Кайта келүү


Кредиттер жөнүндө көп берилүүчү суроолор
  1. "Кредиттик таржымал" деген эмне?
    Кредиттик таржымал - кредиттик маалымат субъектисине карата кредиттик бюро тарабынан түзүлгөн кредиттик маалыматтардын жыйындысы.
    2. Кредиттик таржымал өзүнө төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
    1) кредиттик маалымат субъекттин идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү;
    2) кредиттик маалымат субъектинин кредиттик бүтүмдөрү жөнүндө, ошондой эле алардын аткарылышынын абалы жөнүндө;
    3) кредиттик маалымат субъектинин жарандык-укуктук келишим боюнча акчалай сумманы төлөө милдеттенмелери тууралуу;
    4) кредиттик таржымалды түзүү датасы жөнүндө, ошондой эле кредиттик таржымалды түзгөн кредиттик бюро жөнүндө.
  2. "Кредиттик каникул" алуу үчүн кайда кайрылуу зарыл?
    Кредитти төлөө жагында кыйынчылыктар жаралган учурда, карыз алуучу кредит алган финансы-кредит уюмуна кредиттик келишимдин шарттарын өзгөртүү өтүнүчү менен кайрылуусу зарыл.
  3. Финансы-кредит уюмдары бардык кардарларга-карыз алуучуларга карыздарын кийинкиге жылдырууга милдеттүүбү?
    Белгилей кетсек, төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу карыз алуучунун финансы-кредит уюмуна кайрылган учурда гана берилет. Төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруунун ар бир учурун финансы уюмдары карыз алуучунун финансылык мүмкүнчүлүктөрүн талдоо боюнча жеке негизде караштырат.
  4. Финансы-кредит уюмуна төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу өтүнүчү менен кандайча кайрылууга болот?
    Эгерде карыз алуучунун даттануусу болгон учурда, ар бир банкта тиешелүү Керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо жол-жобосу болуусун билүүгө тийиш. Карыз алуучу финансы-кредиттик уюмдун жооптуу кызматкеринен арыз берүүнүн тартиби жөнүндө маалыматты сурап алууга же банктын расмий сайтынан көрсөтүлгөн маалыматты тапса болот.
  5. Кепилдик деген эмне?
    Кепилдик - кредит боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоонун бир түрү.
  6. Банктан кредит алуу үчүн канча кепилдик берүүчү талап кылынат?
    Кредиттик келишим боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу үчүн ал боюнча кепилдик берүүчүлөрдүн саны түздөн-түз банк тарабынан аныкталат жана алынган кредиттин көлөмүнө, кепилдик берүүчүлөрдүн төлөө жөндөмдүүлүгүнө көз каранды болот.
  7. Кредиттик келишим боюнча кепилдик берүүчү үчүн кандай кесепеттер келип чыгышы мүмкүн?
    Кепилдик - жеке жактардын кредиттери боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуунун кеңири таралган ыкмаларынын бири болуп саналат. Кепилдик берүүчү менен банктын ортосундагы мамиле кепилдик келишими менен таризделет. Кепилдик берүүчү болуу чечимин кабыл алуу менен, жарандар, кепилдик келишимдерин түзгөнгө чейин эле, келип чыга турган тобокелдиктерди толугу менен түшүнүп, зарылчылык келип чыккан учурда, кредит боюнча төлөмдөрдү төлөп берүүгө жана аны кепилдик берүүчү болгон адамдын ордуна кредитти төлөөгө жана аны пайдалангандыгы үчүн пайыздардын ордун жабууга даяр экендигин так аныктап алышы керек. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 344-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, "Карызкордун кепилдик (гарантия) менен камсыздалган милдеттенмеси аткарылбаганда же тийиштүү түрдө аткарылбаганда, эгерде кепилдик келишими (гарантия) менен кепилдин субсидиардык жоопкерчилиги каралбаса, кепил (гарант) жана карызкор кредитордун алдында чогуу жооп берет".
    Ушундай түрдө, кепилдик берүүчү кредит алуучу менен бирдей негизде, кредитти жана аны пайдалангандыгы үчүн пайыздарды төлөп берүүнү камсыз кылууга, ошондой эле кредит алуучу тарабынан кредиттик келишими боюнча милдеттенмелер аткарылбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда кредит алуучунун карызды өндүрүү жана башка чыгымдарын сот чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттүү.
    Өз кезегинде, кредиттик келишим боюнча милдеттенмелерди аткарган кепилдик берүүчүлөр, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 346-беренесинин 1-пунктуна ылайык, карызкордон кредиторго төлөнүп берилген суммага проценттерди төлөп беришин жана карызкор үчүн жоопкерчиликке байланыштуу тарткан башка чыгымдарынын ордун толтурууну да талап кылууга укуктуу.
  8. Кепилдик келишими кандай учурларда бузулушу (жокко чыгышы) мүмкүн?
    Кепилдикти токтотууга негиздердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 348-беренеси менен жөнгө салынган:
    1. Кепилдик өзү камсыздаган милдеттенменин токтотулушу, ошондой эле кепилдин макулдугусуз анын жоопкерчилигин жогорулатуу же кепил үчүн ыңгайсыз натыйжага алып келүү менен кепилдик өзгөртүлгөн учурда токтотулат.
    2. Эгерде кепил жаңы карызкор үчүн жооп берүүгө макулдук бербесе, кепилдик менен камсыздалган милдеттенме боюнча карыздын башка жакка өтүшү менен кепилдик токтотулат. 3. Эгерде кепилдик менен камсыз кылынган милдеттенменин аткаруу мөөнөтү келген учурда кредитор карызкор же кепил тарабынан сунуш кылынган милдеттенменин тийиштүү түрдө аткарылышынан баш тартса кепилдик токтотулат.
    4. Кепилдик келишиминде көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин кепилдик токтотулат. Эгерде мындай мөөнөт белгиленбесе, кредитор кепилдик менен камсыздалган милдеттенменин аткаруу мөөнөтү келген күндөн тартып бир жыл ичинде кепилге карата доо койбосо, кепилдик токтотулат. Эгерде кредитор кепилдик келишими түзүлгөн күндөн тартып эки жыл ичинде кепилге доо койбосо, негизги милдеттенменин аткаруу мөөнөтү көрсөтүлбөгөн жана аны аныктоо мүмкүн болбогондо же талап кылуу учурунда аныкталганда, кепилдик токтотулат.
Төлөм карталары боюнча суроолор
  1. Төлөм картамды жоготуп алсам эмне кылышым керек?
    Эгерде сиз картаңызды жоготуп алсаңыз, анын аракетин токтотуу үчүн картаны чыгарган банкка дароо кабарлашыңыз керек. Бул учурда, карта боюнча кандай гана операциялар болбосун бөгөттөлүп, сиз үчүн жагымсыз жагдайды эч ким жасай албайт. Карта жоголгон/уурдалган же картага доо кеткен учурда тез арада банкка телефон аркылуу байланышып, арыз жазуу керек. Эгер келишимде башкасы каралбаса, жазуу жүзүндөгү арыз берген учурдан тартып гана банк сиздин картадагы акчаңыздын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.
Банк карталары менен жасалган алдамчылык
  1. Банк карталары менен онлайн алдамчылык аракеттери

    Эгер сиз товарды онлайн сатып алууну же сатууну чечсеңиз, сак болуңуз - шылуундар көбүнчө сатып алуучулардын же сатуучулардын ролун ойношот. Сиздин товарга өтө кызыкдар сатып алуучу пайда болуп, ал сиздин эсебиңизге аванс которууга даяр жана сизден картанын номерин же телефон номерин гана эмес, картанын аутентификация кодун да сурайт (арт жагында үч сан, мисалы, CVV же CVC). Бул ыкма сизге эскертме болушу зарыл - акча которуу үчүн картанын номерин гана билүү жетиштүү.

  2. Кыянатчыларга сиздин картаңыз тууралуу кандай маалыматтар керек?

    Аларга сиздин картаңыздын реквизиттери керек: картанын номери, аты жана ээсинин фамилиясы, жарактуулук мөөнөтү, картанын аныктыгынын кодун текшерүү (арт жагындагы үч сан, мисалы, CVV же CVC), ПИН-код. Ошондой эле, мындай код аркылуу төлөмдөрдү ырастоо керек болгон сайттарда төлөмдөрдү жана которууларды тастыктоо үчүн смс аркылуу келген код. Кылмышкерлер өздөрүнө керектүү маалыматты таап алган учурда, эсепке кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, андагы акчанын баарын чыгарып алышат.

  3. Акчаңызды шылуундардан кантип коргосо болот?
    Эгерде кардар өзү кылмышкерлерге ачыкка чыкпай турган жашыруун маалыматтарды айтса, банк аркылуу акчаны кайтарып берүү мүмкүн болбой калат. Ошондуктан, алдамчылардын айла-амалдарына алдырбоо жана акчадан кол жууп калбоо үчүн коопсуздуктун негизги эрежелерин сакташыңыз керек:
    1) Ар дайым расмий банктын номерин териңиз. Бул картанын арткы бетинде жана банктын расмий сайтында көрсөтүлгөн;
    2) Белгисиз номерлерге кайра чалбаңыз же СМС жөнөтпөңүз, "банктан" деген билдирүүлөрдөн шилтемелерге кирүүгө шашылбаңыз. Кандайдыр бир түшүнүксүз кырдаалда банктын расмий номерине чалып, маалыматты оператордон тактаңыз;
    3) Эгерде, Банктан чалып калса, чалган адамдын аты-жөнүн жана кызмат ордун тактап сурап, ага өзүңүз кайра чалаарыңызды айтыңыз. Телефонду коюп, уюмдун расмий телефон номерине же банктын ишеним телефонуна чалыңыз. Номерди ар бирин кол менен терип чыгуу зарыл;
    4) Эч бир себеп менен, эч кимге жеке маалыматтарды, картанын реквизиттерин жана жашыруун маалыматты бербеңиз: картанын артындагы CVC/CVV кодун, СМС коддорун жана ПИН коддорду. Сиз банктын ишеним телефонуна өзүңүз чалган убакта гана коддун сөзүн кабарласаңыз болот;
    5) Сиздин электрондук капчык тиркемеси жүктөлгөн телефонуңуз уурдалып кетсе, дароо банкка кабарлап, капчыкты блокко койдуруңуз;
    6) Ар дайым жүргүзгөн оперияларыңызды банктан алынган көчүрмө аркылуу текшерип туруңуз. Эгерде, сиз жасабаган операциялар аныкталып калса, анда тез арада банкка билдирип, кырдаалды жөнгө салуу өтүнүчү менен кайрылыңыз;
    7) Эгерде Сизге Улуттук банктын "корголгон" же "атайын" эсебине акча которуу өтүнүчү же талап менен чалып жатышса же кредит алуу жөнүндө сунуштар болсо, эсеп боюнча эч кандай аракеттерди жасабаңыз. Улуттук банк эсеп ачпайт жана жарандар менен иштешпейт.  
  4. Эгерде болбой эле алдамчылыкка дуушар болсоңуз, эмне кылуу керек?

    Эгерде сиздин банктык картаңыздан акча күтүлбөгөн жерден чыгарылса: Мүмкүн болушунча тезирээк банкка чалыңыз (номер картанын арткы бетинде көрсөтүлгөн), алдамчылык операциялары жөнүндө кабарлаңыз жана картаны блокко койдуруңуз. Банктын филиалына кайрылып, эсептин көчүрмөсүн сураңыз. Операцияга макул эместигиңиз жөнүндө арыз жазыңыз. Банктын кабыл алуу белгиси менен арыздын көчүрмөсүн сактаңыз. Уурулук тууралуу билдирүү үчүн укук коргоо органдарына кайрылыңыз.

  5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эмне кыла алат?

    Жарандар Улуттук банкка финансылык уюмдардын ишмердүүлүгү боюнча суроолор менен жана укуктарынын бузулушу боюнча даттануулары менен кайрыла алышат. Улуттук банк финансы кызматтарын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча иш алып барууда. Эгерде сиз финансы рынокторунда алдамчылыктын курмандыгы болуп калсаңыз, анда финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүнүн арызы боюнча жөнгө салуучу текшерүү жүргүзөт жана зарыл болгон учурда көзөмөлдөө чараларын көрөт. Улуттук банк туруктуу негизде финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрүн этият болууга жана алдамчылык операцияларга туш болуп калбоого чакыраарын белгилейбиз.

