 орто мектебинин 10-классынын окуучуларына «Улуттук валютанын өнүгүү этаптары», «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын нумизматикалык баалуулуктары», «Финансылык пландаштыруу жана үй-бүлө бюджети» темалары боюнча экскурсия уюштурулуп, атайын лекциялар окулду.  

Окуучуларга улуттук валютабыз кыргыз сомунун калыптануу тарыхы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын нумизматикалык баалуулуктары, ошондой эле, үй-бүлө бюджетин пландаштыруу, акчаларды туура топтоо жана инвестицияга жумшоо боюнча маалыматтар берилди. 

 

 

 

 

 


Датасы: 23.03.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн бир микрофинансылык уюмга 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 


Датасы: 17.03.2023
Туруктуу шилтеме

Жарандар жана юридикалык жактар өздөрүнүн төлөнбөгөн айыптарын жана алар боюнча кабыл алынган укуктук кесепеттери (туумдары) менен таанышуу жана маалыматты алуу үчүн «www.tolom.kg» сайтына (порталына) кайрыла алышат.  


Датасы: 17.03.2023
Туруктуу шилтеме

Каражатыңды планда, өз келечегиңе кам көр» деген ураан менен Кыргызстандын бардык аймактарында өтүп жаткан Глобалдуу акча жумалыгынын алкагында Улуттук банктын Жалал-Абад областтык башкармалыгында 2023-жылдын 15-мартында Жалал-Абад шаарындагы М. Бабкин атындагы №1 гимназия-мектебинин жогорку класстын окуучулары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча атайын лекция уюштурулду.  

Окуучуларга улуттук валютабыз кыргыз сомунун калыптануу тарыхы жана финансылык сабаттуулук жөнүндө лекция окулуп, анын жүрүшүндө Кыргызстандын калкынын финансылык сабаттуулук деңгээли, каражат топтой билүү, финансылык коопсуздук жана Улуттук банктын финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча ресурстары тууралуу маалымат берилди.  

Лекциянын аягында окуучулар үчүн Улуттук банк тарабынан чыгарылган коллекциялык монеталардын нумизматикалык көргөзмөсү уюштурулду. 

 

 

 

 

 

 

 


Датасы: 16.03.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2023-жылдын 15-мартында Кыргыз Республикасынын төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талабын бузгандыгы үчүн бир төлөм уюмуна айып пул салды. 

 


Датасы: 15.03.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан өлкөнүн борбордук банкынын ишинин ар кандай багыттары боюнча бир катар иш-чаралар пландаштырылган.  

2023-жылдын 15-мартында Бишкек шаардык олимпиадасынын жеңүүчүлөрү болгон жогорку класстын окуучулары үчүн Улуттук банктын нумизматикалык музейине экскурсия жана финансылык сабаттуулук боюнча атайын лекция уюштурулган. Окуучулар уникалдуу байыркы монеталар, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы - кыргыз сомунун калыптанышынын 30 жылдык тарыхы жана Кыргыз Республикасынын нумизматикалык мурасынын көптөгөн башка экспонаттары менен таанышышты, ошондой эле финансылык сабаттуулук боюнча лекцияны угушту, анын жүрүшүндө Кыргызстандын калкынын финансылык сабаттуулук, каражат топтой билүү, финансылык коопсуздук деңгээли жана Улуттук банктын финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча ресурстары тууралуу маалымат берилди. 

 

 

 


Датасы: 15.03.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргызстанда Глобалдуу акча жумалыгы башталды  

 

2023-жылдын 15-мартынан тартып 25-март күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында өтө турган «Каражатыңды планда, өз келечегиңе кам көр» деген ураан менен Глобалдуу акча жумалыгы өтөт, анын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, мамлекеттик органдар, коомдук жана эл аралык уюмдар, коммерциялык банктар жана микрофинансылык уюмдар мектептерде финансылык сабаттуулук боюнча сабактарды, жогорку окуу жайларда лекцияларды жана тренингдерди өткөрөт. 

Мындан тышкары, социалдык тармактарда #GMW2023kg хештеги менен жайгаштырылган экскурсияларды, коммерциялык банктарда ачык эшик күндөрүн, балдардын сүрөттөрү, кол өнөрчүлүгү, видеороликтери боюнча улуттук сынактарды жана башка ар кандай иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда.  

Мындан тышкары, 2023-жылдын 15-мартынан тартып Улуттук банк тарабынан German Sparkassenstiftung менен биргеликте «Топто» финансылык сабаттуулук боюнча оюну башталат. Мектеп курагындагы балдар жана эресеге жеткендер үчүн арналган оюндун максаты жеке жана үй-бүлөлүк бюджеттерди башкаруу көндүмдөрүнө ээ болуу. Оюнга бардык каалоочулар https://topto.kg шилтеме аркылуу өтүп, катыша алышат. 

