> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

1 сом номиналындагы банкноттор 

 

Номинал 

(сом) 

Жүгүртүүгө чыгарылган жылы 

өлчөмү 

(мм) 

өңү 

10.05.1993 

140х70 

Кызыл 

11.04.1994 

135х65 

Сары-күрөң 

07.02.2000 

120х60 

Саргылтым-жашыл 

 

1993-жылдагы үлгүдөгү 1 сом номиналындагы банкноттор 140х70 мм өлчөмүндөгү ак кагазда басылган. Банкнотто кызыл түс басымдуурак кылат. Кагазга УК жарыкка салып кароодо люминесцияланган түссүз тилкелер киргизилген. Кагаз, банкноттун үстүнкү жагын ээлеген "бүркүт" түрүндөгү суу белгисине ээ. Банкноттор офсеттик басма ыкмасында чыгарылган. 

 

Банкноттун алдыңкы бетинин жогорку жагында "КЫРГЫЗСТАН БАНКЫ" деген текст жана цифрасы менен "1 СОМ" деген жазуу берилген. Чок ортосунун сол тарабында өтмө регистр жана улуттук орнамент: оң тарабында - Манас элдик эпосундагы баатырдын айкелинин сүрөттөлүшү жайгаштырылган. Төмөнкү тарабында "1" деген цифра; "БИР СОМ" деген текст: кара боек менен аткарылган бакноттун сериясы жана номери камтылган. Банкноттун сериясы бир цифрадан жана эки тамгадан, номери - сегиз цифрадан турат. Купондук ак тилкеде Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы коюлган . 

 

Банкноттун арткы бетинин жогору жагында "1 СОМ" деген цифра жана "КЫРГЫЗСТАН БАНКЫ" деген жазуу орун алган. Чок ортосунда Манастын Күмбөзү (XIV к.) берилген, туурасынан жайгаштырылган орнаменталдык тилкеде "КЫРГЫЗСТАН БАНКЫ" деген микротекст камтылган. Жогорку оң тарабында өтмө регистр орун алган. Төмөнкү тарабында - "БИР СОМ 1" деген текст берилген. 

 

1994-жылдагы үлгүдөгү 1 сом номиналындагы банкноттор135х65 мм өлчөмүндөгү ак кагаздан даярдалган. Банкнотто сары-күрөң түс басымдуурак кылат. Банкнот үч тарабында 4 мм кеңдиктен турган ак тилкеге ээ. Кагазга кызыл, жашыл жана көк түстөгү булалар, ошондой эле УК жарыкка салып кароодо люминесцияланган түссүз тилкелер киргизилген. Кагаз, акын Токтогул Сатылгановдун элеси түшүрүлгөн локалдуу суу белгисине ээ. Банкнотту жарыкка салып кароодо көрүнүүчү "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген микротексттүү коргоо тилкеси узунунан жайгаштырылган. Банкнот офсеттик басма ыкмасында аткарылган. 

 

Банкноттун алдыңкы бетинин жогору жагында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст жана Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы; банкноттун номиналы "1" деген цифра жайгаштырылган. Чок ортосунда улуттук оюм-чийимдерде банкноттун цифралык номиналы; оң тарабында - кыргыздын тунгуч композитору жана аткаруучусу Абдылас Малдыбаевдин элеси жана "АБДЫЛАС" деген жазуу орун алган. Төмөнкү тарабында "1" деген цифра; "БИР СОМ" деген жазуу берилген. Төмөнкү жагынын сол тарабында эллипс формасындагы өтмө регистр камтылган. Оң тарабында туурасынан жайгаштырылган оюм-чийим тилкеси орун алган . 

 

Банкноттун арткы бетинин жогору жагында кызыл боекто басылган сериялык номер, "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст жана "1" деген цифра жайгаштырылган. Чок ортосунда Кыргыз Мамлекеттик филармониясынын чегинде кыргыз улуттук аспаптарынын: комуз жана кыл-кыяктын сүрөттөлүштөрү берилген. Төмөнкү тарабында - кара боекто басылган сериялык номер орун алган. Сол тарабында, туурасынан жайгаштырылган оюм-чийим тилкесинде "1" деген цифра жана "БИР СОМ" деген микротекст жайгаштырылган . 

