Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамы жана  

Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамы кабыл алынгандыгына байланыштуу айрым мыйзам  

актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбооруна карата  

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА 

Колдонуудагы редакция 

Сунушталган редакция 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ГРАЖДАНДЫК КОДЕКСИ  

I БӨЛҮК  

87-статья. Юридикалык жактын түзүлүшү жана уюштуруу документтери 

5. Саясий партиялардан, диний уюмдардан жана башка коммерциялык эмес уюмдардан тышкары юридикалык жактардын уюштуруу документтерин өзгөртүү юридикалык жактын ыйгарым укуктуу органы аларды белгиленген тартипте бекиткен күндөн тартып күчүнө кирет. 

Коммерциялык эмес уюмдардын жана финансы-кредиттик мекемелердин уюштуруу документтерин өзгөртүүлөр көрсөтүлгөн юридикалык жактар мамлекеттик кайра каттоодон өткөн күндөн тартып күчүнө кирет. 

Юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген учурларда юридикалык жактын уюштуруу документтерин өзгөртүү мамлекеттик каттоо жүргүзгөн органга мындай өзгөртүүлөр жөнүндө билдирүү жиберген күндөн тартып күчүнө кирет. Мында юридикалык жактар жана алардын уюштуруучулары ушул өзгөртүүлөрдү эске алуу менен аракеттенген үчүнчү жактарга карата мындай өзгөртүүлөрдүн каттоосу жоктугуна шылтоо кылууга укугу жок. 

87-статья. Юридикалык жактын түзүлүшү жана уюштуруу документтери 

5. Саясий партиялардан, диний уюмдардан жана башка коммерциялык эмес уюмдардан тышкары юридикалык жактардын уюштуруу документтерин өзгөртүү юридикалык жактын ыйгарым укуктуу органы аларды белгиленген тартипте бекиткен күндөн тартып күчүнө кирет. 

Коммерциялык эмес уюмдардын жана финансы-кредиттик уюмдардын уюштуруу документтерин өзгөртүүлөр көрсөтүлгөн юридикалык жактар мамлекеттик кайра каттоодон өткөн күндөн тартып күчүнө кирет. 

Юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген учурларда юридикалык жактын уюштуруу документтерин өзгөртүү мамлекеттик каттоо жүргүзгөн органга мындай өзгөртүүлөр жөнүндө билдирүү жиберген күндөн тартып күчүнө кирет. Мында юридикалык жактар жана алардын уюштуруучулары ушул өзгөртүүлөрдү эске алуу менен аракеттенген үчүнчү жактарга карата мындай өзгөртүүлөрдүн каттоосу жоктугуна шылтоо кылууга укугу жок. 

92-статья. Юридикалык жакты кайра түзүү 

1. Юридикалык жактарды кайра түзүү (бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп чыгаруу, өзгөртүп түзүү) анын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) же уюштуруу документтери менен ага ыйгарым укук берилген юридикалык жактын органынын чечими менен, лицензияда белгиленген операцияларды жүргүзүү алар үчүн ишмердиктин бирден-бир уруксат берилген түрү болуп саналган банктарга, финансы-кредит уюмдарына же мекемелерге карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча ишке ашырылышы мүмкүн. 

Сот тарабынан таанылган же кредиторлордун жыйынында банкрот (кудуретсиз) деп жарыяланган юридикалык жакты кайра түзүү негиздери жана тартиби банкроттук жөнүндө мыйзамдар менен белгиленет. 

92-статья. Юридикалык жакты кайра түзүү 

1. Юридикалык жакты кайра түзүү (бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп чыгаруу, өзгөртүп түзүү) анын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) же болбосо уюштуруу документтери менен ага ыйгарым укук берилген юридикалык жактын органынын чечими боюнча, же болбосо лицензияда белгиленген операцияларды жүргүзүү алар үчүн ишмердиктин жалгыз уруксат берилген түрү болуп саналган банктарга, финансы-кредиттик уюмдарга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча жүзөгө ашырылышы мүмкүн. 

Сот тарабынан таанылган же кредиторлордун жыйынында банкрот (кудуретсиз) деп жарыяланган юридикалык жакты кайра түзүү негиздери жана тартиби банкроттук жөнүндө мыйзамдар менен белгиленет. 

96-статъя. Юридикалык жакты жоюу 

1. Юридикалык жакты жоюу анын укуктарын жана милдеттерин укуктун өтүүчүлүк тартибинде башка жактарга өткөрбөй токтотууга алып келет. 

