> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2021-жылдын 22-сентябрындагы 

№2022-П-07/52-1-(ВД) токтому менен бекитилген 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

2022-2025-жылдарга каралган 

СТРАТЕГИЯЛЫК ИШ БАГЫТТАРЫ 

 

Улуттук банк Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына кызмат кылууга багытталган ишти жүзөгө ашырат. 

Эффективдүү акча-кредит саясатын ишке ашыруу аркылуу экономикада баалардын туруктуулугуна жетишүү жана аны колдоо Улуттук банктын ишинин негизги максаты бойдон калууда. 

Банк жана төлөм системаларында алгылыктуу чөйрөнү түзүү, алардын ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу, финансылык ортомчулуктун деңгээлин жогорулатуу, инновациялык финансылык технологияларды өнүктүрүү, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо чөйрөсүндөгү мыйзам ченемдерин сактоо жана финансылык жеткиликтүүлүктү жогорулатуу финансы секторунун туруктуу өнүгүүсүнүн ачкычы жана Кыргыз Республикасынын узак мөөнөттүү экономикалык өнүгүүсүнүн ажырагыс шарттары болуп саналат. 

Улуттук банктын ишинин негизи болуп иштин ачык-айкындуулугу, кызматкерлердин кесипкөйлүгү, финансы-кредит уюмдарына карата ишенимин камсыз кылуу жана анын функциялары менен ыйгарым укуктарын коомчулуктун түшүнүүсү эсептелет. 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамда1 белгиленген милдеттерди ишке ашыруу үчүн Улуттук банк төмөнкү принциптерди карманып иштейт: 

өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашыруудагы ишинин көз карандысыздыгы

- максаттарга жана милдеттерге жетүү жаатында кабыл алынган чечимдер жөнүндө отчеттуулук, ачыктык жана коомчулукка маалымат берүү

- кыска жана орто мөөнөттүү мезгилдеги аракеттердин болжолдуулугу; 

- кызматкерлердин кесипкөйлүгүн жана компетенттүүлүгүн колдоо. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2022-2025-жылдарга карата божомолу. 

Акча-кредит саясаты чөйрөсүндө 

- инфляциялык таргеттөө режимине өтүү

Финансы секторун өнүктүрүү чөйрөсүндө 

- банк секторунун активдеринин салыштырма үлүшүнүн ИДӨгө карата 54 пайызга чейин жетүүсү

- калктын көпчүлүгүн камтыган максатка багытталган жана эффективдүү чараларды ишке ашыруу аркылуу Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу; 

- финансы-кредит уюмдарынын ишин жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү

- 2022-2026-жылдарга карата Кыргыз Республикасында финансылык жеткиликтүүлүктү жогорулатуу стратегиясын ишке ашыруу2

- ислам каржылоо принциптерин ѳнүктүрүү

электрондук формада экономикалык агенттерге толук кандуу кызмат көрсөтүү үчүн шарттарды түзүү үчүн электрондук кол тамганы колдонуу жана анын финансылык кызматтарды колдонуучулардын санариптик профили менен байланышынын укуктук негизин түзүү

Төлөм системалары чөйрөсүндө 

- бардык аймактарда калкты аралыктан санарип тейлөө каналдарын өнүктүрүү

- накталай жана накталай эмес акча жүгүртүүнүн тең салмактуулук катышына жетүүгө умтулуу. 

Накталай акча жүгүртүү чөйрөсүндө 

- накталай акча жүгүртүүнүн үзгүлтүксүздүгүн, ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу; 

- банктык инструменттер жана инвестициялар ички рыногун өнүктүрүү

Улуттук банктын ишин камсыз кылуу чөйрөсүндө 

- институционалдык туруктуулукту жогорулатуу жана Улуттук банктын үзгүлтүксүз иш процессин камсыз кылуу. 

 

АКЧА-КРЕДИТ САЯСАТЫ 

Кыргыз Республикасында баа туруктуулугуна тиешелүү акча-кредит саясатын ишке ашыруу аркылуу жетишүү жана колдоо Улуттук банктын мыйзамда белгиленген ыйгарым укуктары болуп саналат. 

Баа туруктуулугун камсыз кылуу жана аны туруктуу деңгээлде колдоо Кыргыз Республикасынын узак мөөнөттүү туруктуу экономикалык өнүгүүсү үчүн макроэкономикалык туруктуулуктун негизги элементи болуп саналат жана экономикада рационалдуу инфляциялык күтүүлөрдү түзүүгө өбөлгө түзөт. 

Орто мөөнөттүү мезгилде акча-кредит саясатынын максаттуу көрсөткүчүнөн болуп инфляцияны 6 (+/- 1) пайызга жакын деңгээлде тегерегинде кармоо саналат. Коюлган максаттарды ишке ашыруу үчүн Улуттук банк акча-кредит саясатынын колдо болгон инструменттердин кеңири спектрин колдонот. 

