> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

20 сом номиналындагы банкнота  

 

Номиналы 

Жүгүртүүгө чыгарылган жылы  

Өлчөмү 

Түсү 

Сериясы 

20 сом 

15.02.2024-ж. 

120 х 58 мм 

Кызыл 

Бешинчи 

20 сом 

20.12.2018-ж. 

120 х 58 мм 

Кызыл 

Төртүнчү өркүндөтүлгөн 

20 сом 

01.07.2009-ж. 

120 х 58 мм 

Кызыл 

Төртүнчү 

20 сом 

15.08.2002-ж. 

135 х 65 мм 

Кызгылтым-күрөң 

Үчүнчү 

20 сом 

11.04.1994-ж. 

135 х 65 мм 

Кызгылтым сары 

Экинчи 

20 сом 

10.05.1993-ж. 

140 х 70 мм 

Көк 

Биринчи 

 

2023-жылы чыгарылган 20 сом номиналындагы банкнота  120х58 мм өлчөмүндөгү ак кагаздан жасалган. Банкноттун басымдуу түсү - кызыл. Кагаз, банкноттун алдыңкы бетинде чагылдырылган портретти кайталап туруучу локалдуу көп тоналдуу суу белгисине, ошондой эле номинал түрүндөгү суу белгисине ээ. Анда сандык номинал "20" жана ромб түрүндө Улуттук банктын логотиби бар микрооптикалык коргоо тилкеси түшүрүлгөн.  

Портрет, жазуулар ("КЫРГЫЗ БАНКЫ", "ЖЫЙЫРМА СОМ", "20", "ТӨРАГА"), Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы, банкноттун алдыңкы бетинде рельефтик басма ыкмасында түшүрүлгөн. 

 

 2023-жылдагы үлгүдөгү 20 сом номиналындагы банкноттун айырмалоочу белгилери  

Банкноттун алдыңкы бетинде кыргыз элинин жазгыч акыны, агартуучусу Тоголок Молдонун элеси жана "Тоголок Молдо 1860-1942" деген жазуу бар. Портреттин астында "ЖЫЙЫРМА СОМ" деген жазуу жайгашкан. Банкноттун номиналы "20" банкноттун жогорку сол жана төмөнкү оң бурчтарында жайгашкан. Банкноттун жогорку оң жагында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" жана "ТӨРАГА" деген жазуулар, ошондой эле Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы жайгашкан. Банкноттун ылдыйкы оң жагында ромб түшүрүлгөн, банкнотту жантайыңкы алып кароодо асан-үсөн сыяктуу, сомдун графикалык белгиси С көрүнөт. Ромбдун үстүндө сүрөттөрдүн фрагменттерин жарыкка салып кароодо ромб формасын түзөт.  

 

Банкноттун арткы бетинде Улуу Жибек Жолунун Кыргызстан аркылуу өткөн жолундагы эң эле байыркы курулмаларынын бири Таш Рабат түшүрүлгөн. Банкноттун жогорку сол бурчунда "20" номиналы, анын астында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген жазуу бар. Банкноттун сол тарабында жарыкка салып кароодо ромбду түзгөн сүрөттөрдүн фрагменттери жана чыгарылган жылы "2023" көрсөтүлгөн. Банкноттун ортосунда "20" номиналын камтыган кызыл түстүү тилке жана ромб түрүндөгү Улуттук банктын логотиби бар. Төмөнкү оң бурчта номинал сан түрүндө "20" жана "ЖЫЙЫРМА СОМ" деген жазуу бар. Банкноттун сериялык номерлери банкноттун жогорку оң жана төмөнкү сол бурчтарында жайгашкан.  

 

2016-жылдагы үлгүдөгү 20 сом номиналындагы банкноттун айырмалоочу белгилери 

Банкноттун алдыңкы бетинде кыргыз элинин жазгыч акыны, агартуучусу Тоголок Молдонун элеси классикалык оюп басуу ыкмасында түшүрүлгөн.

Банкноттун арткы бетинин төмөн жагында анын чыгарылган жылы "2016" берилген.  

 

2009-жылы чыгарылган 20 сом номиналындагы банкнот 120х58 мм өлчөмүндөгү ак кагазда даярдалган. Банкнотто кызыл түс басымдуулук кылат. Банкноттун оң жак бөлүгүндө Тоголок Молдонун элесин кайталаган суу белгиси жайгашкан. Анда "20 СОМ" деген майда сөздөрдүн катар тыгыз берилишинен турган көзөнөкчө түрүндөгү коргоо тилкеси түшүрүлгөн. Банкноттун четтери ак купондук тилкеден турат.  

 

Банкнот тарыхый инсандардын элеси түшүрүлгөн өзгөчө дизайнга жана  өркүндөтүлгөн коргоо элементтерине ээ.