Лицензиялоо жөнүндө көп берилүүчү суроолор
  1. Төлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун лицензияларын кантип алса болот?
    Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) токтому менен бекитилген Улуттук банктын "Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө" жобосуна ылайык, (мындан ары - Лицензиялоо жөнүндө жобо), төмөнкү документтердин мамлекеттик же расмий тилдеги бирден нускасын Улуттук банкка тапшырууга тийиш: - өзүнүн иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизделген төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтарды сунуштоо ишин жүзөгө ашырууга лицензия алуу үчүн өтүнүч ээси Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштайт:
    1) ушул Жобого карата 1-тиркемеде белгиленген форма боюнча түзүлгөн, өтүнүч ээсинин жетекчисинин кол тамгасы коюлган лицензия берүү жөнүндө арыз;
    2) уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү: арыз ээсинин жетекчисинин/башка ыйгарым укуктуу адамынын кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн устав жана уюштуруу келишими (бирден көп уюштуруучу (акционер/катышуучу) болгон учурда)), ошондой эле мамлекеттик каттоодон/кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн, юридикалык жакты түзүү, уставдык капиталдын өлчөмү, байкоо (болгон учурда) жана башкаруунун аткаруу органдарын шайлоо жөнүндө чечимдин көчүрмөлөрү;
    3) акционерлер (уюштуруучулар)/катышуучу-юридикалык жактардын документтеринин көчүрмөлөрү: юридикалык жактын жетекчисинин/башка ыйгарым укуктуу адамынын кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү/кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн, ошондой эле акыркы отчеттук датага карата түзүлүп, салык органына тапшырылган финансылык отчеттун көчүрмөлөрү;
    4) тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен уюштуруучулардын (акционерлердин/катышуучулардын) уставдык капитал түзүүгө багытталган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар;
    5) ушул Жобого карата 2, 3 жана 4-тиркемелерге ылайык толтурулган жана башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрү жана уюштуруучулары (акционерлери /катышуучулары) тарабынан кол коюлган анкеталар, же болбосо анкеталардын түп нускасын кийин жөнөтүү менен анын сканерден өткөрүлгөн көчүрмөлөрү, ага төмөнкүлөр тиркелет;
    - ушул Жобонун 3-бөлүгүнө ылайык, арыз ээсинин кызмат адамдарынын белгиленген талаптарга шайкештигин тастыктоочу документтер;
    - ушул Жобонун 40-пунктунда кызмат адамдары үчүн каралган документтер;
    6) арыз ээсинин аффилирленген жана байланыштуу жактары жөнүндө маалымат (жеке адамдын аты-жөнү, юридикалык жактын аталышы, уюштуруу жана башка тастыктоочу документтер);
    7) кеминде төмөнкүлөр камтылган бизнес-план:
    - операцияларды ишке ашырууда алдыга коюлган максаттарды аныктоо;
    - иштин технологиясын жана шифрлөө алгоритмин;
    - кеминде 3 (үч) жылга мындай операциялардын ишке ашыруудан күтүлгөн экономикалык натыйжаларды болжолдуу эсептөөлөр;
    8) товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын пайдасына калктан жана өз агенттеринен түшкөн акча каражаттарын сактоо жана пайдалануу максатында банкта эсептешүү эсебин ачууга түзүлгөн келишимдин, ошондой эле өтүнүч ээсинин чарба иши үчүн өзүнчө эсептин көчүрмөсү;
    9) коммерциялык банк/төлөм уюму менен техникалык платформаларды колдонууга киргизүү жана чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр боюнча финансылык өз ара эсептешүүнү жүргүзүү чөйрөсүндө алдын ала түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү (өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактар-Кыргыз Республикасынын резидент эместеринин пайдасына кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтарды сунуштай турган арыз ээси үчүн);
    10) ушул Жобонун 10 же 11 жана 12-пункттарына ылайык (кызмат көрсөтүүлөргө жараша) уставдык капитал катары акча каражаттарынын салынгандыгын тастыктаган документ;
    11) арыз ээсинин төмөнкүлөр каралган ички документтеринин көчүрмөлөрү, төлөм уюмунун иштөө эрежелери:
    агенттерди/субагенттерди, аралыкта орнотулуучу жабдууларды туташтыруу тартиби;
    - инкассациялоо тартиби;
    - кине коюу боюнча иш алып баруу тартиби;
    - кардарларга акча каражаттарын кайтаруу тартиби;
    - агенттер/субагенттер жана төлөм терминалдары аркылуу өтүүчү акча каражаттардын жылуу тартиби;
    - штаттан тышкаркы жагдайлар келип чыккан учурда иш алып баруу тартиби;
    - кардарларды террористтик жана экстремисттик ишке же массалык жок кылуу куралдарын таркатууга катыштыгы бар катары таанылган адамдардын эл аралык жана улуттук тизмеги боюнча текшерүү жагында жөнөтүүчүлөрдүн жана алуучулардын маалым каттарын тескөө механизмдерин кылдат чагылдыруу;
    - тараптардын жана алардын катышуучуларынын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги. Документтер көктөлүп, номер коюлуп жана ага жетекчинин жана/же ыйгарым укуктуу адамдын кол тамгасы коюлуп, мөөрү менен тастыкталууга тийиш;
    12) арыз ээсинин атынан анын өкүлү ишеним каттын негизинде иш алып барган учурда, лицензияны алууга анын өкүлүнө берилген, жетекчисинин же болбосо уюштуруу документтерине ылайык ыйгарым укуктуу башка адамдын кол тамгасы жана ошол уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн ишеним кат;
    13) Кыргыз Республикасынын резиденти/резидент эмеси болуп саналган жеке адамдын-өтүнүч ээсинин (акционердин/катышуучунун) уюштуруучусунун төмөнкү документтеринин көчүрмөлөрү:
    - паспортунун көчүрмөсү (резидент - ID-паспортунун көчүрмөсүн, резидент эмес - чет мамлекеттин жаранынын паспортунун көчүрмөсүн);
    - салык боюнча карызы жок экендиги жөнүндө маалым каттар жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган формада документтерди берүү датасына карата кирешелер, социалдык чегерүүлөр жөнүндө декларациянын көчүрмөсү; резидент эмес-жеке адам ал жараны болуп саналган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык ушул сыяктуу документтерди сунуштоосу зарыл;
    - тастыктоочу документтерди жана кредиттик карызы жок экендиги жөнүндө документтерди кошо тиркөө менен уставдык капитал түзүүгө багытталган уюштуруучунун (акционердин/катышуучунун) акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар (банктан жыйымдары жөнүндө маалым кат, иштеген жеринен - кирешеси жөнүндө маалым кат; дивиденддер жөнүндө маалым кат же киреше алуусун жана уставдык капиталды түзүүгө/көбөйтүүгө, акцияларды сатып алууга же үлүшкө катышууга багытталуучу каражаттар бар экендигин тастыктаган башка документтер);
    14) аппараттык-программалык комплексти орнотуу жана өндүрүштүк колдонууга киргизүү актысы.
    - Үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү кызматтарын сунуштоо ишин жүзөгө ашырууга лицензия алуу үчүн арыз ээси Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштайт:
    1) ушул Жобого карата 1-тиркемеде белгиленген форма боюнча түзүлгөн, өтүнүч ээсинин жетекчисинин кол тамгасы коюлган лицензия берүү жөнүндө өтүнүч кат;
    2) уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү: арыз ээсинин жетекчисинин/башка ыйгарым укуктуу адамынын кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн устав жана уюштуруу келишими (бирден көп уюштуруучу (акционер/катышуучу) болгон учурда)), ошондой эле мамлекеттик каттоодон/кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн, юридикалык жакты түзүү, уставдык капиталдын өлчөмү, байкоо (болгон учурда) жана башкаруунун аткаруу органдарын шайлоо жөнүндө чечимдин көчүрмөлөрү;
    3) акционерлер (уюштуруучулар)/катышуучу-юридикалык жактардын документтеринин көчүрмөлөрү: юридикалык жактын жетекчисинин/башка ыйгарым укуктуу адамынын кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн, ошондой эле акыркы отчеттук датага карата түзүлүп, салык органына тапшырылган финансылык отчеттун көчүрмөлөрү;
    4) тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен уюштуруучулардын (акционерлердин/катышуучулардын) уставдык капитал түзүүгө багытталган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар;
    5) ушул Жобого карата 2, 3 жана 4-тиркемелерге ылайык толтурулган жана башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрү жана уюштуруучулары (акционерлери /катышуучулары) тарабынан кол коюлган анкеталар же болбосо анкеталардын түп нускасын кийин жөнөтүү менен анын сканерден өткөрүлгөн көчүрмөлөрү, мында төмөнкүлөр тиркелет;
    - ушул Жобонун 3-бөлүгүнө ылайык, өтүнүч ээсинин кызмат адамдарынын белгиленген талаптарга шайкештигин тастыктоочу документтер;
    - ушул Жобонун 40-пунктунда кызмат адамдары үчүн каралган документтер;
    6) арыз ээсинин аффилирленген жана байланыштуу жактары жөнүндө маалымат (жеке адамдын аты-жөнү, юридикалык жактын аталышы, уюштуруу жана башка тастыктоочу документтер);
    7) кеминде төмөнкүлөр камтылган бизнес-план:
    - операцияларды ишке ашырууда алдыга коюлган максаттарды аныктоо;
    - иштөө технологиясы жана шифрлөө алгоритми;
    - кеминде 3 (үч) жылга мындай операцияларды ишке ашыруудан күтүлгөн экономикалык натыйжаларды болжолдуу эсептөөлөр;
    8) чарбалык иш каражаттарын сактоо жана пайдалануу үчүн коммерциялык банкта эсептешүү эсебин ачууга түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү;
    9) ушул жобонун 10-пунктуна ылайык уставдык капитал катары акча каражаттары салынгандыгын тастыктаган документ;
    10) кеминде төмөнкүлөр камтылган төлөм системасында финансылык мониторинг жүргүзүү тартибин жөнгө салган ички документтердин көчүрмөсү:
    - финансылык мониторинг максаты жана милдеттери;
    - финансылык мониторинг жүргүзүү принциптери;
    - мониторинг системасын түзүүчү элементтердин топтому;
    - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдоо эрежелери;
    11) төлөм системасынын иштөө эрежелеринин көчүрмөсү, алар кеминде төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
    - төлөм системасынын архитектурасын жана анын иш схемасын кеңири чагылдыруу;
    - төлөм системасына кирүү жана андан чыгуу тартиби, шарттары жана жол-жоболору;
    - катышуучуну төлөм системасына туташтыруу тартиби;
    - процессинг жана акыркы эсептешүүнү жүргүзүү тартиби;
    - жаңылыш төлөмдөрдү жокко чыгаруу жана кайтаруу тартиби;
    - кине коюу боюнча иштерди жүргүзүү тартиби;
    - төлөм системасынын катышуулары тарабынан өз иши жөнүндө маалыматтарды төлөм системасынын операторуна берүү тартиби;
    - тобокелдиктерди тескөө боюнча колдонулган моделди кошо алганда, төлөм системасында тобокелдиктерди тескөө системасы, тобокелдиктерди тескөө иш-чараларынын жана ыкмаларынын тизмеги, ички контролдук системасын жана ички аудит кызматынын иши, эгерде болсо;
    - маалыматты коргоо талаптары;
    - талаш маселелерди чечүү тартиби;
    - системада штаттан тышкаркы жагдай келип чыккан шартта, катышуучулардын иш алып баруу тартиби;
    - төлөм системасынын операторунун жана катышуучулардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери;
    - кардарларды террористтик жана экстремисттик ишке же массалык жок кылуу куралдарын таркатууга катыштыгы бар катары таанылган адамдардын эл аралык жана улуттук тизмеги боюнча текшерүү жагында жөнөтүүчүлөрдүн жана алуучулардын маалым каттарын тескөө механизмдерин кылдат чагылдыруу. Төлөм системасынын иштөө эрежелери көктөлүп, номер коюлуп жана ага жетекчинин/ыйгарым укуктуу адамдын кол тамгасы коюлуп, өтүнүч ээсинин мөөрү менен тастыкталууга тийиш;
    12) аппараттык-программалык комплексти (мындан ары - АПК) орнотуу жана өндүрүштүк колдонууга киргизүү актысы;
    13) кеминде төмөнкүлөр камтылган АПКнын автоматташтырылган маалымат системаларынын жана компоненттеринин паспорттору:
    - жалпы мүнөздөмө (багыты, колдонууга киргизүү датасы ж.б.);
    - системанын конфигурациясын (аппараттык бөлүгү, программалык камсыздоо/системалык, колдонмо/маалымат базасын башкаруу системалары, диск бөлүктөрүнүн көлөмү, резервдик көчүрмөлөө картасы ж.б.);
    - системаны калыбына келтирүү регламентин кошо алганда, системаны колдонууга киргизүүдө колдонулуучу ченемдик документтердин тизмеги (жоболор, регламенттер ж.б.);
    - жабдуунун жана окшош системалардын өз ара иштөө схемасы (топология);
    14) арыз ээсинин АПК орнотулган жайга менчик же ижара укугу белгиленген документтин көчүрмөсү. АПК жайгаштырылуучу менчик же ижарага алынган жай Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) токтому менен бекитилген "Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө" жобого ылайык техникалык жактан чыңдоо жана жабдуу талаптарына жооп берүүгө тийиш. Эгерде төлөм системасынын оператору АПКны жайгаштыруу үчүн:
    - менчик жайын колдонсо, ошол жайга менчик укугун тастыктаган документтерди сунуштоого тийиш;
    - жай ижарага алынса, жайдын техникалык мүнөздөмөсүн көрсөтүү менен ижара келишимин сунуштоо зарыл. Ижара келишими 1 (бир) жылдан кем эмес мөөнөткө түзүлүүгө тийиш;
    - жай субижарага алынса, субижара келишимине карата жайды субижарага берүү укугу жана мөөнөтү көрсөтүлгөн, ижарачы менен ижарага берүү ортосунда түзүлгөн ижара келишими (негизги келишим) тиркелүүгө тийиш;
    15) лицензияланган уюмдун программалык камсыздоосу менен ачык интерфейс (API) колдоого алынгандыгын тастыктаган документтин көчүрмөсү жана Улуттук банк тарабынан операциялык шайкештикти жана системалар ортосунда өз ара иш алып барууну камсыз кылуу үчүн аныкталган бирдиктүү эсептешүү борборуна (болгон болсо) аралашуу мүмкүнчүлүгү/аралашуусу;
    16) электрондук акчанын эсебин жүргүзүү боюнча эсептешүү эсебин ачуу тууралуу коммерциялык банк менен алдын ала түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү (процессинг жана электрондук акчаларды жайылтуу боюнча кызматтарды сунуштоону пландаштырган арыз ээси үчүн);
    17) электрондук акча эмитенти менен электрондук акча чыгарууга/жайылтууга алдын ала түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү (процессинг жана электрондук акчаларды жайылтуу боюнча кызматтарды сунуштоону пландаштырган арыз ээси үчүн);
    18) арыз ээсинин атынан анын өкүлү ишеним каттын негизинде иш алып барган учурда, лицензияны алууга анын өкүлүнө берилген, жетекчисинин же болбосо уюштуруу документтерине ылайык ыйгарым укуктуу башка адамдын кол тамгасы жана ошол уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн ишеним кат;
    19) резидент/резидент эмес уюштуруучунун (акционердин/катышуучунун) - жеке адамдын төмөнкү документтеринин көчүрмөлөрү:
    - паспортунун көчүрмөсү (резидент үчүн - ID-паспортунун көчүрмөсүн, резидент эмес - чет мамлекеттин жаранынын паспорт көчүрмөсүн);
    - салык боюнча карызы жок экендиги жөнүндө маалым каттар жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган формада документтерди берүү датасына карата кирешелер, социалдык чегерүүлөр жөнүндө декларациянын көчүрмөсү; резидент эмес-жеке адам жараны болуп саналган өлкөсүнүн мыйзамдарына ылайык ушул сыяктуу документтерди сунуштоосу зарыл;
    - тастыктоочу документтерди жана кредиттик карызы жок экендиги жөнүндө документтерди кошо тиркөө менен уставдык капитал түзүүгө багытталган уюштуруучунун (акционердин/катышуучунун) акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар (банктан жыйымдары жөнүндө маалым кат, иштеген жеринен - кирешелери жөнүндө маалым кат; дивиденддер жөнүндө маалым кат же киреше алуусун жана уставдык капиталды түзүүгө/көбөйтүүгө, акцияларды сатып алууга же үлүшкө катышууга багытталуучу каражаттар бар экендигин тастыктаган башка документтер).
    Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун ишин жүзөгө ашырууга Улуттук банк тарабынан лицензия берүүнүн тартибин аныктоочу талаптар менен кененирээк таанышуу үчүн "Төлөм уюмдарынын жана төлөм системасынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө" жобо Улуттук банктын расмий сайтынын "Банк жөнүндө/Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары/Төлөм системасы" бөлүмүндө жайгаштырылган.
  2. Төлөм системасынын оператору жана/же төлөм уюмунун лицензияларынын жарактуулук мөөнөтү кандай жана канча турат?

