> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

200 сом номиналындагы банкнота 


Номинал 

Жүгүртүүгө чыгарылган жылы 

Өлчөмү 

Түсү 

Сериясы 

200 сом 

10.05.2023-ж. 

138 х 66 мм 

Сары 

Бешинчи 

200 сом  

01.01.2017-ж. 

138 х 66 мм  

Сары  

Төртүнчү өркүндөтүлгөн 

200 сом  

01.12.2010-ж. 

138 х 66 мм  

Сары  

Төртүнчү 

200 сом  

02.08.2004-ж. 

155 х 74 мм  

Сары  

Үчүнчү 

200 сом  

28.08.2000-ж. 

155 х 74 мм  

Сары  

 

2023-жылы чыгарылган 200 сом номиналындагы банкнота 138х66 мм өлчөмүндөгү ак кагаздан жасалган. Банкноттун басымдуу түсү - сары. Кагаз, банкноттун алдыңкы бетинде чагылдырылган портретти кайталап туруучу локалдуу көп тоналдуу суу белгисине, ошондой эле номинал түрүндөгү суу белгисине ээ. Анда сандык номинал "200" жана ромб түрүндө Улуттук банктын логотиби бар микрооптикалык коргоо тилкеси түшүрүлгөн. 

Портрет, жазуулар ("КЫРГЫЗ БАНКЫ", "ЭКИ ЖҮЗ СОМ", "200", "ТӨРАГА"), Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы жана банкноттун четтериндеги азиздер жана көрүүсү начар адамдар үчүн атайын элементтер, банкноттун алдыңкы бетинде рельефтик басма ыкмасында түшүрүлгөн. 


 2023-жылдагы үлгүдөгү 200 сом номиналындагы банкноттун айырмалоочу белгилери  


Банкноттун алдыңкы бетинде кыргыз акыны, драматург Алыкул Осмоновдун портрети жана "АЛЫКУЛ ОСМОНОВ 1915-1950" деген жазуу бар. Портреттин астында "ЭКИ ЖҮЗ СОМ" деген жазуу жайгашкан. Портреттин сол жагында түсүн өзгөртүүчү боек менен жасалган орнамент бар; банкнотту жантайыңкы алып кароодо, эки шакектин кыймылга келишин, оюу-чийменин (орнаменттин) алтын түстөн жашыл түскө өзгөрүшүн байкоого болот. Банкноттун номиналы "200" банкноттун жогорку сол жана төмөнкү оң бурчтарында жайгашкан. Банкноттун жогорку оң жагында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" жана "ТӨРАГА" деген жазуулар, ошондой эле Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы жайгашкан. Банкноттун ылдыйкы оң жагында ромб түшүрүлгөн, банкнотту жантайыңкы алып кароодо асан-үсөн сыяктуу, сомдун графикалык белгиси С көрүнөт. Ромбдун үстүндө сүрөттөрдүн фрагменттерин жарыкка салып кароодо ромб формасын түзөт. 

 

Банкноттун арткы бетинде Кыргызстандын тоо чокуларынын фонунда Ысык-Көлдүн сүрөтү жана А.Осмоновдун Ысык-Көлгө арналган поэтикалык саптары чагылдырылган. Банкноттун жогорку сол бурчунда "200" номиналы, анын астында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген жазуу бар. Банкноттун сол тарабында жарыкка салып кароодо ромбду түзгөн сүрөттөрдүн фрагменттери жана чыгарылган жылы "2023" көрсөтүлгөн. Банкноттун ортосунда "200" номиналын камтыган алтын түстүү тилке жана ромб түрүндөгү Улуттук банктын логотиби бар. Төмөнкү оң бурчта номинал сан түрүндө "200" жана "ЭКИ ЖҮЗ СОМ" деген жазуу бар. Банкноттун сериялык номерлери банкноттун жогорку оң жана төмөнкү сол бурчтарында жайгашкан. 

 

2016-жылдагы үлгүдөгү 200 сом номиналындагы банкноттун айырмалоочу белгилери  

Банкноттун алдыңкы бетиндекыргыз элинин классик акыны, котормочу Алыкул Осмоновдун элеси классикалык оюп басуу ыкмасында түшүрүлгөн. Банкноттун оң бөлүгүндө улуттук оюу-чийменин рельефтик сүрөттөлүшүнөн жарыкка салып кароодо "сом" деген жазуу чагылып көрүнөт.  

