> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

50 сом номиналындагы банкнота 

Номинал 

Жүгүртүүгө чыгарылган жылы 

Өлчөмү 

Түсү 

Сериясы 

50 сом 

15.02.2024-ж. 

126 х 61 мм 

Кызгылт сары  

Бешинчи 

50 сом 

01.03.2017-ж. 

126 х 61 мм 

Кызгылт сары  

Төртүнчү өркүндөтүлгөн 

50 сом 

01.07.2009-ж. 

126 х 61 мм 

Кызгылт сары 

Төртүнчү 

50 сом 

15.08.2002-ж. 

145 х 70 мм 

Сыя-кызыл 

Үчүнчү 

50 сом 

29.08.1994-ж. 

135 х 65 мм 

Сыя-кызыл 

Экинчи 

 

2023-жылы чыгарылган 50 сом номиналындагы банкнота  126х61 мм өлчөмүндөгү ак кагаздан жасалган. Банкноттун басымдуу түсү кызгылт сары. Кагаз, банкноттун алдыңкы бетинде чагылдырылган портретти кайталап туруучу локалдуу көп тоналдуу суу белгисине, ошондой эле номинал түрүндөгү суу белгисине ээ. Анда сандык номинал "50" жана ромб түрүндө Улуттук банктын логотиби бар микрооптикалык коргоо тилкеси түшүрүлгөн.  

Портрет, жазуулар ("КЫРГЫЗ БАНКЫ", "ЭЛҮҮ СОМ", "50", "ТӨРАГА"), Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы жана банкноттун четтериндеги азиздер жана көрүүсү начар адамдар үчүн атайын элементтер, банкноттун алдыңкы бетинде рельефтик басма ыкмасында түшүрүлгөн. 

 2023-жылдагы үлгүдөгү 50 сом номиналындагы банкноттун айырмалоочу белгилери

Банкноттун алдыңкы бетинде кыргыз элинен биринчи болуп аял затынан чыккан мамлекеттик ишмер, "Алай канышасы" наамы менен жумурай журтка таанымал болгон Курманжан Датканын элеси жана "КУРМАНЖАН ДАТКА 1811-1907" жазуулар берилген. Портреттин астында "ЭЛҮҮ СОМ" деген жазуу жайгашкан. Банкноттун номиналы "50" банкноттун жогорку сол жана төмөнкү оң бурчтарында жайгашкан. Банкноттун жогорку оң жагында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" жана "ТӨРАГА" деген жазуулар, ошондой эле Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы жайгашкан. Банкноттун ылдыйкы оң жагында ромб түшүрүлгөн, банкнотту жантайыңкы алып кароодо асан-үсөн сыяктуу, сомдун графикалык белгиси С көрүнөт. Ромбдун үстүндө сүрөттөрдүн фрагменттерин жарыкка салып кароодо ромб формасын түзөт.  

 

Банкноттун арткы бетинде Улуу Жибек жолунун Кыргызстан аркылуу өткөн жолундагы эң эле байыркы курулмалардын бири Өзгөн архитектуралык комплекси түшүрүлгөн. Банкноттун жогорку сол бурчунда "50" номиналы, анын астында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген жазуу бар. Банкноттун сол тарабында жарыкка салып кароодо ромбду түзгөн сүрөттөрдүн фрагменттери жана чыгарылган жылы "2023" көрсөтүлгөн. Банкноттун ортосунда "50" номиналын камтыган кызгылт сары түстүү тилке жана ромб түрүндөгү Улуттук банктын логотиби бар. Төмөнкү оң бурчта номинал сан түрүндө "50" жана "ЭЛҮҮ СОМ" деген жазуу бар. Банкноттун сериялык номерлери банкноттун жогорку оң жана төмөнкү сол бурчтарында жайгашкан.  

 

2016-жылдагы үлгүдөгү 50 сом номиналындагы банкноттун айырмалоочу белгилери  

Банкноттун алдыңкы бетинде мамлекеттүүлүктүн, дипломатиялык мамиле түзүүнүн пайдубалын түптөгөн кыргыз элинин чыгаан кызы, коомдук ишмер Курманжан Датканын элеси классикалык оюп басуу ыкмасында түшүрүлгөн. 

Банкноттун арткы бетинин төмөн жагында анын чыгарылган жылы "2016" берилген. 


2009-жылы чыгарылган 50 сом номиналындагы банкнот 126х61 мм өлчөмүндөгү ак кагазда даярдалган. Банкнотто кызгылт сары түс басымдуулук кылат. Банкнотту ультра-кызгылт (мындан ары УК) жарыкка салып кароодо люминесцияланган түссүз булалар киргизилген. Банкноттун алдыңкы бетинде чагылдырылган портретти кайталап туруучу локалдуу суу белгисине ээ. Банкнотко "50 сом" деген майда жазуулардын жыштыгынан турган, көзөнөкчө түрүндөгү күмүш түстөгү коргоо тилкеси камтылган. Банкноттун алдыңкы бетиндеги портрет, "КЫРГЫЗ БАНКЫ", "ЭЛҮҮ СОМ" деген жазуулар, "50" деген номинал, Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы рельефтик басма ыкмасында түшүрүлгөн. Банкнот өзгөчө дизайнга жана өркүндөтүлгөн коргоо элементтерине ээ.  

