Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ысык-Көл областтык башкармалыгы (мындан ары Башкармалык), Жаңы жылга карата Башкармалыктын кызматчыларынын балдарына белектерди сатып алууга 2025-жылдын 28-ноябрында жарыяланган баа котировкаларын (сунуштарын) сурап билүүнүн жыйынтыгы боюнча «Айрус Трейд-Сервис» жоопкерчилиги чектелген коому жеңүүчү катары таанылгандыгын маалымдайт (юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., 6-кичи району, 40/1-үй, 51-кв). 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2026-жылы башка тилге которуу кызматтарын сатып алуу боюнча ачык республикалык сынак өткөрөт. 

Сынак боюнча документтер 2026-жылдын 12-январында саат 17:30га чейин сынак документтерин кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын негизинде Бишкек шаары, Т.Үмөталиев көчөсү 101 дареги боюнча же tender@nbkr.kg электрондук почтасы аркылуу берилет. 

Сынакка чейинки конференция 2025-жылдын 25-декабрында саат 14:00дө өтөт. Конференцияга катышуу маселеси боюнча техникалык координаторго кайрылуу зарыл. 

Сынак боюнча сунуштар 2026-жылдын 15-январында саат 14:00гө чейин Бишкек шаары, К. Акиев көчөсү 89 дареги боюнча кабыл алынат. 

Белгиленген убакыттан кийин тапшырылган сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт. Кароого Улуттук банктан кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын негизинде сынак документтерин алган катышуучулардын сунуштары кабыл алынат. 

Сынак боюнча сунуштар катышуучулардын өкүлдөрүнүн катышуусунда 2026-жылдын 15-январында саат 14:00дө Бишкек шаары, Т.Үмөталиев көчөсү 101 дареги боюнча каралат. 

Бардык уюштуруу маселелери боюнча +996 (312) 66-91-52 телефон номери же tender@nbkr.kg электрондук почтасы аркылуу техникалык координаторго кайрылсаңыздар болот. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Konica Minolta» көчүрүүөбөйтүү жабдууларын тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга баа котировкаларын сурап билүүнүн жыйынтыгында «Компания «Арашан-Сервис» жоопкерчилиги чектелген коому (юридикалык дареги: Бишкек шаары, Тунгуч кичи району, 58-үй, 18-батир) жеңүүчү катары таанылгандыгын билдирет. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы дизель-генератордук түзүлүштөрдү техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүнү сатып алууга 2025-жылдын 26-ноябрында жарыяланган баа котировкаларын сурап билүүнүн жыйынтыгы боюнча «ЗАРДЕ» жоопкерчилиги чектелген коому жеңүүчү катары аныкталгандыгын маалымдайт. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Лермонтова көчөсү, 2. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгы Жаңы жылга карата балдарга белек сатып алууга баа котировкаларын сурап билүү тууралуу жарыялайт. 

Баа котировкалары (сунуштар) «Жаңы жылга карата балдарга белек сатып алууга баа котировкалары» белгисин коюу менен чапталган конверт түрүндө 2025-жылдын 25-декабрында саат 15:00гө чейин Ош шаары, Курманжан датка көчөсү 119 дареги боюнча сунушталууга тийиш.  

Толук маалымат алуу үчүн (03222) 4-84-03, (0555) 82-05-10 телефондоруна кайрылсаңыздар болот. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төмөнкү эки лот боюнча кызматтарды сатып алууга баа котировкаларын сурап билүүгө катышууга чакырат: 

- № 1 лот. Интернет тармагын пайдалануу каналы; 

- № 2 лот. Интернет жана санариптик телеберүү (IPTV) тармагын пайдалануу каналы. 

Баа котировкалары (сунуштар) «Интернет/IPTV тармагынан пайдалануу кызматтарын сатып алууга баа котировкалары» белгисин коюу менен чапталган конверт түрүндө 2025-жылдын 24-декабрында саат 14:00дөн кечиктирилбестен, Улуттук банктын Бишкек шаары, К. Акиев көчөсү 89 дареги боюнча жайгашкан имаратынын  

103-иш бөлмөсүнө (экспедиция) сунушталууга тийиш. 

Баа котировкаларын сурап билүүгө катышуу үчүн зарыл документтерди алуу маселелери боюнча +996 (312) 66-91-75 телефону же it_gaoo@nbkr.kg электрондук почтасы аркылуу кайрылсаңыздар болот.