Кайта келүү

«Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»  

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна  

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА 

Колдонуудагы редакция 

Сунушталган редакция 

«Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 

20-берене. Банктык төлөм карталары менен эсептешүүлөр боюнча чекене төлөмдөр системасы 

1. Улуттук төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн улуттук системасы банктар аралык система болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бардык банктарын бириктирген бирдиктүү төлөм мейкиндиги аркылуу улуттук төлөм карталарын пайдалануу менен төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү камсыз кылат. Улуттук төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн улуттук системасынын катышуучуларынын акыркы эсептешүүлөрү, системанын катышуучуларынын Улуттук банкында ачылган корреспонденттик эсептери боюнча, ошондой эле системанын катышуучуларынын ортосунда түзүлгөн келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат. Улуттук төлөм карталары Кыргыз Республикасынын аймагындагы локалдык жана эл аралык төлөм системасынын инфратүзүмүндө же Кыргыз Республикасынын аймагында кандай болбосун банкта тейлөөгө кабыл алынууга тийиш. 

2. Банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн локалдык төлөм системасы Кыргыз Республикасынын аймагында бир (бир эмитенттүү) же бир нече (көп эмитенттүү) эмитенттер тарабынан чыгарылган локалдык карталарды пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн арналган. 

3. Банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн эл аралык төлөм системасы эл аралык төлөм системаларынын эрежелерине жана анын операторлорунун (Кыргыз Республикасынын резиденти эместердин) талаптарына ылайык ченемдик укуктук актылардын алкактарында эмитирленген жана тейлөөгө алынган эл аралык карталарды пайдалануу менен эсептешүүлөр үчүн арналган. Система тарабынан системанын катышуучуларынын ортосунда карталарды пайдалануу менен төлөмдөр боюнча өз ара эсептешүүлөрдү чет өлкө валютасында жүзөгө ашыруунун белгилүү бир эрежелери белгиленет. 

Банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн эл аралык төлөм системасы Улуттук банкында каттоодон өтүүгө тийиш. Эл аралык төлөм системасынын Улуттук банкында каттоодон өтпөй туруп Кыргыз Республикасынын аймагында иштөөсүнө тыюу салынат. 

31. Түрдүү төлөм системаларынын банктык төлөм карталарын пайдалануу менен улуттук валютада жасалган төлөмдөр боюнча финансылык маалыматтарды топтоо, иштеп чыгуу жана сактоо Кыргыз Республикасынын аймагында (мамлекет ичиндеги төлөмдөр) жүргүзүлөт. Мамлекет ичиндеги төлөмдөр боюнча клиринг улуттук төлөм системасынын оператору тарабынан жүргүзүлөт. 

4. Кыргыз Республикасынын аймагында төлөм карталарын (улуттук, локалдык, эл аралык төлөм системалары) пайдалануу менен эсептешүүлөр системаларынын иштөөсү Улуттук банкынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш. Төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн кандай болбосун системасын тандоодо жана кошулууда ченемдик укуктук актылардын талаптарынын аткарылышы үчүн банк жоопкерчилик тартат. 

5. Карталарды пайдалануу менен ички банктык системалар боюнча эсептешүүлөр системанын иш эрежелерине жана Улуттук банкынын талаптарына ылайык иштелип чыккан банктардын ички ченемдик документтеринде жөнгө салынат. 

6. Тобокелдиктерди чектөө жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максаттарында система тобокелдиктерди башкаруунун төмөнкүдөй механизмдерин кароого тийиш: 

1) эсептешүүлөрдө карталарды пайдалануу боюнча жол-жоболордун жана эрежелердин, системанын катышуучуларынын жоопкерчиликтерин, укуктарын жана милдеттерин бөлүштүрүү боюнча келишимдердин типтүү шарттарынын болушу жана алардын жеткиликтүүлүгү

2) алдамчылык тобокелдиктерин жана системага санкцияланбаган жеткиликтүүлүктү төмөндөтүү үчүн карталар менен эсептешүүлөр системасынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча эрежелер жана жол-жоболор. 

20-берене. Банктык төлөм карталары менен эсептешүүлөр боюнча чекене төлөмдөр системасы 

1. Улуттук төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн улуттук системасы банктар аралык система болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бардык банктарын бириктирген бирдиктүү төлөм мейкиндиги аркылуу улуттук төлөм карталарын пайдалануу менен төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү камсыз кылат. Улуттук төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн улуттук системасынын катышуучуларынын акыркы эсептешүүлөрү, системанын катышуучуларынын Улуттук банкында ачылган корреспонденттик эсептери боюнча, ошондой эле системанын катышуучуларынын ортосунда түзүлгөн келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат. Улуттук төлөм карталары Кыргыз Республикасынын аймагындагы локалдык жана эл аралык төлөм системасынын инфратүзүмүндө же Кыргыз Республикасынын аймагында кандай болбосун банкта тейлөөгө кабыл алынууга тийиш. 

2. Банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн локалдык төлөм системасы Кыргыз Республикасынын аймагында бир (бир эмитенттүү) же бир нече (көп эмитенттүү) эмитенттер тарабынан чыгарылган локалдык карталарды пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн арналган. 

3. Банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн эл аралык төлөм системасы эл аралык төлөм системаларынын эрежелерине жана анын операторлорунун (Кыргыз Республикасынын резиденти эместердин) талаптарына ылайык ченемдик укуктук актылардын алкактарында эмитирленген жана тейлөөгө алынган эл аралык карталарды пайдалануу менен эсептешүүлөр үчүн арналган. Система тарабынан системанын катышуучуларынын ортосунда карталарды пайдалануу менен төлөмдөр боюнча өз ара эсептешүүлөрдү чет өлкө валютасында жүзөгө ашыруунун белгилүү бир эрежелери белгиленет. 

Банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн эл аралык төлөм системасы Улуттук банкында каттоодон өтүүгө тийиш. Эл аралык төлөм системасынын Улуттук банкында каттоодон өтпөй туруп Кыргыз Республикасынын аймагында иштөөсүнө тыюу салынат. 

31. Күчүн жоготту деп таанылды. 

32. Банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн эл аралык төлөм системаларынын катышуучулары Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан процессинг борборлору аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган (эмитирленген) төлөм карта ээлерине тынымсыз жана үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүүнү жана алардын системаларын улуттук төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн улуттук төлөм системасына интеграциялоону камсыз кылат

Ар башка төлөм системаларынын карталарын пайдалануу менен ишке ашырылган мамлекет ичиндеги төлөмдөр боюнча процессинг, клиринг жана эсептешүүлөр Улуттук банктын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат. 