Кайта келүү

Сунуштар жана жооптор  

РЕЕСТРИ 

(2024-жылдын 19-февралындагы ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө 

билдирүүнүн алкагында сунуштарды кароонун жыйынтыгы боюнча) 

 

Каттоо № 

Сын-пикирлер жана (же) сунуштар 

Автор (коомдук консультациялардын катышуучусу)  

Алган күнү 

Иштеп чыгуучу органдын позициясы 

Санарип сомду ишке киргизүү Финансы министрлиги үчүн бир катар жаңы инструменттерди жана мүмкүнчүлүктөрдү берет, аларды ЧУАга киргизүү зарыл. 

1. Бюджеттик каражаттарды натыйжалуу чыгымдоо: 

Санарип сом ар кандай деңгээлдеги мамлекеттик органдардын, сунуштоочулардын жана алуучулардын ортосунда төлөмдөрдү жана транзакцияларды жүргүзүү процесстерин жөнөкөйлөтүп, бюджеттик каражаттарды чыгымдоону жеңилдетүүгө тийиш; 

2. Субсидиялар жана социалдык жөлөк пулдар:  

Санарип сом санарип процесстерди колдонуу менен субсидияларды жана социалдык жөлөк пулдарды натыйжалуу бөлүштүрүүгө мүмкүндүк бериши керек;  

3. Мыйзамсыз финансылык агымдарга каршы күрөшүү

Санарип сомду колдонуу аткарылган транзакцияларга көзөмөл жана аудит жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берип, мыйзамсыз финансылык агымдарга жана коррупцияга каршы күрөшүүдө санариптештирүү мүмкүнчүлүгүн берүүгө тийиш; 

4. Экономикага мониторинг жүргүзүү:  

Санарип сом финансылык агымдарды жана экономикалык тенденцияларды натыйжалуу көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн берип, негиздүү финансылык чечимдерди кабыл алууга жардам бериши керек. Жасалма интеллект жана бизнес интеллект (business intelligence) чечимдерин колдонуу мүмкүнчүлүгү каралууга тийиш; 

5. Акча-кредит саясатын колдоо:  

Улуттук банк жана Министрлер Кабинети натыйжалуу акча-кредит саясатын жүргүзүү үчүн, анын ичинде пайыздык чендердин жана акча сунушунун деңгээлине таасир этүү үчүн санарип сомду колдонуу мүмкүнчүлүгү каралышы керек; 

6. Экономиканы стимулдаштырууда:  

Санарип сом санарип ваучерлерди, смарт-контракттарды же башка инструменттерди чыгаруу функциясына ээ болушу керек. Экономикалык кризис учурунда керектөөчүлөрдүн суроо-талабын колдоодо, максаттуу улуттук долбоорлорду жана бүтүндөй экономиканы каржылоодо колдонулушу керек; 

7. Финансылык инфраструктураны өнүктүрүү:  

Санарип сомду киргизүү накталай эмес төлөмдөрдү жайылтуунун жана накталай төлөмдөрдү акырындык менен алмаштыруунун натыйжасында, финансылык инфраструктураны, анын ичинде электрондук төлөм системаларын жана банктык кызматтарды андан ары өнүктүрүүгө түрткү бериши керек; 

8. Санарип идентификациялоо программаларын түзүү

Санарип сом санариптик идентификация мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылууга тийиш, бул колдонуучунун инсандыгын текшерүүнү жөнөкөйлөтүп, транзакциялардын коопсуздугун камсыз кылат; 

9. Изилдөөлөр жана аналитика: 

Министрлер Кабинети санарип сом статистикалык маалыматтарын колдонуп изилдөө жана аналитикалык иштерди жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Бул негиздүү финансылык чечимдерди кабыл алууга жардам берет. 

Белгилей кетсек, Улуттук банк тарабынан эки деңгээлдүү чекене моделди колдонуу менен негиз катары алынган санарип сомдун модели Министрлер Кабинетинин керектөөлөрү үчүн жогоруда саналып өткөн функцияларды толук ишке ашырууга мүмкүндүк бербей калышы ыктымал.  

Ушуга байланыштуу Улуттук банк тарабынан бул моделди тандоонун себептерин жана санарип сомду ишке ашыруудан күтүлгөн Министрлер Кабинетинин керектөөлөрүн камсыз кылуу үчүн эки деңгээлдүү моделдин мүмкүнчүлүктөрүн кошумча талкуулоо жана негиздөө талап кылынат. 

Министрликтерден, ведомстволордон жана көз карандысыз эксперттерден ведомстволор аралык жумушчу топко кошумча талапкерлерди киргизүү боюнча сунуштар түштү.  

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 

2024-жылдын 12-февралындагы чыг. № 05/1799 

Жөнгө салуучу таасирин талдоодо колдонуу үчүн кабыл алынган сунуштар. 

 

1. Улуттук банктын 2022-жылдын 25-майындагы № 2022-П-14\32-3-(ПC) токтому менен бекитилген «Санарип сом концепциясына» ылайык. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын Борбордук казыналыгы санарип сом системасынын атайын катышуучусу болуп саналат жана мамлекеттик бюджеттин чыгаша жана киреше бөлүгүн камсыз кылуу максатында өз капчыгынан операцияларды жүзөгө ашырат. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралат. 

2. Санарип сомдун прототибине карата функционалдык техникалык талаптардын алкагында социалдык жөлөк пулдарды тестирлөө үчүн кейс киргизилген. 