 

Банкноттун алдыңкы бетинин жогорку оң бурчунда "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген жазуу, Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы, банкноттун кызыл түстө берилген сериялык номери жайгаштырылган. Суу белгисинин ак тилкесинде жайгашкан, бир-бирине дал келген сүрөттөлүш, жарыкка салып кароодо "сом" деген сөздү чагылдырат. Банкноттун сол жагында кыргыз элинен биринчи болуп аял затынан чыккан мамлекеттик ишмер, "Алай канышасы" наамы менен жумурай журтка таанымал болгон Курманжан Датканын элеси жана "КУРМАНЖАН ДАТКА 1811-1907" жазуулар берилген. Датканын портретин чоңойтуп көрүүдө "Курманжан Датка" деген жазуу тыгыз кайталанган майда тамгалардан турат. Портреттин арткы планында "Кыргыз Банкы" деген жазуунун улам кайталап берилишин байкоого болот. Ошол эле жерде Өзгөн архитектуралык комплексинин сүрөттөлүшү берилген. Портреттин алдында "ЭЛҮҮ СОМ" деген текст жайгаштырылган. Банкноттун жогорку сол жана төмөнкү оң бурчтарында банкноттун "50" деген номиналы берилген. Банкноттун төмөнкү оң бөлүгүндө улуттук оюунун рельефтик сүрөттөлүшүн камтыган, сары түстөгү тик бурчтук көрүнөт. Эгерде аны жантайыңкы түшкөн жарыкка салып караганда, номиналдын "50" деген санынын көмүскө берилишин көрүүгө болот. Төмөнкү сол бурчунда кара түс менен банкноттун сериялык номери түшүрүлгөн.  

 

Банкноттун арткы бетинин жогорку сол бурчунда "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген жазуу берилген. Оң тарабынын жогорку бурчунда номиналдын "50" деген саны камтылган. Банкноттун чок ортосунда Улуу Жибек жолунун Кыргызстан аркылуу өткөн жолундагы эң эле байыркы курулмалардын бири Өзгөн архитектуралык комплекси түшүрүлгөн. Банкноттун бетине түшүрүлгөн, бирок жөн алып кароодо көзгө көрүнбөгөн белгилерди чоңойтуп көрүүдө, бутактары кеңири тараган өсүмдүктүн сүрөттөлүшүн баамдап байкоого болот. Бардык чыгарылыштагы банкноттордо түшүрүлгөн ар бир улуу инсандын элеси, Кыргызстандын көк тиреген бийик тоолорунун алкагында берилип, алар адабият, музыка, кино, көркөм искусство чөйрөсүндө ошол аскар тоолордой бийиктикке жетишип, эл кадырына ээ болгондугун чагылдырып тургансыйт. Банкноттун чок ортосундагы седеп түстүү боек менен аткарылган тилке "50" деген сан, "КЫРГЫЗ БАНКЫ" жазуу жүзүндө иридисценттик элемент берилген. Банкноттун төмөн жагында "50" деген сан, жазуу жүзүндө "ЭЛҮҮ СОМ" жана банкноттун "2009" чыгарылган жылы берилген. 


2002-жылдагы чыгарылган 50 сом номиналындагы банкнот 145х70 мм өлчөмүндөгү ак кагаздан даярдалган. Банкнотто сыя-кызыл түс басымдуулук кылат. Кагазга кызыл, ачык жашыл булалар жана УК жарыкка салып кароодо люминесцияланган түссүз булалар киргизилген. Кагаз локалдуу суу белгисине, банкноттун алдыңкы бетинде чагылдырылган кайталануучу элеске жана банкноттун номиналы түрүндөгү суу белгисине ээ. Банкнотту жарыкка салып кароодо байкалуучу "50 СОМ" деген микротексттүү коргоо тилкеси көзөнөкчө түрүндө жайгаштырылган. Тилкелүү код банкноттун чет жактары боюнча оң жана сол тараптарында берилген. Банкнотко "50 сом" деген майда жазуулардын жыштыгынан турган, көзөнөкчө түрүндөгү күмүш түстөгү коргоо тилкеси камтылган. Банкноттун алдыңкы бетиндеги портрет, "КЫРГЫЗ БАНКЫ", "ЭЛҮҮ СОМ" деген жазуулар, "50" деген номинал, Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы рельефтик басма ыкмасында түшүрүлгөн. 