    Улуттук банк тарабынан берилүүчү лицензия мөөнөтсүз, ажыратып алынгыс болуп саналат жана аны үчүнчү жактарга берүүгө болбойт. Төлөм уюмунун жана төлөм системасынын операторунун лицензиясы үчүн төлөнүүчү мамлекеттик алымдын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.

  3. Кредиттик бюрону ким ача алат?

    Жеке жана юридикалык жактар. Кредиттик бюронун уставдык капиталына бир кредиттик маалыматтын пайдалануучусунун катышуусу 10 пайыздан ашпоого тийиш.

  4. Кредиттик бюрого лицензия алуу үчүн кандай документтер талап кылынат?

    1) лицензия берүү тууралуу өтүнүч кат;
    2) кредиттик бюронун уюштуруучуларынын жалпы жыйынында толтурулган протокол (эки нускада), анда төмөнкү чечимдер камтылат:
    - кредиттик бюрону уюштуруу жөнүндө;
    - башкаруунун байкоо жана аткаруу органдарынын жетекчисин жана мүчөлөрүн шайлоо/дайындоо жөнүндө;
    - кредиттик бюронун уюштуруу түзүмү жөнүндө (башкаруу органдары, түзүмдүк бөлүмдөрү (башкармалык, бөлүмдөр), алардын функционалдык милдеттери, каралуучу маселелердин чөйрөсү, караштуулугу);
    - кредиттик бюронун жайгашкан ордун аныктоо жөнүндө (почта дареги);
    - уставдык капитал өлчөмүн аныктоо, уюштуруучулардын уставдык капиталга салымдарды төлөө ыкмалары жана өлчөмдөрү жөнүндө;
    3) кредиттик бюрону түзүү чечими (бир гана уюштуруучу болсо), уюштуруу келишими (бирден көп уюштуруучу болсо) (эки нускада);

    4) кредиттик бюронун уставы (эки нускада);
    5) кредиттик бюронун уюштуруучулары тууралуу маалымат;
    6) белгиленген үлгүдөгү кредиттик бюронун жетекчисинин анкетасы жана анын Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга ылайык келишин тастыктаган маалыматтар, ошондой эле кредиттик бюронун кызмат адамдарынын тизмеси.
    7) кредиттик маалыматты санкциясыз пайдалануудан, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, пайдалануудан жана ачыкка чыгарылышынан коргоону камсыз кылган программалык-техникалык комплекстин параметрлери жана жайгаштырылышы Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык келишин тастыктаган документтер;
    8) кредиттик бюронун уставдык капиталынын түзүлгөндүгүн тастыктаган коммерциялык банктын документи;
    9) жеке жактардын жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдугу.

  5. Кредиттик бюронун жайларына кандай талаптар коюлат?

    1) кредиттик бюрого кайрылган жактарды тейлөө жайына ээ болууга;
    2) кредиттик таржымалдын сакталышын жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында, кредиттик бюронун бардык жайлары техникалык коопсуздук каражаттары менен жабдылууга;
    3) кредиттик бюро менен анын филиалдары ортосунда компьютердик түйүн аркылуу байланышуу мүмкүнчүлүгү болууга;
    4) кредиттик бюро менен анын филиалдарынын жайларында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын же түзүлгөн келишимдин негизинде кредиттик бюро тарабынан тандалып алынган күзөт кызматынын борборлоштурулган байкоо пультуна туташтырылган, өрттү алдын алуу каражаттарына жана техникалык күзөт каражаттарына ээ болууга;
    5) кредиттик бюро менен анын филиалдарынын жайларына карата кошумча талаптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилениши мүмкүн.

  6. Кредиттик союзду ким ача алат?

    1) ишинин же кесибинин мүнөзү боюнча жакын же иш берүүчүсү бир болгон; же
    2) бир же жакын жайгашкан калктуу бир нече же бир райондо жашаган Кыргыз Республикасынын жеке жактары - резиденттери.

  7. Кредиттик союзга лицензия алуу үчүн кандай документтер талап кылынат?

    1) лицензия берүүгө өтүнүч кат;
    2) төмөнкү чечимдер камтылган кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйында толтурулган протоколу (эки нускада):
    а) кредиттик союзду түзүү жөнүндө;
    б) Башкарманын, Байкоо кеңешинин (болгон шартта), Кредиттик комитеттин, Ревизиялык комиссиянын төрагаларын шайлоо/дайындоо жөнүндө;
    в) Шариат кеңешинин төрагасын жана мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө (эгерде кредиттик союз өз ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууга ниеттенген болсо);
    г) кредиттик саясатты/ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо боюнча саясатты бекитүү тууралуу;
    д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелер боюнча;
    3) кредиттик союзду түзүү жөнүндө уюштуруу келишими (эки нускада);
    4) кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйынында бекитилген уставы (эки нускада);
    5) белгиленген үлгүдөгү форма жана талаптар боюнча кызмат адамдарынын (башкарманын төрагасынын, байкоо кеңешинин (эгерде болсо) төрагасынын анкеталары (эгерде кредиттик союз ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ишти жүзөгө ашырууга ниеттенип жатса, Шариат кеңешинин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн анкетасы да берилет), ошондой эле маалымат жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга алардын дал келүүсүн тастыктоочу документтер (сертификаттар жана/же башка ушул сыяктуу документтер, дипломдун көчүрмөлөрү, зарылчылыкка жараша - эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү);
    6) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан, кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйынында бекитилген жана төмөнкүлөрдү камтыган кредиттик саясат/ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо боюнча саясат (кредиттөө/каржылоо боюнча колдонмо):
    - кредит/каржылоо алууга документтерди карыз алуучу тарабынан сунуштоо эрежелери жана тартиби;
    - кредит берүү/каржылоо шарттары жана эрежелери;
    - кредиттик комитеттин/каржылоо боюнча комитеттин функциялары жана ыйгарым укуктары;
    - кредиттик операциялар/каржылоо операциялары боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резерв түзүү эрежелери;
    - кредиттерге/каржылоого мониторинг жүргүзүү тартиби;
    7) тартылган сактык пайлардын көлөмү, кредит/каржылоо көлөмү жана кредиттик союздун катышуучуларынын саны боюнча болжолдуу балансты келтирүү менен болжолдуу эсептөөлөр;
    8) кредиттик союздун катышуучуларынын жана кызмат адамдарынын паспортторунун көчүрмөлөрү;
    9) кредиттик союздун катышуучулары - юридикалык жактар тууралуу маалыматтар (ошол юридикалык жактардын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү);
    10) кредиттик союздун жалпы уюштуруу түзүмү тууралуу маалыматтар (башкаруу органдары, түзүмдүк бөлүмдөр (башкармалыктар, бөлүмдөр), алардын функционалдык милдеттери, кароого алынып жаткан маселелер чөйрөсү же алар жүргүзүүгө ыйгарым укук чегерилген операциялар тизмеси, кимге караштуулугу;
    11) жайды ижарага алуу келишими же ээлеп турган жайга менчик укугун тастыктаган документ (кредиттик союздун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү);
    12) жеке жактардын жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдугу.

  8. Микрофинансылык компанияны кимдер ача алат жана уставдык капиталга кандай талаптар коюлат?

    Жеке жана юридикалык жактар - Кыргыз Республикасынын резиденттери же резидент эместери аны контролдогон, анын контролундагы кандай болбосун башка юридикалык жактын үлүшү менен чогуу алгандагы же аны менен бирге жалпы контролдо турган юридикалык жактын үлүшү микрофинансылык компаниянын добуш берүүчү акцияларынын 20 пайызынан ашпаган шартта микрофинансылык компаниясынын уюштуруучулары жана акционерлери боло алышат. Көрсөтүлгөн чектөөлөр банк жана/же финансы ишин жүргүзгөн юридикалык жактарга, ошондой эле Улуттук банктын талаптарына ылайык келгенде, чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмга жайылтылбайт. Уставдык капиталдын минималдык өлчөмү:
    - 50 млн сом (2023-жылдын 1-июлунан тартып 300 млн сом);
    - аманаттарды тартуучу МФК үчүн 100 млн (2023-жылдын 1-июлунан тартып 600 млн сом).

  9. Микрофинансы компаниясына лицензия алуу үчүн кандай документтер талап кылынат?

    1) Директорлор кеңешинин төрагасынын же уюштуруучу тарабынан (бир уюштуруучу болгон шартта) же уюштуруучулардын жалпы жыйынында ыйгарым укук чегерилген башка адамдын кол тамгасы коюлган, лицензия берүү жөнүндө өтүнүч кат;
    2) МФКны түзүү, уставды бекитүү, МФКнын кызмат адамдарын дайындоо/шайлоо жөнүндө чечим (бир уюштуруучу болгон шартта) же уюштуруучулардын жалпы жыйынынан толтурулган протокол (эки нускада);
    3) уюштуруу келишими (уюштуруучулардын саны бирден ашык болсо) (эки нускада);
    4) МФКнын уставы (эки нускада);
    5) акционерлердин анкеталары кошо тиркелген МФКнын акционерлери тууралуу маалыматтар;
    6) бизнес-план;
    7) МФКнын жалпы уюштуруу түзүмү (башкаруу органдары, түзүмдүк бөлүмдөрү (башкармалыктар, бөлүмдөр), алардын функционалдык милдеттери, кароого алынуучу маселелер чөйрөсү же алар жүзөгө ашырууга ыйгарым укук чегерилген операциялардын тизмеси, караштуулугу) жөнүндө маалымат;
    8) кызмат адамдарынын Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келишин тастыктаган маалыматтар (документтер) жана анкеталар;
    9) МФКнын уюштуруучулары тарабынан жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу операцияларын ишке ашырбаган МФКлар үчүн Улуттук банк тарабынан белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнүн 2% ашкан суммада салынган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар;
    10) МФК жайынын (жайларынын) техникалык жактан бекемделиши жана жабдылышы боюнча талаптарга ылайык келүүсү тууралуу ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлгөн акт;
    11) жеке жактардын жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдугу.

  10. Акча алмаштыруучу бюро деген эмне жана акча алмаштыруучу бюрону ким ача алат?

    "Алмашуу бюросу" - бул Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясына ылайык жүзөгө ашырылган нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү үчүн юридикалык жак тарабынан түзүлгөн атайын жабдылган пункт. Алмашуу пункттарын юридикалык жактар ача алышат.

  11. Акча алмаштыруу бюросуна лицензия алуу үчүн кандай документтер керек?

    1) нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүгө лицензия берүү жөнүндө өтүнүч кат;
    2) алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын келип чыгуу булактары жөнүндө маалыматтар;
    3) арыз ээсинин мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
    4) уюштуруу документтери (мында, өтүнүч ээсинин уставында Улуттук банктын лицензиясына ылайык нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүзөгө ашыруу укугу көрсөтүлүүгө тийиш);
    5) юридикалык жак-арыз ээсинин ыйгарым укуктуу башкаруу органынын алмашуу бюросун ачуу жана алмашуу бюросунун жүгүртүүдөгү каражаттарын толуктоо жөнүндө уюштуруучунун каражатын киргизүү жөнүндө чечими;
    6) алмашуу бюросунун жетекчисин дайындоо жөнүндө чечим;
    7) юридикалык жактын жетекчисин дайындоо жөнүндө чечим;
    8) арыз ээсинин (юридикалык жак) коммерциялык банктагы эсебинде улуттук валютада жүгүртүү акча каражаттарынын бар экендигин тастыктаган коммерциялык банктан маалым кат (маалым кат документтер берилген күнгө чейин 14 календардык күндөн эрте эмес берилүүгө тийиш);
    9) арыз ээсинин мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, алмашуу бюросу жайгашкан жерди идентификациялоого мүмкүндүк берген маалыматтар камтылган ижара келишиминин же алмашуу бюросу жайгашкан жайга менчик укугун тастыктаган укук белгилөөчү документтердин көчүрмөлөрү;
    10) нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүдө террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоо эрежелеринин сакталышы үчүн жоопкерчиликтүү кызмат адамын дайындоо жөнүндө буйрук.
    11) юридикалык жак-арыз ээсинин уюштуруучусунун/катышуучусунун жана алмашуу бюросунун жетекчисинин паспортунун көчүрмөсү;
    12) алмашуу бюросунун отчет берүүнү жөнгө салуучу ички жол-жобосу жана кассалык операцияларды жүргүзүү тартиби;
    13) жеке жактардын жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдугу.