Орто мөөнөттүү келечекте инфляцияны таргеттөө режимине акырындык менен өтүүнүн алкагында Улуттук банктын аракеттери төмөнкүлөргө багытталат: 

- акча-кредит трансмиссиясынын пайыздык каналынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана банктар аралык акча рыногун өнүктүрүү аркылуу акча-кредит саясатынын чараларынын экономикага таасирин берүү механизмин өркүндөтүү

- акча-кредит саясатынын инструменттеринин эффективдүүлүгүн жана ийкемдүүлүгүн жогорулатуу; 

- банк тутумунда ликвиддүүлүк тең салмактуулугун камсыз кылуу; 

- акча-кредит саясатынын коммуникациялык бөлүгүн күчөтүү

Улуттук банк инфляцияга таасир этүүчү тышкы жана ички факторлорго үзгүлтүксүз негизде баа берүүнү улантат жана аналитикалык-болжолдоо инструменттерин колдонуу менен макроэкономикалык болжолдоолорду түзүүдө тең салмактуу жана консервативдүү мамилени карманат. 

Акча-кредиттик саясаттын багытын тандоо макроэкономикалык болжолдоолорду талдоонун негизинде жүргүзүлөт жана өлкөнүн негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө акча-кредиттик чечимдердин таасир этүү убактысын эске алуу менен келечекке багытталат. 

Улуттук банк өзгөрүлмөлүү алмашуу курсу саясатын колдоону улантат жана акча-кредит саясатында белгиленген максаттарга ылайык валюталык интервенцияларды жүргүзөт. 

Эл аралык камдарды тескөө ликвиддүүлүктү колдоонун жана камдык активдердин коопсуздугун камсыз кылуунун негизги принциптеринин сактоону эске алуу менен жүзөгө ашырылат. 

 

ФИНАНСЫ СЕКТОРУН ӨНҮКТҮРҮҮ 

Улуттук банктын иши банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн спектрин кеңейтүү, калк үчүн алардын алгылыктуулугун жана жеткиликтүүлүктү жогорулатуу жагында мыкты эл аралык тажрыйбаларды жайылтууга багытталат.  

2022-2025-жылдарга негизги артыкчылыктуу багыттар төмөнкүлөр болот: 

1. Финансылык ортомчулук деңгээлин жогорулатуу жана банк тутумунун активдеринин ИДӨгө карата үлүшүн 2025-жылы 54 пайызга чейин көбөйтүү

Финансылык ортомчулук деңгээлин жогорулатуу банк тутумунун активдеринин ИДӨгө карата үлүшүнүн көбөйүшүн болжолдойт. Банк сектору боюнча «ИДӨгө карата активдер» күтүлүүчү көрсөткүч 2025-жылы 54 пайызга жетиши керек. Мында, төмөнкү динамика болжолдонууда: 2022-жылы  50,3 пайыз, 2023-жылы  51,5 пайыз, 2024-жылы  52,7 пайыз, 2025-жылы  54,0 пайыз.  

2. Төмөнкүлөргө тиешелүү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү

- банктык жана микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрүнүн укуктарын коргоо жана керектөөчүлөр үчүн финансылык уюмдардын иши жана алар тарабынан көрсөтүлүүчү финансылык кызматтар тууралуу маалыматтын толуктугу жана жеткиликтүүлүгү, ошондой эле финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр менен алардын керектөөчүлөрүнүн ортосунда талаш маселелерди чечүү механизмдерин өркүндөтүү

- коммерциялык банктар тарабынан сооданы каржылоо боюнча операцияларды ишке ашыруу боюнча механизмдерди өнүктүрүү

өлкөнүн мыйзамдарына жана банктык көзөмөлдүн эл аралык стандарттарына ылайык банктык көзөмөл жана жөнгө салуу

- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү

- ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктары менен биргеликте финансы чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүү

3. Эл аралык финансы корпорациясы жана мамлекеттик органдар менен биргеликте Кыргыз Республикасында финансылык жеткиликтүүлүктү жогорулатуу стратегиясын иштеп чыгуу. 

Мамлекеттик органдар тарабынан Стратегияны ишке ашыруу Кыргыз Республикасында туруктуу негизде тейлөө алуу кыйын болгон айыл жергесиндеги, алыскы жана аз калктуу райондордогу калк үчүн финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн (инклюзивдүүлүк) жогорулатат.  

Стратегия төмөнкү артыкчылыктуу багыттарды камтыйт: 

- санарип финансылык кызмат көрсөтүүлөр; 

- финансылык продукттарды диверсификациялоо; 

- керектөөчүлөрдүн укугун коргоо; 

- калктын финансылык сабаттуулугу. 

