> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Котировкаларды талап кылууга катышуу үчүн керектүү документтердин тизмеси 

 

Төмөнкү документтерди сунуштаган кайсы болбосун жеке адам же юридикалык жак потенциалдуу контрагент (товар сунуштоочулар/иш аткаруучулар) боло алышат:  

1. юридикалык жактар үчүн мамлекеттик каттоодон өткөндүгү (кайрадан каттоо) жөнүндө күбөлүк; 

2. эгерде мыйзамда каралган болсо, катышуучунун сатып алуу шарттарында белгиленген ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензиялар (сертификаттар) юридикалык жактар үчүн; 

3. патенттер, уруксат берүүлөр жеке адамдар үчүн; 

4. белгиленген тартипте таризделген, уюштуруу документтери юридикалык жактар үчүн; 

5. банк эсеби; 

6. техникалык паспорт же баалуу металлдардан жасалган буюмдарда химиялык зыяндуу зарттардын бардыгы/жоктугу тууралуу (атайын жабдууларды сатып алуу учурунда) малыматты өзүнө камтыган, тиешелүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан тастыкталган же өндүрүүчү тарабынан сунушталган документ, жана сатылып алынуучу товарлардын, иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн ички буйрутмачы тарабынан же сынак комиссиясынын (сынак өткөрүү учурунда) чечими боюнча аныкталган өзгөчөлүктөрүнө жараша, башка документтер;  

7. паспорту же мыйзамга ылайык, ким экендигин тастыктаган башка документ; 

8. компаниянын жетекчисинин/жеке адамдын колу коюлган банк кызматкерлеринин байланыштуулугунун жоктугу тууралуу расмий кат;