> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

1000 сом номиналындагы банкнота  

  

Номинал   

Жүгүртүүгө чыгарылган жылы  

Өлчөмү  

Түсү  

Сериясы 

1000 сом 

10.05.2023-ж. 

150 х 71 мм 

Бозомук 

Бешинчи 

1000 сом  

01.01.2017-ж. 

150 х 71 мм  

Бозомук  

Төртүнчү өркүндөтүлгөн 

1000 сом  

01.12.2010-ж.  

150 х 71 мм  

Бозомук  

Төртүнчү 

1000 сом  

28.08.2000-ж. 

165 х 78 мм  

Бозомук жашыл  

Үчүнчү 

  

2023-жылы чыгарылган 1000 сом номиналындагы банкнота 150х71 мм өлчөмүндөгү ак кагаздан жасалган. Банкноттун басымдуу түсү - бозомук. Кагаз, банкноттун алдыңкы бетинде чагылдырылган портретти кайталап туруучу локалдуу көп тоналдуу суу белгисине, ошондой эле номинал түрүндөгү суу белгисине ээ. Анда сандык номинал "1000" жана ромб түрүндө Улуттук банктын логотиби бар микрооптикалык коргоо тилкеси түшүрүлгөн. 

Портрет, жазуулар ("КЫРГЫЗ БАНКЫ", "МИҢ ЖҮЗ СОМ", "1000", "ТӨРАГА"), Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы жана банкноттун четтериндеги азиздер жана көрүүсү начар адамдар үчүн атайын элементтер, банкноттун алдыңкы бетинде рельефтик басма ыкмасында түшүрүлгөн. 

 

 2023-жылдагыүлгүдөгү 1000 сом номиналындагы банкноттун айырмалоочу белгилери   

 

Банкноттун алдыңкы бетинде орто кылымдын белгилүү ойчулу жана акыны, Жусуп Баласагындын элеси жана "ЖУСУП БАЛАСАГЫН" (ХI к.) деген жазуу берилген. Портреттин астында "МИҢ СОМ" деген жазуу жайгашкан. Портреттин сол жагында түсүн өзгөртүүчү боек менен жасалган орнамент бар; банкнотту жантайыңкы алып кароодо, эки шакектин кыймылга келишин, оюу-чийменин (орнаменттин) алтын түстөн жашыл түскө өзгөрүшүн байкоого болот. Банкноттун номиналы "1000" банкноттун жогорку сол жана төмөнкү оң бурчтарында жайгашкан. Банкноттун жогорку оң жагында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" жана "ТӨРАГА" деген жазуулар, ошондой эле Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы жайгашкан. Банкноттун ылдыйкы оң жагында ромб түшүрүлгөн, банкнотту жантайыңкы алып кароодо асан-үсөн сыяктуу, сомдун графикалык белгиси С көрүнөт. Ромбдун үстүндө сүрөттөрдүн фрагменттерин жарыкка салып кароодо ромб формасын түзөт. 

 

Банкноттун арткы бетинде Кыргызстандын көк тиреген бийик тоолорунун алкагында архитектуралык эстелиги Тахти-Сулаймандын сүрөттөлүшү берилген. Банкноттун жогорку сол бурчунда "1000" номиналы, анын астында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген жазуу бар. Банкноттун сол тарабында жарыкка салып кароодо ромбду түзгөн сүрөттөрдүн фрагменттери жана чыгарылган жылы "2023" көрсөтүлгөн. Банкноттун ортосунда "1000" номиналын камтыган күмүш түстүү тилке жана ромб түрүндөгү Улуттук банктын логотиби бар. Төмөнкү оң бурчта номинал сан түрүндө "1000" жана "МИҢ СОМ" деген жазуу бар. Банкноттун сериялык номерлери банкноттун жогорку оң жана төмөнкү сол бурчтарында жайгашкан. 

 

2016-жылдагы үлгүдөгү 1000 сом номиналындагы банкноттун айырмалоочу белгилери  

Банкноттун алдыңкы бетинде орто кылымда жашап өткөн улуу акын жана ойчул Жусуп Баласагындын элеси классикалык оюп басуу ыкмасында түшүрүлгөн. Банкноттун оң бөлүгүндө улуттук оюу-чийменин рельефтик сүрөттөлүшүнөн жарыкка салып кароодо "сом" деген жазуу чагылып көрүнөт.  