  12. Алмашуу бюросунун лицензиясынын жарактуулук мөөнөтү кандай жана баасы канча?

    Алмашуу бюросунун лицензиясынын мөөнөтү - 5 жыл. Лицензия үчүн 1000 сом өлчөмүндө мамлекеттик алым төлөөгө тийиш.

  13. Алмашуу бюросун жайына кандай талаптар коюлат?

    Алмашуу бюролорунун соода уюмунда, мейманканаларда, аэропортто жана башка имараттарда жайгашкан кассалык жайларын жогоруда аталган мекемелердин кызматкерлеринен жана кардарларынан обочолонтуп түзүү зарыл.
    Алмашуу бюролорунун кассаларына бир гана эшик менен кирүүгө боло турган болсо, ал ичинен бекитилүүсү зарыл, ал эми кардарларды тейлөө кассанын терезеси аркылуу жүргүзүлүүгө тийиш. Кассалык жайлардын төбөсүн ачык коюуга жол берилбейт. Өзүнчө жайгашкан имаратты ижарага алган же ээлеген алмашуу бюролорунун жайларынын, өзүнчө эшиги менен эл жашабаган имараттарды же батирди ижарага алган жайлардын терезелерине милдеттүү түрдө темир тор салынып, темир эшиктер коюлууга тийиш. Алмашуу бюролорунун жайларында кардарларды тейлөө кассасынын терезеси аркылуу гана жүзөгө ашырылат. Алмашуу бюросунда акчаларды жана алмашуу бюросунун документтерин сактоо үчүн отко чыдамдуу темир шкафтар болууга тийиш. Кассирлердин өздүк акчалары, тышкы кийими жана башка буюмдары кассадан тышкары жайгашкан өзүнчө бөлмөдө же шкафта сакталуусу зарыл. Алмашуу бюролорунда акча белгилеринин аныктыгын текшерүүчү техникалык каражаттар, телефон жана Улуттук банкка нак чет өлкө валюталары менен жүргүзүлгөн алмашуу операциялары тууралуу маалыматты (отчетту) портал аркылуу сунуштоо үчүн зарыл жабдуулар болууга тийиш. Алмашуу бюролору жайгашкан ордуна көз карандысыз, нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүүдө салык органдарында катталган фискалдык эс тутуму менен контролдук-кассалык машиналарды же фискалдык карта менен жабдылган компьютерлерди колдонууга милдеттүү. Алмашуу бюролору нак чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу курсу жөнүндөгү маалыматтарды чагылдырган такталар менен жабдылуусу зарыл. Ар бир алмашуу бюросунда кардарларга көрүнөө жерде төмөнкү маалыматтар илинип турууга тийиш:
    - ушул алмашуу бюросун ачкан юридикалык жактын аталышы;
    - алмашуу бюросунун лицензиясы (кошумча алмашуу бюролорунда - лицензиянын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү);
    - алмашуу бюросунун жетекчисинин аты-жөнү, кызматы;
    - ушул алмашуу бюросун ачкан юридикалык жактын алмашуу бюросуна ишке тартылган кызматкерлердин аты-жөнү;
    - алмашуу бюросунун иштөө режими;
    - кошумча алмашуу бюросу каттоодон өткөндүгү жөнүндө каттын түп нускасы (кошумча алмашуу бюросу үчүн);
    - ченемдик укуктук актыларга ылайык кардарлар үчүн маалыматтар жана аларды тейлөө тартиби.

  14. Микрокредиттик компанияны жана микрокредиттик агенттикти ким ача алат?

    Жеке жана юридикалык жактар - Кыргыз Республикасынын резиденттери же резидент эместери микрокредиттик компаниянын уюштуруучулары (катышуучулары, акционерлери) жана микрокредиттик агенттиктин уюштуруучулары (катышуучулары) болушу мүмкүн.

  15. Микрокредиттик компаниянын жана микрокредиттик агенттиктин сертификатын алуу үчүн кандай документтер керек?

    1) күбөлүк берүү жөнүндө өтүнүч;
    2) МКК/МКАлардын уюштуруучуларынын жалпы жыйынында кабыл алынган чечимди же анда төмөнкү чечимдер камтылган (бир катышуучу болсо) протоколду (катышуучулардын саны бирден ашык болсо) (эки нускада):
    - МКК/МКАны түзүү жөнүндө;
    - директорлор кеңешинин/байкоо органынын төрагасын жана мүчөлөрүн шайлоо/дайындоо жөнүндө (аталган орган бар болсо);
    - аткаруу органынын жетекчисин (жетекчилерин) (мындан ары - жетекчи) шайлоо/дайындоо тууралуу;
    - Шариат кеңешинин төрагасын жана мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө (эгерде МКК/МКА операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууга ниеттенген болсо);
    - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка маселелер жөнүндө;
    3) МКК/МКАнын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын чечими:
    - башкы бухгалтерди (штаттык тизимде башкы бухгалтер кызмат орду каралбаса, башкы бухгалтердин укугу берилген бухгалтерди же чакырылган бухгалтерди) (мындан ары - башкы бухгалтер) дайындоо жөнүндө;
    - кредиттөө боюнча бөлүмдүн начальнигин (эгерде болсо), ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо боюнча түзүмдүк бөлүмдүн начальнигин/кызматкерин дайындоо тууралуу (эгерде МКК/МКА операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууга ниеттенген болсо);
    - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жагында мыйзамдардын сакталышы боюнча ички контролдоо программасын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга жооптуу кызматкерди дайындоо жөнүндө;
    - МКК/МКАнын уюштуруу түзүмү тууралуу (башкаруу органдары, түзүмдүк бөлүмдөр (башкармалыктар, бөлүмдөр) алардын функционалдык милдеттери, каралуучу маселелер чөйрөсү, баш ийүүсү);
    4) МКК/МКАны түзүү жөнүндө уюштуруу келишимин (уюштуруучулардын саны бирден ашык болсо) (эки нускада);
    5) МКК/МКАнын уставы (эки нускада);
    6) МКК/МКАнын директорлор кеңешинин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн, Шариат кеңешинин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо бөлүмүнүн начальнигинин/кызматкеринин, кредиттөө боюнча түзүмдүк бөлүмдүн начальнигинин (көрсөтүлгөн органдар жана кызмат адамдары болсо), жетекчисинин, башкы бухгалтеринин анкеталарын (2-тиркеме), ошондой эле алардын Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга ылайык келгендигин тастыктаган маалыматтар жана документтер;
    7) эгерде уюштуруучулар (катышуучулар, акционерлер) МКК/МКАнын уставдык капиталына Улуттук банк тарабынан МКК үчүн белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнөн 20 пайыздан жогору суммада акча каражаттарын салган болсо, акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген төмөнкүдөй маалыматтар камтылган документтерди;
    8) уюштуруучулардын (катышуучулардын) - жеке адамдардын жана кызмат адамдардын паспортунун көчүрмөлөрү;
    9) уюштуруучулар (катышуучулар) - юридикалык жактар тууралуу маалымат (уюштуруу документтеринин жана ошол юридикалык жактын мөөрү менен тастыкталган, юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу документтин көчүрмөлөрү).

  16. Кыргыз Республикасында банктарды түзүү маселеси кандай ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат?

    Кыргыз Республикасынын аймагында банкты түзүү Кыргыз Республикасынын "Банктар жана банк иштери жонундо" мыйзамы жана "Банктардын ишин лицензиялоо жөнүндө" жобосу менен жөнгө салынат.

  17. Жаңы ачылган банктар үчүн капиталга кандай талаптар коюлат?

    Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017 жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-3 токтомуна ылайык жаңыдан түзүлгөн коммерциялык банктар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү (чет өлкө банктарынын филиалдарынын капиталына карата талаптарды кошкондо) 600 миллион сомдон кем эмес өлчөмдө.

  18. Банктык лицензияларды берүү мөөнөтү кандай?

    Банктык лицензияларды алууга алдын ала уруксат берүү жөнүндө арыз Улуттук банк тарабынан арыз жана лицензия берүү үчүн зарыл болгон Улуттук банктын талаптарына жооп берген бардык документтер келип түшкөн күндөн тартып алты айдан ашпаган мөөнөттө каралат. Мында чет өлкөлүк компаниянын жана банктын катышуусу менен банкка банктык лицензияларды алууга алдын ала уруксат берүү жөнүндө арызды кароо мөөнөтү, эгерде негиздүү болсо, Улуттук банк Башкармасынын чечими боюнча кошумча алты айга узартылышы мүмкүн.
    Кыргыз Республикасынын "Банктар жана банк иштери жөнүндө" мыйзамына жана "Банктардын ишин лицензиялоо жөнүндө" Улуттук банктын жобосуна ылайык, банктык лицензия алуу үчүн Улуттук банкка берилген документтер белгиленген талаптарга жооп бербесе, Улуттук банктын талаптарын эске алуу менен, кайра эсептөө Улуттук банктын талаптарына жооп берген документтерди алган күндөн тартып башталат.

  19. Ким банктын уюштуруучусу боло алат?

    Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында Кыргыз Республикасынын аймагында банкты түзүү үчүн ата мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлор үчүн бирдей шарттар каралган. Банктын уюштуруучулары жана акционерлери юридикалык жана жеке жактар - Кыргыз Республикасынын резиденттери жана резидент эместери боло алышат.

  20. Жаңы ачылган банктар үчүн уставдык капиталга кандай талаптар коюлат?

    Банк системасынын туруктуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн чыңдоо, ошондой эле калктын банк мекемелерине болгон ишенимин жогорулатуу максатында жаңыдан ачылган жана иштеп жаткан коммерциялык банктар үчүн минималдуу уставдык капиталдын өлчөмү (анын ичинде резидент эмес банктардын филиалдары үчүн капиталга карата талаптар) 2017-жылдын 8-июнунан тартып кеминде 600 млн сомду түзөт.

  21. Банктын капиталына катышуу үчүн мага Улуттук банктын уруксаты керекпи?

    Акцияларга ээлик кылуунун, анын ичинде мурастоо же аларга болгон менчик укугун калыбына келтирүү ыкмасына карабастан, жалгыз же башка жактар менен биргелешип, банктын капиталына чектүү катышууну, анын ичинде олуттуу катышууну жана контролду алууну каалаган ар кандай жеке же юридикалык жак, анын ичинде акцияларды кошумча сатып алуу жолу менен Улуттук банктан жазуу жүзүндө уруксат алууга милдеттүү. Ар бир жеке же юридикалык жак төмөнкүлөргө ниеттенген учурда Улуттук банктан жазуу жүзүндөгү уруксатты алуу милдеттүү болуп саналат:
    1) банктын олуттуу катышуучусу болууга; Олуттуу катышуу - акционердик коомдун добуш берүүчү акцияларынын он же андан ашык пайызына же акционердик коом болуп саналбаган юридикалык жактын уставдык капиталынын он же андан көп пайызына тике же кыйыр түрдө ээлик кылуу же башкарууда жалгыз же башка жактар менен биргелешип, - акционердик коом.
    2) тике же кыйыр менчикти же башкарууну (анын ичинде ишенимдүү башкаруу келишими боюнча) жүзөгө ашырууга:
    - банктын добуш берүүчү акцияларынын жыйырма жана андан көп пайызын;
    - банктын добуш берүүчү акцияларынын отуз үч жана андан көп пайызын;
    - банктын добуш берүүчү акцияларынын элүү жана андан ашык пайызын;
    - банктын добуш берүүчү акцияларынын алтымыш жети жана андан көп пайызын.
    контроль - акционердик коомдун добуш берүүчү акцияларынын же акционердик коом болуп саналбаган юридикалык жактын уставдык капиталынын элүү пайыздан ашыгына тике же кыйыр ээлик кылуу же башкаруу; же Кыйыр менчик кылуу - үчүнчү жак аркылуу банктын башкаруу органдарынын же банктын олуттуу катышуучуларынын, же банкка контролдукту жүзөгө ашыруучу жактардын, же банктык топтун мүчөлөрүнүн чечимдерин кабыл алуу процессине олуттуу таасир көрсөтүү мүмкүнчүлүгү.

  22. Ким банктын акционери боло албайт?

    Төмөнкү адамдар Кыргыз Республикасынын банк-резиденттеринин акционерлери (катышуучулары) боло алышпайт:
    - оффшордук аймактарда катталган же катышуучу катары оффшордук аймактарда катталган аффилирленген жактары бар юридикалык жактар, же болбосо оффшордук аймакта жашаган же тизмеси Улуттук банк тарабынан белгиленген оффшордук аймактарда катталган юридикалык жактардын акционерлери (катышуучулары) болуп саналган жеке жактар;
    - аларга карата БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан кабыл алынган эл аралык санкциялар колдонулган жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан кабыл алынган эл аралык санкциялар бар мамлекеттерде катталган жана Кыргыз Республикасы үчүн милдеттүү болгон, көрсөтүлгөн жактар менен укуктук мамилелерге тыюу салган жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын банк-резиденттеринин акционерлери (катышуучулары) боло алышпайт;
    - өздөрүнүн иши, финансылык абалы, катышуучуларынын курамы жөнүндө маалыматтарды бербеген жана юридикалык жактын катышуучуларын, анын ичинде бенефициардык менчик ээлерин ишенимдүү аныктоого жана изилдөөгө мүмкүндүк берүүчү башка маалыматтарды жана документтерди белгиленген тартипте бербеген, же болбосо юридикалык жактын катышуучуларын, анын ичинде бенефициардык менчик ээлерин, ошондой эле алар өздөрүнүн кынтыксыз ишкердик аброюн ырастабаган менчик ээлерин ишенимдүү аныктоого жана изилдөөгө мүмкүндүк бербеген маалыматтарды берген жеке жана юридикалык жактар;
    - банктын акцияларын сатып алууга бөлүнгөн акча каражаттарынын келип чыгуу булагынын мыйзамдуулугун Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте ырастабаган жеке жана юридикалык жактар;
    - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетин кошпогондо, республикалык же жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу юридикалык жактар;
    - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык аларга карата тыюу салуулар же чектөөлөр бар жеке жана юридикалык жактар.
    Банк жана/же финансы ишин жүргүзбөгөн юридикалык жактар өз алдынча же башка жактар менен бирдикте төмөнкүлөрдү жүзөгө ашыра албайт:
    1) банктын ар кандай түрүндөгү добуш берүүчү акцияларынын жыйырма же андан көп пайызына тике же кыйыр ээлик кылуу же башкаруу;
    2) банкты контролдоо.

