> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Улуттук банктын максаттары, милдеттери жана функциялары 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын статусу, милдеттери, функциялары, ыйгарым укуктары жана ишин уюштуруу принциптери Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августунда кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" конституциялык Мыйзамы тарабынан аныкталган. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ишинин башкы максаты болуп тиешелүү акча-кредит саясатын жүргүзүү аркылуу баалардын туруктуулугун жетишүү жана аны колдоп туруу саналат. 

Банктын ишинин максаттарына жетишүүгө өбөлгө түзгөн негизги милдет - улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн колдоо, республиканын банк жана төлөө системаларынын коопсуздугун жана ишенимдүү ишин камсыз кылуу. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы алдына койгон милдеттерди аткаруу үчүн өз ишин мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынан көз карандысыз, өз алдынча уюштурат жана жүзөгө ашырат. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төмөндөгү функцияларды аткарат: 

1. Кыргыз Республикасында акча-кредит саясатын иштеп чыгат, аныктайт жана жүргүзөт.; 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алган банктардын жана финансы-кредиттик мекемелердин ишин жөнгө салат жана ага көзөмөлдүктү жүзөгө ашырат; 

3. бирдиктүү валюта саясатын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат; 

4. акча белгилеринин эмиссиясын жүзөгө ашырууга өзгөчө укукка ээ; 

5. төлөө системаларынын натыйжалуу иштөөсүнө көмөктөшөт; 

6. банк системасы үчүн банк операцияларын жүргүзүүнүн жана бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулуктун эрежесин бекитет.