Глобалдуу акча жумалыгы-2023 алкагында өткөрүлүүчү иш-чаралар тууралуу кеңири маалымат Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg, Финсабат сайтында: www.finsabat.kg, Улуттук банктын социалдык тармактардагы расмий баракчаларында жайгаштырылган.  

 Иш-чаралар күндөлүгү 


Маалымат үчүн: 

Глобалдуу акча жумалыгы (Global Money Week)  бул балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында дүйнөнүн жүздөн ашуун өлкөсүндө жыл сайын өткөрүлүүчү кеңири масштабдуу кампания. 


Датасы: 15.03.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ЖМК арасында 

«Сом Кыргызстандын жүзү» темасын эң мыкты чагылдыруу боюнча республикалык сынак жарыялайт 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында, журналисттер арасында «Сом Кыргызстандын жүзү» темасын мыкты чагылдыруу боюнча республикалык сынак жарыялайт. 

Сынакка, борбор калаада гана эмес, аймактык жалпыга маалымдоо каражаттарында, анын ичинде телеберүүдө жана радиодо жарыяланган, Кыргыз Республикасынын басылма жана электрондук жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттери эмгектери менен катыша алат. 

Сынакка катышкан бир автордон сунушталуучу материалдын санына жана көлөмүнө чек коюлбайт. 

Сынакка сунушталган эмгек 2023-жылдын 1-мартынан 1-октябрына чейинки мезгил аралыгында жарыяланууга же эфирге чыгарылууга тийиш.  

Сынак төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт:  

- Мамлекеттик тилдеги мыкты ТВ материал;  

- Расмий тилдеги мыкты ТВ материал;  

- Мамлекеттик тилдеги мыкты радио материал;  

- Расмий тилдеги мыкты радио материал;  

- Басма сөз түрүндөгү жалпыга маалымдоо каражаттарында мамлекеттик тилдеги мыкты материал;  

- Басма сөз түрүндөгү жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий тилдеги мыкты материал;  

- интернет басылмаларында жарыяланган мамлекеттик тилдеги мыкты материал;  

- интернет басылмаларында жарыяланган расмий тилдеги мыкты материал;  

- Регионалдык ЖМКда жарыяланган мыкты материал;  

Сынакка катышкан эмгектерди баалоонун негизги критерийлери:  

- материалдын сынакта жарыяланган темага, номинацияга, сынактын шарттарына ылайык келиши; 

- объективдүү чагылдыруу; 

- колдонулган маалыматтардын тактыгы, жеткиликтүүлүгү;  

- теманы толук ачып берүү;  

- форматтардын жана визуалдаштыруунун ар түрдүүлүгү (мультимедиа) колдонуу.  

Сынакка катышуу үчүн талапкерлер онлайн-арыз толтурууга тийиш. 

Сынактын жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнүн утурлай 2023-жылдын ноябрь айында Бишкек шаарында жеңүүчүлөрдү сыйлоо боюнча салтанаттуу аземде жарыяланат.  

Кененирээк маалымат www.nbkr.kg сайтындагы «Сынактар» бөлүгүндө жайгашкан. 


Датасы: 13.03.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан 2023-жылдын 2-мартында экономикалык ченемди бузгандыгы үчүн 1 коммерциялык банкка айып салынган. 

 

 


Датасы: 13.03.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду: 

1. 2023-жылдын 12-мартынан тартып 16-мартын кошо алгандагы мезгил аралыгына Бишкек шаары, Киев көчөсү, 93-үй, 18-батир дареги боюнча жайгашкан КЖК Ломбард «Престиж-Кредит» алмашуу бюросунун 2021-жылдын 3-июнундагы № 6139 лицензиясы. 

2. 2023-жылдын 12-мартынан тартып 21-мартын кошо алгандагы мезгил аралыгына: 

- Бишкек шаары, Ден-Сяопин проспекти, 10-үй, 23-батир дареги боюнча жайгашкан «Азирет кей джи» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2022-жылдын 29-августундагы № 6346 лицензиясы; 

- Бишкек шаары, 7-кичирайону, 37/2, «Сеул Плаза» соода борбору, 01-кеңсе дареги боюнча жайгашкан «Азия Трэвэл» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 6394 лицензиясы; 

- Бишкек шаары, Жукеев-Пудовкин көчөсү, 146/2, 7-павильон дареги боюнча жайгашкан «Алмашуу бюро «Аника» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2022-жылдын 19-апрелиндеги № 6280 лицензиясы; 

- Бишкек шаары, Кожевенная көчөсү, 19 б, «Кербен» базары, №9 соода катары, №69 контейнер дареги боюнча жайгашкан «Кербен-Нур» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2021-жылдын 28-майындагы № 6136 лицензиясы. 