  23. Кадимки банкты түзүү үчүн кандай документтер талап кылынат?

    Банк түзүү үчүн зарыл болгон документтер:
    1) уюштуруучулардын жалпы чогулушу тарабынан дайындалган ыйгарым укуктуу адам кол койгон банкты түзүүгө уруксат берүү жөнүндө өтүнүч;
    2) уюштуруучулардын (жалпы) чогулушунун протоколу - чечимдерди камтыган, нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн эки нускадагы көчүрмө:
    а) банкты түзүү жөнүндө;
    б) анын фирмалык (расмий) аталышын бекитүү жөнүндө;
    в) Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн жана анын төрагасын шайлоо жөнүндө;
    г) Директорлор кеңешинин комитеттеринин мүчөлөрүн жана алардын төрагаларын шайлоо жөнүндө;
    д) Башкарманын мүчөлөрүн, Башкарманын төрагасын жана анын орун басарын (орун басарларын) дайындоо, башкы бухгалтерди бекитүү жөнүндө;
    е) уставды бекитүү жөнүндө;
    ж) банктын бизнес-планын, уюштуруу түзүмүн, болжолдуу балансын жана ишинин биринчи үч жылындагы кирешелердин, чыгашалардын жана пайдалардын планын бекитүү жөнүндө;
    з) ыйгарым укуктуу жакты бекитүү жана ага тиешелүү документтерге кол коюу укугун берүү жөнүндө;
    3) бардык уюштуруучулар кол койгон уюштуруу келишими - эки түп нуска.
    4) банктын уставы - эки түп нуска.
    Банктын уставында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган маалыматтардан тышкары төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
    а) уставды бекитүү жөнүндө уюштуруу (жалпы) чогулушунун чечиминин датасы жана номери;
    б) Кыргыз Республикасынын "Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" мыйзамдарында жана ушул Жободо белгиленген банктардын аталышына карата талаптарга жооп берген мамлекеттик жана расмий тилдердеги толук жана кыскартылган фирмалык (расмий) аталышы;
    в) банктын уюштуруу-укуктук формасы жана менчигинин формасы жөнүндө маалыматтар;
    г) банктын башкаруу органдары жөнүндө жобо;
    д) банктын башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуу тартиби, анын ичинде акционерлердин квалификациялуу көпчүлүк добушу талап кылынган маселелердин тизмеси;
    е) банктын жана анын обочолонгон түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жайгашкан жеринин юридикалык дареги;
    ж) чет өлкө банкынын филиалы ачылган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы жөнүндө жобо.
    5) юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жарыяланган фирмалык аталышын жактыруу жана сактап калуу жөнүндө корутундусунун көчүрмөсү. Улуттук банк банкты түзүүгө уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин акыркы күнгө карата көрсөтүлгөн арызды кайра суроого укуктуу.
    6) банктын билдирилген фирмалык аталышка ылайык келишин ырастаган башка документтер.
    7) банктын деталдуу уюштуруу түзүмү;
    8) бизнес-план - Кыргыз Республикасынын Конституциалык Мыйзамы "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнундө", "Банктар жана банк иштери жөнүндө" мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен түзүлгөн эки түп нуска;
    9) директорлор кеңешинин төрагасы кол койгон уюштуруучулардын (акционерлердин) тизмеси;
    10) уюштуруучулар (акционерлер) жөнүндө маалыматтар, анын ичинде:
    а) ар бир уюштуруучунун (акционердин) банктын капиталына катышуусунун өлчөмү;
    б) тиешелүү документтерди колдонуу менен банктын уставдык капиталын түзүүгө бөлүнгөн каражаттардын келип чыгуу булактарынын мыйзамдуулугу жөнүндө маалыматтар;
    в) банктын бардык уюштуруучуларынын (акционерлеринин) башка маалыматтары жана документтери;
    11) эгерде банк банктык топтун курамына кирсе, Банк ишин лицензиялоо жөнүндө жобого ылайык кошумча маалыматтар жана документтер берилүүгө тийиш;
    12) эгерде банк банктык холдингдик компаниянын туунду уюму катары түзүлсө, Банк ишин лицензиялоо жөнүндө жобого ылайык кошумча документтер берилүүгө тийиш;
    13) төраганы жана анын орун басарын (-ларын) көрсөтүү менен директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмеси;
    14) төрагасын көрсөтүү менен Аудит боюнча комитеттин мүчөлөрүнүн тизмеси;
    15) Башкарманын төрагасынын, Башкарманын төрагасынын орун басарынын жана Башкарманын башка мүчөлөрүнүн, башкаруучу директордун (эгерде бар болсо), башкы бухгалтеринин, түзүмдүк бөлүмдүн банктын кредиттик иши, банктын активдерин жана пассивдерин башкаруу үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, ошондой эле ички аудит, тобокелдиктерди башкаруу жана комплаенс-контролдоо кызматтарынын жетекчилери (же аларга функционалдык милдеттери боюнча теңдештирилген адамдар) кызмат ордуна талапкерлер жөнүндө маалыматтар (документтер).
    16) террористтик же экстремисттик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча саясатты жана жол-жоболорду.
    17) банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилүүчү кредиттик саясат, операциялык саясат жана банктын башка негизги саясаты жана төмөнкүлөрдү караштырат:
    а) банк дуушар болгон бардык мүмкүн болгон тобокелдиктерди аныктоо, баалоо, контролдоо жана мониторинг жүргүзүү жол-жоболору;
    б) бардык мүмкүн болгон тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча контролдук чараларды үзгүлтүксүз жүргүзүү;
    в) бекитилген саясатка ылайык маалыматтык системалардын, тобокелдиктерди башкаруу системасынын жана ички контролдук системасынын сыпатталышы;
    г) террористтик же экстремисттик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы күрөшүү саясаты жана жол-жоболору;
    18) банктын ишин ачуу жана уюштуруу боюнча деталдуу иш-чаралардын планы;
    19) Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо фондуна кирүү жөнүндө арыз;
    20) Кыргыз Республикасында "Элкарт" банктык төлөм карталарын пайдалануу менен накталай эмес төлөмдөрдүн улуттук системасына кошуу/туташтыруу боюнча милдеттенме кат жана пландаштырылган көрсөткүчтөрдү (карталарды чыгаруу, аралыкта орнотулган жабдуулардын саны, анын ичинде региондор) көрсөтүү менен бизнес-план.

  24. Банк түзүүгө уруксат алуу мөөнөтү кандай?

    Банкты түзүүгө уруксат берүү үчүн документтерди кароонун мөөнөтү: Өтүнүч жана уруксат берүү үчүн зарыл болгон бардык талапка ылайык документтер келип түшкөн күндөн тартып 6 (алты) ай. Эгерде документтер Улуттук банктын талаптарына жооп бербесе, анда талапка ылайык документтер келип түшкөн күндөн тартып кайра эсептөө башталат. Карап чыгуу мөөнөтүн узартуу: Улуттук банк Башкармасынын чечими боюнча кошумча алты ай.

  25. Банк лицензиясын алуу үчүн кандай жол-жоболор жүргүзүлөт?

    Бул мөөнөттүн ичинде уюштуруучулар өздөрү түзгөн банкты юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө жана лицензия алуу үчүн арыз менен Улуттук банкка кайрылууга милдеттүү. Эгерде Улуттук банк Башкармасы алдын ала уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алса, банктын акционерлери алты айдын ичинде 600 миллион сомдон кем эмес өлчөмдө уставдык капиталды төлөп берүүгө жана лицензия алуу үчүн белгиленген башка талаптарды аткарууга милдеттүү (техникалык бекемдикке, маалыматтык системаларга, кадрларды уюштуруу, юридикалык жак катары каттоого, тышкы аудиторду шайлоого ж.б. талаптарга жооп берген банктык жайлардын болушу). Эгерде уюштуруучунун (акционердин) каражаттары Кыргыз Республикасына чет өлкө банктарынан которулса, анда мындай банктар (Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан туунду банктарды капиталдаштырууну жүргүзгөн башкы банктарды кошпогондо) төмөнкү кредиттик рейтингдердин бирине дал келиши керек: Standard & Poor's рейтинг агенттиги (АКШ) тарабынан ыйгарылган "BBB" категориясынан төмөн эмес узак мөөнөттүү кредиттик рейтинг, Moody's Investors Service рейтингдик агенттиги (АКШ) тарабынан ыйгарылган "Ваа" категориясынан төмөн эмес узак мөөнөттүү кредиттик рейтинг, "Fitch-IBCA" рейтингдик агенттиги (АКШ) тарабынан ыйгарылган "BBB" категориясынан төмөн эмес узак мөөнөттүү кредиттик рейтинг, же "Capital Intelligence", "Japan Credit Rating Agency (JCR)", "Dominion Bond Rating Service (DBRS)", "Рейтинг жана инвестициялык маалымат (R&I)" рейтингдик агенттиктери тарабынан ыйгарылган жогоруда ыйгарылгандарга барабар кредиттик рейтинг, же жөнөтүүчү банктын өлкөсүнүн ыйгарым укуктуу органдары тарабынан аккредитацияланган улуттук рейтингдик агенттик тарабынан ыйгарылган жогоруда белгиленген рейтингдерге барабар жана рейтинги жөнөтүүчү банктын өлкөсүнүн борбордук (улуттук) банкы тарабынан таанылган кредиттик рейтинг.

  26. Банк лицензиясы качан берилет?

    Улуттук банк лицензия берүү жөнүндө арызды алты айдан ашпаган мөөнөттө карайт. Кароонун жыйынтыгы боюнча Улуттук банк лицензия берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Жогорудагы талаптардын баары аткарылганда Улуттук банк банктык лицензия берет. Карап чыгуу мөөнөтүн узартуу: Улуттук банк Башкармасынын чечими боюнча кошумча алты ай.

  27. Кантип банктын уюштуруучусу боло алат?

    - Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан банктардын капиталына катышуу (акцияларды сатып алуу).
    - "өтмө банкты" сатып алуу.
    - МФКны банкка айландыруу (өзгөртүп түзүү).

  28. Кайсы ченемдик документтерде банктын акцияларын сатып алуу тартиби белгиленген?

    Банктын акцияларын сатып алуунун тартиби (чектүү катышууну сатып алуу) ошондой эле Кыргыз Республикасынын "Банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамы жана "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобо менен жөнгө салынат. Акцияларды сатып алууга макулдук алуу үчүн потенциалдуу акционерлер банктын акционерлери (жеке же юридикалык жактар) жөнүндө маалыматтарды берүүгө тийиш, бул алардын финансылык абалын аныктоого мүмкүндүк берет.

  29. Кимдер Улуттук банк тарабынан макулдашылышы зарыл?

    Банктын кызматкерлерине талаптар Талапкерлиги Улуттук банк тарабынан милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш болгон банктын кызмат адамдары болуп төмөнкүлөр саналат: Директорлор кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү; Шарият кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү; Аудит боюнча комитеттин төрагасы; Башкарманын төрагасы (президент, башкы менеджер, чет өлкө банкынын филиалынын жетекчиси), анын орун басарлары (вице-президент, башкы менеджердин орун басары, чет өлкө банкынын филиалынын жетекчисинин орун басары) жана Башкарманын башка мүчөлөрү; башкаруучу директор; банктын кредиттөө ишине жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси; банктын активдерин жана пассивдерин башкаруу үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси (же функционалдык милдеттери боюнча ага теңештирилген адам); башкы бухгалтер; ислам принциптери боюнча каржылоо үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси; "ислам терезесинин" жетекчиси; ички аудит кызматынын жетекчиси; тобокелдиктерди башкаруу кызматынын жетекчиси; комплаенс-контролдоо кызматынын жетекчиси. Функционалдык милдеттери боюнча жогоруда аталган кызмат адамдарына, анын ичинде алардын орун басарларына теңештирилген бардык адамдар, ошондой эле кызмат түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин аныктаган/тескеген кызмат адамдарынын ар кандай байланыштары (Директорлор кеңешинин жана Шарият кеңешинин төрагаларынан жана мүчөлөрүнөн, Аудит боюнча комитеттин төрагасынан, Банк башкармасынын төрагасы жана башка мүчөлөрүнөн тышкары), түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери жобонун пунктуна ылайык Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш. Ошол эле учурда банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин аныктоочу/тескөөчү мындай кызмат адамдарына тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине Жободо белгиленген минималдуу талаптар коюлат.

  30. Кайсы ченемдик документ банктын кызмат адамдарына карата талаптарды аныктайт?

    Кызмат адамдарын бекитүүнүн талаптары жана тартиби ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциалык Мыйзамы "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жонундо", "Банктар жана банк иштери жөнүндө" мыйзамдары жана "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобо менен жөнгө салынат.

  31. Ислам банкын ачуу үчүн Улуттук банкка кандай документтерди тапшыруу керек?

