> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

2000 сом номиналындагы эстелик банкнот 

 

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2017-жылдын 17-ноябрынан тартып 2000 сом номиналындагы улуттук валютанын алгачкы нумизматикалык эстелик банкнотту чыгарды. 

Эстелик банкнота, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан мамлекеттин тарыхында басып өткөн жолундагы маанилүү эки учурду: Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүккө ээ болушунун 25 жылдыгына жана улуттук валютанын жүгүртүүгө чыгарылышынын 25 жылдыгына карата чыгарылган. Эстелик банкнота, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалынын түптөлүшүнүн: байыркыдан бүгүнкү күнгө чейинки калыптануу жолун чагылдырган жана заманбап коргоо элементтерин камтыган, өзгөчөлөнгөн дизайнга ээ.  

 

Номиналы 

(сом) 

Жүгүртүүгө чыгарылган күнү 

Өлчөмү 

Өңү 

2000 

17.11.2017 

153х73 

Көгүлтүр 

Банкноттун алдыңкы бетинде чачыранды урууларды бириктирип, түпкүлүктүү кыргыз элинин уюткусун кураган айкөл Манас атабыздын Аккуласын минип, жоо-жарагы шайма-шай эл четинде, жоо бетинде турган элеси чагылдырылган. Кыргыз эли ыйык тутуп, табынып келген, жаман көздөн жана суук сөздөн коргоп, анын руханий дүйнөсүнүн көөнөрбөс кутуна айланган ыйык "Умай Эне" белгиси, көчмөн элдин турагы жакшы жашоо, байгерчиликтин, ырыс-ынтымактын символу боз үйдүн сүрөттөлүшү негизги сюжетти толуктап турат.  

Кыргыз элинин басып өткөн жолун, жакшы жашоого умтулуп, жетишкен ийгиликтерин чагылдырган өмүр дарагы банкноттун арткы бетинин негизги сюжети. Аалам эгеси, асман тиреген "Хан-Тенгри" улуулукту, айкөлдүктү туу тутуп, алдыга үмүт артып жашаган, кайрат-күчү майтарылбас кыргыз элине мүнөздүү касиеттерди чагылдырса, көз жоосун алган көгүлтүр Ысык-Көлдүн керемет сүрөттөлүшү алкагында канатын кере жайып учуп бара жаткан бүркүттүн элеси эркиндикти сүйгөн, тоскоолдуктарды тоготпой жиреп өтүп, сүр көрсөткөн, адилетсиздикке элдешпес кыргыз мүнөзүн чагылдырат.  

 

2000 сом номиналындагы эстелик банкнотасы Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ жана төлөм каражаты катары милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш.  

 

 2000 сом номиналындагы эстелик банкнотанын негизги коргоо белгилери

-Түстүү голограмма. Банкнотту сол жактан оң жагына же тескерисинче алып, жантайтып кароодо "25" деген сан улуттук оюу-чийимге айланып өзгөрөт. 

-Микрооптикалык тилке. Банкнотту жантайыңкы алып кароодо тигинен жайгашкан тилкеде чагылдырылган сүрөттөлүштөр ар башка түстө, көлөмдө кубулуп, чагылышып көрүнөт.  

-Көмүскө сүрөттөлүш. Банкнотту жантайыңкы алып кароодо түркүн түстүү тилкелер пайда болот. 

-Банкноттун арткы бетиндеги иридисценттик тилкеде канатын кере жайып, учуп бара жаткан куштун эки түстө берилген элеси чагылдырылган. 

-Суу белгиси. Ар тараптан чагылдырылып, түркүн түскө кубулуп көрүнгөн суу белгиси, сандык номиналдын электротиби. 

-Өтмө регистр - банкноттун алдыңкы жана арткы бетинде бири-бирине дал келтирилип жайгаштырылган айырмалоочу белги. Жарыкка салып кароодо андан "2000" санды көрүүгө болот.