Банкноттун арткы бетинин оң бөлүгүндө седеп түстүү тилкеден "1000" деген сандын жыш кайталанышын жана "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген жазууну көрүүгө болот. Банкноттун арткы бетинин төмөн жагында анын чыгарылган жылы ("2016") берилген.   

 2016-жылдагы үлгүдөгү 1000 сом номиналындагы банкноттун айырмалоочу белгилери 

  

2010-жылы чыгарылган 1000 сом  номиналындагы банкнот 150х71 мм өлчөмүндөгү ак кагазда даярдалган. Банкнотто бозомук түс басымдуулук кылат. Банкноттун кагазында түссүз булалар камтылган, ультра-кызгылт (мындан ары УК) жарыкка салып кароодо люминесцияланган көк жана кызыл түстөгү булалар көрүнөт. Кагаз, банкноттун алдыңкы бетинде чагылдырылган портретти кайталап туруучу локалдуу суу белгисине, ошондой эле номинал түрүндөгү суу белгисине ээ. Анда "1000" деген майда сөздөрдөн катар тыгыз берилишинен турган көзөнөкчө түрүндөгү коргоо тилкеси түшүрүлгөн. Банкноттун алдыңкы бетиндеги портрет, "КЫРГЫЗ БАНКЫ", "МИҢ СОМ" деген жазуулар, "1000" деген сан, Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы рельефтик басма ыкмасында түшүрүлгөн.   

 

Банкнот өзгөчө дизайнга жана өркүндөтүлгөн коргоо элементтерине ээ  

 

Банкноттун алдыңкы бетинин жогору жагында төөнүн майда сүрөттөлүшүнөн турган "1000" деген сан, Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы, "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген жазуу, банкноттун кызыл түстө берилген сериялык номери жайгаштырылган. Банкноттун сол жагында орто кылымдын белгилүү ойчулу жана акыны, Жусуп Баласагындын элеси жана "ЖУСУП БАЛАСАГЫН" (ХI к.) деген жазуу берилген. Чоңойтуп кароодо портрет "Жусуп Баласагын" деген жазуунун кайталанган жыштыгынан турган майда тамгалардан турат. Портреттин сол жагында түспөлдүк элеси, жана номиналдын саны түстүү чагылдырылган голографиялык тилкеде жайгашкан. Банкнотту жантайыңкы алып кароодо Жусуп Баласагындын элеси анын "Кут билим" чыгармасынын аталышына өзгөрөт. Портреттин арткы планында "Кыргыз Банкы" деген жазуунун улам кайталап берилишин байкоого болот. Портреттин алдында "МИҢ СОМ" деген текст жазылган. Портреттин оң тарабындагы ак купондо кара боекто аткарылган банкноттун сериялык номери, жогорудан төмөн карай тигинен жайгаштырылган. Коргоо тилкенин оң жагында банкнотто түшүрүлгөн бозомук түстөгү айлананын фонунда күндүн түспөлүнүн сүрөттөлүшү рельефтүү берилген. Суу белгисинин ак тилкесинде жайгашкан, бир-бирине дал келген сүрөттөлүш, жарыкка салып кароодо "сом" деген сөздү чагылдырат. Банкноттун төмөнкү жагынын оң тарабында улуттук оюм-чийимдин рельефин камтыган тик бурчтук берилген. Эгерде, аны ар кайсы бурчтан жарыкка салып караса көмүскөдө берилген "1000" деген цифралык номинал даана көрүнөт. Банкноттун жогорку сол жана төмөнкү оң бурчтарында "1000" деген сан түшүрүлгөн.   

 

Банкноттун арткы бетинде Кыргызстандын көк тиреген бийик тоолорунун алкагында архитектуралык эстелиги Тахти-Сулаймандын сүрөттөлүшү берилген. Банкноттун жогорку жагында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген жазуу жана "1000" деген сан түшүрүлгөн. Банкноттун чок ортосунда седеп түстүү боек менен аткарылган тилке "1000" деген сан, "Кыргыз Банкы" жазуу жүзүндө иридисценттик элемент берилген. Банкноттун төмөн жагында "1000" деген сан, жазуу жүзүндө "МИҢ СОМ" жана банкноттун "2010" деген чыгарылган жылы түшүрүлгөн.   