Датасы: 11.03.2023
Туруктуу шилтеме

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

 

маалымат базасына талапкерлерди тандоо боюнча ачык сынак жарыялайт: 

 

 

- банктын жоюучусу (ликвидатор) 

 

- банктын убактылуу администратору 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалымат базасына киргизилген талапкерлер андан ары банктын жоюучусу же убактылуу администратору катары тиешелүү жагдайлар жаралган учурда дайындалышы мүмкүн.  

 

Документтерди 2023-жылдын 31-мартында саат 17:00дөн кечиктирбестен тапшыруу зарыл.  

Белгиленген убакыттан кийин тапшырылган документтер кабыл алынбайт жана каралбайт. 

Жалпы квалификациялык талаптар, функционалдык милдеттер тууралуу кеңири маалымат жана сынакка катышуу үчүн талап кылынган документтер тизмеги Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтынын «Сынактар» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

 

Бардык суроолор менен 31-29-12 телефону аркылуу комиссиянын катчысына кайрылсаңыздар. 

 

 


Датасы: 11.03.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранына (А.С.Ч.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 

 


Датасы: 10.03.2023
Туруктуу шилтеме

Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышууда жабыркаган карыз алуучуларга финансы-кредит уюмдары тарабынан көрүлгөн чаралар 

  

Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 6-октябрындагы № 2022-П-12/62-2 (НПА) «Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган коммерциялык банктардын, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдардын кардарларына колдоо көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым чечимдери тууралуу» токтомунун жана 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 2022-П-12/71-1 (НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы карыз алуучуларга кредиттерди берүү маселелери боюнча айрым убактылуу чечимдери тууралуу» токтомунун талаптарынын аткарылышына мониторинг жүргүзүп турат.   

2023-жылдын 28-февралына карата финансы-кредит уюмдарына (мындан ары - ФКУ) 514 карыз алуучу кайрылган, 36,2 млн сом суммасында 377 кредит жоюлган, 66,5 млн сом суммасында 227 кредит реструктуризацияланган.  

2022-жылдын 18-ноябрында кабыл алынган токтомду ишке ашыруу максатында, ФКУ Баткен областындагы карыз алуучулар боюнча бир катар чараларды көргөн:  

- 2022-жылдын 18-ноябрынан 2023-жылдын 28-февралы аралыгында ФКУ тарабынан 2 799, 9 млн сомго 27 207 кредит артыкчылыктуу тартипте каралган жана берилген;  

- «Кепилдик фонду» ААК 254,4 млн сом суммасына 232 кредит боюнча 115,5 млн сом суммасына 228 кепилдик берген.  

Учурда ФКУлар жабыркаган карыз алуучулардан келип түшкөн бардык арыздарды карап жатат жана алар банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүшөт.  

 

 


Датасы: 09.03.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып салынды. 

 


Датасы: 07.03.2023
Туруктуу шилтеме

Улуттук банктын маалыматтык билдирүүсү 

 

"Кыргыз Республикасынын төлөм системалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын аймагындагы төлөм системаларынын ишинин натыйжалуулугун, ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында жөнгө салууну ишке ашырат. 

Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу жана накталай АКШ долларынын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары агылып чыгышынын терс таасирин азайтуу максатында 2022-жылдын 18-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан акча которуу системасы аркылуу которууларды жүргүзүү эрежелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген.  

Өзгөртүүлөргө ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык акча которуу системасы аркылуу ишке ашырылган акча которуулар алуучуга жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында же сом улуттук валютасында гана берилиши мүмкүн. Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан алуучунун макулдугу менен акча которууну алуу боюнча банктык которуу жолу менен конвертацияланышы мүмкүн.   

Акча которуу системалары аркылуу акча которууларды жүргүзүүдө керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуу максатында, 2022-жылдын 27-июлундагы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтому менен акча которуу системалары аркылуу акча которууларды жүргүзүү эрежелерине өзгөртүүлөр кабыл алынган.  

Өзгөртүүлөргө ылайык, которуу/төлөм валютасынан башка валютага эсеп ачпастан акча которуу системасы аркылуу алынган акча которууну конвертациялоо (алмаштыруу операциясы) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана «Кыргыз Республикасында чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобосуна ылайык республикадагы банктар тарабынан чет өлкө валюталарын сатып алуу жана сатуу курстарынын маалымат тактада көрсөтүлгөн курс боюнча гана (нак акча алмаштыруу боюнча) жүзөгө ашырылат.  

Бул эрежелер банк эсебин ачпастан, атайын акча которуу системаларын колдонуу аркылуу акча которуп жаткан тараптар үчүн гана колдонулат. 

