> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Банкноттор 

Майдалоо монеталарынын ролун аткарган 10 тыйын 

номиналындагы кагаз жүзүндөгү акча белгилери 

 

Банкноттор 90х70 мм өлчөмүндөгү ак кагазда даярдалган. Банкнотто жашыл түс басымдуурак кылат. Кагазга УК жарыкка салып кароодо люминесцияланган түссүз тилкелер киргизилген. Кагаз, банкноттун үстүнкү жагын ээлеген "бүркүт" түрүндөгү суу белгисине ээ. Банкноттор офсеттик басма ыкмасында чыгарылган

 

Банкноттун алдыңкы бетинин жогорку сол жак жана төмөнкү оң жак бурчунда 10 деген сандагы цифралык номинал берилген. Чок ортосунда - оюм-чийим айлананын ичинде, күндүн нурунун алкагында учуп бара жаткан бүркүттүн сүрөттөлүшү берилген. Айланада "Кыргыз Республикасы" жана "Он тыйын" деген номиналдын сөз түрүндөгү жазуусу камтылган. Оюм-чийме айлананын ичинде "Кыргыз Республикасы" деген микротекст берилген. Бүркүттүн сүрөттөлүшүнүн оң жана сол жактарында өтмө регистр жайгаштырылган. Төмөнкү оң жак бурчунда кара боек менен банкноттун номери жана сериясы берилген. Серия бир цифрадан жана эки тамгадан, номер сегиз цифрадан турат.  

 

Банкноттун арткы бетинин жогорку сол жана төмөнкү оң жак бурчунда банкноттун цифралык номиналы - 10 деген сан берилген. Чок ортосунда - оюм-чийимдин айланасында улуттук символикалардын (күн, түндүк) сүрөттөлүштөрү чагылдырылган. Айланада "Кыргыз Республикасы" жана "Он тыйын" деген номиналдын сөз түрүндөгү жазуусу камтылган. Оюм-чиймеленген айлананын ичинде "Кыргыз Республикасы" деген микротекст жайгаштырылган. Бүркүттүн сүрөттөлүшүнүн оң жана сол жактарында өтмө регистр орун алган.