> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

5 сом номиналындагы банкноттор 

 

Номинал (сом) 

Жүгүртүүгө чыгарылган жылы 

өлчөмү 

(мм) 

өңү 

10.05.1993 

140х70 

Жашыл 

11.04.1994 

135х65 

Каралжын-көк 

17.12.1997 

135х65 

Каралжын-көк 

 

1993-жылдагы үлгүдөгү 5 сом номиналындагы банкноттор 140х70 мм өлчөмүндөгү ак кагазда басылган. Банкнотто жашыл түс басымдуурак кылат. Кагазга УК жарыкка салып кароодо люминесцияланган түссүз тилкелер киргизилген. Кагаз, банкноттун үстүнкү жагын ээлеген "бүркүт" түрүндөгү суу белгисине ээ. Банкноттор офсеттик басма ыкмасында чыгарылган. 

 

Банкноттун алдыңкы бетинин жогорку жагында "КЫРГЫЗСТАН БАНКЫ" деген текст жана цифрасы менен "5 СОМ" деген жазуу берилген. Чок ортосунун сол тарабында өтмө регистр жана улуттук орнамент: оң тарабында - Манас элдик эпосундагы баатырдын айкелинин сүрөттөлүшү жайгаштырылган. Төмөнкү тарабында "5" деген цифра; "БЕШ СОМ" деген текст: кара боек менен аткарылган банкноттун сериясы жана номери камтылган. Банкноттун сериясы бир цифрадан жана эки тамгадан, номери - сегиз цифрадан турат. Купондук ак тилкеде Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы коюлган. 

 

Банкноттун арткы бетинин жогору жагында "5 СОМ" деген цифра жана "КЫРГЫЗСТАН БАНКЫ" деген жазуу орун алган. Чок ортосунда Манастын Күмбөзү (XIV к.) берилген, туурасынан жайгаштырылган орнаменталдык тилкеде "КЫРГЫЗСТАН БАНКЫ" деген микротекст камтылган. Жогорку оң тарабында өтмө регистр орун алган. Төмөнкү тарабында - "БЕШ СОМ 5" деген текст берилген. 

 

1994-жылдагы үлгүдөгү 5 сом номиналындагы банкноттор 135х65 мм өлчөмүндөгү ак кагаздан даярдалган. Банкнотто каралжын-көк түс басымдуурак кылат. Банкнот үч тарабында 4 мм кеңдиктен турган ак тилкеге ээ. Кагазга кызыл, жашыл жана көк түстөгү булалар, ошондой эле УК жарыкка салып кароодо люминесцияланган түссүз тилкелер киргизилген. Кагаз, акын Токтогул Сатылгановдун элеси түшүрүлгөн локалдуу суу белгисине ээ. Банкнотту жарыкка салып кароодо көрүнүүчү "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген микротексттүү коргоо тилкеси узунунан жайгаштырылган. Банкнота офсеттик басма ыкмасында аткарылган. 

 

Банкноттун алдыңкы бетинин жогору жагында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст жана Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы; банкноттун номиналы "5" деген цифра жайгаштырылган. Чок ортосунда улуттук оюм-чийимдерде банкноттун цифралык номиналы; оң тарабында - кыргыз балетинин негиздөөчүсү Бүбүсара Бейшеналиеванын элеси жана "БүБүСАРА" деген жазуу орун алган. Төмөнкү тарабында "5" деген цифра; "БЕШ СОМ" деген жазуу берилген. Төмөнкү жагынын сол тарабында эллипс формасындагы өтмө регистр камтылган. Оң тарабында туурасынан жайгаштырылган оюм-чийим тилкеси орун алган. 

 

Банкноттун арткы бетинин жогору жагында кызыл боекто басылган сериялык номер, "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст жана "5" деген цифра жайгаштырылган. Чок ортосунда Кыргыз Мамлекеттик Академиялык опера жана балет театрынын сүрөттөлүшү берилген. Төмөнкү тарабында - кара боекто басылган сериялык номер орун алган. Сол тарабында, туурасынан жайгаштырылган оюм-чийим тилкесинде "5" деген цифра жана "БЕШ СОМ" деген микротекст жайгаштырылган. 

 

1997-жылдагы үлгүдөгү 5 сом номиналындагы банкноттор 135х65 мм өлчөмүндөгү ак кагаздан даярдалган. Банкнотто каралжын-көк түс басымдуурак кылат. Кагазга кызыл, жашыл жана көк түстөгү булалар, ошондой эле УК жарыкка салып кароодо люминесцияланган түссүз тилкелер киргизилген. Кагаз локалдуу суу белгисине, банкноттун алдынкы бетинде чагылдырылган кайталануучу элеске ээ. Банкнотту жарыкка салып кароодо байкалуучу "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген микротексттүү коргоо тилкеси көзөнөкчө түрүндө жайгаштырылган.  

 

Банкноттун алдыңкы бетинин жогору тарабында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст жана Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы жогорулатылган релңефтүү ыкмада; кызыл боекто басылган банкноттун сериясы жана номери; ошондой эле оң тарабында "5" деген цифра берилген. Чок ортосунда күмүш боек менен аткарылган оюм-чийимдин ортосунда "5" деген цифра, кыргыз балетин негиздөөчүлөрдүн бири Бүбүсара Бейшеналиеванын элеси жана "БүБүСАРА (1926-1973)" деген текст жайгаштырылган. Банкноттогу элес жана жазуулар колго салып сыдырып көрүүдө бодуракай болуп турат. Көзү начар көргөн адамдар үчүн жогорку релңефтүү геометриялык фигура түрүндөгү шарттуу белги ак купондук тилкеде берилген. Оң тарабында кара боекто басылган, цифралардын өлчөмү жогорудан төмөн карай өскөн банкноттун сериялык номери берилген. Төмөнкү тарабында "5" деген үзгүлтүксүз сандардан турган "5" деген цифра; "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген микрошрифттин тилкеси менен баса көрсөтүлгөн "БЕШ СОМ" деген текст жана оюм-чийим түрүндөгү өтмө регистр берилген. 

 

Банкноттун арткы бетинин жогорку тарабында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст жана "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген микрошрифтти камтыган "5" деген цифра жайгаштырылган. Чок ортосунда Кыргыз Мамлекеттик Академиялык опера жана балет театрынын сүрөттөлүшү берилген. Сүрөттөлүштүк сетканы түзгөн оюм-чийимде банкноттун номиналын көрсөткөн "БЕШ СОМ" микрошрифт орун алган. Сол тарабында, тигинен жайгаштырылган оюм-чийимдик тилкеде "5" деген цифра жана "БЕШ СОМ" деген текст; оң тарабында өтмө регистр жана банкноттун чыккан жылы "1997" орун алган.