2. Юридикалык жак: 

аны уюштуруучулардын (катышуучулардын) же юридикалык жактын уюштуруу документи менен ыйгарым укугун алган органдын чечими боюнча, анын ичинде ал максатына жетүү үчүн түзүлгөн юридикалык жак түзүлгөн мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу же аны түзүүдө четтетүүгө болбой турган мыйзамды бузууга жол берилгендигине карата юридикалык жакты каттоо сот тарабынан жараксыз деп табылгандыгына байланыштуу; 

ишмердигин тиешелүү уруксатсыз (лицензиясыз) жүзөгө ашырган же мыйзам тарабынан тыюу салынган ишмердикти жүргүзгөн, же мыйзамдарды башкача бир нече же одоно бузуулар менен же ишмердигин юридикалык жактын уставдык максаттарына лицензияда белгиленген операцияларды жүргүзүү алар үчүн ишмердиктин бирден-бир уруксат берилген түрү болуп саналган банктардын, финансы-кредиттик уюмдардын жана мекемелердин лицензиясы кайтарылып алынган учурларда карама-каршы жүзөгө ашырган, ошондой эле ушул Кодексте каралган башка учурларда соттун чечими боюнча жоюлушу мүмкүн. 

Төлөөгө жөндөмдүү юридикалык жакты - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алган банкты же финансы-кредиттик мекемени жоюу банк операцияларын жүргүзүү укугундагы лицензия кайтарылып алынган учурда, банктар жана башка финансы-кредиттик мекемелер үчүн белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жүргүзүлөт. 

Банктын акционерлери тарабынан банк операцияларын жүзөгө ашырууга лицензия кайтарылып алынгандан кийин жоюу же өзгөртүп түзүү жөнүндө чечим 1 айдын ичинде кабыл алынбаса, юридикалык жакты - банкты мажбурлап жоюу жүргүзүлөт. 

Банк лицензиясын кайтарып алуу же убактылуу токтотуу учурунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы катышуучулар тарабынан - жоюу комиссиясы (жоюучу) же сот тарабынан администратор дайындалганга чеиин банктын активдерин жана документтерин сактап туруу максатында убактылуу башкаруучуну дайындоого тийиш. Убактылуу башкаруучу "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 63-статьясына ылайык убактылуу администратор үчүн анын дайындалышынын өзгөчөлүгүн эске алуу менен белгиленген ыйгарым укуктарга ээ болот. 

96-статъя. Юридикалык жакты жоюу 

1. Юридикалык жакты жоюу анын укуктарын жана милдеттерин укуктун өтүүчүлүк тартибинде башка жактарга өткөрбөй токтотууга алып келет. 

2. Юридикалык жак: 

аны уюштуруучулардын (катышуучулардын) же юридикалык жактын уюштуруу документи менен ыйгарым укугун алган органдын чечими боюнча, анын ичинде ал максатына жетүү үчүн түзүлгөн юридикалык жак түзүлгөн мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу же аны түзүүдө четтетүүгө болбой турган мыйзамды бузууга жол берилгендигине карата юридикалык жакты каттоо сот тарабынан жараксыз деп табылгандыгына байланыштуу; 

ишмердигин тиешелүү уруксатсыз (лицензиясыз) жүзөгө ашырган же мыйзам тарабынан тыюу салынган ишмердикти жүргүзгөн, же мыйзамдарды башкача бир нече же одоно бузуулар менен же ишмердигин юридикалык жактын уставдык максаттарына лицензияда белгиленген операцияларды жүргүзүү алар үчүн ишмердиктин бирден-бир уруксат берилген түрү болуп саналган банктардын, финансы-кредиттик уюмдардын жана мекемелердин лицензиясы кайтарылып алынган учурларда карама-каршы жүзөгө ашырган, ошондой эле ушул Кодексте каралган башка учурларда соттун чечими боюнча жоюлушу мүмкүн. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган банкты же финансы-кредиттик уюмду жоюу банктар же башка финансы-кредиттик уюмдары үчүн белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жүргүзүлөт. 

............. 

349-статья. Банк гарантиясынын түшүнүгү 

1. Банк гарантиясы боюнча банк, башка кредиттик мекеме же камсыздандыруу уюму (гарант) башка жактын өтүнүчү боюнча гарант тарабынан берилип жаткан милдеттенменин шарттарына ылайык ал жактын кредиторуна кредит берүүчүдөн төлөп берүү жөнүндөгү кат жүзүндөгү талабы боюнча акча суммасын төлөп берүү тууралу жазуу жүзүндө милдеттенмени берет. 

