Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы №33-б буйруусуна ылайык кредиттерди конвертациялоо үчүн шарттары боюнча эң эле көп берилүүчү суроолор

1) Өкмөт эмне үчүн валютада берилген ипотекалык кредиттер боюнча жардам берүүнү чечти?

2) Эмне үчүн кредит боюнча чектөөлөр (40 миң АКШ долларына чейин эле) белгиленген?

3) Өкмөттүн буйруусуна кол коюлгандан тартып кредиттерди конвертациялоо процессине канча убакыт талап кылынат?

4) Доллар түрүндө берилген кредит карыз алуучунун өтүнүчү боюнча Өкмөттүн буйруусуна кол коюлганга чейин сомго кайра тариздетилген болсо, ал кредит конвертацияланууга тийишпи?

5) Кредит конвертацияланышы үчүн карыз алуучу эмне кылуусу зарыл?

6) Кардар, бардык мүнөздөмөлөрү боюнча конвертацияланууга тийиш болгон бир банктан алган ипотекалык кредитин, кредиттик саясатында ипотекалык кредиттөө шарты каралбаган башка банкка которуп, ал керектөө кредити категориясында камтылып калса, мындай кредит Өкмөттүн буйруусуна ылайык конвертацияланабы?

7) Эгерде кредиттин суммасы белгиленген чектен (40 000 АКШ долларынан) ашып кетсе, анда анын 40 000 долларга чейинки суммасы конвертацияланып, калган суммасы баштапкы шартта тейлениши мүмкүнбү?

8) Кредиттерди конвертациялоо үчүн кандай шарттар белгиленген?

9) Турак жай курууга алынган кредиттер конвертацияланабы?

10) Карыз алуучулардын өтүнүч каттарын ким кароого алат?

11) Сомго конвертацияланган кредиттер боюнча бирдей чен белгиленеби?

12) 2015-жылдын 1-июлунда берилген кредиттер конвертацияланабы?

13) Карыз алуучу буйрууда көрсөтүлгөн 20 күндүк мөөнөт ичинде коммерциялык банкка кайрыла албай калса, анын абалы кандай болот?

14) Кыймылсыз мүлктү сатып алууга алынган сумма 40 миң АКШ долларынан ашып кетсечи?

15) Эмне үчүн конвертациялоо учуруна карата карыз калдыгы эмес, берилген кредит суммасы (40 миң АКШ долларынан ашпаган) конвертациялоодо критерийлердин бири катары каралууда?

16) Конвертациялоо критерийлерине кирген, бирок доллар түрүндө алган кредиттерин сомго которууга үлгүргөн карыз алуучуларга карата шарттар каралганбы?

17) Конвертациялоо сунушу менен кайрылган өтүнүч каттарды кароого алуу үчүн коммерциялык банктар комиссиялык төлөм алышабы?

18) Өкмөттүн буйруусунун талабы мамлекеттик банктардан гана алган кредиттерге таркатылабы?


1) Өкмөт эмне үчүн валютада берилген ипотекалык кредиттер боюнча жардам берүүнү чечти?

Акыркы мезгилде коммерциялык банктар жарандарга турак-жай сатып алууга кредиттерди көбүрөөк сунуштаган. Алар боюнча чендер керектөө кредиттерине жана бизнес-кредиттерге салыштырганда төмөн, анткени кредитке алган үйүндө же батирде жарандардын өздөрү жашап тургандыктан, анчалык тобокелдик да орун албайт. Бирок, бул кредиттер чет өлкө валютасында (АКШ долларында) сунушталып, соңку жылда доллардын олуттуу өсүп, бул тенденция Кыргызстанда эле эмес, жалпы дүйнөлүк мүнөзгө ээ болгон. Ошентип, финансылык көз караштан алганда, кооптуу жагдай түптөлүп, ипотекалык кредит алгандардын милдеттенмелердин ордун жабууга кудурети жетеби деген көйгөйлүү маселесинин келип чыгышынан улам, өлкө жарандарын колдоого алуунун мына ушундай ыкмасын сунуштоо демилгеленген. Демек, кайсы болбосун жаран, иш чөйрөсүнө (бюджеттик кызматкер же жеке ишкер ж.б.) көз карандысыз, 2015-жылдын 1-июлуна чейин республиканын кайсы болбосун коммерциялык банкынан турак-жай сатып алуу үчүн чет өлкө валютасында кредит алган болсо, бул программага катышууга укугу бар.