    Ислам банкынын ачылышы Ислам банкын түзүүгө уруксат алуу үчүн арыз берүүчү Улуттук банкка төмөнкү документтердин түп нускасын же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана/же расмий тилдеринде алардын тийиштүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн берет:
    1) уюштуруучулардын жалпы чогулушу тарабынан дайындалган ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлган ислам банкын түзүүгө уруксат берүү жөнүндө өтүнүч;
    2) уюштуруучулардын (жалпы) чогулушунун протоколу - чечимдерди камтыган нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн эки нускадагы көчүрмө:
    а) ислам банкын түзүү жөнүндө;
    б) анын фирмалык (расмий) аталышын бекитүү жөнүндө;
    в) Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн жана анын төрагасын шайлоо жөнүндө;
    г) Шарият кеңешинин мүчөлөрүн жана анын төрагасын шайлоо жөнүндө;
    д) Директорлор кеңешинин комитеттеринин мүчөлөрүн жана алардын төрагаларын шайлоо жөнүндө;
    е) Башкарманын мүчөлөрүн, Башкарманын төрагасын жана анын орун басарларын (орун басарларын) дайындоо, башкы бухгалтерди бекитүү жөнүндө;
    ж) уставды бекитүү жөнүндө;
    з) бизнес-планды, банктын уюштуруу түзүмүн, болжолдуу балансын жана ишинин биринчи үч жылындагы кирешелердин, чыгашалардын жана пайдалардын планын бекитүү жөнүндө;
    и) ыйгарым укуктуу адамды бекитүү жана ага тиешелүү документтерге кол коюу укугун берүү жөнүндө;
    3) бардык уюштуруучулар кол койгон уюштуруу келишими - эки түп нуска. Уюштуруучулардын - юридикалык жактардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн кол тамгалары юридикалык жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Уюштуруучунун - жеке жактын колу нотариус тарабынан күбөлөндүрүлөт. Чет өлкөлүк өтүнмө ээсинин документтери "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобонун 22-пунктунун талаптарына ылайык келүүгө тийиш. Уюштуруу келишиминде чагылдырылууга тийиш болгон маалыматтардын тизмеси (типтүү форма) "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобого карата 2-тиркемеде келтирилген;
    4) банктын уставы - эки түп нуска. Банктын уставы (ислам банкынын типтүү формасы "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобого карата 4-тиркемеде келтирилген) мыйзамда каралган маалыматтардан тышкары төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
    а) уставды бекитүү жөнүндө уюштуруу чогулушунун чечиминин датасы жана номери;
    б) Кыргыз Республикасынын Конституциалык Мыйзамы "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жонундо", "Банктар жана банк иштери жөнүндө" мыйзамдарында жана "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жободо белгиленген банктардын аталышына карата талаптарга ылайык келген мамлекеттик жана расмий тилдердеги толук жана кыскартылган фирмалык (расмий) аталышы;
    в) банктын уюштуруучулук-укуктук формасы жана менчигинин формасы жөнүндө маалыматтар;
    г) банктын башкаруу органдары жөнүндө жобо;
    д) банктын башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуу тартиби, анын ичинде акционерлердин квалификациялуу көпчүлүк добушу талап кылынган маселелердин тизмеси;
    е) Шарият кеңешинин милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары, ошондой эле аны түзүүнүн тартиби (кеңештин мүчөлөрү кайсы орган тарабынан дайындалат, канча мөөнөткө дайындалат) жана каржылоонун ислам принциптери боюнча кеңештин мүчөлөрүнө коюлуучу талаптар;
    ж) банктын жана анын обочолонгон түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жайгашкан жеринин юридикалык дареги;
    з) чет өлкө банкынын филиалы ачылган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы жөнүндө жобо;
    5) юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жарыяланган фирмалык аталышын жактыруу жана сактап калуу жөнүндө корутундусунун көчүрмөсү. Улуттук банк банкты түзүүгө уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин акыркы күнгө карата көрсөтүлгөн арызды кайра суроого укуктуу;
    6) зарыл болгон учурда "Банктар ишин лицензиялоо жөнүндө" жобонун 7-пунктунун жоболоруна негизделген банктын жарыяланган фирмалык аталышка ылайык келишин ырастаган башка документтер;
    7) банктын деталдуу уюштуруу түзүмү;
    8) бизнес-план - Кыргыз Республикасынын Конституциалык Мыйзамы "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жонундо", "Банктар жана банк иштери жөнүндө" мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен түзүлгөн эки түп нускасы (ислам банкы үчүн суроолордун тизмеси көрсөтүлгөн "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобого карата 8-тиркемеде көрсөтүлгөн);
    9) Банктын директорлор кеңешинин төрагасы кол койгон уюштуруучулардын (акционерлердин) тизмеси - ар бири эки түп нускада);
    10) уюштуруучулар (акционерлер) жөнүндө маалыматтар, анын ичинде:
    а) ар бир уюштуруучунун (акционердин) банктын капиталына катышуусунун өлчөмү;
    б) тиешелүү документтерди колдонуу менен банктын уставдык капиталын түзүүгө бөлүнгөн каражаттардын келип чыгуу булактарынын мыйзамдуулугу жөнүндө маалыматтарды;
    в) "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобонун III бөлүмүнө ылайык банктын бардык уюштуруучулары (акционерлери) жөнүндө башка маалыматтар жана документтер;
    11) эгерде банк банктык топтун курамына кирсе, кошумча маалыматтар жана документтер "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобонун III бөлүгүнө ылайык берилүүгө тийиш;
    12) эгерде банк банктык холдингдин туунду уюму катары түзүлсө, "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобонун 22-главасына ылайык кошумча документтер берилүүгө тийиш;
    13) төрагалык кылуучу адамды жана анын орун басарын (орун басарларын) көрсөтүү менен Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмеси, ошондой эле "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобонун IV бөлүгүнө ылайык маалыматтар/документтер;
    14) төрагалык кылуучу адамды жана анын орун басарын (орун басарларын) көрсөтүү менен Шарият кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмеси, ошондой эле "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобонун IV бөлүгүнө ылайык маалыматтар жана документтер;
    15) төрагалык кылуучу адамды жана анын орун басарын көрсөтүү менен Аудит боюнча комитеттин мүчөлөрүнүн тизмеси жана "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобонун IV бөлүгүнө ылайык күбөлүктөрдү/документтерди;
    16) Башкарманын төрагасы, Башкарманын төрагасынын орун басары жана Башкарманын башка мүчөлөрү, башкаруучу директор (болсо), башкы бухгалтер, ислам принциптери боюнча каржылоого жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, банктын активдерин жана пассивдерин башкаруу үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, ошондой эле ички аудит, тобокелдиктерди башкаруу жана комплаенс-контролдоо кызматтарынын жетекчилери (же функционалдык милдеттери боюнча аларга теңештирилген адамдар) кызмат орундарына талапкерлер жөнүндө "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобонун IV бөлүгүнө ылайык маалыматтар (документтер);
    17) Банктын Шарият кеңеши тарабынан жактырылган, банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилүүчү банктын каржылоо саясаты, операциялык, эсепке алуу саясаты жана төмөнкүлөрдү караган башка негизги саясаттары:
    а) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банк операцияларынын натыйжасында банк дуушар болгон бардык мүмкүн болгон тобокелдиктерди аныктоо, өлчөө, контролдоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча чаралар;
    б) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банктын банктык операцияларына байланыштуу келип чыгуучу бардык мүмкүн болгон тобокелдиктерди туруктуу негизде минималдаштыруу боюнча контролдук чараларды көрүү;
    в) бекитилген саясатка ылайык маалыматтык системалардын, тобокелдиктерди башкаруу системасынын жана ички контролдоо системасынын сыпатталышы;
    18) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банк операцияларын жүргүзүү боюнча келишимдердин Шарият ченемдерине ылайык түзүлгөн жана банктын Шарият кеңеши тарабынан жактырылган типтүү формалары;
    19) террористтик же экстремисттик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча саясатты жана жол-жоболорду;
    20) ислам банкын ачуу жана анын ишин уюштуруу боюнча деталдуу иш-чаралардын планы;
    21) Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо фондуна кабыл алуу жөнүндө арыз;
    22) Кыргыз Республикасында Элкарт банктык төлөм карталарын пайдалануу менен накталай эмес төлөмдөрдүн улуттук системасына кошуу/туташтыруу боюнча милдеттенме кат жана пландаштырылган көрсөткүчтөрдү (карталарды чыгаруу, аралыкта орнотулган жабдуулардын саны, анын ичинде регион боюнча) көрсөтүү менен бизнес-план;

  32. "Ислам терезеси" аркылуу улуттук жана/же чет өлкө валютасында банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия алуу үчүн кандай документтер талап кылынат?

    "Ислам терезеси" аркылуу улуттук жана/же чет өлкө валютасында банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия алуу үчүн банк төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:
    1) банктын Директорлор кеңешинин, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык улуттук жана/же чет өлкө валютасында "ислам терезеси" аркылуу банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү жөнүндө, банк жүргүзүүгө ниеттенген операциялардын түрлөрүнүн толук сыпаттамасын жана бул операциялардын күтүлгөн көлөмүн камтыган өтүнүч каты;
    2) банктын ыйгарым укуктуу органдарынын төмөнкү чечимдерди кабыл алуу жөнүндө протоколу (банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү):
    а) "ислам терезесинин" ачылышы жөнүндө;
    б) Шарият кеңешинин мүчөлөрүн жана анын төрагасын шайлоо жөнүндө, "Ислам терезесинин" жетекчисин, ислам принциптери боюнча каржылоого жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисин дайындоо жөнүндө. Шарият кеңеши үчтөн кем эмес мүчөдөн турушу керек;
    в) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банк операцияларын жүргүзүүнүн саясатын жана жол-жоболорун бекитүү жөнүндө;
    3) Директорлор кеңешинин сунуш кылынган бүтүмдөрүнө жана алардын банктын ишине тийгизген таасирине ар тараптуу талдоо жүргүзүлгөндүгү жана Директорлор кеңеши жаңы операцияларга байланыштуу тобокелдиктерди аныктагандыгы жөнүндө билдирүүсү;
    4) болжолдонгон операцияларды ишке ашыруу менен байланышкан болжолдонгон кирешелүүлүк (кеминде кийинки эки жыл үчүн);
    5) квалификациялуу кадрлардын бар экендигин тастыктаган маалыматтар (бул кызматкерлердин банк/финансы секторунда бир жылдан кем эмес иш тажрыйбасы жана бул багытта атайын окуудан өткөндүгүн ырастоочу документтери болушу керек);
    6) банктын ишинин пландаштырылган кеңейүүсүнө байланыштуу кайра каралып чыккан банктын уюштуруу түзүмү;
    7) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банк операцияларын жүргүзүү маселелерин камтыган банктын уставынын эки нускасы (банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү); Уставда ошондой эле Шарият кеңешинин милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары, аны түзүү тартиби (кеңештин мүчөлөрү кайсы орган тарабынан дайындалат, канча мөөнөткө дайындалат) жана ислам каржылоо принциптери боюнча кеңештин мүчөлөрүнө коюлуучу талаптар жөнүндө маалыматтарды камтууга тийиш;
    8) банктын Шарият кеңешинин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн, "ислам терезесинин" жетекчисинин, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча каржылоого жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин кызмат ордуна талапкерлер жөнүндө маалыматтар;
    9) банктын Шарият кеңеши тарабынан жактырылган, банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилүүчү финансы саясаты, операциялык, эсепке алуу саясаты жана башка негизги саясаттары жана төмөнкүлөрдү караштырат:
    а) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банк операцияларынын натыйжасында банк дуушар болгон бардык мүмкүн болгон тобокелдиктерди аныктоо, өлчөө, контролдоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча чаралар;
    б) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банктын банктык операцияларына байланыштуу келип чыгуучу бардык мүмкүн болгон тобокелдиктерди туруктуу негизде минималдаштыруу боюнча контролдоо чараларын көрүү;
    10) Шарият стандарттарына ылайык түзүлгөн жана банктын Шариат кеңеши тарабынан жактырылган ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банк операцияларын жүргүзүү боюнча типтүү келишимдер.

  33. "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобону кайдан тапсам болот?

    "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин сайтында, ошондой эле "Токтом" маалыматтык-укуктук порталында жайгаштырылган.