3. Санарип сом платформасынын алкагында санарип сомдун программаланышын камсыз кылуу үчүн смарт-контракттарды колдонуу мүмкүн болот деп болжолдонууда. Бул санарип сомду колдонуунун ар кандай учурларында колдонулушу мүмкүн, мисалы, санарип сомдорду алардын колдонулушун жана жүгүртүүдөгү кыймылын көзөмөлдөө үчүн белгилөөүстөргө боёо). Муну, мисалы, санарип сомду белгилүү бир максаттар, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн гана колдонууну чектөө үчүн да колдонсо болот (ар кандай социалдык төлөмдөр үчүн колдонулушу мүмкүн, ж.б.). Бул сунуштар «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен каралат. 

4. Санарип сом накталай жана накталай эмес сомдор менен катар колдонулуп, акчанын бардык функцияларын жүгүртүүөлөм) каражаты, нарктын өлчөмү жана сактоо каражаты болуп саналат. Улуттук валютанын үч формасы тең бирдей даражада болот накталай 1 сом накталай эмес 1 сомго, 1 санарип сом алардын ар бирине эквиваленттүү болот. Акча ээлери сомдорду бир формадан экинчи формага эркин которо алышат. Мындай операцияларга белгилүү бир чектөөлөр (лимиттер) белгилениши мүмкүн. 

5. Улуттук банк санарип сомду чыгарат жана санарип сомду колдонуу платформасын камсыздайт, ал эми акыркы төлөм жана башка кызматтар рыноктун катышуучулары, анын ичинде коммерциялык банктар тарабынан көрсөтүлөт. Акча каражаттарынын санарип капчыктарындагы калдыкка пайыздык кирешелер чегерилбейт. 

6. Санарип сомдун прототибин тестирлөө иштеринин алкагында смарт-контракттар боюнча кейстер, офлайн-төлөмдөрдү жүргүзүү (интернет жок болгон учурда) ж.б. иштер каралган. 

7. Санарип сом концепциясында санарип сомдун инфраструктуралык өнүгүүсү каралган. (P2P, B2G, G2B). 

8. Санарип идентификациялоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, аралыктан идентификациялоо, банк эсебин ачуу, электрондук капчык ж.б. сыяктуу талаптарга окшош жүргүзүлөт. 

9. Санарип сом платформасынын прототибин жана анын архитектурасын түзүүнүн алкагында төмөнкү ишке ашыруу варианттары каралды: 

- борборлоштурулган система; 

- бөлүштүрүлгөн реестрлердин негизинде борбордон ажыратылган тармак; 

- гибриддик архитектура бөлүштүрүлгөн реестрлердин элементтерин пайдалануу менен борборлоштурулган система. 

Гибриддик архитектураны санарип капчыктарда санарип сомдорду сактоого, тескөөгө, транзакцияларды жүргүзүүгө жана эсепке алууну жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү бөлүштүрүлгөн реестрлердин элементтери колдонулуучу борборлоштурулган санарип сом платформасын колдонуу сунушталат. Борбордук банктардын санарип валютасын түзүү жана андан ары ишке ашыруу финансы кызматтары рыногунун учурдагы инфраструктурасын сөзсүз түрдө кайталабаган инфраструктураны талап кылат. Борбордук банктардын санарип валютасын түзүү боюнча буга чейинки болгон ыкмалар, жок дегенде, транзакциялардын бирдиктүү реестринин жана тиешелүү жазуулардын болушу керек дегенди билдирет. Акча формасы же продукттар өзү өзгөртүлбөсө дагы, инфраструктура, анын ичинде мындай реестр өлкөнүн финансы системасы жана экономикасы үчүн анын базасында/негизинде жаңы продукттарды жана концепцияларды түзүүгө мүмкүндүк берген инновация болушу мүмкүн. 

2.  

Ведомстволор аралык жумушчу топтун курамына киргизүү үчүн кошумча талапкерлер боюнча Кыргыз Республикасынын министрликтеринен жана ведомстволорунан жана көз карандысыз эксперттерден сунуштар келип түшкөн. 

1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги. 

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы. 

3. Кыргыз Республикасынын Борбордук казыналыгы. 

4. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги. 

5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы. 

6. Көз карандысыз эксперт. 

1. 2024-жылдын 1-февралы. 

2. 2024-жылдын 9-февралы. 

3. 2024-жылдын 8-февралы. 

4. 2024-жылдын 31-январы. 

5. 2024-жылдын 27-январы. 

6. 2024-жылдын 4-февралы. 

АРВнын тизмесине кошумча координациялоочу жана кызыкдар мамлекеттик органдар катары киргизилген . 

3.  

Санарип сом прототибин сыноо үчүн тесттик сыноого катышуу. 

«Грин Телеком Сервис» ЖЧК 

2024-жылдын 8-февралы 

Эксперименталдык режимде санарип сомдун прототибин сыноо үчүн аянтчаны тандоонун жыйынтыгы боюнча төлөм системасынын катышуучулары тесттик сыноого чакырылат. 

4.  

Башка өлкөлөрдүн борбордук банктарынын санарип валюталары жаатындагы долбоорду ишке ашыруунун алкагында тажрыйба алмашуу боюнча консультациялык жардам көрсөтүү

VISA Inc эл аралык төлөм системасы 

2024-жылдын 13-февралы 

2024-жылдын 13-февралында жолугушуу онлайн режимде өттү

5.  

Борбордук банктардын башка санарип валюталары менен санарип сомдун өз ара аракеттенүүсүнө карата санарип сомду тесттик сыноодон өткөрүү боюнча сунуштар. 

Mastercard Inc эл аралык төлөм системасы 

2024-жылдын 6-февралы 

Жолугушуу онлайн режимде өттү