> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

100 сом номиналындагы банкнота  

 

Номинал  

Жүгүртүүгө чыгарылган жылы  

Өлчөмү 

Түсү 

Сериясы 

100 сом 

15.02.2024-ж. 

132 х 63 мм 

Көк 

Бешинчи 

100 сом 

01.03.2017-ж. 

132 х 63 мм 

Көк 

Төртүнчү өркүндөтүлгөн 

100 сом 

01.07.2009-ж. 

132 х 63 мм 

Көк 

Төртүнчү 

100 сом 

15.08.2002-ж. 

150 х 72 мм 

Күлгүн-жашыл 

Үчүнчү 

100 сом 

20.03.1995-ж. 

135 х 65 мм 

Саргылтым-жашыл 

Экинчи 

 

2023-жылы чыгарылган 100 сом номиналындагы банкнота 132 х 63 мм өлчөмүндөгү ак кагаздан жасалган. Банкноттун басымдуу түсү көк. Кагаз, банкноттун алдыңкы бетинде чагылдырылган портретти кайталап туруучу локалдуу көп тоналдуу суу белгисине, ошондой эле номинал түрүндөгү суу белгисине ээ. Анда сандык номинал "100" жана ромб түрүндө Улуттук банктын логотиби бар микрооптикалык коргоо тилкеси түшүрүлгөн.  

Портрет, жазуулар ("КЫРГЫЗ БАНКЫ", "ЖҮЗ СОМ", "100", "ТӨРАГА"), Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы, банкноттун алдыңкы бетинде рельефтик басма ыкмасында түшүрүлгөн. 

 

 2023-жылдагы үлгүдөгү 100 сом номиналындагы банкноттун айырмалоочу белгилери

 

Банкноттун алдыңкы бетинде кыргыз элинин улуу демократ акыны, ойчул Токтогул Сатылгановдун элеси жана "ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ 1864-1933" жазуулар берилген. Портреттин астында "ЖҮЗ СОМ" деген жазуу жайгашкан. Портреттин сол жагында түсүн өзгөртүүчү боек менен жасалган орнамент бар; банкнотту жантайыңкы алып кароодо, эки шакектин кыймылга келишин, оюу-чийменин (орнаменттин) алтын түстөн жашыл түскө өзгөрүшүн байкоого болот. Банкноттун номиналы "100" банкноттун жогорку сол жана төмөнкү оң бурчтарында жайгашкан. Банкноттун жогорку оң жагында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" жана "ТӨРАГА" деген жазуулар, ошондой эле Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы жайгашкан. Банкноттун ылдыйкы оң жагында ромб түшүрүлгөн, банкнотту жантайыңкы алып кароодо асан-үсөн сыяктуу, сомдун графикалык белгиси С көрүнөт. Ромбдун үстүндө сүрөттөрдүн фрагменттерин жарыкка салып кароодо ромб формасын түзөт.  

 

Банкноттун арткы бетинде Кыргызстандын тоо чокуларынын фонунда Токтогул суу сактагычы чагылдырылган. Банкноттун жогорку сол бурчунда "100" номиналы, анын астында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген жазуу бар. Банкноттун сол тарабында жарыкка салып кароодо ромбду түзгөн сүрөттөрдүн фрагменттери жана чыгарылган жылы "2023" көрсөтүлгөн. Банкноттун ортосунда "100" номиналын камтыган көк түстүү тилке жана ромб түрүндөгү Улуттук банктын логотиби бар. Төмөнкү оң бурчта номинал сан түрүндө "100" жана "ЖҮЗ СОМ" деген жазуу бар. Банкноттун сериялык номерлери банкноттун жогорку оң жана төмөнкү сол бурчтарында жайгашкан. 

 

2016-жылдагы үлгүдөгү 100 сом номиналындагы банкноттун айырмалоочу белгилери  

 

Банкноттун алдыңкы бетинде  улуу демократ акын Токтогул Сатылгановдун элеси классикалык оюп басуу ыкмасында түшүрүлгөн.   

 

Банкноттун арткы бетинин  төмөн жагында анын чыгарылган жылы "2016" берилген.  