Башка көп берилүүчү суроолор
  1. Кыргыз сомунун расмий курсу кантип аныкталат?
    АКШ долларынын сомго карата расмий курсу Улуттук банктын автоматташтырылган соода системасы аркылуу банктар аралык валюта рыногунда саат 15:00гө чейинки мезгилде түзүлгөн АКШ долларын сатып алуу-сатуу операцияларынын орточо салмактанып алынган курсу катары эсептелет, учурдагы соода күнүнүн 15:00гө чейин жана кийинки календардык күндөн тартып күчүнө кирет. Эсептөө мезгилинде эч кандай бүтүмдөр түзүлбөгөн учурда, АКШ долларынын сомго карата расмий курсунун мааниси акыркы колдонуудагы расмий курстун мааниси катары аныкталат.
  2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында накталай чет өлкө валютасын сатып алуу же сатуу мүмкүнбү?
    "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 26-беренеси. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкө валютасы менен операциялар, 2-пункт. Кыргыз Республикасынын аймагында накталай жана накталай эмес улуттук жана/же чет өлкөлүк валютаны сатып алуу-сатуу (алмашуу) боюнча операцияларга чек коюлбайт жана Улуттук банктын тиешелүү лицензиясына ээ банктарда, адистештирилген финансылык жана финансы-кредит уюмдарында, микрофинансылык компанияларда, микрокредиттик компанияларда, кредиттик союздарда жана алмашуу бюролорунда гана жүзөгө ашырылат.
  3. Резервдер эмне үчүн керек?
    Дүйнөнүн бардык борбордук банктары бир катар тапшырмаларды аткаруу үчүн зарыл болгон валюта жана баалуу металлдардын - алтын-валюта (эл аралык) резервдеринин запастарын сакташат, алардын арасында:
    - акча-кредит саясатынын чараларына, анын ичинде улуттук валютанын курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында интервенция жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ишенимди колдоо жана сактоо;
    - финансылык жана экономикалык кризистер учурундагы соккуларды нейтралдаштыруу үчүн чет өлкө валютасындагы ликвиддүү каражаттарды сактоонун жардамы менен тышкы алсыздыкты чектөө;
    - мамлекеттин тышкы финансылык милдеттенмелерин аткарууда өкмөттүн чет өлкө валютасындагы керектөөлөрүн канааттандыруу.
  4. Резервдер эмнеден турат?
    Эл аралык резервдерге алтын түрүндөгү активдер, атайын карыз алуу укугу жана чет өлкө валюталарынын портфели кирет. Улуттук банктын эл аралык резервдеринин валюта портфели төмөнкүлөрдү камтыйт: АКШ доллары, евро, кытай юаны, швейцария франкы, англис фунту, австралия жана канада доллары, орус рубли жана башка валюталар. Алтын борбордук банктардын кадимки активи болуп саналат, анын артыкчылыгы, чет өлкө валютасынан айырмаланып, кайсы бир мамлекеттин милдеттенмеси болуп саналбайт жана экономикалык туруксуздук учурунда наркты сактоонун кабыл алынган каражаты катары кызмат кылат. СДР (АКУ) - карыз алуунун атайын укугу - ЭВФке мүчө өлкөлөрдүн ортосунда, ошондой эле фонддун өзү менен эсептешүүлөр үчүн Эл аралык валюта фонду тарабынан түзүлгөн жасалма валюта. СДР курсу бир нече валюталардын: АКШ доллары, евро, англия фунт стерлинги, кытай юаны жана япон йенинин курстарынын маанилеринен аныкталат. Бул СДР курсун доллар, евро, фунт, юань жана йендин айрым курстарына караганда туруктуу жана болжолдуу кылат. Борбордук банктын эл аралык резервдеринин көпчүлүгү чет өлкө валютасында жана чет өлкө валютасында көрсөтүлгөн ликвиддүү активдерде сакталат: бул баалуу кагаздар жана депозиттер.
  5. Улуттук банк эл аралык резеврдерди кайда жайгаштырат?
    Улуттук банк чет өлкө валютасындагы жана алтын түрүндөгү резервдик активдерди өнүккөн өлкөлөрдүн борбордук банктарына, кредиттик рейтинги жана эл аралык аброю жогору, ошондой эле туруктуу финансылык абалга ээ эл аралык финансы институттарына жана чет өлкөлөрдөгү коммерциялык банктарга жайгаштырат.
  6. Эл аралык резервдердин көлөмүнүн өзгөрүшүнө кандай факторлор таасир этет?
    Эл аралык дүң резервдердин көлөмүнө төмөнкүлөр таасир этет: өлкөнүн ички рыногунда жүргүзүлүүчү Улуттук банктын валюталык операциялары; эл аралык резервдерди башкаруудан алынган кирешелер; эл аралык резервдердин курамына кирген валюталардын курстарынын өзгөрүшү; баалуу металлдарга баалардын өзгөрүшү; Кыргызстандын ички рыногунда алтынды сатып алуу боюнча операциялар; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Улуттук банктын пайдасына валюталык каражаттардын түшүүсү; Кыргыз Республикасынын тышкы милдеттенмелери боюнча төлөмдөр.
  7. Улуттук банктын эсептик чени деген эмне?
    Улуттук банктын эсептик чени акча-кредит саясатынын негизги инструменти болуп саналат жана акча рыногундагы каражаттар наркынын багыты болуп саналат. Эсептик чендин өлчөмү инфляциянын факторлорун жана Кыргыз Республикасынын макроэкономикалык чөйрөсүн комплекстүү талдоонун жана болжолдоонун негизинде Улуттук банк Башкармасынын чечими менен белгиленет. Улуттук банк эсептик ченди жөнгө салуу аркылуу орто мөөнөттүү келечекте баалардын туруктуулугуна жетишүүнү камсыз кылат. Негизи, эсептик чендин жогорулашы өлкөнүн макроэкономикалык туруктуулугун камсыз кылуу максатында инфляциялык тобокелдиктерди кармап турууга багытталат, ал эми анын төмөндөшү инфляциянын басаңдашын жана республиканын узак мөөнөттүү экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзөрүн белгилейт. Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен боюнча отурумдарынын графиги расмий сайтта Банктын функциялары/Акча-кредит саясаты б?л?м?нд? жарыяланат. Эсептик чен тууралуу кабыл алынган чечимдер боюнча кененирээк маалымат Улуттук банктын расмий сайтынын башкы бетинде, анын ичинде Банктын функциялары/Акча-кредит саясаты/Жыйналыштардын пресс-релиздери б?л?м?нд?, Рынок жана ликвидд??л?к/Улуттук банктын эсептик чени б?л?м?нд?, Улуттук банктын расмий басылмаларында (Бюллетень, Акча-кредит саясаты жөнүндө отчет, Жылдык отчет ж.б.), ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында туруктуу негизде жарыяланып турат.
  8. Бүгүнкү күндө мамлекеттик баалуу кагаздардын кандай түрлөрү чыгарылат?
    Мамлекеттик баалуу кагаздарды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги чыгарат. Алар жүгүртүү мөөнөтүнө жараша кыска мөөнөттүү - Мамлекеттик казына векселдери жана узак мөөнөттүү - Мамлекеттик казына облигациялары болуп бөлүнөт.
    Мамлекеттик казына векселдери (МКВ) - кыска мөөнөттүү, дисконттук баалуу кагаздар. Алардын жүгүртүү мөөнөтү 3, 6, 12 ай. Бир МКВнын номиналдык наркы 100 сомго барабар.
    Мамлекеттик казына облигациялары (МКО) - узак мөөнөттүү купон деп аталган пайыздык кирешеси бар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мамлекеттик баалуу кагаздары. Алардын жүгүртүү мөөнөтү 2, 3, 5, 7,10,15 жана 20 жыл. Купондук төлөм - облигациянын жүгүртүү мөөнөтүнүн ичинде эмиссиянын шартына ылайык облигацияны ээлик кылуучуга төлөнгөн пайыздар. Пайыздарды төлөө адатынча жылына эки жолу төлөнөт. Улуттук банк 1993-жылдан тартып МКВларды, 2009-жылдын октябрынан тартып МКОлорду тейлөө боюнча агенттик функцияларды аткарып келет.
  9. Мамлекеттик баалуу кагаздарды кантип сатып алууга болот?
    Мамлекеттик баалуу кагаздар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан өткөрүлгөн аукциондорго коюлат. Жеке адамдар жана юридикалык жактар МКВ жана МКОлорду экинчилик рыногунда, же болбосо аукциондо катышуу билдирмесин берүү менен коммерциялык банктар аркылуу сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Тике катышуучу болуп саналган банктар, жеке адамдар-резиденттерден МКВ жана МКО аукциондоруна катышуу билдирмелерин акысыз негизде кабыл алууга, ошондой эле акысыз негизде депозитардык эсеп жүргүзүүгө жана мындай баалуу кагаздар боюнча операцияларды тейлөөгө милдеттүү.
  10. Төлөм тапшырмасындагы төлөм максатынын кодун кантип толтуруу керек?
    Коммерциялык банктардын кардарлары төлөм багытынын кодун тандоо боюнча консультацияны тейлөөчү банктын тиешелүү адистеринен ала алышат. Төлөм коддору жана аларга ылайык келген төлөм багыттары жөнүндө кошумча маалыматтар менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын сайтынан таанышууга болот: www.nbkr.kg, "Улуттук банктын ченемдик актылары" бөлүмү, "Төлөм системасы" бөлүмчөсү, документтин аталышы "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификатору".
  11. Банк эсебин тике дебеттөө деген эмне?
    Тике дебеттөө - бул төлөмдөрдү алуучунун төлөөчүнүн макулдугу менен төлөөчүнүн банктык эсебиндеги акча каражаттарын эсептен чыгаруу аркылуу эсептешүү формасы. Тике дебеттөө белгилүү бир учурларда кайталануучу (ай сайын, чейрек сайын) утурумдук төлөмдөрдү жүргүзүүдө гана колдонулат. Ошентип, тике дебеттөөнүн жардамы менен коммуналдык кызматтарды, кредитти төлөсө болот. Мисалы: Төлөөчү "Бишкексууканал" ӨПББнын абоненти болуп саналат, ал муздак сууга жана саркынды сууга болгон төлөмдү тике дебеттөө аркылуу жүргүзүүнү каалайт. Бул үчүн төлөөчү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын веб-сайтында келтирилген Тике дебеттөө кызматтарын сунуштаган банктардын жана уюмдардын тизмесинен коммерциялык банкты тандайт (www.nbkr.kg, "Банктын милдеттери", "Төлөм системасы", "Тике дебеттөө кызматтарын сунуштаган банктардын жана уюмдардын тизмеси" бөлүмү). Тандалып алынган банктан тике дебеттөө кызматын көрсөтүү жөнүндө келишимин түзүү менен банкка "Бишкексууканал" ӨПББдан тике дебеттөө формасында төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн төлөм документтерин алгандан кийин эсептен акча каражаттарын чыгарууга алдын ала макулдук берүүсү тууралуу арыз менен эсеп ачат. Андан кийин Тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү жүргүзүүдөгү кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө үчүн "Бишкексууканал" ӨПББнын Буйругун толтурат жана "Бишкексууканал" ӨПББга жеке өзү же банк аркылуу жеткирет. Көрсөтүлгөн документтер таризделгенден кийин "Бишкексууканал" ӨПББ көрсөткөн кызматы үчүн чегерилген сумманы төлөөчүнүн эсебинен ай сайын чыгарып турат. Төлөөчү чегерилген сумманы төлөө үчүн эсепте жетиштүү каражатты сактоого тийиш. Бул документтердин типтүү формалары Пакеттик клиринг системасында тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүнүн эрежелери тиркемелеринде келтирилген. (www.nbkr.kg, "Банк", "Улуттук банктын ченемдик актылары" бөлүмү, "Төлөм системасы", документтин аталышы "Пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү тике дебеттөө формасында өткөрүү эрежелери" бөлүмчөлөрү). Бул документте ошондой эле тике дебеттөө формасында төлөмдөрдү жүргүзүүнүн эрежелери жана тартиби, процесстин катышуучуларынын ортосундагы мамилелер баяндалган.
Жасалма сомдор. Түрмөгө түшүп калбаш үчүн аларды эмне кылуу керек?
  1. Көбүнчө кайсы банкноттор жасалмаланат?
    Улуттук валютанын эң көп жасалма банкноттору орто жана жогорку номиналдагы банкноттор болуп саналат. Бирок жасалма банкноталардын саны өлкөнүн экономикасына коркунуч жана олуттуу зыян келтирүүдө деп айтууга болбойт. Республикада жасалма акча жасоонун деңгээли жылына бир миллион накта банкнотко үч жасалма банкноттон ашпайт, бул өтө төмөнкү көрсөткүч болуп саналат.
  2. Чыныгы сомду жасалмалардан кантип айырмалайбыз?
    Эреже катары, жасалма банкноттордун өзгөчө белгилери болуп төмөнкүлөр саналат:
    - сүрөттөлүштөрдүн даана көрүнбөстүгү;
    - жазуулардын жана сүрөттөлүштөрдүн алкагындагы рельефтин жана одуракайлыктын жоктугу;
    - суу белгисинин сапаты начар же анын такыр жоктугу;
    - коргоо тилкесин жарыка салып кароодо үзгүлтүксүз тилке болуп көрүнбөйт;
    - банкноттун төмөнкү оң жак бурчундагы тик бурчунда жайгаштырылган ичиндеги санариптик номиналдагы латенттик (көмүскөдөгү) сүрөттөлүштүн жоктугу;
    - голографиялык тилкеде визуалдык эффекттердин жоктугу (100, 200, 500 жана 1000 сомдо);
    - түсүн өзгөртүүчү боёктун визуалдык эффектисинин жоктугу (5000 сомдо).
  3. Эгерде банкнота жасалма деп ойлосом, эмне кылышым керек?
    Шектүү банкнотту анык банкноттон айырмалоо үчүн жөн гана аларды бири-бири менен салыштырып көрүү гана жетиштүү болот. Бирок, бир эле коргоо белгисин салыштыруу менен чектелбестен, сизге белгилүү болгон жок дегенде 3 же 4 коргоо белгилерин текшерип көрүү зарыл.
  4. Эгерде банкнота/монета жасалма деген шектенүүнү жаратса, аны менен кайда барышым керек? Кандай чара көрүү керек?
    Эгерде сиздин колуңузга шектүү банкнота/монета туш болуп калса, аны Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына берүүгө тийишсиз. Же болбосо, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына тапшырсаңыз, анда эксперттер бул акчалардын аныктыгын текшерип беришет. Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын шектүү банкнотторун жана монеталарын экспертизага кабыл алуу Улуттук банк тарабынан дүйшөмбүдөн-жума күндөрүндө саат 9.00 дөн 15.00 гө чейин жүргүзүлөт. Экспертиза акысыз ишке ашырылат жана 5 жумуш күнү ичинде бүтүүгө тийиш.
  5. Улуттук банкка шектүү банкнотаны/монетаны тапшырып берүүдө кандайдыр бир арыз жазуу керекпи?
