> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

10 сом номиналындагы банкноттор 

 

Номинал 

(сом) 

Жүгүртүүгө чыгарылган жылы 

өлчөмү 

(мм) 

өңү 

10 

28.01.1994 

135х65 

Кочкул-жашыл 

10 

17.12.1997 

135х65 

Кочкул-жашыл 

 

1994-жылдагы үлгүдөгү 10 сом номиналындагы банкноттор 135х65 мм өлчөмүндөгү ак кагаздан даярдалган. Банкнотто кочкул-жашыл түс басымдуурак кылат. Банкнота үч тарабында 4 мм кеңдиктен турган ак тилкеге ээ. Кагазга кызыл, жашыл жана көк түстөгү булалар, ошондой эле УК жарыкка салып кароодо люминесцияланган түссүз тилкелер киргизилген. Кагаз, акын Токтогул Сатылгановдун элеси түшүрүлгөн локалдуу суу белгисине ээ. Банкнотту жарыкка салып кароодо көрүнүүчү "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген микротексттүү коргоо тилкеси узунунан жайгаштырылган. Банкнота офсеттик басма ыкмасында аткарылган. 

 

Банкноттун алдыңкы бетинин жогору жагында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст жана Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы; банкноттун номиналы "10" деген цифра жайгаштырылган. Чок ортосунда улуттук оюм-чийимдерде банкноттун цифралык номиналы; оң тарабында - кыргыздын алгачкы профессору, кыргыз тили боюнча биринчи китептердин автору, кыргыз жазуу адабиятынын негиздөөчүсү Касым Тыныстановдун элеси жана "КАСЫМ" деген жазуу орун алган. Төмөнкү тарабында "10" деген цифра; "ОН СОМ" деген жазуу; оюм-чийим формасындагы өтмө регистр камтылган. Оң тарабында туурасынан жайгаштырылган оюм-чийим тилкеси орун алган. 

 

Банкноттун арткы бетинин жогору жагында кызыл боекто басылган сериялык номер, "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст жана "10" деген цифра жайгаштырылган. Чок ортосунда Кыргызстандын тоо кыркалары жана Жети-өгүз коктусунун сүрөттөлүштөрү берилген. Төмөнкү жагынын оң тарабында - кара боекто басылган сериялык номер орун алган. Сол тарабында, туурасынан жайгаштырылган оюм-чийим тилкесинде "10" деген цифра жана "OН СОМ" деген микротекст жайгаштырылган . 

 

1997-жылдагы чыгарылган 10 сом номиналындагы банкноттор 135х65 мм өлчөмүндөгү ак кагаздан даярдалган. Банкнотто кочкул-жашыл түс басымдуурак кылат. Кагазга кызыл, жашыл жана көк түстөгү булалар, ошондой эле УК жарыкка салып кароодо люминесцияланган түссүз тилкелер киргизилген. Кагаз локалдуу суу белгисине, банкноттун алдынкы бетинде чагылдырылган кайталануучу элеске ээ. Банкнотту жарыкка салып кароодо байкалуучу "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген микротексттүү коргоо тилкеси көзөнөкчө түрүндө жайгаштырылган.  

 

Банкноттун алдыңкы бетинин жогору тарабында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст жана Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы жогорулатылган релңефтүү ыкмада; кызыл боекто басылган банкноттун сериясы жана номери; "10" деген цифра берилген. Чок ортосунда күмүш боек менен аткарылган оюм-чийимдин ортосунда "10" деген цифра, кыргыздын алгачкы профессору, кыргыз тили боюнча биринчи китептердин автору, кыргыз жазма адабиятынын негиздөөчүсү Касым Тыныстановдун элеси жана "КАСЫМ (1901-1938)" деген текст жайгаштырылган. Банкноттогу элес жана жазуулар колго салып сыдырып көрүүдө бодуракай болуп турат. Көзү начар көргөн адамдар үчүн жогорку релңефтүү геометриялык фигура түрүндөгү шарттуу белги ак купондук тилкеде берилген. Оң тарабында кара боекто басылган, цифралардын өлчөмү жогорудан төмөн карай өскөн банкноттун сериялык номери берилген. Төмөнкү тарабында "10" деген үзгүлтүксүз сандардан турган "10" деген цифра; "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген микрошрифттин тилкеси менен баса көрсөтүлгөн "ОН СОМ" деген текст жана оюм-чийим түрүндөгү өтмө регистр берилген .  

 

Банкноттун арткы бетинин жогорку тарабында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст жана "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген микрошрифтти камтыган "10" деген цифра жайгаштырылган. Чок ортосунда Кыргызстан тоолорунун жана Жети-өгүз коктусунун сүрөттөлүштөрү берилген. Сүрөттөлүштүк сетканы түзгөн оюм-чийимде банкноттун номиналын көрсөткөн "ОН СОМ" микрошрифт орун алган. Сол тарабында, тигинен жайгаштырылган оюм-чийимдик тилкеде "10" деген цифра жана "ОН СОМ" деген текст; оң тарабында өтмө регистр жана банкноттун чыккан жылы "1997" орун алган.