Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна 

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы жана «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынгандыгына байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

1. Максаты жана милдеттери 

2022-жылдын 11-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана “Банктар жана банк иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.  

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 74-беренесине жана “Банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамдын 143-беренесине ылайык, Министрлер Кабинети жана Улуттук банк кирген күндөн тартып алты айдын ичинде (2022-жылдын 17-августунан тартып) мыйзам актыларын ушул мыйзамдарга ылайык келтирүү боюнча сунуштарды даярдап, белгиленген тартипте Жогорку Кеңешке киргизсин. 

Ушуга байланыштуу “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы жана “Банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынгандыгына байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (мындан ары - долбоор) аны «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын кабыл алынган конституциялык Мыйзамына жана «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.  

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Каралып жаткан долбоорду иштеп чыгуу үчүн негиз катары "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жана "Банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболору берилген. 

“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө”, “Акционердик коомдор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө”, “Расмий статистика жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө”, “Сот аткаруучулардын статусу жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө”, Укук бузуулар жөнүндө кодекс, Граждандык кодекс ж.б. кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана “Банктар жана банк иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирилет. 

Ошентип, долбоор банк иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды шайкеш келтирүүгө, алардын ченемдерин системалаштырууга, орун алган ички карама-каршылыктарды, коллизияларды четтетүүгө жана укуктук жөнгө салуудагы боштуктарды толтурууга багытталган. 

 

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Мыйзам долбоорун кабыл алуу терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык жана коррупциялык натыйжаларга алып келбейт

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык, долбоор Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтында жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоо үчүн бирдиктүү порталда жайгаштырылат.  

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдап-иликтөө 

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына, ошондой эле Кыргыз Республикасы аларда катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылдыгы тууралуу маалымат 

Сунушталган мыйзам долбоорун кабыл алууда республикалык бюджеттен кошумча финансылык сарптоолор талап кылынбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө жөнүндө маалымат 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Жөнгө салуучу таасирди талдоо методикасынын 4-пунктуна ылайык долбоор жөнгө салуучу таасирди талдоону талап кылбайт.  

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банктын төрагасы К. Боконтаев