 

2000-жылдагы чыгарылган 1000 сом номиналындагы банкноттор 165х78 мм өлчөмүндөгү ак кагаздан даярдалган. Банкнотто бозомук жашыл түс басымдуулук кылат. Кагазга кызыл, ачык жашыл булалар жана УК жарыкка салып кароодо люминесцияланган түссүз булалар киргизилген. Кагаз локалдуу суу белгисине, банкноттун алдыңкы бетинде чагылдырылган кайталануучу элеске жана банкноттун номиналы түрүндөгү суу белгисине ээ. Банкнот көзөнөкчө түрүндө жайгаштырылган "1000" деген микротексттүү коргоо тилкесине жана оюм-чийимге ээ. Тилкелүү код банкноттун чет жактары боюнча оң жана сол тараптарында берилген.   

 

Банкноттун алдыңкы бетинин жогору тарабында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст жана Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы; көзү начар көргөн адамдар үчүн кыйгачынан жайгаштырылган беш штрихтик белги жана "1000" деген үзгүлтүксүз микрошрифтти камтыган "1000" деген цифра жогорулатылган рельефтүү ыкмада; ошондой эле кызыл боекто басылган банкноттун сериясы жана номери берилген. Анын жанында улуттук оюм-чийим түрүндөгү голограмма орун алган. Голограмманын борбордук элементи "1000" деген цифралык номиналдан жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын логотибинен турат. Чок ортосунда, оюм-чийимдин ичинде чегилип аткарылган "1000" номиналынын чагылышы; айлана формасындагы өтмө регистр; орто кылымдын белгилүү ойчулу жана акыны, Баласагын шаарынын кулуну Жусуп Баласагындын элеси жана "ЖУСУП БАЛАСАГЫН (11 к.)" деген текст жайгаштырылган. Ак купондук тилкеде көзү начар көргөн адамдар үчүн жогорку рельефте аткарылган шарттуу белги берилген. Төмөнкү тарабында "1000" деген үзгүлтүксүз сандардан турган "1000" деген цифра; "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген микрошрифттин тилкеси менен баса көрсөтүлгөн "МИҢ СОМ" деген текст камтылган. Оң тарабында кара боекто аткарылган банкноттун сериялык номери (цифралардын өлчөмү жогорудан төмөн карай өсөт), ошондой эле тигинен жайгаштырылган оюм-чийим тилкеси орун алган. Төмөнкү жагынын оң тарабында улуттук оюм-чийимдин рельефтик сүрөттөлүшүн камтыган тик бурчтук берилген. Эгерде, аны ар кайсы бурчтан жарыкка салып караса көмүскөдө берилген "1000" деген цифралык номинал даана көрүнөт .   

 

Банкноттун арткы бетинин жогорку тарабында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст жана номиналды билдирген "1000" деген цифралык микрошрифтти камтыган "1000" деген цифра жайгаштырылган. Чок ортосунда Сулайман тоосунун элесинде илгерки архитектуралык эстелик Тахти- Сулаймандын сүрөттөлүшү берилген. Банкноттор Кыргызстандын Ош шаарынын 3000 жылдыгына арналып чыгарылган, муну банкноттун сол жак бөлүгүндөгү "Ошко үч миң жыл" деген жазуу тастыктап турат. Оң тарабында айлана түрүндөгү өтмө регистр орун алган. Сүрөттөлүштүк сетканы түзгөн оюм-чийменин сол тарабында банкноттун номиналын көрсөткөн "1000" деген жазуу орун алган. Банкноттун сол жак бөлүгүндө улуттук оюм-чийим жана иридисценттик боёк менен аткарылган "1000" деген цифралык номинал орун алган. Сол тарабында тигинен жайгаштырылган оюм-чийимде "МИҢ СОМ" деген текст жайгаштырылган. Төмөнкү тарабында "1000" деген цифралык номинал жана банкноттун чыгарылган жылы "2000" берилген.