Банкноттун алдынкы бетинин жогорку оң бурчунда "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген жазуу, Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы, банкноттун кызыл түстөгү сериялык номери жайгаштырылган. Суу белгисинин ак тилкесинде жайгашкан, бир-бирине дал келген сүрөттөлүш, жарыкка салып кароодо "сом" деген сөздү чагылдырат. Банкноттун сол жагында кыргыз элинин жазгыч акыны, агартуучусу Тоголок Молдонун элеси жана "Тоголок Молдо 1860-1942" деген жазуулар берилген. Акындын портрети чоңойтуп көрүүдө "Тоголок Молдо" деген жазуу тыгыз кайталанган майда тамгалардан турат. Портреттин оң жагында кыргыз комузунун сүрөттөлүшү берилген. Портреттин алдында "ЖЫЙЫРМА СОМ" деген текст жайгаштырылган. Анын жогорку сол жана төмөнкү оң бурчунда банкноттун "20" деген номиналы берилген. Төмөнкү оң бурчунда кара түс менен банкноттун сериялык номери чагылдырылган. 

 

Банкноттун арткы бетинин жогорку сол бурчунда "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген жазуу берилген. Оң тарабынын жогорку бурчунда банкноттун "20" деген номииналы камтылган. Банкноттун чок ортосунда Улуу Жибек Жолунун Кыргызстан аркылуу өткөн жолундагы эң эле байыркы курулмаларынын бири Таш Рабат түшүрүлгөн. Банкноттун бетине түшүрүлгөн, бирок жөн алып кароодо көзгө көрүнбөгөн белгилерди чоңойтуп көрүүдө, бутактары кеңири тараган өсүмдүктүн сүрөттөлүшүн баамдап байкоого болот. Бардык чыгарылыштагы банкноттордо түшүрүлгөн ар бир улуу инсандын элеси, Кыргызстандын көк тиреген бийик тоолорунун алкагында берилип, алар адабият, музыка, кино, көркөм исскуство чөйрөсүндө ошол аскар тоолордой бийиктикке жетишип, эл кадырына ээ болгондугун чагылдырып тургансыйт. Банкноттун төмөн жагында "20" деген сан, жазуу жүзүндө "ЖЫЙЫРМА СОМ" жана банкноттун "2009" деген чыгарылган жылы берилген. 

 

2002-жылдагы чыгарылган 20 сом номиналындагы банкноттор 135х65 мм өлчөмүндөгү ак кагаздан даярдалган. Банкнотто кызгылтым-күрөң түс басымдуурак кылат. Кагазга кызыл, жашыл жана көк түстөгү булалар, ошондой эле УК жарыкка салып кароодо люминесцияланган түссүз тилкелер киргизилген. Кагаз локалдуу суу белгисине, банкноттун алдынкы бетинде чагылдырылган кайталануучу элеске жана банкноттун номиналы түрүндөгү суу белгисине ээ. Банкнотту жарыкка салып кароодо байкалуучу "20 СОМ" деген микротексттүү коргоо тилкеси көзөнөкчө түрүндө жайгаштырылган. Тилкелүү код банкоттун чет жактары боюнча оң жана сол тараптарында берилген. 

 

Банкноттун алдыңкы бетинин жогору тарабында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст жана Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы; көзү начар көргөн адамдар үчүн штрихтик белги; "20" деген үзгүлтүксүз микрошрифтти камтыган "20" деген цифра жогорулатылган релңефтүү ыкмада; ошондой эле кызыл боекто басылган банкноттун сериясы жана номери берилген. Чок ортосунда алтын боек менен аткарылган оюм-чийимдин ортосунда "20" деген цифра; оюм-чийим формасындагы өтмө регистр; ак тилкеде көзү начар көргөн адамдар үчүн жогорку рельефте аткарылган шарттуу белги; жазма акын, акын, агартуучу Тоголок Молдонун элеси жана "ТОГОЛОК МОЛДО (1860-1942)" деген текст жайгаштырылган. Төмөнкү тарабында "20" деген үзгүлтүксүз сандардан турган "20" деген цифра; "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген микрошрифттин тилкеси менен баса көрсөтүлгөн "ЖЫЙЫРМА СОМ" деген текст камтылган. Оң тарабында кара боекто аткарылган банкноттун сериялык номери (цифралардын өлчөмү жогорудан төмөн карай өсөт), ошондой эле тигинен жайгаштырылган оюм-чийим тилкеси орун алган. Төмөнкү жагынын оң тарабында тик бурчтуктукта "20" деген цифралык номинал көмүскөдө берилген, жарыкка салып кароодо даана көрүнөт . 

 

Банкноттун арткы бетинин жогорку тарабында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст жана номиналды билдирген "20" деген цифралык микрошрифтти камтыган "20" деген цифра жайгаштырылган. Чок ортосунда Манастын Күмбөзүнүн (XVI к.) сүрөттөлүшү, ал эми оң тарабында оюм-чийим түрүндөгү өтмө регистр берилген. Сүрөттөлүштүк сетканы түзгөн оюм-чийимдин оң тарабында банкноттун номиналын көрсөткөн "ЖЫЙЫРМА СОМ" микрошрифт жана тигинен жайгаштырылган оюм-чийимдик тилке орун алган. Төмөнкү жагында "20" деген цифралык номинал; "ЖЫЙЫРМА СОМ" деген жазуу жана банкноттун чыккан жылы "2002" орун алган. 