    Шектүү банкнотаны/монетаны Улуттук банкка экспертизага тапшырып берүүдө арыз толтурулат, анда арыз ээсинин маалыматтарын, ошондой эле шектүү банкнотанын/монетанын табылган жагдайларын көрсөтүү зарыл.
  6. Жасалма акча үчүн кандай жоопкерчилик каралган?
    Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесине ылайык: 1. Жасалма акча белгилерин, металл тыйындарды, баалуу кагаздарды же чет өлкө валютасын же чет өлкө валютасындагы баалуу кагаздарды сатуу максатында жасалмасын жасоо, же болбосо сатуу максатында сактоо, ага тете сатуу, - 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
    2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:
    1) ири өлчөмдө;
    2) адамдардын тобу тарабынан;
    3) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, - беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
    3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган жосундар, кылмыштуу коомдоштуктун курамында же уюшкан топ тарабынан жасалса, - мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
  7. Жасалма акчаны чыныгы акчага алмаштырса болобу?
    Жасалма банкнотторду/монеталарды алмаштырууга же кайтарып берүүгө болбойт. Алар тергөө жана издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн укук коргоо органдарына милдеттүү түрдө өткөрүлүп берилүүгө тийиш.
  8. Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын банкнотторунун сүрөттөрүн жарнамалык максатта колдонууга болобу?
    Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын банкнотторунун сүрөттөрүн колдонуу, анын касиеттери (өлчөмү, түсү, сүрөтү) Кыргыз Республикасынын чыныгы банкнотторуна окшош болуп төлөм катары кабыл алынышы мүмкүн болсо, мындай иштерди жасоого тыюу салынат жана кылмыш катары эсептелинет.
  9. Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын банкнотторунун сүрөтүн колдонуу үчүн кандай жоопкерчилик каралган?
    Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 304-беренесине ылайык улуттук валютага түшүрүлгөн сүрөттөр өзүнүн өзгөчөлүктөрү (өлчөмү, түсү, түшүрүлгөн сүрөттөрү) боюнча төлөм жүгүртүүсүндө Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын чыныгы банкноталары катары кабыл алынышы мүмкүн болгон улуттук валютанын банкноталарына (тыйындарына) түшүрүлгөн сүрөттөрдү же кандайдыр бир жарым фабрикаттарды (бир же бир нече түстөрдө) пайдалануу жана көчүрүп чыгаруу, - жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
  10. Банкноттордун сүрөттөрүн жарнамалык жана башка максаттарда колдонууга болобу?
    Касиеттери боюнча (өлчөмү, түсү, сүрөтү) боюнча төлөм жүгүртүүгө Кыргыз Республикасынын накта банкноттору катары кабыл алынышы мүмкүн болгон Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын банкнотторунун сүрөттөрүн пайдаланууга тыюу салынат жана административдик укук бузуу болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 304-беренесине ылайык улуттук валютага түшүрүлгөн сүрөттөр өзүнүн өзгөчөлүктөрү (өлчөмү, түсү, түшүрүлгөн сүрөттөрү) боюнча төлөм жүгүртүүсүндө Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын чыныгы банкноталары катары кабыл алынышы мүмкүн болгон улуттук валютанын банкноталарына (тыйындарына) түшүрүлгөн сүрөттөрдү же кандайдыр бир жарым фабрикаттарды (бир же бир нече түстөрдө) пайдалануу жана көчүрүп чыгаруу, - жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. Басылган түрдө чагылдыруу: Эгерде сүрөттөлүшү өтө чоңойтулган (150 пайыздан кем эмес) же өтө кичирейтилген (50 пайыздан аз) масштабда, ошондой эле жарык менен берилүүчү жарнама түрүндө берилсе, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий уруксаты жок Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын банкноталарынын (тыйындарынын) сүрөттөлүшүн бир же бир нече түстөрдө көчүрүп чыгарууга жол берилет. Электрондук жаздыруу: Эгерде банкноттун санариптик сүрөттөлүшү жалпыга жеткиликтүү болсо, анда ал төмөнкү эки критерийди канааттандырууга тийиш:
    - дюймуна 72 чекиттен ашпаган уруксат берилет;
    - сүрөттөлүштүн диагоналына "ҮЛГҮ" деген сөз түшүрүлөт. Жазуу контрасттык түстө түшүрүлүп, анын узундугу сүрөттүн узундугунан 10%га кем эмес, ал эми тамгалардын өлчөмү - сүрөттүн туурасынан 10%га кем эмес болушу керек.
Керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо жөнүндө суроолор
  1. Керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата талаптар
    ФКУ кайрылууларды кароо жол-жобосун иштеп чыгууга милдеттүү. Кайрылууларды кароо жол-жобосу ушул жобонун, мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш жана бул талаптарга каршы келбеген башка ченемдер каралышы мүмкүн. ФКУда кайрылууларды кароо жол-жобосунун иштелип чыккандыгы, кайрылууларды берүү ыкмалары (каналдары), ошондой эле даттануулар жана сунуштар катталган китепченин бардыгы тууралуу маалымат керектөөчүлөр үчүн көрүнүктүү жерде (маалымат такталары ж.б.у.с.) жайгаштырылууга тийиш. Кайрылууларды кароо жол-жобосунун электрондук версиясы (керектөөчүгө тиешелүү бөлүгү) ФКУнун расмий интернет-сайтында (болгон шартта), анын шилтемеси - ФКУнун расмий интернет-сайтынын башкы бетинде жайгаштырылууга тийиш. ФКУ, керектөөчүнүн талабы боюнча кайрылууларды кароонун белгиленген тартиби боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүгө милдеттүү. Керектөөчүнүн кайрылуусу ФКда иштелип чыккан ички жол-жободо белгиленген тартипте каралат. ФКУ кайрылуулардын адилеттүү, ар тараптуу жана өз убагында кароого алынышын камсыз кылууга жана белгиленген тартипте алар боюнча түшүндүрмө берүүгө милдеттүү. Керектөөчүлөрдүн кайрылуулары оозеки сыяктуу эле (телефон аркылуу жана жеке кабыл алуу), кат жүзүндө келип түшүшү, жеткирип берилиши, почта байланышы аркылуу жөнөтүлүшү, ФКУнун электрондук почтасына жөнөтүлүшү же даттануулар жана сунуштар катталган китепчеде чагылдырылышы мүмкүн. Келип түшкөн бардык кат жүзүндөгү кайрылуулар, алгач ФКУнун аткаруу органынын жетекчиси жана башка ыйгарым укуктуу мүчөсү же анын филиалынын жетекчиси тарабынан каралат. Аларды андан ары кароо тартиби кайрылууларды кароо жол-жобосунда аныкталууга тийиш. ФКУнун башкы кеңсесинде жана филиалдарында керектөөчүлөрдүн кайрылуулары боюнча иш алып барган жооптуу кызматкерлер дайындалышы зарыл. ФКУ, керектөөчүлөр менен үзгүлтүксүз жана ыкчам иш алып баруу максатында, кайсы болбосун кеңсесине аларга кайрылуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү. Жооптуу кызматкер керектөөчүлөрдүн кат жүзүндөгү кайрылууларын атайын китепчеде каттап, аларды ФКУнун жетекчилигинин кароосуна жөнөтөт жана өз учурунда жооп даярдалышына контролдоо жүргүзөт. ФКУ аналитикалык максаттар жана Улуттук банкка отчет берүү үчүн бардык кайрылуулардын статистикалык маалымат базасын жүргүзүүгө милдеттүү. ФКУнун жооптуу кызматкери же башка кызматкер керектөөчүгө телефон аркылуу оозеки кеп-кеңештерди берет, зарыл болгон учурда аны компетенттүүлүгү боюнча ФКУнун башка кызматкерлери менен телефон аркылуу байланыштырып, кат жүзүндөгү кайрылууну түзүүгө жардам берип, кайрылуу жол-жобосунда каралган башка милдеттерди аткарат. ФКУнун башкы кеңсесинен жана филиалынан тышкары, башка аймактык кеңсесинде кайрылууну кабыл алгандан кийин аларды башкы кеңсенин же филиалдын жооптуу кызматкерине белгиленген тартипте каттоо жана аны кароого алуу үчүн өткөрүп берет. Даттануулар жана сунуштар катталган китепче ФКУнун ар бир кеңсесинде (башкы, филиал, аманат кассасы жана башкалар) болууга тийиш. Даттануулар жана сунуштар катталган китепче номерленип, көктөлүп, ФКУнун жетекчисинин кол тамгасы менен күбөлөндүрүлүп, анын мөөрү коюлууга тийиш. ФКУнун жооптуу кызматкери күн сайын даттануулар жана сунуштар катталган китепчеден маалыматтарды (даттануулар келип түшкөн учурда) алып, аларды каттап, жол-жободо белгиленген тартипте жетекчинин кароосуна сунуштайт. ФКУнун башка кеңселеринин (башкы кеңсесин жана филиалдарды эске албаганда) кызматкерлери даттануулар жана сунуштар катталган китепчеден маалыматтарды (даттануулар келип түшкөн учурда) күн сайын алып, ФКУнун жооптуу кызматкерине белгиленген тартипте каттоо жана кароого алуу үчүн өткөрүп берет. Бардык кайрылууларда керектөөчүнүн аты-жөнү, жайгашкан жеринин дареги, байланыш маалыматтары милдеттүү түрдө көрсөтүлүп, кыскача мазмуну камтылууга тийиш. Кат жүзүндөгү кайрылууларга керектөөчү өзү кол коюп (ФКУнун электрондук почтасына келип түшкөн кайрылуулардан тышкары), кайрылган күнү көрсөтүлүшү зарыл. Керектөөчүнүн жеке маалыматтары жана байланышуу үчүн маалыматтары, ошондой эле почта дареги көрсөтүлбөгөн кат жүзүндөгү кайрылуу, жашыруун кайрылуу катары таанылып, кароого алынбайт. Уятсыз же болбосо мазактап кордогон сөздөрдү, ФКУнун кызматкеринин, ошондой эле анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө коркунучту камтыган керектөөчүнүн кат жүзүндөгү кайрылуусу кароосуз калтырылышы мүмкүн. ФКУнун аткаруу органынын жетекчиси же башка ыйгарым укуктуу мүчөлөрү, ошондой эле анын филиалдарынын жетекчилери керектөөчүлөрдү ФКУнун расмий сайтында (болгон шартта) жана маалымат такталарында жайгаштырылган, бекитилген графикке ылайык жеке кабыл алууга милдеттүү. Кабыл алуу учурунда протокол толтурулуп, ага керектөөчү кол коет. Бул тууралуу ага милдеттүү түрдө маалымдалгандан кийин жолугушуудан аудио же видео жаздырылып алынышы мүмкүн. ФКУнун жооптуу кызматкери да керектөөчүлөрдү туруктуу негизде кабыл алып турат. ФКУда керектөөчүлөрдү кабыл алуу алар үчүн кирүүгө мүмкүн болгон аймакта, атайын бөлүнгөн жайда (коомдук кабылдамада) жүргүзүлөт. Кабыл алууга кирип жаткан учурда керектөөчү өзүнүн ким экендигин тастыктаган документти көрсөтүүгө тийиш. Телефон аркылуу оозеки кайрылган учурда, алдын ала ага маалымдоо менен сүйлөшүүлөр аудиого жаздырылып алынат. ФКУнун керектөөчү кайрыла ала турган телефон номери ФКУнун маалымат такталарында жана расмий сайтында (болгон шартта) жайгаштырылууга тийиш. Оозеки кайрылуу учурунда керектөөчүнүн маселеси кошумча иликтөөнү же текшерүүнү талап кылбаса, анын жообу дароо эле же телефон аркылуу же жеке кабыл алуу учурунда берилиши мүмкүн. Эгерде оозеки кайрылууда камтылган маселени ыкчам тартипте кароого алууга мүмкүн болбосо жана ал кошумча иликтөөнү талап кылса, кат жүзүндө кайрылуу сунуш кылынат. Керектөөчү кайрылуусун өзү алып келип берсе, почта байланышы аркылуу же ФКУнун электрондук почтасына жөнөтүлсө же кабыл алуу учурунда тапшырылса, ал бир жумуш күнү ичинде каттоодон өткөрүлүүгө тийиш. Кайрылуу электрондук почта аркылуу келип түшкөн учурда, кайрылууну алгандыгы тууралуу тастыктоо кийинки жумуш күнү керектөөчүнүн электрондук почтасына жөнөтүлөт же телефон аркылуу билдирилет. Иш-аракетине же аракеттенбей коюусуна даттануу келип түшкөн ФКУнун кызматкерине кайрылууну кароону тапшырууга жол берилбейт. Керектөөчүнүн ФКУга жолдогон жазуу жүзүндөгү кайрылуусу отуз календардык күндөн кечиктирилбестен каралууга жана ага жазуу жүзүндө жооп жөнөтүлүүгө тийиш. Кардарлардын даттанып жана арызданып кайрылууларын (талаш маселелер) кароонун жыйынтыгы боюнча документтер белгиленген тартипте кеминде үч жыл сакталууга тийиш. Кат жүзүндөгү кайрылуунун жообуна ФКУнун аткаруу органынын жетекчиси же ыйгарым укуктуу мүчөлөрү же анын филиалынын жетекчиси кол коюп, кайрылууну канааттандыруу (толук же жарым-жартылай), канааттандыруудан баш тартуу боюнча так негиздеме же керектөөчүнүн укуктары жана милдеттери боюнча түшүндүрмө берилүүгө, ошондой эле аткаруучунун аты-жөнү жана байланыш маалыматтары көрсөтүлүүгө тийиш. Зарыл болгон учурларда, тиешелүү документтердин көчүрмөлөрү жоопко кошо тиркелет. Кайрылууну кароонун жыйынтыгы боюнча керектөөчүгө берилген жооп кайрылуу кайсы тилде жазылган болсо, ошол тилде - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилинде жөнөтүлөт. Эгерде ФКУга бир нече керектөөчү кат жүзүндө кайрылган болсо (жамааттык кайрылуу) жана кайрылуунун өзүндө башкасы көрсөтүлбөсө, жооп биринчи көрсөтүлгөн дарекке жөнөтүлөт. Керектөөчүнүн кайрылуусунун негиздүүлүгү жана укук ченемдүүлүгү далилденсе, ФКУ орун алган мыйзам бузууларды четтетүү, керектөөчүнүн укуктарын калыбына келтирүү жана мыйзамдуу таламдарын коргоо боюнча тиешелүү чараларды көрөт. Эгерде, кайрылууда аларды кароо ФКУнун мыйзамдуу компетенциясына кирбеген маселелер камтылса, керектөөчүгө кайсы жерге жана кандай тартипте кайрылуу керектиги жөнүндө түшүндүрмөлөр берилет. Жаңы далилдер же жагдайлар келтирилбеген кайталап кайрылуулар керектөөчүлөрдүн буга чейинки кайрылуулары боюнча так жооптор берилип, бардык зарыл чаралар көрүлгөн шартта, кароосуз калтырылышы мүмкүн. Бардык кат жүзүндөгү кайрылуулар атайын журналда катталууга тийиш, анда керектөөчүнүн аты-жөнү, почта дареги (жашаган дареги) жана байланыш маалыматтары, алган күнү, кайрылуунун кыскача мааниси, кабыл алынган чечим тууралуу маалымат жана кайрылууларды кароо жол-жобосуна ылайык башка маалыматтар көрсөтүлөт.