> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Улуттук валютанын банкнотторунун нумизматикалык топтомун кантип сатып алууга болот 

 

Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын банкнотторунун нумизматикалык топтомдору сатылат. Эгерде банкноттордун нумизматикалык топтомдору бирдей же түрдүү номиналдан турса жана ар биринде банкноттордун жалпы саны жыйырмадан ашпаган топтом түрүндө болсо, кардарлардын суроо-талаптарына ылайыкташтырып түзүүгө болот. 

Топтомдо, улуттук валютанын биринчи чыгарылыштагы (1, 10, 50 тыйын), экинчи чыгарылыштагы (20, 50, 100 сом) жана үчүнчү чыгарылыштагы (20, 50, 200, 500 жана 1000 сом) банкноттору камтылышы мүмкүн

Топтомдун cатуу баасы топтомдогу банкнотторго жараша түзүлөт

бардык чыгарылыштагы сомдук банкноттор ар бир банкноттун номиналдык баасы менен сатылат;  

тыйындык банкноттордун ар бири 1 сом баада сатылат

топтом салынган конверттин (фолдер) наркы 20 сом турат

 

Топтомдун баасы = конверттин наркы (20 сом) + сомдук банкноттордун номиналы + ар бир тыйындык банкнот үчүн 1 сом

Улуттук валютанын банкнотторунун нумизматикалык топтому бир жолкуда элүүдөн ашпаган санда гана сатылат

Сатуу улуттук валютада жеке адамдарга жана юридикалык жактарга накталай жана накталай эмес эсептешүү жолу менен жүргүзүлөт, ал эми чет өлкө валютасында (АКШ доллары же евронун төлөм жүргүзүлгөн күндөгү Улуттук банктын эсептик курсу боюнча) накталай эмес эсептешүү жолу менен гана жүзөгө ашырылат

 

Банкноттордун топтомдорун сатып алуу суроолору боюнча төмөнкү дарекке кайрылсаңыздар болот

Бишкек шаары, Т.Үмөталиев атындагы көчө, 101, 105 каб. саат 9.00 - 12.00 чейин тел. (996 312) 66-91-46; 66-91-63. 

Же болбосо, Накталай акча менен иш алып баруу башкармалыгынын электрондук дарегине mail@nbkr.kg сурооңуздарды жиберсеңиздер болот.