> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Улуттук валютанын аягына чейин кесилбеген банкноттордун топтомдорун 

кантип сатып алууга болот  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2008-жылдын 18-ноябрынан тартып аягына чейин кесилбеген банкноттордун топтомдору түрүндөгү сувенирдик коллекциялык банкнотторду сатууну баштаган.   

Номиналы  

Топтомдогу банкноттордун саны  

Бир топтомдун сатуу баасы  

50 сом  

3 даана  

200 сом  

50 сом  

6 даана  

350 сом  

100 сом  

3 даана  

400 сом  

100 сом  

6 даана  

700 сом  

500 сом  

4 даана  

2 500 сом  

500 сом  

8 даана  

4 500 сом  

1000 сом  

8 даана  

8 500 сом  

Улуттук банк Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын аягына чейин кесилбеген банкноттордун топтомдорун жеке адамдарга жана юридикалык жактарга накталай жана накталай эмес эсептешүү жолу менен сатууда.  

Сатуу, улуттук жана чет өлкө валюталарында бирдей жүргүзүлөт (Улуттук банктын АКШ доллары же еврого болгон расмий курсу боюнча төлөмдөрдү өткөрүү күнүндө накталай эмес эсептешүү жолу менен гана сатылат).  

Аягына чейин кесилбеген банкноттордун топтомдорун сатып алуу суроолору боюнча төмөнкү дарекке кайрылсаңыздар болот:  

Бишкек шаары, Т.Үмөталиев атындагы көчө, 101, 106 каб. саат 9.00дөн 15.00гө чейин. тел. (996 312) 66-91-63; 66-91-41.   

Же болбосо, Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын электрондук дарегине mail@nbkr.kg сурооңуздарды жиберсеңиздер болот.