1 тыйын номиналындагы жүгүртүү монетасы
1 тыйын номиналындагы жүгүртүү монета «коллекциялык монета» статусу менен жүгүртүүгө чыгарылган. Учурда бул монеталардын сатуусу аяктады.
Монетанын алдынкы бетинде кыргыз элинин кол өнөрчүлүк чеберчилигинде байыртан эле кездешип келген, аруулук менен керемет сулуулукту туюндурган назик гүлдүн сүрөттөлүшү чагылдырылган.
Монетанын арткы бетинде Кыргыз Республикасынын герби жана монета чыгарылган жыл (2008) орун алган.
Монеталардын техникалык мүнөздөмөсү:
Номиналы |
Жүгүртүүгө чыгарылган күнү |
Металлы |
Диаметри |
Салмагы |
Кыры |
Нускасы |
Аткаруу сапаты |
1 тыйын |
2008-жылдын 1-январы |
Латунь капталган болот |
14 мм |
1,0 г |
Кесикче |
100 000 даана |
бриллиант анциркулейтед |
1 тыйын номиналындагы жүгүртүү монетасы Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.