 

Банкноттун алдыңкы бетинин жогору тарабында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст жана Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы; көзү начар көргөн адамдар үчүн эки тик сызык жана "50" деген үзгүлтүксүз микрошрифтти камтыган "50" деген сан жогорулатылган рельефтик ыкмада; ошондой эле кызыл боекто басылган банкноттун сериясы жана номери берилген. Чок ортосунда, оюм-чийимде "50" деген номинал чегилип аткарылган; оюм-чийим формасындагы өтмө регистр; кыргыздын белгилүү мамлекеттик ишмери, "Алай канышасы" деген аттын алдында кеңири таанымал болгон Курманжан Датканын элеси жана "КУРМАНЖАН ДАТКА 1811-1907" деген текст жайгаштырылган. Ак купондук тилкеде көзү начар көргөн адамдар үчүн жогорку рельефте аткарылган геометриялык шарттуу белги берилген. Төмөнкү тарабында "50" деген үзгүлтүксүз сандардан турган "50" деген номинал; "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген микрошрифттин тилкеси менен баса көрсөтүлгөн "ЭЛҮҮ СОМ" деген текст камтылган. Оң тарабында кара боекто аткарылган банкноттун сериялык номери, цифралардын өлчөмү жогорудан төмөн карай өсөт, ошондой эле тигинен жайгаштырылган оюм-чийим тилкеси орун алган. Төмөнкү жагынын оң тарабында улуттук оюм-чийим рельефин камтыган тик бурчтук берилген. Эгерде, аны ар кайсы бурчтан жарыкка салып караса көмүскөдө берилген "50" деген номинал даана көрүнөт.  


Банкноттун арткы бетинин жогорку тарабында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст жана номиналды билдирген "50" деген цифралык микрошрифтти камтыган "50" деген сан жайгаштырылган. Чок ортосунда Өзгөн архитектуралык комплекси сүрөттөлгөн жана оюм-чийим формасындагы өтмө регистр берилген. Сол тарабында тигинен жайгаштырылган оюм-чийим тилкеси камтылган. Сүрөттөлүштүк сетканы түзгөн оюм-чиймеде банкноттун номиналын көрсөткөн "50" деген жазуу орун алган. Банкноттун төмөнкү сол жак тарабында седеп түстүү боек менен аткарылган улуттук орнамент түрүндөгү иридисценттик элемент берилген. Төмөнкү жагында "50" деген цифралык номинал; "ЭЛҮҮ СОМ" деген жазуу жана банкноттун чыккан жылы "2002" орун алган. 


1994-жылдагы үлгүдөгү 50 сом номиналындагы банкнот 135х65 мм өлчөмүндөгү ак кагаздан даярдалган. Банкнотто сыя-кызыл түс басымдуулук кылат. Банкнот үч тарабында 4 мм кеңдиктен турган ак тилкеге ээ. Кагазга кызыл, ачык жашыл жана көк түстөгү булалар, ошондой эле УК жарыкка салып кароодо люминесцияланган түссүз булалар киргизилген. Кагаз, акын Токтогул Сатылгановдун элеси түшүрүлгөн локалдуу суу белгисине ээ. Банкнотаны жарыкка салып кароодо көрүнүүчү "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген микротексттүү коргоо тилкеси узунунан жайгаштырылган.  

Портрет, "КЫРГЫЗ БАНКЫ", "ЭЛҮҮ СОМ" деген жазуулар, "50" деген номинал, Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы жана арткы бетиндеги сюжеттин негизги сүрөттөлүшү, "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген жазуу, оң жана сол тараптагы номиналдын саны "50", жогорулатылган рельефтик басма ыкмасында түшүрүлгөн. 

 

Банкноттун алдыңкы бетинде "КЫРГЫЗ БАНКЫ", "ЭЛҮҮ СОМ" деген текст, Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы жана банкноттун номиналы "50" деген цифра жогорулатылган рельефтүү ыкмада басылган. Банкноттун чок ортосунда улуттук оюм-чийимдерде банкноттун цифралык номиналы; оң тарабында - кыргыз элинин белгилүү мамлекеттик ишмери, "Алай канышасы" деген аттын алдында белгилүү болгон Курманжан Датканын элеси жана "КУРМАНЖАН ДАТКА" деген жазуу орун алган. Төмөнкү тарабында "50" деген үзгүлтүксүз сандардагы микрошрифтти камтыган "50" деген номинал; "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген микрошрифт менен баса көрсөтүлгөн "ЭЛҮҮ СОМ" деген текст жана көөкөр формасындагы өтмө регистр берилген. Оң тарабында тигинен жайгаштырылган оюм-чийимдик тилке камтылган. Төмөнкү жагында рельефтик сүрөттөлүштү камтыган бозомук жашыл тик бурчтук жайгаштырылган. Аны ар кайсыл бурчка салып кароодо көмүскөдө жайгаштырылган "50" деген цифралык номиналды байкаса болот. 

 

Банкноттун арткы бетинин жогору жагында кызыл боекто басылган сериялык номер жайгаштырылган. "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген жазуу менен баса белгиленген "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген микротекст жана "50" деген цифра жогорулатылган рельефтүү ыкмада басылган. Банкноттун чок ортосунда Өзгөн архитектуралык комплекси жана өтмө регистр берилген. Төмөнкү тарабында "50" деген номинал жана кара боёкто басылган сериялык номери орун алган. Сол тарабында тигинен жайгаштырылган оюм-чийимде "ЭЛҮҮ СОМ" деген текст жайгаштырылган.