> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө



"Сынак боюнча сунуштар менен документтерди толтуруу жана даярдоо тартиби жөнүндө" видеонускоо




Сынактын катышуучусуна  

ЭСКЕРТКИЧ 

 

Урматтуу сынактын катышуучулары! 

Сиздерден Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын сатып алуу жол-жоболору боюнча сынактарды өткөрүү эрежелери менен таанышып чыгууну өтүнөбүз. 

 

I. Сынактын предмети 

1. Сынактын Катышуучусу сатып алуу предмети жөнүндө маалыматтын купуялыгын сактоону жана алынган маалыматты сынак боюнча сунуштарды даярдоо максатында гана пайдаланууну гарантиялайт. Мында сынак боюнча сунушту даярдоо жана берүү боюнча бардык чыгашалар сынактын Катышуучусу тарабынан төлөнөт. 

2. Катышуучу сынакка катышууну каалаган учурда, сынак боюнча документтерди алуу үчүн сынактын аталышын көрсөтүү менен tender@nbkr.kg. электрондук дарегине суроо-талап жөнөтөт. Сынак боюнча документтер техникалык координатор тарабынан сынак боюнча документтерди кабыл алуу/өткөрүп берүү актысынын негизинде tender@nbkr.kg электрондук почтасы аркылуу Катышуучуларга берилет. Катышуучу документтерди кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын толтуруп, сканерден өткөрүлгөн версиясын техникалык координаторго жөнөтөт, андан кийин сынак боюнча документтердин топтомун алат. 

 

II. Сынак боюнча документтер 

3. Сынактын Катышуучусу сынак боюнча документтердин төмөнкү топтомун алат: 

- сынакка катышууга чакыруу (2-форма); 

- сынактын катышуучусу үчүн нускоо (3-форма); 

- квалификациялык талаптар (4-форма); 

- техникалык талаптар (5-форма жана/же техникалык тапшырма/өзгөчөлүгү); 

- баа сунушунун формасы (7-форма); 

- сатып алуулар боюнча келишим долбоору; 

- аванстык төлөмдүн гарантиялык камсыздоосунун формасына, суммасына, иштөө мөөнөтүнө жана башка шарттарына карата талаптар (эгерде колдонулса). 

4. Катышуучу сынак боюнча документтердин топтомун кылдат изилдеп чыгууга тийиш, анткени суроо-талап коюлган маалымат толук берилбесе же техникалык жана квалификациялык талаптарга жооп бербеген сунуштар берилсе, ал сынак боюнча документтерди кабыл алуудан баш тартууга алып келиши мүмкүн. Берилген маалымат так жана натыйжалуу баа берүү үчүн жетиштүү болууга тийиш. Берилген маалыматтын аныктыгына сынактын Катышуучусу жоопкерчиликтүү болуп саналат.  

5. Катышуучу сынак боюнча документтердин формаларын толтурат. Сынак өткөрүүдө жазуу жүзүндө берилген өтүнүч каттар жана билдирүүлөр анык болуп саналат, мында аталган билдирүүлөрдү берүүнүн факсимилдик жана электрондук-санариптик ыкмасын пайдаланууга болот.  

6. Сынактын Катышуучусу сынак боюнча сунуштарын төмөнкү тилдерде: кыргыз, орус, англис тилдеринде же алардын ичинен эки тилде бере алат. Эгерде сынак боюнча сунуштун курамындагы коштомо документтер жана басма адабият башка тилде берилсе, анда анын кыргыз жана/же орус тилдерине так которулган вариантын берилүү зарыл. Сынак боюнча мындай сунушту чечмелөөдө анын которулган варианты артыкчылыкка ээ болот. 

7. Катышуучу сынак боюнча сунуштун баасын Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган бардык салыктарды эске алып, кыргыз сому менен көрсөтүүгө жана аны келишимдин колдонуу мөөнөтү ичинде (эл аралык сынактарда баасы чет өлкө валютасында көрсөтүлүшү мүмкүн, мында эсептешүүлөр төлөө күнүндөгү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик курсу боюнча кыргыз сомунда берилет) көбөйтүү жагына өзгөртпөөгө тийиш. Сынак боюнча сунуштун наркын түзүү тартиби  

7-формада көрсөтүлгөн.  