Чет өлкө валютасында ири өлчөмдөгү акча которуулар болгон учурда, жеке же юридикалык жактардын банктык эсептерине которууларды жүргүзүү сунушталат, бул улуттук валютага конвертациялоого жана эсептен минималдуу комиссиялык төлөмдөр менен которууларды накталай берүүгө мүмкүндүк берет. 

Коммерциялык банктар тарабынан берилген маалыматтарга ылайык, АКШ долларын накталай алуу үчүн комиссия накталай чет өлкө валютасынын суммасынан 0,5 пайыздан 3 пайызга чейин түзөт. Ошол эле учурда банк мыйзамдары коммерциялык банктар тарабынан банктык кызмат көрсөтүүлөр үчүн комиссиялык сый акыларды жана тарифтерди өз алдынча белгилөө, керектөөчүлөр үчүн маалыматтын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууну карайт. 

Белгилей кетсек, нак эмес чет өлкө валюталар менен операциялар жеке жана юридикалык жактардын суроо-талабы боюнча коммерциялык банктар тарабынан каалаган көлөмдө жана эч кандай чектөөсүз жүргүзүлөт. 

Улуттук банк өз кезегинде финансы-кредиттик уюмдар менен чет өлкө валютасын накталай берүү боюнча учурдагы комиссияларды кароо, калкка банктык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана кардарларды тейлөөнүн сапатын жогорулатуу маселелери боюнча үзгүлтүксүз иш алып барат. 

Банктардын ишмердүүлүгү боюнча суроолор боюнча жарандар Улуттук банктын коомдук кабылдамасына 0 312 61 04 86, Улуттук банктын WhatsApp каналына 0501 89 00 00, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча 0312 61 45 78 телефону аркылуу кайрылса болот.  


Датасы: 03.03.2023
Туруктуу шилтеме

2023-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары К.Э.  Куленбеков Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин финансы министрлеринин жана борбордук (улуттук) банктарынын өкүлдөрүнүн жолугушуусуна видеоконференция режиминде катышты. Аталган жолугушуу Индия Республикасынын төрагалыгы астында өттү

Жолугушууга ШКУга мүчө мамлекеттердин финансы министрлигинин жана борбордук (улуттук) банктарынын жетекчилери, ошондой эле ШКУ Катчылыгынын өкүлдөрү катышты. 

Жолугушуу учурунда тараптар келечекте туруктуу жана инклюзивдүү өнүгүү, ошондой эле санарип технологияларын колдонуу аркылуу финансылык жеткиликтүүлүктү илгерилетүү үчүн өнүгүү стратегиясы жөнүндө баяндама жасашты. ШКУга мүчө мамлекеттердин финансы институттарынын өкүлдөрү калкка жеткиликтүү финансылык кызмат көрсөтүү жана Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн финансы технологияларын киргизүү боюнча алдыңкы тажрыйбалары менен алмашышты.  

Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар эл аралык финансы чөйрөсүндө өз ара тыгыз иш алып баруу, жалпы жетишкендик менен катар эле туруктуу өнүгүү жаатында маалымат алмашуу маселелерин талкуулоонун маанилүүлүгүн белгилешти. 

 

 

 

 

 

 


Датасы: 03.03.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн бир микрофинансылык уюмга 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 

 


Датасы: 03.03.2023
Туруктуу шилтеме

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Россия-Кыргызстандык «АМАНБАНК» ачык акционердик коому тарабынан Россия Кыргызстандык «АМАНБАНК» ААКтын ички аудит кызматынын жетекчиси кызмат ордуна дайындалган Бодошева Жамал Саматбековнанын 2023-жылдын 2-мартында макулдук берүү чечимин кабыл алды; 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Капитал Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Капитал Банк» ААКтын башкы бухгалтеринин орун басары кызмат ордуна дайындалган Женишбекова Канышай Женишбековнанын 2023-жылдын 2-мартында макулдук берүү чечимин кабыл алды; 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргызкоммерцбанк» ачык акционердик коому тарабынан «Кыргызкоммерцбанк» ААКтын башкы бухгалтеринин орун басары/ банктык операцияларын эсептөө жана башкаруу бөлүмүнүн начальниги кызмат ордуна дайындалган Турдукулова Чолпон Эшалыевнанын 2023-жылдын 2-мартында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

 

 


Датасы: 02.03.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына арналган «Сом Кыргызстандын жүзү» темада 7-11 жаш курактагы балдар арасында сүрөт/кол өнөрчүлүк боюнча республикалык чыгармачылык сынак жарыялайт.  

Иш-чара жөнүндө кеңири маалыматты шилтеме аркылуу алууга болот.  


Датасы: 01.03.2023
Туруктуу шилтеме

2023-жылдын 1-мартынан РК «АМАНБАНК» ААКтын Убактылуу администратору болуп Э.Т. Батыркожоева дайындалды. 