Стратегияда каралган финансылык жеткиликтүүлүктү жогорулатуу боюнча чаралар инклюзивдүү өсүшкө жана экономиканы өнүктүрүү үчүн финансылык ресурстарды мобилизациялоого өбөлгө түзөт. 

4. Ислам каржылоо принциптерин өнүктүрүү

Ислам банктык продукттарга суроо-талап ислам каржылоо принциптерине ылайык жаңы продукттарды жайылтуунун эсебинен камсыз кылынат, бул экономиканы кредиттөөнүн көбөйүшүнө алып келет. 

Улуттук банк ченемдик укуктук актыларга ислам банк ишин жүргүзүүнүн эң мыкты эл аралык тажрыйбасын киргизүүнү жана ислам банктык кызмат көрсөтүүлөр инфраструктурасын өнүктүрүүгө көмөктөшүүнү улантат. Бул ислам банктык кызматтарын сунуштаган банктардын жана ислам банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрүнүн санын өсүшүнө өбөлгө түзөт, бул жыйынтыгында финансылык ортомчулукту жана калктын жыргалчылыгын жогорулатат. 

5. Электрондук формада талаптагыдай тейлөө шарттарын түзүү үчүн электрондук кол тамганы колдонуу жана анын финансылык кызматтарды колдонуучулардын санариптик профили менен байланышынын укуктук базасын түзүү

Санариптик профиль системасы санарип түрүндө берилген, анын макулдугу менен системанын шилтемелери аркылуу жеткиликтүү болгон ар кандай маалымат базаларынан (мамлекеттик жана финансылык) жарандардын маалыматтарын колдонууга мүмкүндүк берген технологиялык инфраструктураны түзөт

Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн колдонуучуларын идентификациялоо жана санариптик профилин түзүү боюнча милдеттерди чечүү максатында, төмөнкүлөр боюнча банк секторунда колдонуучуларды санариптик идентификациялоо системасын түзүү зарыл: 

- банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн колдонууларын кирүү мүмкүнчүлүгүнүн ар кандай деңгээлдери жана көмүскө кол тамгасын генерациялоо; 

- «өз кардарыңды бил» талаптары боюнча жол-жоболорду жүргүзүү

колдонуучу тарабынан электрондук түрдө ар кандай системаларда макулдуктарды алуу жана документтерге кол коюу үчүн программалык камсыздоону түзүү

- финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар тууралуу маалымат базалары менен интеграциялоо. 

Бул маселелерди чечүү коммерциялык банктарды аралыктан тейлөө системасын өнүктүрүүгө жана санарип технологияларды колдонууну жана банктык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө өбөлгө түзөт. 

Улуттук банк санариптик идентификаторлорду колдонуу менен аралыктан идентификациялоо инфраструктурасын түзүүдө көмөк көрсөтөт. 

6. Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын ишин көзөмөлдөө жагында ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүнүн алкагында, Улуттук банк төмөнкүлөргө багытталган замамбап ыкмаларды киргизет: 

- кепилдиктерди берүү рыногун өнүктүрүү максатында кепилдик фондулары тарабынан кепилдиктерди берүү шарттарын түзүү жана жакшыртуу; 

- банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталына карата талаптарды алардын иш туруктуулугун сактоо максатында өзгөртүү

- микрокаржылоо чөйрөсүндө апекстик институттарды жана өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдарды ачуу жана өнүктүрүү боюнча ишти улантуу. 

7. Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу. 

Улуттук банк финансылык сабаттуу жарандык коомду тарбиялоо үчүн калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларды улантат. Финансылык сабаттуулук финансылык инструменттерди пайдалануунун натыйжалуулугун жана финансылык продукттардын артыкчылыктары жана тобокелдиктери тууралуу калктын маалым болушун жана камтылышын жогорулатат, бул банк тутумунда депозиттердин өсүшүнө, кредит портфелинин сапатынын жакшыруусуна жана инвестициялар үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн кеңейишине өбөлгө түзөт. 

 

ТӨЛӨМ СИСТЕМАСЫ 

Улуттук банктын төлөм системасынын эффективдүүлүгүн, коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамда3 аныкталган милдеттердин бири болуп саналат. Бул милдетти аткаруу үчүн бардык аракеттер Кыргыз Республикасынын экономикасынын ар кайсы субъекттери ортосунда төлөмдөрдү коопсуз жана эффективдүү өткөрүүнү камсыз кылган жаңы маалыматтык жана телекоммуникациялык технологияларды ишке киргизүү аркылуу төлөм системасынын ишин жогорку технологиялык деңгээлде колдоого багытталат. 

