Кайта келүү

«Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»  

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна 

НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМКАТ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Ушул «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө «Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү жана эл аралык төлөм системаларынын карталарын пайдалануу менен төлөмдөрдүн үзгүлтүксүз жүргүзүлүшүн камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

«Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 31өлүгүнө ылайык, түрдүү төлөм системаларынын банктык төлөм карталарын пайдалануу менен улуттук валютада жасалган төлөмдөр боюнча финансылык маалыматтарды топтоо, иштеп чыгуу жана сактоо Кыргыз Республикасынын аймагында (мамлекет ичиндеги төлөмдөр) жүргүзүлөт. Мамлекет ичиндеги төлөмдөр боюнча клиринг улуттук төлөм системасынын оператору тарабынан жүргүзүлөт. 

«Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө «Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 24-апрелиндеги № 57 Мыйзамына ылайык Мыйзамдын 20-беренесинин 31өлүгү расмий жарыяланган күндөн тартып үч жыл өткөндөн кийин, башкача айтканда, 2024-жылдын 4-майында күчүнө кирет. 

Улуттук банк жогоруда көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр кабыл алынган учурдан тартып, аны ишке ашыруунун өз ара алгылыктуу варианттарын иштеп чыгуу максатында, коммерциялык банктар, эл аралык төлөм системалары жана «Банк аралык процессинг борбору» жабык акционердик коому аркылуу рыноктун катышуучулары менен талкууларды жана консультацияларды жүргүзүп келген. 

Талкуулардын жүрүшүндө төлөм карталары рыногунун катышуучулары, тактап айтканда Visa жана Mastercard эл аралык төлөм системалары, эл аралык төлөм системаларынын төлөм карталарын пайдалануу менен улуттук валютадагы төлөмдөр боюнча процессинг жана авторизациялоо Кыргыз Республикасынын аймагында гана жүргүзүлүп, эл аралык төлөм системалары тарабынан кошумча иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү болбосо, өзгөчө талап кылынган инновациялык технологиялар жана сервистер (Mastercard MoneySend/VISA Direct, 3D Secure, токенизация сервиси, алдын ала чыгарылган, байланышсыз, премиалдуу карталар; кэш-бэк; интернет-эквайринг; Tap2Phone сервиси и т.д.) өлкөдө иштей албай, натыйжада Кыргыз Республикасындагы банктарга жана акыркы керектөөчүлөргө жеткиликтүү болбой тургандыгына тынчсыздануусун билдиришти. 

Кыргыз Республикасында керектөөчүлөр үчүн төлөм карталарынын жардамы менен төлөмдөрдү жүргүзүүгө кызыгуу, инновациялык технологияларды колдонуунун эсебинен төлөм карталарын пайдалануунун ыңгайлуулугу менен байланыштуу экендигин эске алганда, эл аралык төлөм системаларынын инновациялык технологияларын пайдалануу жана колдонуу мүмкүнчүлүгүн сактоо зарылдыгы келип чыгууда. 

Жогоруда баяндалгандарды эске алып, Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору менен «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесин 32өлүк менен толуктоо сунушталат, анда банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн эл аралык төлөм системаларынын катышуучулары Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан процессинг борборлору аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган (эмитирленген) төлөм карта ээлерине тынымсыз жана үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүүнү жана алардын системаларын улуттук төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн улуттук төлөм системасына интеграциялоону камсыз кылат. Мында, ар башка төлөм системаларынын карталарын пайдалануу менен ишке ашырылган мамлекет ичиндеги төлөмдөр боюнча процессинг, клиринг жана эсептешүүлөр Улуттук банктын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш. 

Ошону менен бирге, «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 31өлүгүн күчүн жоготкон катары таануу сунушталууда. 

Мындан тышкары, сунушталган мыйзам долбоорун ишке ашырууга багытталган операциялык-технологиялык өзгөртүүлөрдү, ошондой эле кошумча инвестицияларды ишке ашыруу зарылдыгына байланыштуу Мыйзамдын көрсөтүлгөн ченеминин күчүнө киришин 2025-жылдын 1-январына чейинки мезгилге узартуу сунушталууда. 

Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы №76/8 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттар жөнүндө» жобого тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө алып келет. 

 

3. Мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алуу терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык же коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы жөнүндө маалымат 

Ушул «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун «Коом талкуу» бирдиктүү порталында жайгаштырылат. 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо 

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык мыйзамдардын актыларына карама-каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат 

Мыйзам долбоорун ишке ашыруу республикалык бюджеттен кошумча финансылык каражаттарды бөлүүгө алып келбейт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдоо боюнча маалымат 

Жөнгө салуучу таасирин талдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-августундагы № 444 токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына ылайык жүргүзүлгөн