349-статья. Банк гарантиясынын түшүнүгү 

1. Банк гарантиясы боюнча банк, башка финансы-кредиттик уюм же камсыздандыруу уюму башка жактын өтүнүчү боюнча гарант тарабынан берилип жаткан милдеттенменин шарттарына ылайык ал жактын кредиторуна кредит берүүчүдөн төлөп берүү жөнүндө кат жүзүндөгү талабы боюнча акча суммасын төлөп берүү тууралуу жазуу жүзүндө милдеттенмени берет. 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ГРАЖДАНДЫК КОДЕКСИ  

II БӨЛҮК  

7364-статья. Карыз алуучунун кредиттин суммасын кайтарып берүү боюнча милдети 

1. Карыз алуучу өзү алган кредиттин суммасын кредит берүүчүгө кредиттик келишимде каралган мөөнөттө жана тартипте кайтарып берүүгө милдеттүү

2. Карыз алуучу кредиттин түрүнө, пайдалануу мөөнөтүнө жана суммасына карабастан, отуз календардык күн мурда алдын ала билдирген шартта, кредитти кайсы убакта болбосун мөөнөтүнөн мурда төлөөгө укуктуу. 

3. Эгерде кредиттик келишимде башкача каралбаса, кредиттин суммасы кредит берүүчүгө өткөрүлүп берилген же тиешелүү акча каражаттары кредит берүүчүнүн банктык эсебине түшкөн учурда кайра кайтарылган деп эсептелет. 

7364-статья. Карыз алуучунун кредиттин суммасын кайтарып берүү боюнча милдети 

1. Карыз алуучу өзү алган кредиттин суммасын кредит берүүчүгө кредиттик келишимде каралган мөөнөттө жана тартипте кайтарып берүүгө милдеттүү

2. Заем алуучу кредиттин түрүнө, пайдалануу мөөнөтүнө жана суммасына карабастан, эч кандай комиссияларсыз, айыптык санкцияларсыз жана башка төлөмдөрсүз кредитти (лизингди) кайсы убакта болбосун мөөнөтүнөн мурда төлөөгө укуктуу. 

3. Эгерде кредиттик келишимде башкача каралбаса, кредиттин суммасы кредит берүүчүгө өткөрүлүп берилген же тиешелүү акча каражаттары кредит берүүчүнүн банктык эсебине түшкөн учурда кайра кайтарылган деп эсептелет. 

755-статья. Салымдын кайтарылып берилишин камсыз кылуу 

..... 

4. Банк өзү кабыл алган салымдардын кайтарылып берилишин камсыз кылуу үчүн колдонууга милдеттүү каражаттар жана ыктар "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана банктык салым келишими менен аныкталат. 

..... 

755-статья. Салымдын кайтарылып берилишин камсыз кылуу 

..... 

4. Банк өзү алган салымдарды кайтарууну камсыз кылуу үчүн колдонууга милдеттүү каражаттар жана ыкмалар «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана келишими менен аныкталат. 

..... 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси  

71-берене. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясы 

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бюджеттик укук мамилелерин жөнгө салуу жаатында: 

...............  

14) Улуттук банкта жана коммерциялык банктарда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттик каражаттарын эсепке алуу боюнча эсептерди ачат; 

15) Улуттук банкта жана коммерциялык банктарда ушул Кодекске жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык, Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин убактылуу эркин каражаттарын жайгаштырат; 

16) бюджеттик мекемелерге коммерциялык банктарда эсептерди ачууга уруксат берет; 

71-берене. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясы 

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бюджеттик укук мамилелерин жөнгө салуу жаатында: 

................. 

14) Улуттук банкта жана коммерциялык банктарда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттик каражаттарын эсепке алуу боюнча эсептерди ачат; 

15) коммерциялык банктарда ушул Кодекске жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык, Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин убактылуу эркин каражаттарын жайгаштырат; 

16) бюджеттик мекемелерге коммерциялык банктарда эсептерди ачууга уруксат берет; 

72-берене. Эсептөө палатасынын компетенциясы 

Эсептөө палатасы бюджеттик укук мамилелерин жөнгө салуу жаатында: 

.............  

ж) Улуттук банктын Министрлер Кабинетинин эсептерин тейлөө боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу бөлүгүндө, республикалык бюджетке чегерилүүчү пайданы эсептөөнүн тууралыгына

з) Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттерин тейлөө бөлүгүндө коммерциялык банктарды жана башка насыялык-каржы мекемелерди

и) бюджеттен тышкаркы каражаттардын пайдаланылышына; 

72-берене. Эсептөө палатасынын компетенциясы 

Эсептөө палатасы бюджеттик укук мамилелерин жөнгө салуу жаатында: 

.................  