 

2009-жылы чыгарылган 100 сом номиналындагы банкнот 132х63 мм өлчөмүндөгү ак кагазда даярдалган. Банкнотто көк түс басымдуулук кылат. Банкнотту ультра-кызгылт (мындан ары УК) жарыкка салып кароодо люминесцияланган түссүз булалар киргизилген. Кагаз банкноттун алдыңкы бетинде чагылдырылган портретти кайталап туруучу локалдуу суу белгисине, ошондой эле номинал түрүндөгү суу белгисине ээ. Анда "100 СОМ" деген майда сөздөрдүн катар тыгыз берилишинен турган көзөнөкчө түрүндөгү коргоо тилкеси түшүрүлгөн. Банкноттун алдыңкы бетиндеги портрет, "КЫРГЫЗ БАНКЫ", "ЖҮЗ СОМ" деген жазуулар, "100" деген сан, Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы рельефтик басма ыкмасында түшүрүлгөн. Банкнот тарыхый инсандардын элеси түшүрүлгөн өзгөчө дизайнга жана өркүндөтүлгөн коргоо элементтерине ээ. 

 

Банкноттун алдыңкы бетинин жогорку оң бурчунда "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген жазуу, Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы, банкноттун кызыл түстө берилген сериялык номери жайгаштырылган. Портреттин сол жагында Токтогул Сатылгановдун сүрөтү жана номиналдын саны ири көлөмдө чагылдырылган голографиялык тилке жайгашкан. Банкнотту жантайтып кароодо номиналдын саны түндүктүн сүрөттөлүшүнө өзгөрөт. Голографиялык тилкеде банкнотту жантайтып кароодо "100 сом" деген жазуу оюп басуу ыкмасында, түссүз берилген. Суу белгисинин ак тилкесинде жайгашкан, бир-бирине дал келген сүрөттөлүш, жарыкка салып кароодо "сом" деген сөздү чагылдырат. Банкноттун сол жагында кыргыз элинин улуу демократ акыны, ойчул Токтогул Сатылгановдун элеси жана "ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ 1864-1933" деген жазуулар берилген. Портрет "ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ" деген жазуунун кайталанган жыштыгынан турган майда тамгалардан турат. Портреттин арткы планында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген жазуунун улам кайталап берилишин байкоого болот. Портреттин алдында "ЖҮЗ СОМ" деген текст жазылган. Банкноттун жогорку сол жана төмөнкү оң бурчтарында "100" деген сан түшүрүлгөн. Банкноттун төмөнкү жагынын оң тарабында улуттук оюмчийимдин рельефин камтыган көк түстөгү тик бурчтук берилген. Эгерде, аны ар кайсы бурчтан жарыкка салып караса көмүскөдө берилген "100" деген цифралык номинал даана көрүнөт. Төмөнкү сол бурчунда кара түстө берилген банкноттун сериялык номери жайгашкан.   

 

Банкноттун арткы бетинин жогорку сол бурчунда "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст берилген. Жогорку оң бурчунда "100" деген сан түшүрүлгөн. Банкноттун ортосунда Токтогул суу сактагычы чагылдырылган. Банкноттун бетине түшүрүлгөн негизги сюжет, көзгө көрүнбөгөн стилдештирилген майда жаныбарлардын сүрөттөлүшүнөн турат. Бардык чыгарылыштагы банкноттордо түшүрүлгөн ар бир улуу инсандын элеси, Кыргызстандын көк тиреген бийик тоолорунун алкагында берилип, алар адабият, музыка, кино, көркөм искусство чөйрөсүндө ошол аскар тоолордой бийиктикке жетишип, эл кадырына ээ болгондугун чагылдырып тургансыйт. Банкноттун чок ортосундагы седеп түстүү боек менен аткарылган тилке "100" деген сан, "КЫРГЫЗ БАНКЫ" жазуу жүзүндө иридисценттик элемент берилген. Банкноттун төмөн жагында  

 

2002-жылдагы үлгүдөгү 100 сом номиналындагы банкноттор 150х72 мм өлчөмүндөгү ак кагаздан даярдалган. Банкнотто күлгүн жашыл түс басымдуулук кылат. Кагазга кызыл, ачык жашыл булалар жана УК жарыкка салып кароодо люминесцияланган түссүз булалар киргизилген. Кагаз локалдуу суу белгисине, банкноттун алдыңкы бетинде чагылдырылган кайталануучу элеске жана банкноттун номиналы түрүндөгү суу белгисине ээ. Кагазга "ЖҮЗ СОМ" деген микротексттүү коргоо тилкеси көзөнөкчө түрүндө жайгаштырылган. Тилкелүү код банкоттун чет жактары боюнча оң жана сол тараптарында берилген.   