2) Эмне үчүн кредит боюнча чектөөлөр (40 миң АКШ долларына чейин эле) белгиленген?

Турак-жай ар кандай болушу мүмкүн. Жакшы киреше алгандар гана кымбат үйлөрдү ипотекага сатып ала алат. Ошондуктан, Өкмөттүн программасында мындай кредит алгандар камтылбайт. Албетте, төлөө жөндөмдүүлүгү бир аз начарлап, банк алдында карызын төлөөдө кыйынчылыкка дуушар болуп жаткан карызгерлер да бар. Ушундан улам, бюджеттеги бардык кыйынчылыктарга карабастан, түптөлгөн оор жагдайдын курмандыгынна болгон карыз алуучуларга да жардам көрсөтүүгө аракеттенүүдө. Карыз алуучулардын бардыгы эле кыйынчылыкка кабылышы ыктымал. Мында эң эле өкүнүчтүүсү, айрым жарандар баш калкалап жаткан жалгыз турак-жайынан айрылып, кол жууп калышы мүмкүн. Ошондуктан, мындай көйгөйгө жол бербөө үчүн бир эле Өкмөттүн жардамы жетишсиз, мында коммерциялык банктардын жагдайды жөнгө салуудагы ролу өтө маанилүү. Демек, коммерциялык банктар социалдык маселелерди чечүүгө багытталган иштерди да жүргүзүүсү зарыл.


3) Өкмөттүн буйруусуна кол коюлгандан тартып кредиттерди конвертациялоо процессине канча убакыт талап кылынат?

Тиешелүү буйрууга кол коюлгандан кийинки бир ай ичинде конвертациялоо процесси ишке ашырылууга тийиш.


4) Доллар түрүндө берилген кредит карыз алуучунун өтүнүчү боюнча Өкмөттүн буйруусуна кол коюлганга чейин сомго кайра тариздетилген болсо, ал кредит конвертацияланууга тийишпи?

Өкмөттүн буйруусуна чейин кайра тариздетилген кредиттер конвертациялоо шарттарына туура келбейт.


5) Кредит конвертацияланышы үчүн карыз алуучу эмне кылуусу зарыл?

Кредитти конвертациялоо карыз алуучунун өтүнүчү боюнча ыктыярдуу негизде ишке ашырылат.


6) Кардар, бардык мүнөздөмөлөрү боюнча конвертацияланууга тийиш болгон бир банктан алган ипотекалык кредитин, кредиттик саясатында ипотекалык кредиттөө шарты каралбаган башка банкка которуп, ал керектөө кредити категориясында камтылып калса, мындай кредит Өкмөттүн буйруусуна ылайык конвертацияланабы?

Мындай кредит конвертацияланбайт, анткени турак жай сатып алууга берилген кредиттер гана конвертацияланууга тийиш.


7) Эгерде кредиттин суммасы белгиленген чектен (40 000 АКШ долларынан) ашып кетсе, анда анын 40 000 долларга чейинки суммасы конвертацияланып, калган суммасы баштапкы шартта тейлениши мүмкүнбү?

Мында, бардык иш-аракеттер Өкмөттүн буйруусуна ылайык гана жүзөгө ашырылууга тийиш: Кыргыз Республикасынын бир жараны тарабынан 40 миң АКШ долларынан ашпаган суммадагы бир кредит гана конвертацияланат.


8) Кредиттерди конвертациялоо үчүн кандай шарттар белгиленген?

Өкмөттүн буйруусуна ылайык, 2016-жылдын 1-февралынан тартып, ипотекалык кредитти конвертациялоо үчүн төмөнкүдөй шарттар белгиленген:

1. Кредит, Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан турак жайды сатып алууга гана (ипотека) берилген болсо;

2. Кредит, Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган жеке адамга берилген болсо;

3. Кредит, 2015-жылдын 1-июлуна чейин берилген болсо;

4. Кредиттин негизги суммасы 40 миң АКШ долларынан ашпаган болсо;

5. Берилген кредит боюнча соттук териштирүүлөр орун албаса.


