Кайта келүү

Долбоор 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 

 

 

«Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө»  

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

 

1-берене. 

 

«Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 1, 21-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1) 20-берененин:  

а) 31 бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын; 

б) төмөнкү мазмундагы 32 бөлүгү менен толукталсын: 

«32. Банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн эл аралык төлөм системаларынын катышуучулары Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан процессинг борборлору аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган (эмитирленген) төлөм карта ээлерине тынымсыз жана үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүүнү жана алардын системаларын улуттук төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн улуттук төлөм системасына интеграциялоону камсыз кылат.  

Ар башка төлөм системаларынын карталарын пайдалануу менен ишке ашырылган мамлекет ичиндеги төлөмдөр боюнча процессинг, клиринг жана эсептешүүлөр Улуттук банктын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат. 

 

2-берене. 

 

1. «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 24-апрелиндеги № 57 Мыйзамынын: 

1) 2-беренесинин: 

а) биринчи абзацында «1-берененин 14-пунктунун «б» пунктчасын кошпогондо,» деген сөздөр алынып салынсын»; 

б) экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын. 

 

2. Ушул Мыйзам 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун «б» пунктчасын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өз ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Президенти