 

Банкноттун алдыңкы бетинин жогору тарабында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст жана Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы; көзү начар көргөн адамдар үчүн горизонталдуу жайгаштырылган үч штрихтик белги жана "100" деген үзгүлтүксүз микрошрифтти камтыган "100" деген цифра жогорулатылган рельефтик ыкмада; ошондой эле кызыл боекто басылган банкноттун сериясы жана номери берилген. Анын жанында көөкөр формасындагы күмүш түстөгү фольга орун алган. Фольга рельефтик басмада аткарылган купюранын номиналын жана штрихтик сызыктарды камтыйт. Чок ортосунда оюм-чийимде "100" деген номинал чегилип аткарылган; оюм-чийим формасындагы өтмө регистр; акын-демократ, ойчул Токтогул Сатылгановдун элеси жана "ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ (1864-1933)" деген текст жайгаштырылган. Ак купондук тилкеде көзү начар көргөн адамдар үчүн жогорку рельефте аткарылган геометриялык шарттуу белги берилген. Төмөнкү тарабында "100" деген үзгүлтүксүз сандардан турган "100" деген цифра; "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген микрошрифттин сызыгы менен баса көрсөтүлгөн "ЖҮЗ СОМ" деген текст камтылган. Оң тарабында кара боекто аткарылган банкноттун сериялык номери, цифралардын өлчөмү жогорудан төмөн карай өсөт, ошондой эле тигинен жайгаштырылган оюм-чийим тилкеси орун алган. Төмөнкү жагынын оң тарабында улуттук оюм-чийимдин рельефин камтыган тик бурчтук берилген. Эгерде, аны ар кайсы бурчтан жарыкка салып караса көмүскөдө берилген "100" деген цифралык номинал даана көрүнөт.  

 

Банкноттун арткы бетинин жогорку тарабында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст жана номиналды билдирген "100" деген цифралык микрошрифтти камтыган "100" деген цифра жайгаштырылган. Чок ортосунда Кыргыз Республикасынын эгемендигин жана эркиндигин чагылдырган, көк мелжиген Хан Теңири тоосунун сүрөттөлүшү жана оюм-чийим формасындагы өтмө регистр берилген. Сүрөттөлүштүк сетканы түзгөн оюм-чийменин сол тарабында банкноттун номиналын көрсөткөн "100" деген жазуу орун алган. Банкноттун төмөнкү сол жак тарабында седеп түстүү боек менен аткарылган улуттук орнамент түрүндөгү иридисценттик элемент берилген. Төмөнкү жагында "100" деген цифралык номинал; "ЖҮЗ СОМ" деген жазуу жана банкноттун чыккан жылы "2002" орун алган.   

 

1995-жылдагы үлгүдөгү 100 сом номиналындагы банкноттор 135х65 мм өлчөмүндөгү ак кагаздан даярдалган. Банкнотто саргылтым-жашыл түс басымдуулук кылат. Банкнота үч тарабында 4 мм кеңдиктен турган ак тилкеге ээ. Кагазга кызыл, жашыл жана көк түстөгү булалар, ошондой эле УК жарыкка салып кароодо люминесцияланган түссүз тилкелер киргизилген. Кагаз, акын Токтогул Сатылгановдун элеси түшүрүлгөн локалдуу суу белгисине ээ. Банкнотту жарыкка салып кароодо көрүнүүчү "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген микротексттүү коргоо тилкеси узунунан жайгаштырылган.   

 

Банкноттун алдыңкы бетинин жогору жагында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст жана Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы жана "100" деген цифра жогорулатылган рельефтик ыкмада жайгаштырылган. Чок ортосунда улуттук оюм-чийимдерде банкноттун цифралык номиналы; оң тарабында кыргыз элинин белгилүү демократ акыны, ойчул Токтогул Сатылгановдун элеси жана "ТОКТОГУЛ" деген жазуу орун алган. Төмөнкү тарабынан банкноттун номиналын билдирген "100" деген үзгүлтүксүз цифралардан турган "100" деген номинал; "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген микрошрифт менен баса көрсөтүлгөн "ЖҮЗ СОМ" деген текст камтылган. Төмөнкү жагында улуттук оюм-чийимдин рельефтик сүрөттөлүшүн камтыган бозомук жашыл тик бурчтук берилген. Аны ар кайсыл бурчка салып кароодо, көмүскөдө жайгаштырылган "100" деген цифралык номиналды байкаса болот.  

 

Банкноттун арткы бетинин жогору жагында кызыл боекто басылган сериялык номер; "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген микрошрифттүү жазуу менен баса көрсөтүлгөн "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген жазуу жана "100" деген цифра жайгаштырылган. Чок ортосунда Токтогул суу сактагычы жана өтмө регистр берилген. Сол тарабында, тигинен жайгаштырылган оюм-чийимде "ЖҮЗ СОМ" деген текст жайгаштырылган. Төмөнкү тарабында "100" деген сан жана кара боёкто басылган сериялык номери орун алган.