ж) Улуттук банктын Министрлер Кабинетинин эсептерин тейлөө боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу бөлүгүндө

з) Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттерин тейлөө бөлүгүндө коммерциялык банктарды жана башка финансы-кредиттик уюмдарды

и) бюджеттен тышкаркы каражаттардын пайдаланылышына; 

73-берене. Улуттук банктын компетенциясы 

Улуттук банк бюджеттик укук мамилелерин жөнгө салуу жаатында: 

1) акча-насыя саясатын аныктайт жана Министрлер Кабинети менен өз ара аракетте аны жүзөгө ашырат; 

2) Бирдиктүү казыначылык эсепте турган Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин каражаттарын тейлейт; 

...... 

73-берене. Улуттук банктын компетенциясы 

Улуттук банк бюджеттик укук мамилелерин жөнгө салуу жаатында: 

1) акча-насыя саясатын аныктайт жана Министрлер Кабинети менен өз ара аракетте аны жүзөгө ашырат; 

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин эсептерин тейлөө боюнча банктык операцияларды жүзөгө ашырат; 

..... 

105-берене. Бирдиктүү казыналык эсеп 

…... 

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Улуттук банкта жана коммерциялык банктарда ушул Кодекске, Кыргыз Республикасынын банк тутумунун мыйзамдарына жана башка мыйзам актыларына ылайык, пайыздарды алуу максатында Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин убактылуу эркин каражаттарын жайгаштырат. 

..... 

105-берене. Бирдиктүү казыналык эсеп 

...................  

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган коммерциялык банктарда ушул Кодекске, Кыргыз Республикасынын банк тутумунун мыйзамдарына жана башка мыйзам актыларына ылайык, пайыздарды алуу максатында Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин убактылуу эркин каражаттарын жайгаштырат. 

..... 

Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси 

300-берене. Банк мыйзамдарын бузуу 

Банктардын же финансы-кредиттик мекемелердин кызмат адамы же ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган же жөнгө салынган башка жактар тарабынан банк мыйзамдарынын жоболорун бузуу, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттүү түрдө аткарылуучу жазма буйруктарын аткарбоо - 

юридикалык жактарга 550 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. 

300-берене. Банк мыйзамдарын бузуу 

Банктардын же финансы-кредиттик уюмдардын кызмат адамы же ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган же жөнгө салынган башка жактар тарабынан банк мыйзамдарынын жоболорун бузуу, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттүү түрдө аткарылуучу жазма буйруктарын аткарбоо - 

юридикалык жактарга 550 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. 

302-берене. Төлөө балансы боюнча маалыматтарды бербөө 

1. Иш жүзүндөгү жана болжолдуу төлөө балансын түзүү үчүн көрсөткүчтөрдүн курамы боюнча маалыматты бербөө же болбосо өз убагында бербөө

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. 

2. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ачылган эсептерди жана салымдарды каттабоо - 

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. 

302-берене. Төлөө балансы боюнча маалыматтарды бербөө 

1. Иш жүзүндөгү жана болжолдуу төлөө балансын түзүү үчүн көрсөткүчтөрдүн курамы боюнча маалыматты бербөө же болбосо өз убагында бербөө

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. 

2. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ачылган эсептердин жана салымдарды каттабоо юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. 

Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө мыйзамы 

1-статья. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелер 

..... 

3. Ушул Мыйзам төмөнкүлөргө

1) мамлекеттик жана башка мекемелерге; 

2) ушул Мыйзамдын 16-статьясында белгиленген талаптарды сактоо менен, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96-статьясынын 2-пунктунда каралган негиздер боюнча төлөөгө жөндөмдүү юридикалык жактарды жоюуга карата колдонулбайт; 

3) табигый монополиянын объекттерине карата колдонулбайт; 

4) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында тикелей башкача белгиленбесе, банктарга жана башка финансы-кредиттик уюмдарга.  

1-статья. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелер 

..... 

3. Ушул Мыйзам төмөнкүлөргө

1) мамлекеттик жана башка мекемелерге; 

2) ушул Мыйзамдын 16-статьясында белгиленген талаптарды сактоо менен, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96-статьясынын 2-пунктунда каралган негиздер боюнча төлөөгө жөндөмдүү юридикалык жактарды жоюуга карата колдонулбайт; 

3) табигый монополиянын объекттерине карата колдонулбайт;  

4) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында жана «Банктар жана банк иштери жөнүндө тикелей башкача белгиленбесе, банктарга жана башка финансы-кредит уюмдарына. 

