> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына 30 жыл 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы мамлекет эгемендүүлүктү алгандан кийин түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1992-жылдын 6-мартындагы Токтому менен 1991-жылы түзүлгөн Кыргыз мамлекеттик банкы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы болуп өзгөртүлгөн. Дал ушул дата каржылык жөнгө салуучу органдын азыр көрсөтүлгөн ишмердүүлүгүнүн башталышы болуп эсептелет. 

Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Улуттук банктын укуктук статусу, аны уюштуруу принциптери, ишинин максаттары, негизги милдеттери жана функциялары белгиленген. 

30 жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өнүгүүнүн узак жолун басып өттү: өзүнүн улуттук валютасын киргизилди, банктык тажрыйбанын эл аралык стандарттарына жооп берген банк системасы түзүлдү, ишенимдүү улуттук төлөм системасы калыптанды. 

Улуттук банк мамлекеттик органдар, коммерциялык банктар, өнөктөш уюмдар жана бардык кызыкдар тараптар менен биргеликте мындан ары да макроэкономикалык туруктуулукту, экономиканын узак мөөнөттүү өнүгүүсүн камсыздоону жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоо турмушун жакшыртуу боюнча алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн өз ишинин бардык багыттар боюнча улантууну көздөйт.