 


Датасы: 28.02.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

эсептик ченди 13,00 пайыз деңгээлинде сактап калды 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2023-жылдын 27-февралында эсептик ченди (негизги ченди) 13,00 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Чечим 2023-жылдын 28-февралында күчүнө кирет.  

Кыргыз Республикасындагы инфляция салыштырмалуу бир калыпта сакталып турат жана акыркы айлардагы негизги тенденцияларды чагылдырат. 2023-жылдын башынан тартып керектөө баалары 2,8 пайызга өсүп (17-февралга карата абал боюнча), инфляция жылдык мааниде 15,9 пайызды түзгөн. Учурдагы инфляция жашылча, жемиштерге баалардын сезон боюнча жогорулашын, ошондой эле инфляцияга мурда таасирин тийгизген факторлордун инфляцияга экинчи жолу таасирин тийгизүүсү улантып жаткандыгын көрсөтөт. Дүйнөлүк товардык-чийки зат рынокторундагы баалардын өзгөрүлүп туруусу, бир катар административдик баалардын (тарифтердин) жогорулашы мурдагыдай эле инфляцияны шарттаган факторлордон болууда. 

Кыргыз Республикасында экономикалык жигердүүлүк жанданган, ошондой эле ички суроо-талап калыбына келүүдө. ИДӨнүн реалдуу өсүш арымы 2023-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча 4,8 пайызды түзгөн. Өндүрүштүн кыйла өсүшү өнөр жай, кызмат көрсөтүү жана айыл чарба секторлорунда катталган. Активдүү кредит берүү жана эмгек акыны реалдуу жогорулатуу дагы ички керектөөнү жогорулатууга кошумча түрткү берген.  

Улуттук банк тарабынан кабыл алынып жаткан чаралар акча жана валюта рынокторундагы кырдаалды салыштырмалуу туруктуу кармап турууга өбөлгө түзүүдө. Финансы-банк системасында туруктуулук сакталып турат. Банк системасы улуттук валютада ликвиддүүлүктүн жетиштүү көлөмүнө ээ.  

Тышкы чөйрөдө жогорку деңгээлде сакталып турган белгисиз кырдаал Кыргыз Республикасында экономикалык жагдайдын өнүгүшүн, анын ичинде инфляция динамикасын алдын ала аныктаган фактор бойдон калууда. Мындай шарттарда Улуттук банк тарабынан жүргүзүлгөн монетардык саясат мурдагыдай эле Кыргыз Республикасында инфляцияны орто мөөнөттөгү максаттуу көрсөткүч деңгээлине чейин төмөндөтүүгө багытталат. 

Тышкы жана ички экономикалык чөйрөнүн өнүгүү шарттарын эске алып, Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 13,00 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Улуттук банк түптөлгөн жагдайга туруктуу негизде көз салып турат жана зарыл болгон учурда орто мөөнөттүү мезгил ичинде баа туруктуулугун камсыз кылуу максатына жетүү үчүн тиешелүү чараларды көрөт жана кошумча инструменттерди колдонот. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча кийинки пландалган отуруму 2023-жылдын 24-апрелинде өтөт

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жагдайга жараша негизги чен өлчөмү боюнча пландан тышкаркы отурум өткөрүшү мүмкүн. 


Датасы: 27.02.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт, мында «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган. 

Токтом долбоору, валюта рыногундагы жагдайдын турукташуусун камсыз кылуу, ошондой эле коммерциялык банктардын алмашуу бюролору менен накталай чет өлкө валюталары боюнча алмашуу операцияларын жүргүзүү тартибин белгилөө максатында иштелип чыккан. 

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган.  

Сектор токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2023-жылдын 26-мартынан кечиктирбестен электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл. 

 

 


Датасы: 27.02.2023
Туруктуу шилтеме

Улуттук банк акыркы мезгилде «инвестиция» түрүндө калктын акча каражаттарын тарткан жактардын ишинин активдешип жаткандыгы байкалгандыгын маалымдайт. Көбүнчө пайдалуу шарттарга басым жасоо менен масштабдуу жарыя кылган акциялар өткөрүлөт, атап айтканда, коммерциялык банктардагы депозиттер боюнча чендерден ашкан «инвестициялар» боюнча пайыздык сый акылар, ошондой эле кайтарып берүү кепилдиги сунушталат жана тобокелдиктердин жоктугу айтылат. 

Белгилей кетүүчү нерсе, инвестиция кыйла жогорку тобокелдиктүү операция болуп саналат жана ал ар бир кадамды кылдат талдоону талап кылат. Инвестициялык компанияга өз каражатыңызды салардан мурун ошол жактын жүргүзгөн ишинин табиятын, лицензиялык-уруксат берүүчү документтердин, финансылык отчеттордун жана башка мүмкүн болгон юридикалык документтердин болушун изилдөө зарыл. 