54-статья. Карыз тараптын эсептери 

1. Карыз тарапты жоюуда атайын администратор анын банктагы же башка кредит мекемесиндеги сомдук бир гана эсебин (негизги эсебин жана бир валюталык эсебин (зарыл учурда)) пайдаланууга милдеттүү. Карыз тараптын банктагы же башка кредит мекемелериндеги жоюу башталган учурда белгилүү болгон, ошондой эле жоюу мезгилинде табылган башка эсептери атайын администратор тарабынан жабылууга тийиш. Мындай эсептердеги акча каражаттарынын калдыктары карыз тараптын негизги эсебине которулууга тийиш. 

54-статья. Карыз тараптын эсептери 

1. Карыз тарапты жоюуда атайын администратор анын банктагы же башка финансы-кредит уюмундагы сомдук бир гана эсебин (негизги эсебин жана бир валюталык эсебин (зарыл учурда)) пайдаланууга милдеттүү. Карыз тараптын банктагы же башка финансы-кредиттик уюмдарындагы жоюу башталган учурда белгилүү болгон, ошондой эле жоюу мезгилинде табылган башка эсептери атайын администратор тарабынан жабылууга тийиш. Мындай эсептердеги акча каражаттарынын калдыктары карыз тараптын негизги эсебине которулууга тийиш. 

98-статья. Жалпы жоболоp 

5. Милдеттенмеде каpалган неустойка (айып акы, үстөк төлөм) pеабилитация мезгилинде эсептелбейт. Акчалай талаптаp (банк ссудасы, заем ж.б.) боюнча пpоценттеp pеабилитация башталгандан кийинки алгачкы үч айда эсептелбейт. 

98-статья. Жалпы жоболоp 

5. Милдеттенмеде каpалган неустойка (айып акы, үстөк төлөм) pеабилитация мезгилинде эсептелбейт. Акчалай талаптаp (кредит, заем ж.б.) боюнча пpоценттеp pеабилитация башталгандан кийинки алгачкы үч айда эсептелбейт. 

Кыргыз Республикасынын «Кредиттик союздар жөнүндө» мыйзамы 

4-статья. Кредиттик союздун иши 

4. Кредиттик союз бул операциялар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына ылайык алынган лицензияда көрсөтүлгөн шартта, төмөнкү банктык операцияларды кошумча жүзөгө ашыра алат: 

1) кредиттик союздардын катышуучуларынан улуттук жана чет өлкөлүк валютада салымдарды (депозиттерди) тартууну; 

2) кардарларга кредиттик союзда эсептерди ачпастан - банк менен агенттик келишим боюнча чекене банктык кызматтарды жүзөгө ашырууну; 

3) кредиттик союздун катышуучуларынын тапшыруусу боюнча банк же башка ыйгарым укуктуу финансы-кредиттик уюм менен келишим боюнча кредиттик союзда эсеп ачпастан эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууну; 

4) өз атынан чет өлкө валютасын сатып алууну жана сатууну жүзөгө ашырууну; 

5) мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук жана төлөө шарттарында кредиттик союздардын катышуучуларына кредиттерди чет өлкөлүк валютада берүү

5-статья. Кредиттик союздун юридикалык статусу 

..... 

3. Кредиттик союз өзүнүн карамагында турган мүлктөрдү алууга, ижарага берүүгө, пайдаланууга, башка бирөөгө берип турууга, күрөөгө коюуга, сатып өткөрүүгө, кредиттик союздун иши менен байланыштуу консультациялык жана маалымдоо кызматтарын көрсөтүүгө, окуу семинарларын жана практикалык сабактарды өткөрүүгө, ошондой эле аны түзүү максатына натыйжалуу жетишүү үчүн зарыл болгон кредиттик союзга мүнөздүү жана башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга укуктуу. 

..... 

5-статья. Кредиттик союздун юридикалык статусу 

..... 

3. Кредиттик союз өзүнүн карамагында турган мүлктөрдү алууга, ижарага берүүгө, пайдаланууга, башка бирөөгө берип турууга, күрөөгө коюуга, сатып өткөрүүгө, кредиттик союздун иши менен байланыштуу консультациялык кызматтарын көрсөтүүгө, окуу семинарларын жана практикалык сабактарды өткөрүүгө, ошондой эле аны түзүү максатына натыйжалуу жетишүү үчүн зарыл болгон кредиттик союзга мүнөздүү жана башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга укуктуу. 

