> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эсептен чыгарылган мүлкүн сатуу боюнча ачык тоорук өткөрүлө тургандыгын жарыялайт жана бардык кызыккан адамдарды тоорукка катышууга чакырат 

 

Кызыккан адамдар үчүн маалымат: 

1. Тоорук өткөрүү эрежелери жана тоорукка катышуу үчүн зарыл документтердин тизмеги; 

2. Сатылуучу мүлктүн реестри (1-тиркеме). 

 

1. Тоорук өткөрүү эрежелери жана тоорукка катышуу үчүн зарыл документтердин тизмеги. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эсептен чыгарылган мүлкүн тышкы чөйрөгө түз ыкмасы аркылуу сатуу боюнча тоорук өткөрөт. 

Тышкы чөйрөдө сатылуу үчүн каралган мүлк андан ары пайдалануу үчүн жарактуу, амортизацияланган жана эсептен чыгарылган мүлк реестринде (1-тиркеме) берилген. 

1. Мүлктү сатуу боюнча тооруктар катышуучулардын курамы боюнча ачык жана баа сунушун берүү формасы боюнча жабык болуп саналат. 

2. Билдирмелер маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде кабыл алынат. Бир адам бир гана билдирме сунуштоого жана тоорукта сатылуучу мүлк боюнча бир нече сунуштарды берүүгө укуктуу. 

3. Улуттук банк тоорук өткөрүлүүчү күндү, ордун жана катышууга билдирме сунуштоо мөөнөтүн аныктайт. 

4. Катышуучулар билдирме формасын Улуттук банктын сайтынан же sale@nbkr.kg электрондук почтасынан ала алышат. 

5. Мүлктү сатуу боюнча комиссия талапкерлердин билдирмелерин кароого алып, анын жыйынтыгы боюнча талапкерлерди катышуучу катары таануу же катышуу билдирмесин четке кагуу чечимин кабыл алышат. 

6. Биринчи кезекте жогорку бааны сунуштаган сатып алуучу жеңүүчү катары жарыяланат. Жеңүүчүдөн кийинки жогорку бааны сунуштаган талапкер вице-жеңүүчү катары жарыяланат. 

7. Жеңүүчүгө ал жеңүүчү катары таанылгандыгы, сатылып алынган мүлккө төлөө жана аны алып чыгуу шарттары жөнүндө билдирүү жөнөтүлөт. 

8. Сатып алуучу сатып алган мүлктүн толук наркын билдирүүдө көрсөтүлгөн мөөнөттө Улуттук банктын эсебине нак эмес түрдө которууга милдеттүү, ошондой эле Улуттук банктын кассасына нак акча түрүндө төлөөгө да жол берилет. 

9. Сатылып алынган мүлктүн наркы толук төлөнгөндөн кийин мүлк Улуттук банкта белгиленген тартипте өткөрүлүп берилет. 

10. Жеңүүчү белгиленген мөөнөттө төлөөдөн баш тарткан учурда тооруктун жыйынтыгы жокко чыгарылып, ал адам мүлктү сатып алуу укугунан ажырайт. 

Билдирмелер 2024-жылдын 12-мартында саат 11.00гө чейин төмөнкү электрондук дареги боюнча кабыл алынат: sale_osh@nbkr.kg. Ош шаары. 

Сатылуучу мүлктү жайгашкан жери боюнча 2024-жылдын 20-февралынан 10-мартына чейин карап көрүүгө болот. 

Ал эми билдирме формасын 2024-жылдын 12-февралынан 12-мартына чейин Бишкек шаары, Чүй пр. 168 дареги боюнча саат 9.00-17.00 чейин же sale@nbkr.kg электрондук почтасы аркылуу алууга болот. 

Бардык суроолор боюнча +996 (312) 66-91-52, 66-91-55 телефондоруна кайрылсаңыздар болот. 

Төлөө формасы: нак жана нак эмес эсептешүү

Эсептешүү эсеби: 1013930100000771, БИК 101001 

 

Тиркемелер: 

1. Андан ары пайдалануу үчүн жарактуу, амортизацияланган жана эсептен чыгарылган мүлк реестри (1-тиркеме). 

2. Билдирменин формасы (2-тиркеме). 

 

1-тиркеме 

Андан ары пайдалануу үчүн жарактуу, амортизацияланган жана эсептен чыгарылган мүлктү сатуу реестри. 

 

 №    

Негизги каражаттардын жана товардык-материалдык баалуулуктардын аталышы 

Саны 

Инвентаризациялык № 

Чыгарылган жылы 

Баштапкы баасы (сом) 

Өлчөө бирдиги 

Жайгашкан жери   

1  

Алюминийден жасалган темир барак, өлчөмү 2,50*0,73 

2 даана 

05/В/ВМ 1695 

Белгисиз 

294 

1 даана үчүн 

Ош областык башкармалыгы 

Ферма (темир) 

3 даана 

05/В/ВМ 1998 

Белгисиз 

700 

1 даана үчүн 

Керамикалык плитка, өлчөмү 0,6*0,6м 

94 даана 

05/В/ВМ 2761 

Белгисиз 

25 

1 даана үчүн 

 

2-тиркеме 

Билдирменин формасы 

 

Улуттук банктын эсептен чыгарылган мүлкүн сатып алууга билдирме 

№ 

Мүлктүн аталышы 

Саны 

Баа 

Эскертүү 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

_________________________________     

                                  (аты-жөнү жана кол тамгасы)    

_________________________________ 

(дареги, телефону, факсы, эл. почтасы)