9) Турак жай курууга алынган кредиттер конвертацияланабы?

Өкмөттүн буйруусуна ылайык даяр турак жайды сатып алууга гана берилген кредиттер конвертацияланууга тийиш.


10) Карыз алуучулардын өтүнүч каттарын ким кароого алат?

Банктар Өкмөттүн буйруусунда көрсөтүлгөн шарттарга камтылган карыз алуучуларына маалымат жөнөтүүгө тийиш. Карыз алуучулар кредитти конвертациялоо өтүнүчүн кредит алган коммерциялык банктарына сунуштоосу зарыл.


11) Сомго конвертацияланган кредиттер боюнча бирдей чен белгиленеби?

Жок. Өкмөттүн буйруусуна ылайык кредитти конвертациялоодо улуттук валютада берилген ипотекалык кредиттер боюнча коммерциялык банктардын орточо салмактанган пайыздык ченинен ашпаган чекте, 2016-жылдын 1-январына карата абал боюнча 19,76 пайыз өлчөмүндө белгилөө сунушталган.


12) 2015-жылдын 1-июлунда берилген кредиттер конвертацияланабы?

Жогоруда аталган буйруунун талабына ылайык 2015-жылдын 1-июлуна чейин берилген кредиттер гана конветацияланат. Демек, 2015-жылдын 30-июнун кошо алгандагы мезгил акыркы күн болуп саналат.


13) Карыз алуучу буйрууда көрсөтүлгөн 20 күндүк мөөнөт ичинде коммерциялык банкка кайрыла албай калса, анын абалы кандай болот?

Банктар Өкмөтүнүн буйруусу, анда камтылган ипотекалык кредиттерди конвертациялоо шарттарын өз карыз алуучуларына, ошондой эле кеңири коомчулукка маалымдоого милдеттүү. Бул талап дароо аткарылууга тийиш. Карыз алуучу 20 күндүк мөөнөттү өткөрүп жиберсе, бул - конвертациялоо укугунан ажырап калууга алып келет.

 Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы №33-б буйруусуна ылайык кредиттерди конвертациялоо үчүн шарттар (схема)


14) Кыймылсыз мүлктү сатып алууга алынган сумма 40 миң АКШ долларынан ашып кетсечи?

Берилген кредиттин суммасы 40 миң АКШ долларынан ашпоого тийиш экендиги - Өкмөттүн буйруусуна ылайык кредиттерди конвертациялоо үчүн шарттардын бири болуп саналат. Бул, коммерциялык банктан алынган кредиттин суммасы жана ал боюнча конвертациялануучу калдык. Кыймылсыз мүлктү карыз алуучу өз акчасын кошуп да сатып алышы мүмкүн. Бирок конвертациялоого жогоруда көрсөтүлгөн суммадан, тактап айтканда 40 миң АКШ долларынан ашпаган кредиттер кирет.


15) Эмне үчүн конвертациялоо учуруна карата карыз калдыгы эмес, берилген кредит суммасы (40 миң АКШ долларынан ашпаган) конвертациялоодо критерийлердин бири катары каралууда?

Бул, эсептөөлөрдөн улам, башкача айтканда орточо киреше тапкан үй-бүлөнүн өз дараметине жараша турак жай сатып алуусу эске алынган.


16) Конвертациялоо критерийлерине кирген, бирок доллар түрүндө алган кредиттерин сомго которууга үлгүргөн карыз алуучуларга карата шарттар каралганбы?

Алардын кредиттери буга чейин конвертациялангандыгына байланыштуу, мындай карыз алуучуларга карата буйруунун талаптары таркатылбайт.


17) Конвертациялоо сунушу менен кайрылган өтүнүч каттарды кароого алуу үчүн коммерциялык банктар комиссиялык төлөм алышабы?

Жок.


18) Өкмөттүн буйруусунун талабы мамлекеттик банктардан гана алган кредиттерге таркатылабы?

Жок. Бардык комммерциялык банктардан алынган кредиттерге таркатылат.