> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына арналган «Чакырыктардан жаңы мүмкүнчүлүктөргө карай» эл аралык конференциясы 

 

2023-жылдын 19-майында Бишкек шаарында улуттук валюта – кыргыз сомунун 30 жылдыгына арналган эл аралык конференция өтөт. 

Эл аралык конференция санариптик трансформация жана финансылык технологияларды өнүктүрүү перспективалары, ошондой эле экономиканы туруктуу өнүктүрүүнүн жаңы парадигмаларын, анын ичинде акча-кредит саясаты маселелерин талкуулоо үчүн биргелешкен аянтча болуп саналат. 

Конференцияга экономика саясатын жүргүзүүчүлөр, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле изилдөөчүлөр жана практиктер катышат.