Инвестициялар кирешелүү долбоорлордо гана киреше алып келе тургандыгына (эгерде долбоор чыгашалуу болсо, анда инвестициялар толугу менен жоголуп кетиши мүмкүн), ал эми аманаттар боюнча салымдар жана пайыздар кирешелүү болуусуна карабастан макулдашылган мөөнөттө кайтарылышы зарыл экендигине жарандардын көңүлүн бурабыз. 

Ошону менен бирге көпчүлүк учурларда инвестициялык компаниянын атын жамынган «финансылык пирамида» белгилерине ээ жактар иштешүүдө, мында өз кезегинде алдоо жана салынган каражаттарды жоготуу тобокелдиктери бар. 

Мыйзам талаптарына ылайык аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү лицензиясын алган финансы-кредит уюмдарына гана таандык экендигин эскертип кетүү зарыл. Лицензиялануучу жактардын иши аманаттардын сакталышын жана аманатчылар алдында милдеттенмелеринин өз убагында аткарылышын камсыз кылуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тыкыр көзөмөлүндө тургандыгын белгилей кетүү керек. 

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясына ээ болгон финансы-кредит уюмдарына салынган аманаттар «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамга ылайык корголгон. 

Кайсы болбосун башка юридикалык жактар жана жеке адамдар кандай гана формада болбосун, туруктуу негизде, анын ичинде мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук жана акы төлөө шарттарында коомдук тартуу жолу менен акча каражаттарын тартууга укуксуз. 

Бул тыюу салууну бузгандыгы үчүн жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. 

Ушуга байланыштуу лицензиялык-уруксат берүү документтеринин болушунда гана калктын акча каражаттарын тартууга болот. Эгерде лицензиялык-уруксат берүү документтери жок адамдарга акча каражаттарын, «инвестициялоо» деген ат менен салган/берген учурда, жарандар акча каражаттарынын кайтарылбай калышы жана жоготуу тобокелдигине дуушар болушат. 

Ушул сыяктуу компаниялар өз ишин ушундай эле жол менен жүргүзгөн жана аларга карата кылмыш иши козголгон учурлар бар экендигин белгилей кетүү керек. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жарандарды акча каражаттарын «инвестицияларга» салуу процессине кылдат мамиле кылууга жана этият болууга чакырат. Инвестициялоодон мурун, мүмкүн болгон бардык финансылык жана юридикалык документтерди изилдеп, инвестициялык келишимди тиешелүү кагаз түрүндө тариздөөнү талап кылуу керек. 

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан жана тиешелүү күбөлүктөрү/лицензиялары бар банктардын/банк эмес уюмдардын реестри Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында жайгаштырылгандыгын маалымат иретинде билдиребиз («БАНКТЫН МИЛДЕТТЕРИ» бөлүмү). 

 

 


Датасы: 25.02.2023
Туруктуу шилтеме

Төлөм системасы боюнча ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүүнүн алкагында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2023-жылдын 22-февралында № 2023-П-14/11-5-(ПС) «Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын финансылык отчетторун түзүүгө, жарыялоого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүүгө карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомун (мындан ары токтом) кабыл алды.  

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук акт Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Улуттук банктын ченемдик актылары/ Төлөм системасы бөлүгүндө жайгаштырылган. 

 


Датасы: 25.02.2023
Туруктуу шилтеме

Коммерциялык банктардын алмашуу бюролору менен чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу боюнча операцияларды жүргүзүүсүнө коюлган чектөөлөрдү убактылуу алып салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2023-жылдын  

24-февралында № 2023-П-12/12-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 5-сентябрындагы № 2022-П-33/55-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 22-июлундагы № 2022-П-33/45-2-(НПА) «Чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүү чөйрөсүндө убактылуу чечимдер жөнүндө» токтомунун аракетин убактылуу токтотуу тууралуу» токтомун кабыл алды.  

Ушул токтом менен Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 22-июлундагы № 2022-П-33/45-2-(НПА) «Чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүү чөйрөсүндө убактылуу чечимдер жөнүндө» токтомунун аракети 2023-жылдын 1-сентябрына чейин убактылуу токтотулат. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

 

 


Датасы: 25.02.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранына (А.З.К.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 

 


Датасы: 22.02.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду: 

1. 2023-жылдын 23-февралынан тартып 9-мартын кошо алгандагы мезгил аралыгына: 

- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 150-үй дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Опция» алмашуу бюросунун 2020-жылдын 29-июлундагы № 5980 лицензиясы; 

- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 150-үй, 1-бөлмө дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Найман Плюс» алмашуу бюросунун 2021-жылдын 10-июнундагы № 6143 лицензиясы. 