8. Сынакты өткөрүүдө катышуучуларга алдын ала төлөө мүмкүнчүлүгү бар. Эгерде алдын ала төлөм 750 000 сомду 2-чектүү сумманы түзсө же андан ашпаса, аванстык төлөмдүн гарантиялык камсыздоосу сунушталбайт. Ал эми алдын ала төлөм 2-чектүү суммадан ашкан шартта, сынактын Катышуучусу алдын ала төлөмдүн (аванстык төлөмдүн) суммасына гарантиялык камсыздоо сунуштайт.  

9. Сынак боюнча документтердин курамындагы келишим долбоору сынактын жеңүүчүсү менен товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга келишим түзүү үчүн типтүү болуп саналат. Ал тараптардын макулдугу (Катышуучу жана Буйрутмачы) боюнча жана Катышуучунун сынак боюнча сунушун эске алуу менен, бирок келишим долбоорунда көрсөтүлгөн жоболорду өзгөртүүсүз толукталышы мүмкүн.  

10. Катышуучу сынак боюнча сунуштун 1 түп нускасын жана 6 көчүрмөсүн (квалификациялык талаптарды 4-форма, техникалык сунуштарды 5-форма жана баа сунуштарын 7-форма боюнча) даярдоого милдеттүү, мында ар бир нускасында «түп нуска» же «көчүрмө» экендиги көрсөтүлүүгө тийиш. Алардын ортосунда айырма болсо, түп нускасына артыкчылык берилет.  

11. Сынак боюнча сунушту тариздөөдө Катышуучу:  

- сынак боюнча сунуштун түп нускасын жана көчүрмөсүн А4 форматындагы суу белгиси түшүрүлбөгөн ак кагазга 12-өлчөмдөгү Times New Roman шрифтинде мамлекеттик же расмий тилде тариздөөгө

- 4, 5 жана 7-формаларда Катышуучу тарабынан алынган сынак боюнча документтерде пайдаланылган шрифтти колдонууга; 

- сынак боюнча сунуштун түп нускасынын ар бир бети (келишим долбоору, квалификациялык талаптар, техникалык жана баа сунушу 4, 5 жана 7-формалар) компаниянын мөөрү жана сынак боюнча сунушка кол коюучу адамдын кол тамгасы менен күбөлөндүрүлүүгө;  

- сынак боюнча сунуштун көчүрмөлөрү кандайдыр бир кол тамгалар, мөөрлөр жана сынактын Катышуучусуна таандык экендигин көрсөткөн башка маалыматтар жок берилүүгө тийиш; эгерде алардын арасында айырмачылыктар болсо, анда түп нускасына артыкчылык берилет; 

- саптар арасында өчүрүүгө, кыстырмаларды же кошумча жазууларды киргизүүгө жол берилбейт. 

12. Сынактын Катышуучусу бардык маалыматты өз-өзүнчө үч конвертке салып, жогорку сол бурчуна, тиешелүүлүгүнө жараша, «№1 конверт», «№2 конверт», «№3 конверт» деген жазууларды жазып берет. 

Конверттерди даярдоо тартиби: 

- №1 конвертте (тышкы) Катышуучунун квалификациялык талаптарга ылайык келүүсү тууралуу маалымат камтылууга тийиш. №1 конвертке толтурулган 4-форманын 1 түп нускасы жана аты көрсөтүлбөгөн 6 көчүрмөсү салынат. Катышуучунун квалификациялык талаптарга ылайык келүүсүн тастыктоолорду камтыган документтер топтому, ошондой эле келишим долбоору лоттордун санына карабастан, бир нускада берилет. 

Көңүл бургула! 4-форманын көчүрмөлөрүндө фирманын/компаниянын аталышы, Катышуучунун аты-жөнү жана ал тууралуу башка маалымат көрсөтүлүшүнө жол берилбейт. 

- № 2 конвертке Катышуучунун техникалык талаптарга ылайык келүүсү тууралуу маалыматты камтыган 5-форманын 1 түп нускасы жана аты көрсөтүлбөгөн 6 көчүрмөсү, зарылдыгына жараша кошумча маалымат салынат. 

№ 3 конвертке Катышуучунун баа сунушу тууралуу маалыматты камтыган  

7-форманын 1 түп нускасы жана аты көрсөтүлбөгөн 6 көчүрмөсү салынууга тийиш.  

 

 

Сынактын Катышуучусунун эсине!  