 

2000-жылдагы чыгарылган 1 сом номиналындагы банкноттор 120х60 мм өлчөмүндөгү ак кагаздан даярдалган. Банкнотто саргылтым жашыл түс басымдуурак кылат. Кагаз локалдуу суу белгисине, банкноттун алдыңкы бетинде чагылдырылган кайталануучу элеске ээ. Банкнотту жарыкка салып кароодо байкалуучу "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген микротексттүү коргоо тилкеси тигинен жайгаштырылган. Тилкелүү код банкноттун сол жана оң тараптарынын чет жагында орун алган.  

 

Банкноттун алдыңкы бетинин жогору тарабында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст; кызыл боекто басылган банкноттун сериясы жана номери; Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы берилген. Чок ортосунда оюм-чийимдин ортосунда "1" деген цифра байкалат, анын оң тарабында кыргыздын белгилүү композитору Абдылас Малдыбаевдин элеси жана "АБДЫЛАС МАЛДЫБАЕВ (1906-1978)" деген текст жайгаштырылган. Төмөн тарабында "1" деген цифра; "БИР СОМ" деген текст; көзү начар көргөн адамдар үчүн геометриялык фигура түрүндөгү шарттуу белги; эллипс формасындагы өтмө регистр; кара боекто басылган банкноттун сериялык номери жана банкноттун чет жагы боюнча тигинен жайгаштырылган оюм-чийим берилген . 

 

Банкноттун арткы бетинин жогорку тарабында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст жана "1" деген цифра жайгаштырылган. Чок ортосунда Бишкек шаарындагы Кыргыз Мамлекеттик филармониясынын чегинде кыргыз улуттук аспаптарынын: комуз жана кыл кыяктын сүрөттөлүштөрү берилген. Төмөнкү жагынын оң тарабында жылы "1999" көрсөтүлгөн. Сол тарабында, тигинен жайгаштырылган оюм-чийимдик тилкеде "1" деген цифра жана "БИР СОМ" деген текст орун алган . 

 

2000-жылы 3-чыгарылыштагы 1 сом номиналындагы 

банкноттун өзгөчө белгилери 

· Банкноттун индивидуалдык өлчөмү;  

· Жаңы суу белгиси - Абдылас Малдыбаевдин элеси;  

· Сериялык номери банкноттун алдынкы бетинде жайгаштырылган. Банкноттун төмөнкү оң жак тарабында жайгаштырылган сериялык номердин цифраларынын өлчөмү сол тараптан оң тарапты карай чоңоюп олтурат. Жогорку тарабындагы номер кызыл боекто, төмөнкү тарабындагы номер кара боекто басылган;  

· Банкноттун алдынкы бетинин оң жана сол тараптарында тилкелүү код жайгаштырылган. Банктардын кассирлери, топтоштурулган банкнотторду бул элементтердин жардамы менен дароо эле айырмалай алышат;  

· Купюранын номиналына тиешелүү, үзгүлтүксүз кайталанган микрошрифт банкноттун арткы бетинин жогорку оң тарап бурчундагы "1" деген цифранын ичинде жайгаштырылган;  

· Көчүрүп басууга болбой турган торчо банкноттун арткы бетинде жайгашкан көзөнөкчөлөрдү түзүүчү ичке тилкелер түрүндө берилген. Алардын структурасы көчүрүп басууда өзгөрүүгө дуушар болушат жана бул торчо банкноттун бүтүндөй бетине түшүрүлгөн;  

· үчүнчү чыгарылыштагы бардык банкноттордогудай эле, банкноттун алдыңкы бетинде, оң тарабындагы ак купондук тилкенин чегине жакыныраак жерде банкноттун номиналына туура келген, ар бир номинал үчүн өз алдынча болгон, геометриялык фигура түрүндөгү шарттуу белги жайгаштырылган (О - 1 сом).