2. 2023-жылдын 23-февралынан тартып 4-мартын кошо алгандагы мезгил аралыгына: 

- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 144 а дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Джал иксчейнж» алмашуу бюросунун 2022-жылдын 23-августундагы № 6344 лицензиясы; 

- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 150/12 дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «ИНВЕСТИНГ» алмашуу бюросунун 2022-жылдын 17-февралындагы № 6266 лицензиясы; 

- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 144 дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Усман Финанс» алмашуу бюросунун 2021-жылдын 17-сентябрындагы № 6194 лицензиясы. 

3. 2023-жылдын 23-февралынан тартып 27-февралын кошо алгандагы мезгил аралыгына: 

- Бишкек шаары, Москва көчөсү, 86-үй, 27-бөлмө дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Лидер Эмир» алмашуу бюросунун 2022-жылдын 26-декабрындагы № 6441 лицензиясы; 

- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 150, №26 дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «К.М.Т групп плюс» алмашуу бюросунун 2022-жылдын 22-апрелиндеги № 6284 лицензиясы. 

 

 


Датасы: 22.02.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранына (Д.Б.К.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 

 


Датасы: 22.02.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн эки алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын бир жаранына (Т.М.А.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 

 


Датасы: 21.02.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитетинин 2023-жылдын 16-февралындагы № 2023-ЗСД-КОМ-КПС-2/2 токтому менен «Региональные платежные системы» («РПС») жоопкерчилиги чектелген коомунун атайын жөнгө салуу режиминин алкагында төмөнкү банктык операцияларды тесттен өткөрүү мөөнөтү 2023-жылдын 28-августуна чейин узартылды

- электрондук акча ээлерине электрондук акча менен операцияларды жүргүзүү, анын ичинде алардын ордун жабуу мүмкүнчүлүгүн берүү менен накталай же накталай эмес акча каражаттарына алмаштыруу аркылуу өз электрондук акчасын жүгүртүүгө чыгаруу (эмиссия); 

- соода-тейлөө ишканалары менен POS-терминалдарды орнотуу/сатылуучу товарларга, иштерге, соода-тейлөө ишканаларынын көрсөткөн кызматтарына төлөө үчүн төлөм каражаты катары QR-коддорду колдонуу жана банктык карталарды кабыл алуу боюнча келишимдик мамиле түзүү, ошондой эле коммерциялык банктар жана/же электрондук акча менен эсептешүү системасынын операторлору менен түзүлгөн келишимдердин алкагында соода-тейлөө ишканаларында эсептешүүлөрдү камсыз кылуу аркылуу POS-терминалдар, анын ичинде виртуалдык жана мобилдик POS-терминалдар, ошондой эле QR-коддорду колдонуу аркылуу электрондук коммерция жүргүзүү максатында, банктык карталар эквайринги («Элкарт» улуттук төлөм системасы, Visa менен Mastercard эл аралык төлөм системалары), анын ичинде интернет-эквайринг. 

«Региональные платежные системы» («РПС») жоопкерчилиги чектелген коому атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусу болуп саналат. 

 


Датасы: 17.02.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын эки жаранынын (А.М.К., Ш.А.Н.) ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 

 


Датасы: 17.02.2023
Туруктуу шилтеме

 

Улуттук банкта валюта рыногундагы абал талкууланды 

 

2023-жылдын 16-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында Улуттук банктын жетекчилиги менен коммерциялык банктардын жетекчилеринин жолугушуусу болуп өттү

Жолугушуунун жүрүшүндө ички валюта рыногундагы учурдагы абал талкууланды. Катышуучулар дүйнөдө болуп жаткан геосаясий кырдаалга байланыштуу түзүлгөн тобокелдиктер жана анын өлкөнүн финансы рыногуна тийгизип жаткан таасирлери тууралуу пикирлерин ортого салышты. 

Улуттук банктын төрагасынын орун басары З.Чокоев азыркы учурда ички валюта рыногунда жагдай, атап айтканда Кыргыз Республикасынын соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрүнүн финансы рынокторунда орун алып турган белгисиздиктин таасири астында жана импорттолуп алынуучу товарлар үчүн төлөгөн өлкөнүн чарба жүргүзүүчү субъекттери тарабынан чет өлкө валютасына болгон жогорку суроо-талапты шарттаган сезондук факторлордун таасири астында өнүгүп жаткандыгын белгиледи.  