4, 5 жана 7-форманын түп нускасынын ар бир барагы ыйгарым укуктуу адамдын кол тамгасы жана фирманын/компаниянын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт, ошондой эле фирманын/компаниянын аты көрсөтүлөт жана компаниянын атайын бланкы пайдаланылышы мүмкүн. 4, 5 жана 7-толтурулган формалардын көчүрмөлөрүндө алардын сынактын Катышуучусуна таандык экендигин, б.а. компаниянын аталышы, фирманын/компаниянын жетекчисинин аты-жөнү, дареги, мөөрү жана башка маалымат камтылышына, фирмалык бланктагы түп нускасын көчүрмөлөөгө жол берилбейт. 

№2 жана №3 чапталган конверттер квалификация боюнча башка документтер жана келишим долбоору менен бирге №1 конвертке (тышкы конверт) салынат. Тышкы конвертте сынактын аталышы жана коду (коду Чакырууда белгиленген), катышуучунун толук аталышы жана анын юридикалык/айкын дареги көрсөтүлүүсү зарыл. 

Эгерде, сынактын Катышуучусу бир нече лоттор боюнча сунуш берсе, анда тиешелүү түрдө ар бир лот боюнча №2 жана №3 конверттер даярдалат. Мындай учурда №2 жана №3 конверттердин жогорку сол бурчуна тиешелүү белги коюлууга тийиш: 

- №2 конверт №1 лот; 

- №3 конверт №1 лот; 

- №2 конверт №2 лот; 

- №3 конверт №2 лот жана башка. 

 

III. Сынак боюнча сунуштарга баа берүү 

13. Катышуучуунун сынак боюнча сунушуна бекитилген негизги критерийлерге ылайык баа берилет: 

- техникалык талаптарга/тапшырмага туура келүү

- квалификациялык маалыматтар; 

- Кыргыз Республикасынын аймагында сервистик тейлөөнүн болушу; 

- товарларды берүү/иштерди аткаруу/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо мөөнөтү жана графиги; 

- сынак боюнча берилген сунуштун бааларынын чегинде сунуш наркы жана преференциялар/кошумча кызмат көрсөтүүлөр (сынак комиссиясынын чечими менен бекитилген баа берүү ыкмасына жараша такталат). 

Башка ушул сыяктуу тең шарттарда сынак боюнча сунуштарга баа берүүдө товарларды берүү/иштерди аткаруу/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо фактысы боюнча төлөө сунуштарына артыкчылык берилет. 

14. Сынак боюнча сунушу квалификациялык жана техникалык талаптарга жооп берген, берген сунушунун наркы азыраак болуп, эң көп балл алган Катышуучу сынактын жеңүүчүсү болуп саналат. 

15. Катышуучунун баа сунушунда жол берилген арифметикалык каталар: 

- бирдик баасы менен жалпы баанын ортосунда айырма келип чыккан учурда, бирдик баасына артыкчылык берилет, ал эми жалпы баа оңдолот; 

- сөз менен сандын ортосунда айырма келип чыккан учурда, сөз менен жазылган суммага артыкчылык берилет. 

 

IV. Катышуучуларга билдирүү жөнөтүү жана келишимди берүү 

16. Жеңүүчү катары аныкталган Катышуучуга сынактын жыйынтыгы тууралуу кат түрүндөгү Буйрутмачынын билдирүүсү жөнөтүлөт, андан кийин анын ыйгарым укуктуу өкүлү 3 (үч) жумуш күнү ичинде келишим/контракт түзүү үчүн Буйрутмачыга келүүгө милдеттүү. Сатып алуу жөнүндө келишимге/контрактка жеңүүчү катары таанылган Катышуучуга кат түрүндө билдирүү жөнөтүлгөн күндөн тартып, 10 (он) жумуш күнү ичинде кол коюлууга тийиш. 

17. Эгерде жеңүүчү катары таанылган Катышуучунун ыйгарым укуктуу өкүлү контракт боюнча сүйлөшүүлөргө белгиленген мөөнөттө келбей калса жана/же 10 (он) жумуш күндүн ичинде келишимге/контрактка кол койбосо же аны менен келишим/контракт түзүүгө мүмкүндүк бербеген жагдайлар пайда болсо, анда Буйрутмачы вице-жеңүүчү менен келишим/контракт түзүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө же сынакты өткөрүлбөгөн катары таанууга укуктуу. 