Банкноттун арткы бетининоң бөлүгүндө седеп түстүү тилкеден "200" деген сандын жыш кайталанышын жана "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген жазууну көрүүгө болот. Банкноттун төмөн жагында анын чыгарылган жылы ("2016") берилген.   

  

 2016-жылдагы үлгүдөгү 200 сом номиналындагы банкноттун айырмалоочу белгилери 

  

2010-жылы чыгарылган 200 сом номиналындагы банкнот 138х 66 мм өлчөмүндөгү ак кагазда даярдалган. Банкнотто сары түс басымдуулук кылат. Банкноттун кагазында түссүз була камтылган, ультра-кызгылт (мындан ары УК) жарыкка салып кароодо люминесцияланган сары-жашыл түстөгү булалар көрүнөт. Кагаз, банкноттун алдыңкы бетинде чагылдырылган портретти кайталап туруучу локалдуу суу белгисине, ошондой эле номинал түрүндөгү суу белгисине ээ. Анда "200 сом" деген майда сөздөрдүн катар тыгыз берилишинен турган көзөнөкчө түрүндөгү коргоо тилкеси түшүрүлгөн. Банкноттун алдыңкы бетиндеги портрет, "КЫРГЫЗ БАНКЫ", "ЭКИ ЖҮЗ СОМ" деген жазуулар, "200" деген сан, Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы рельефтик басма ыкмасында түшүрүлгөн. 

 

Банкнот өзгөчө дизайнга жана өркүндөтүлгөн коргоо элементтерине ээ  

  

Банкноттун алдыңкы бетинин жогору жагында куштардын майда сүрөттөлүшүнөн турган "200" деген сан, "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген жазуу, Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы, банкноттун кызыл түстө берилген сериялык номери жайгаштырылган. Банкноттун сол жагында ХХ кылымда жашаган, кыргыз акыны, драматург Алыкул Осмоновдун элеси жана "АЛЫКУЛ ОСМОНОВ (1915-1950)" деген жазуулар берилген. Чоңойтуп кароодо портрет "Алыкул Осмонов" деген жазуунун кайталанган жыштыгынан турган майда тамгалардан турат. Портреттин сол жагында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген жазуу жана куш канатынын бир талынын чагылдырылышынын баары түстүү чагылдырылган голографиялык тилкеде жайгашкан. Банкнотту жантайыңкы алып кароодо ал оңдон солго карай багытын өзгөртөт. Портреттин арткы планында "Кыргыз Банкы" деген жазуунун улам кайталап берилишин байкоого болот. Портреттин алдында "ЭКИ ЖҮЗ СОМ" деген текст жазылган. Портреттин сол тарабында ак купондо кара боекто аткарылган банкноттун сериялык номери, жогорудан төмөн карай тигинен жайгаштырылган. Коргоо тилкенин оң жагында банкнотто түшүрүлгөн сары түстөгү айлананын фонунда күндүн жана толкундун сүрөттөлүшү рельефтүү берилген. Суу белгисинин ак тилкесинде жайгашкан, бир-бирине дал келген сүрөттөлүш, жарыкка салып кароодо "сом" деген сөздү чагылдырат. Банкноттун төмөнкү жагынын оң тарабында улуттук оюмчийимдин рельефин камтыган тик бурчтук берилген. Эгерде, аны ар кайсы бурчтан жарыкка салып караса көмүскөдө берилген "200" деген цифралык номинал даана көрүнөт. Банкноттун жогорку сол жана төмөнкү оң бурчтарында "200" деген сан түшүрүлгөн. 

 

Банкноттун арткы бетинде Кыргызстандын көк тиреген бийик тоолорунун алкагында Ысык-Көл көлүнүн сүрөттөлүшү жана акын А.Осмоновдун Ысык-Көлгө арнаган ыры берилген. Банкноттун жогорку жагында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген жазуу жана "200" сом деген сан түшүрүлгөн. Банкноттун чок ортосундагы седеп түстүү боек менен аткарылган тилке "200" деген сан, "КЫРГЫЗ БАНКЫ" жазуу жүзүндө иридисценттик элемент берилген. Банкноттун төмөн жагында "200" деген сан, жазуу жүзүндө "ЭКИ ЖҮЗ СОМ" жана банкноттун "2010" деген чыгарылган жылы түшүрүлгөн.   

