> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

5000 сом наркындагы банкноттор 

 

Номиналы  

(сом) 

Жүгүртүүгө чыгарылган күнү 

өлчөмү 

өңү 

5000 

20.12.2018 

156х73 

Жашыл  

5000 

02.03.2009 

156х73 

Жашыл  

2016-жылдагы үлгүдөгү 5000 сом номиналындагы банкноттун айырмалоочу белгилери  


Банкноттун алдыңкы бетинде кыргыз элинин залкар сүрөтчүсү жана актёру Сүймөнкул Чокморовдун элеси классикалык оюп басуу ыкмасында түшүрүлгөн. Банкноттун оң бөлүгүндө улуттук оюу-чийменин рельефтик сүрөттөлүшүнөн жарыкка салып кароодо "сом" деген жазуу чагылып көрүнөт.  


Банкноттун арткы бетинин оң бөлүгүндө седеп түстүү тилкеден "5000" деген сандын кайталанышын жана "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген жазууну көрүүгө болот. Банкноттун төмөн жагында анын чыгарылган жылы ("2016") берилген.  


2009-жылы чыгарылган 5000 сом наркындагы банкнот 156х73 мм. өлчөмүндөгү ак кагаздан даярдалат. Банкнотто жашыл түс басымдуулук кылат. Банкноттун кагазында жарыкка салып кароодо өзгөрүп туруучу түзсүз була камтылган. Кагаз банкноттун алдыңкы бетинде чагылдырылган портретти кайталап туруучу суу белгисине, ошондой эле номинал түрүндөгү суу белгисине ээ. Кагазга "5000 сом" деген майда текст менен күмүш түстөгү коргоо тилкеси түшүрүлгөн. Банкнотту өйдө - ылдый кыймылдатып көрүүдө коргоо тилкеси кызыл түстөн жашыл түскө өзгөрөт. Банкноттун четтеринде ак купондук тилке орун алган. Банкоттун алдыңкы бетинде жайгаштырылган портрет, "КЫРГЫЗ БАНКЫ", "БЕШ МИң СОМ" деген жазуулар, "5000" деген сан релңефтик басма ыкмасында түшүрүлгөн.  

 

Банкнот тарыхый инсандардын элеси түшүрүлгөн өзгөчө дизайнга жана  өркүндөтүлгөн коргоо элементтерине ээ.

 

Банкноттун алдынкы бетинин жогорку оң бурчунда "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген жазуу, Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы, банкноттун кызыл түстө берилген сериялык номери жайгаштырылган. Портреттин сол жагындагы SPARK коргоо элементи– "5000" көлөмдүү саны банкнотту жантайыңкы абалда оң-солго кыймылдатып көрүүдө кочкул жашыл түстөн ачык жашыл түскө, ал эми банкнотту өйдө-ылдый кыймылдатып көргөндө, номиналдын цифрасы жашыл түстөн көк түскө өзгөрөт. Суу белгисинин ак тилкесинде жайгашкан, бир-бирине дал келген сүрөттөлүш, жарыкка салып кароодо "сом" деген сөздү чагылдырат. Банкноттун сол тарабында кыргыз элинин залкар сүрөтчүсү жана актеру Сүймөнкул Чокморовдун элеси жана "СүЙМөНКУЛ ЧОКМОРОВ 1939-1992" деген жазуулар түшүрүлгөн. Портрет чоңойтуп кароодо "Сүймөнкул Чокморов" деген жазуу кайталанган жыштыгынан турган майда шрифттер менен түшүрүлгөн. Портреттин оң тарабында жайгашкан тилкеде чоңойтуп көрүүдө "Кыргыз Банкы" деген жазуунун улам кайталап берилишин көрүүгө болот. Портреттин төмөн жагында "БЕШ МИң СОМ" деген жазуу жайгаштырылган. Коргоо тилкесинин оң жагында кыргыздын улуттук оюусунун релңефтик сүрөттөлүшү сары түстүн алкагында өзүнчө бөлүнүп көрүнөт. Жогорку сол жана ички оң бурчтарында номиналдын "5000" деген саны берилген. Банкноттун ички оң бөлүгүндө улуттук оюунун релңефтик сүрөттөлүшүн камтыган, жашыл түстөгү төрт бурчтук көрүнөт. Эгерде аны жантайыңкы түшкөн жарыкка салып караганда, номиналдын "50" деген санынын көмүскө берилишин көрүүгө болот. Банкноттун ички оң бурчунда кара боөк менен аткарылган сериялык номери орун алган.  

 

Банкноттун арткы бетиндеги жогорку сол бурчунда "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген жазуу берилген. Жогорку оң бурчунда банкноттун "5000" номиналы камтылган. Банкноттун ортосунда тарыхый жана архитектуралык маданий мурас катары эсептелген, борбордун эң алгачкы кинотеатрларынын бири "Ала-Тоо" кинотеатрынын сүрөтү чагылдырылган. Бардык чыгарылыштагы банкноттордо түшүрүлгөн ар бир улуу инсандын элеси, Кыргызстандын көк тиреген бийик тоолорунун алкагында берилип, алар адабият, музыка, кино, көркөм исскуство чөйрөсүндө ошол аска тоолордой бийиктикке жетишип, эл кадырына ээ болгондугун чагылдырып тургансыйт. Банкноттун төмөн жагында "5000" деген сан, жазуу жүзүндө "БЕШ МИң СОМ" жана банкноттун "2009" деген чыгарылган жылы берилген.