Улуттук банктын 2022-2025-жылдарга карата артыкчылыктуу багыттарынан болуп Кыргыз Республикасында санариптик төлөм технологияларын өнүктүрүү, накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү, республиканын бардык региондорунда калк үчүн санариптик төлөм кызматтарынын сапатынын жана жеткиликтүүлүгүнүн жогорулашы саналат. 

Бул багыттарды ишке ашыруу үчүн Улуттук банк: 

- санариптик төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн жайылтуу үчүн алгылыктуу шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт; 

калк жана чарбакер субъекттер үчүн төлөм кызматтарын көрсөтүүнүн географиясын кеңейтүүчү жана алардын наркын төмөндөтүүчү аралыктан тейлөө каналдарын өнүктүрөт

- накталай жана накталай эмес акча жүгүртүүнүн оптималдуу катышына жетүүгө умтулат; 

- улуттук төлөм системасын өнүктүрүп, анын башка өлкөлөрдүн төлөм системалары менен интеграцияланышы боюнча иш-чараларды өткөрөт; 

- финансы-кредит жана төлөм уюмдары үчүн төлөм системасы жана маалымат коопсуздугу чөйрөсүндө мыйзам базасын өркүндөтөт; 

маалымат коопсуздугуна мониторинг жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын банк жана төлөм системаларындагы инциденттерге жана кибер коркунучтарга жооп берүү борборунун финансылык рыноктун катышуучулары жана эл аралык/республикалык кибер коркунучтарга жооп берүү борборлору менен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү

 

НАКТАЛАЙ АКЧА ЖҮГҮРТҮҮ 

Кыргыз Республикасында нак акча жүгүртүүнүн үзгүлтүксүздүгүн, ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Улуттук банк өлкө аймагында жасалма банкноттордун жана монеталардын пайда болушуна жана таркатылышына жол бербөө, ошондой эле жасалма акча жасоо менен күрөшүү чөйрөсүндө укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү боюнча иштерди улантат

Орто мөөнөттүү келечекте банкнотторду жана монеталарды чыгаруунун жаңы өнүгүүлөрүн комплекстүү изилдөө, калк арасында улуттук валютанын банкнотторунун жана монеталарынын коргоо элементтери жөнүндө маалымат кампаниясын жүргүзүү боюнча иштер жүргүзүлөт

Акча каражаттарынын ишенимдүү жана коопсуз сакталышын камсыз кылуу максатында, Улуттук банк накталай акча жүгүртүүнүн технологиялык процесстерин оптималдаштырууга жана автоматташтырууга өбөлгө түзгөн заманбап стандарттарга ылайык кассалык борборду куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча ишин улантат.  

Кыргыз Республикасында банктык баалуу металлдар рыногун андан ары өнүктүрүү максатында Улуттук банк ата мекендик алтындан өлчөнгөн куймаларды өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү боюнча ишин улантат, ошондой эле башка салмак категориясындагы аффинаждалган алтындан өлчөнгөн куймаларды чыгаруу ассортиментин кеңейтүү боюнча иш алып барат. 

 

УЛУТТУК БАНКТЫН ИШИН КАМСЫЗ КЫЛУУ  

Улуттук банктын ишин камсыз кылуу үчүн төмөнкү багыттар боюнча иш жүргүзүлөт: 

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана стратегиялык документтерине ылайык, Улуттук банктын милдеттерин жана юридикалык жактарда акционер/катышуучу катары Улуттук банктын укуктарын ишке ашыруу максатында туунду жана ассоциацияланган уюмдарын тескөө

2. Банктын милдеттерин аткаруу үчүн зарыл кадрлар менен камсыз кылуу, окутуу системасын өркүндөтүү, персоналдын квалификациясын жогорулатуу жана натыйжалуу мотивация системасын түзүү; персоналды башкаруу процесстерин автоматташтырууну жайылтуу. 

3. Ички процесстерди иштеп чыгуу, корпоративдик маданиятты жогорулатуу жана ички ченемдик документтерди өркүндөтүү аркылуу негизги максаттарын жана милдеттерин аткарууга багытталган Улуттук банктын ишмердүүлүгүнүн үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу

4. Улуттук банктын маалымат коопсуздугун камсыз кылуу системасын жана маалымат коопсуздугун башкаруунун корпоративдик системасын, ошондой эле эң мыкты дүйнөлүк тажрыйбаларга жана стандарттарга ылайык Улуттук банктын объекттеринин техникалык коопсуздугунун каражаттарын жана ыкмаларын өркүндөтүү

 

 

1,2,3 Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 9-декабрындагы №2022-П-25/77-1-(ВД) токтому менен өзгөртүүлөр киргизилген.