  

2004-жылы чыгарылган 200 сомдун айырмаланган белгилери   

Банкноттун арткы бетинин жогорку бөлүгүндө Алыкул Осмоновдун Ысык-Көлгө арналып жазылган "Жеңишбек" поэмасынан ыр саптары, акындын кол жазмасында берилген. Жаңы банкноттун чыгарылган жылы (2004) анын арткы бетинде жайгаштырылган.  

 

2000-жылдагы чыгарылган 200 сом номиналындагы банкноттор 155х74мм өлчөмүндөгү ак кагаздан даярдалган. Банкнотто сары түс басымдуулук кылат. Кагазга кызыл, ачык-жашыл булалар жана ультра-кызгылт (мындан ары УК) жарыкка салып кароодо люминесцияланган түссүз булалар киргизилген. Кагаз локалдуу суу белгисине, банкноттун алдыңкы бетинде чагылдырылган кайталануучу элеске жана банкноттун номиналы түрүндөгү суу белгисине ээ. Кагазга "200" деген микротексттүү коргоо тилкеси көзөнөкчө түрүндө жайгаштырылган. Тилкелүү код банкноттун чет жактары боюнча оң жана сол тараптарында берилген. 

 

Банкноттун алдыңкы бетинин жогору тарабында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст жана Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы; көзү начар көргөн адамдар үчүн кыйгачынан жайгаштырылган үч штрихтик белги жана "200" деген үзгүлтүксүз микрошрифтти камтыган "200" деген цифра жогорулатылган рельефтик ыкмада; ошондой эле кызыл боекто басылган банкноттун сериясы жана номери берилген. Анын жанында "200" деген цифралык номиналдын рельефтик сүрөттөлүшүндө ромб формасындагы алтын түстөгү фольга орун алган. Фольга рельефтик басмада аткарылган купюранын номиналын жана штрихтик тилкелерди камтыйт. Чок ортосунда, оюм-чийимдин ичинде чегилип аткарылган "200" номиналынын чагылышы; оюм-чийим формасындагы өтмө регистр; ХХ кылымда жашаган, кыргыз акыны, драматург Алыкул Осмоновдун элеси жана "АЛЫКУЛ ОСМОНОВ (1915-1950)" деген текст жайгаштырылган. Ак купондук тилкеде көзү начар көргөн адамдар үчүн жогорку рельефте аткарылган геометриялык шарттуу белги берилген. Төмөнкү тарабында "200" деген үзгүлтүксүз сандардан турган "200" деген цифра; "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген микрошрифттин тилкеси менен баса көрсөтүлгөн "ЭКИ ЖҮЗ СОМ" деген текст камтылган. Оң тарабында кара боекто аткарылган банкноттун сериялык номери, ошондой эле тигинен жайгаштырылган оюм-чийим тилкеси орун алган. Төмөнкү жагынын оң тарабында улуттук оюм-чийимдин рельефтик сүрөттөлүштү камтыган тик бурчтук берилген. Эгерде, аны ар кайсы бурчтан жарыкка салып караса көмүскөдө берилген "200" деген цифралык номинал даана көрүнөт.  

 

Банкноттун арткы бетинин жогорку тарабында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст жана номиналды билдирген "200" деген цифралык микрошрифтти камтыган "200" деген цифра жайгаштырылган. Чок ортосунда Ысык-Көл көлүнүн сүрөттөлүшү, банкноттун жогорку сол жак бурчунда акын А.Осмоновдун Ысык-Көлгө арнаган ыры берилген: 

 

Ысык-Көл кээде жымжырт, кээде толкун 

Толкуса толкунуна тең ортокмун, 

Турмушта канча жолдош күтсөм дагы, 

Бир сырлуу мындай жолдош күткөн жокмун. 

 

Оң тарабында парусник (жел кеме) түрүндөгү өтмө регистр орун алган. Сүрөттөлүштүк сетканы түзгөн оюм-чийменин оң тарабында банкноттун номиналын көрсөткөн "200" деген жазуу орун алган. Банкноттун сол жак бөлүгүндө улуттук оюм-чийим жана иридисценттик боек менен аткарылган "200" деген цифралык номинал орун алган. Сол тарабында тигинен жайгаштырылган оюм-чийимде "ЭКИ ЖҮЗ СОМ" деген текст жайгаштырылган. Төмөнкү тарабында "200" деген цифралык номинал жана банкноттун чыгарылган жылы "2000" берилген.