18. Сынактын жыйынтыгы жөнүндө билдирүүлөр калган Катышуучуларга сатып алуу жөнүндө келишимге кол коюлгандан кийин 3 (үч) күндүн ичинде жөнөтүлөт. 

 

V. Буйрутмачынын жана Катышуучулардын укуктары 

19. Катышуучу сынак боюнча сунуштарды ачык кароодо катыша алат. 

20. Сынактын Катышуучусу сынак боюнча документтерди тапшыруу мөөнөтү аяктаганга чейин 5 (беш) жумуш күнү мурда сынак документтеринин кандайдыр бир талаптары боюнча түшүндүрмөлөрдү берүү өтүнүчү менен сынактын техникалык координаторуна кайрылууга укуктуу. 

21. Сынактын Катышуучусу сынак боюнча сунуштарды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин Буйрутмачыга өз билдирмесин кайтарып алуу жөнүндө билдирүү жөнөтүп, өз билдирмесин кайтарып алышы мүмкүн. Катышуучунун билдирмени кайтарып алуу жөнүндө билдирүүсү Нускоонун жоболорунун (3-форма) талаптарына ылайык даярдалууга, чапталууга, белгиленүүгө жана жөнөтүлүүгө тийиш. 

22. Сынактын Катышуучусу сынак комиссиясынын мүчөлөрү (сынак алдында конференция өткөрүлгөн учурда) жана Буйрутмачынын башка кызматкерлери менен жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзө албайт. Мындай фактылар тастыкталган учурда, сынак жокко чыгарылат жана сынактын Катышуучусу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ишенимсиз (ак ниет эмес) сунуштоочулар (подрядчылары) боюнча маалымат базасына киргизилет. 

23. Сынактын Катышуучусу Буйрутмачынын жазуу жүзүндөгү уруксаты жок сынактын предметине тийиштүү маалыматты үчүнчү жакка берүүгө укугу жок. 

24. Буйрутмачы кандай болбосун сынак боюнча сунушту кабыл алуу же четке кагуу, ошондой эле келишимге/контрактка кол койгонго чейин кайсы учурда болбосун сынак процессин токтотуу жана бардык сунуштардан баш тартуу укугун өзүнө калтырат жана мында Катышуучунун алдында эч кандай жоопкерчилик тартпайт.  

25. Буйрутмачы сынак учурунда Катышуучу алдамчылыкка баргандыгы тууралуу тыянакка келген учурда, сынак боюнча сунушту четке кагат жана аны Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ишенимсиз (ак ниет эмес) сунуштоочулар (подрядчылар) боюнча маалымат базасына киргизет. Мында Катышуучу аталган Маалымат базасына киргизилген күндөн тартып 2 (эки) жыл ичинде Буйрутмачы тарабынан жүргүзүлгөн сатып алууларга катыша албайт .  

26. Улуттук банктын кызматкерлери менен туугандык байланышта болгон адамдар (ата-энеси, күйөөсү, жубайы, балдары, бир тууган агалары жана эжелери) иштеген юридикалык жактар/ошол компаниянын ээси болуп саналган же жетектөөчү кызматтарды ээлеген же болбосо контролдоо-тескөө функцияларын аткарган жеке адамдар (сынактын Катышуучулары) байланыштуу жактар болуп саналат жана сынакка катышуудан четтетилет. 

27. Катышуучуларды сынакка катышуудан четтетүү чечими төмөнкү учурларда да кабыл алынат: 

- эгерде сынактын Катышуучулары сатып алуулар жөнүндө келишимди аткаруу үчүн зарыл квалификациялык талаптарга жооп бербесе; 

- потенциалдуу Катышуучулар сынак боюнча документтер топтомун белгиленген тартипте жана сынакка катышууга чакырууга ылайык албаган шартта; 

- сатып алууга бири-бири менен аффилирленген юридикалык жана/же жеке адамдар катышкан учурда. Мындай фактылар аныкталган учурда, сынактын потенциалдуу Катышуучулары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ишенимсиз (ак ниет эмес) сунуштоочулар (подрядчылары) боюнча маалымат базасына киргизилет. 