Мындан тышкары, Улуттук банк өлкөдө узак мөөнөттүү мезгил аралыгында макроэкономикалык туруктуулукту сактоого багытталган валюта саясатын жүргүзүү ишин улантып жаткандыгын белгиледи. Алсак, чет өлкө валютасына суроо-талап жогорулагандыгына байланыштуу, Улуттук банк 2023-жылдын 13 жана 15-февралында тиешелүүлүгүнө жараша, 40,22 жана 35,60 млн. АКШ доллары суммасына чет өлкө валютасын сатуу боюнча валюталык интервенцияларды өткөргөн. Чет өлкө валютасына курстун кескин өсүшүн текшилөө максатында 2023-жылдын башталышынан тартып 15-февралына чейин Улуттук банк 227,17 млн АКШ доллары суммасына чет өлкө валютасын сатуу боюнча төрт интервенция өткөргөн.  

Жолугушуунун жүрүшүндө Улуттук банктын жетекчилиги тышкы экономикалык ишти кошо жүргүзгөн чарба субъекттерин эсептешүү-кассалык тейлөөнү үзгүлтүксүз камсыз кылууну коммерциялык банктардан талап кылды. Ошондой эле, банктардын кардарлар алдында төлөмдөрдү өз убагында жүзөгө ашыруу боюнча милдеттенмелери милдеттүү түрдө аткарылышы зарылдыгы дагы баса белгиленди.  

Улуттук банк коммерциялык банктардын ишине туруктуу негизде пландан тышкары (рейд түрүндө) жана пландуу инспектордук текшерүүлөрдү улантат. Бузууларга жол берүүлөр аныкталган учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган таасир этүү чараларын колдонот. 

Улуттук банк валюта рыногундагы жагдайды туруктуу негизде байкоого алып контролдоп турат, зарылчылыгына жараша өлкөнүн банктык жана төлөм системасынын туруктуулугун жана коопсуздугун андан ары камсыз кылуу үчүн чараларды колдонот. 

 

Маалымат үчүн: 

 

2023-жылдын башталышынан тартып Улуттук банк тарабынан коммерциялык банктардын жана алардын бөлүмдөрүнө (филиалдарына жана сактык кассаларына) 27 максаттуу текшерүү жүргүзүлгөн, алардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын  мыйзам талаптарын жана кардарларды банктык тейлөө сапатын жакшыртуу жагында сунуш-көрсөтмөлөрдү милдеттүү түрдө сактоо зарылчылыгы тууралуу эскертүүлөр жана жазма буйруктар берилген. 

 Мындан тышкары, 2023-жылдын башынан тартып алмашуу бюролоруна 79 инспектордук текшерүү, ошондой эле Улуттук банктын тиешелүү лицензиясыз чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүшкөн адамдарга 18 текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүлөрдүн натыйжасында алмашуу бюролоруна жазма буйруктар жөнөтүлүп, 22 алмашуу бюросунун лицензиясынын аракети токтотулган. 5 алмашуу бюросуна 55,0 миң сом суммасында (жалпы суммасы 275 миң сомду түзөт), ошондой эле 16 адамга 17, 5 миң сом (жалпы суммасы 280,0 миң сомду түзөт) суммасында айып пул салынган.  

 

 

 

 


Датасы: 17.02.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын нумизматикалык музейи келүүчүлөр үчүн экскурсияларды өткөрүүнү кайрадан баштады. 

2023-жылдын 16-февралында Бишкек шаарынын № 65 экологиялык-экономикалык лицейинин 6-класстарынын окуучулары үчүн экскурсия өткөрүлдү

Экскурсиянын жүрүшүндө окуучулар уникалдуу байыркы монеталар, улуттук валюта - кыргыз сомунун калыптанышынын 30 жылдык тарыхы жана Кыргыз Республикасынын нумизматикалык мурасынын башка көптөгөн экспонаттары менен таанышышты. Ошондой эле накталай акчага аяр мамиле кылуу темалары тууралуу сөз болуп, улуттук валютанын коргоо элементтери боюнча түшүндүрмө берилди. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 66 90 08, 61 24 14 телефон номерлери же mail@nbkr.kgэлектрондук почтасы аркылуу билдирмелерди алып, дайыма экскурсияларды өткөрүп турат. Кирүү акысыз. 


 


Датасы: 16.02.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранына (М.Т.С.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 

 


Датасы: 16.02.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду: 

1. 2023-жылдын 16-февралынан тартып 2-мартын кошо алгандагы мезгил аралыгына: 

- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 119-үй, 19/2-бөлмө дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Ихсан ЛТД» алмашуу бюросунун 2020-жылдын 29-июлундагы № 6000 лицензиясы; 

- Бишкек шаары, Москва көчөсү, 162-үй, 4-квартира дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Биг Моней» алмашуу бюросунун 2021-жылдын 6-майындагы № 6120 лицензиясы. 

2. 2023-жылдын 16-февралынан тартып 25-февралын кошо алгандагы мезгил аралыгына: 

- Бишкек шаары, Москва көчөсү, 165-1 дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Капитал Кэш» алмашуу бюросунун 2021-жылдын 1-июлундагы № 6163 лицензиясы; 

- Би