 

1994-жылдагы үлгүдөгү 20 сом номиналындагы банкноттор 135х65 мм өлчөмүндөгү ак кагаздан даярдалган. Банкнотто кызгылтым-сары түс басымдуурак кылат. Банкнот үч тарабында 4 мм кеңдиктен турган ак тилкеге ээ. Кагазга кызыл, жашыл жана көк түстөгү булалар, ошондой эле УК жарыкка салып кароодо люминесцияланган түссүз тилкелер киргизилген. Кагаз, акын Токтогул Сатылгановдун элеси түшүрүлгөн локалдуу суу белгисине ээ. Банкнотту жарыкка салып кароодо көрүнүүчү "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген микротексттүү коргоо тилкеси узунунан жайгаштырылган.  

Портрет, "КЫРГЫЗ БАНКЫ", "ЖЫЙЫРМА СОМ" деген жазуулар, "20" деген номинал, Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы жана арткы бетиндеги сюжеттин негизги сүрөттөлүшү, "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген жазуу, оң жана сол тараптагы номиналдын саны "20", жогорулатылган рельефтик басма ыкмасында түшүрүлгөн. 

 

Банкноттун алдынкы бетинде "КЫРГЫЗ БАНКЫ", "ЖЫЙЫРМА СОМ" деген текст, Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы жана банкноттун номиналы "20" деген цифра жогорулатылган рельефтүү ыкмада басылган. Банкноттун чок ортосунда улуттук оюм-чийимдерде банкноттун цифралык номиналы; оң тарабында - жазма-акын, акын, агартуучу Тоголок Молдонун элеси жана "ТОГОЛОК МОЛДО" деген жазуу орун алган. Элестин оң тарабынан төмөнкү жагында жарыкка салып кароодо байкалуучу банкноттун номиналын билдирген "20" деген цифра көмүскөдө жайгаштырылган. Төмөнкү тарабында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген микрошрифт менен баса көрсөтүлгөн "20" деген үзгүлтүксүз цифраларды камтыган "20" деген цифра жана "ЖЫЙЫРМА СОМ" деген жазуу жана өтмө регистр камтылган. Оң тарабында туурасынан жайгаштырылган оюм-чийим тилкеси орун алган. 

 

Банкноттун арткы бетинин жогору жагында кызыл боекто басылган сериялык номер жайгаштырылган. "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген жазуусу менен баса белгиленген "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген микротекст жана "20" деген цифра жогорулатылган рельефтүү ыкмада басылган. Банкноттун чок ортосунда Манастын Күмбөзүнүн (ХVI к.) сүрөттөлүшү берилген. Төмөнкү тарабында - кара боекто басылган сериялык номер орун алган. Сол тарабында, туурасынан жайгаштырылган оюм-чийим тилкесинде "ЖЫЙЫРМА СОМ" деген текст жайгаштырылган. 

 

1993-жылдагы үлгүдөгү 20 сом номиналындагы банкноттор 140х70 мм өлчөмүндөгү ак кагазда басылган. Банкнотто көк түс басымдуурак кылат. Кагазга УК жарыкка салып кароодо люминесцияланган түссүз тилкелер киргизилген. Кагаз, банкноттун үстүнкү жагын ээлеген "бүркүт" түрүндөгү суу белгисине ээ. Банкноттор офсеттик басма ыкмасында чыгарылган. 

 

Банкноттун алдыңкы бетинин жогорку жагында "КЫРГЫЗСТАН БАНКЫ" деген текст жана цифрасы менен "20 СОМ" деген жазуу берилген. Чок ортосунун сол тарабында өтмө регистр жана улуттук орнамент: оң тарабында - Манас элдик эпосундагы баатырдын айкелинин сүрөттөлүшү жайгаштырылган. Төмөнкү тарабында "20" деген цифра; "ЖЫЙЫРМА СОМ" деген текст: кара боек менен аткарылган банкноттун сериясы жана номери камтылган. Банкноттун сериясы бир цифрадан жана эки тамгадан, номери - сегиз цифрадан турат. Купондук ак тилкеде Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы коюлган. 

 

Банкноттун арткы бетинин жогору жагында "20 СОМ" деген цифра жана "КЫРГЫЗСТАН БАНКЫ" деген жазуу орун алган. Чок ортосунда Манастын Күмбөзү (XIV к.) берилген, туурасынан жайгаштырылган орнаменталдык тилкеде "КЫРГЫЗСТАН БАНКЫ" деген микротекст камтылган. Жогорку оң тарабында өтмө регистр орун алган. Төмөнкү тарабында - "ЖЫЙЫРМА СОМ 20" деген текст берилген.