28. Сынактын жыйынтыгы тууралуу билдирүүнү алгандан кийин, жеңилген Катышуучу сынак боюнча сунушунун четке кагылышынын себебин билүү үчүн техникалык координаторго кайрылса болот. Техникалык координатор 3 (үч) жумуш күнү ичинде сынактын Катышуучусуна жооп жөнөтөт. Сынакта жеңилген Катышуучу сынактын жыйынтыгы тууралуу билдирүү алган күндөн тартып 10 (он) жумуш күн ичинде сынак комиссиясынын чечимине даттануу менен белгиленген тартипте Улуттук банктын дарегине кайрылууга укуктуу. 

 

Сынака катышуу үчүн керектүү документтердин тизмеси 

  

Төмөнкү документтерди сунуштаган кайсы болбосун жеке адам же юридикалык жак потенциалдуу контрагент (товар сунуштоочулар/иш аткаруучулар) боло алышат:   

1. юридикалык жактар үчүн мамлекеттик каттоодон өткөндүгү (кайрадан каттоо) жөнүндө күбөлүк;  

2. эгерде мыйзамда каралган болсо, катышуучунун сатып алуу шарттарында белгиленген ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензиялар (сертификаттар),  юридикалык жактар үчүн;  

3. патенттер, уруксат берүүлөр  жеке адамдар үчүн;  

4. белгиленген тартипте таризделген, уюштуруу документтери  юридикалык жактар үчүн;  

5. банк эсеби;  

6. техникалык паспорт же баалуу металлдардан жасалган буюмдарда химиялык зыяндуу зарттардын бардыгы/жоктугу тууралуу (атайын жабдууларды сатып алуу учурунда) малыматты өзүнө камтыган, тиешелүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан тастыкталган же өндүрүүчү тарабынан сунушталган документ, жана сатылып алынуучу товарлардын, иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн ички буйрутмачы тарабынан же сынак комиссиясынын (сынак өткөрүү учурунда) чечими боюнча аныкталган өзгөчөлүктөрүнө жараша, башка документтер;   

7. паспорту же мыйзамга ылайык, ким экендигин тастыктаган башка документ;  

8. сынакка катышуучулар үчүн нускоо жана Келишим долбоору/контракт менен менен макулдугун көрсөткөн, компаниянын жетекчисинин/жеке адамдын колу коюлган сынакка катышуу үчүн макулдук каты;  

9. Мамлекеттик салык кызматынын 20__-жылдын “__”___ карата абал боюнча эч кандай карызынын жоктугу тууралуу маалымкат;  

10. Социалдык фонддун 20__-жылдын “__”___ карата абал боюнча эч кандай карызынын жоктугу тууралуу маалымкат;  

11. ишкананын жетекчисинин/жеке адамдын колу коюлган, төмөнкү маалыматтарды камтыган кат:  

11.1 мүлккө карата чектөөлөрдүн жана/же оорчулуктардын бардыгы/жоктугу тууралуу;  

11.2 сынак катышуучусу акыркы эки жыл ичинде тартылган сот процесстери жана сот кабыл алган чечимдер тууралуу маалыматтын бардыгы/жоктугу тууралуу;  

11.3 контрагенттер алдында мөөнөтүнө төлөнбөгөн утурумдук карыз тууралуу маалыматтын бардыгы/ жоктугу тууралуу.  

12. Улуттук банктын кызматкерлери менен бир эле учурда Улуттук банктын сатып алууларына катышуучу болуп саналышкан башка сунуштоочулардын бир сатып алуунун алкагында сыяктуу эле, бүтүндөй долбоор боюнча да байланыштуулугунун бардыгы/жоктугу тууралуу, Компания жетекчисинин/жеке адамдын колу коюлган расмий кат;   

13. зарыл учурларда сынак боюнча сунуштун суммасынын ___% (колдонулган шартта) өлчөмүндө сынак боюнча сунушту гарантиялык камсыздоонун болушу жана формасы;  

14. зарыл учурларда сатып алуулар жөнүндө келишимди/контракттыаткаруу үчүн зарыл болгон техниканын, жабдуулардын жана башка материалдык ресурстардын бар экендиги жөнүндө маалыматтар;  

15. зарыл учурларда, иштин көлөмү жана мүнөзү боюнча тажрыйбанын бар экендиги, кызматкердин квалификациясы ж.б. жөнүндө маалымат;  

16. зарыл учурларда, катышуучунун аброюн аныктоо үчүн сунуштама кат.