..... 

6-статья. Кредиттик союздардын бирикмелери 

..... 

3. Кредиттик союздардын борбордук кредиттик институту - борбордук кредиттик союздун катышуучулары болуп саналган кредиттик союздарды кредиттөө жана алардын ликвиддүүлүгүн колдоо милдетин аткарган адистештирилген финансы-кредиттик мекеме

...... 

6-статья. Кредиттик союздардын бирикмелери 

..... 

3. Кредиттик союздардын борбордук кредиттик институту - борбордук кредиттик союздун катышуучулары болуп саналган кредиттик союздарды кредиттөө жана алардын ликвиддүүлүгүн колдоо милдетин аткарган адистештирилген финансы-кредиттик уюм. 

...... 

8-статья. Кредиттик союздун уставы 

2. Кредиттик союздун уставы төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш: 

...... 

13) кредиттик союздун бош калган акча каражаттарын жайгаштыруунун тартибин жана алар салынышы мүмкүн болгон каржылык-кредиттик мекемелердин түрлөрүн; 

..... 

8-статья. Кредиттик союздун уставы 

2. Кредиттик союздун уставы төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш: 

...... 

13) кредиттик союздун бош калган акча каражаттарын жайгаштыруунун тартибин жана алар салынышы мүмкүн болгон финансы-кредиттик уюмдарынын түрлөрүн; 

..... 

26-статья. Кредиттик союздардын жүзөгө ашырылган тарабынан карыз алуулар 

1. Кредиттик союз Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен кредиттик союздардын адистештирилген кредит мекемелеринен жана/же адистештирилген банктардан, коммерциялык банктардан, өкмөттүк органдардан, эл аралык каржы уюмдарынан жана келишимдердин негизинде тышкы булактардан каражаттарды ала алышат. 

26-статья. Кредиттик союздардын жүзөгө ашырылган тарабынан карыз алуулар 

1. Кредиттик союз Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен кредиттик союздардын адистештирилген кредиттик уюмдарынан жана/же адистештирилген банктардан, коммерциялык банктардан, өкмөттүк органдардан, эл аралык каржы уюмдарынан жана келишимдердин негизинде тышкы булактардан каражаттарды ала алышат. 

28-статья. Акча каражаттарын инвестициялоо 

2. Кредиттик союздун имарат, жер, эмерек жана жабдуу сыяктуу кредиттик союздун өзүнүн чарбалык иштерин жүргүзүү үчүн зарыл болгон жалпы салымдары, ошондой эле финансы-кредиттик мекемелердин капиталдарына жалпы салымдары, ошондой ар бир жалпы салымдар үчүн банктын мыйзамдардын жөнгө салуучу ченемдеринде белгиленген көлөмдөн ашышы мүмкүн эмес. 

28-статья. Акча каражаттарын инвестициялоо 

2. Кредиттик союздун имарат, жер, эмерек жана жабдуу сыяктуу кредиттик союздун өзүнүн чарбалык иштерин жүргүзүү үчүн зарыл болгон жалпы салымдары, ошондой эле финансы-кредиттик уюмдарынын капиталдарына жалпы салымдары, ошондой ар бир жалпы салымдар үчүн банктын мыйзамдардын жөнгө салуучу ченемдеринде белгиленген көлөмдөн ашышы мүмкүн эмес. 

33-статья. Кредиттик союздарды кайра өзгөртүп түзүү жана/же жоюу 

……….. 

2. Кредиттик союз Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына ылайык жана анын макулдугу менен жоопкерчилиги чектелген коом же акционердик коом түрүндөгү финансы-кредит мекемеси болуп кайра түзүлүшү мүмкүн. 

8. Кредиттик союз төлөөгө жөндөмсүз болгон учурда банкроттук жөнүндө мыйзамга ылайык жоюлууга тийиш. Мында кооперативдерди банкроттукка чыгаруу процессинин өзгөчөлүктөрү кредиттик союздарга карата колдонулбайт. 

9. Төлөөгө жөндөмсүз болгон учурда өз катышуучуларынан депозиттерди тартууга лицензиясы бар кредиттик союз «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жоюлууга тийиш. 

33-статья. Кредиттик союздарды кайра өзгөртүп түзүү жана/же жоюу 

……….. 

2. Кредиттик союз Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына ылайык жана анын макулдугу менен жоопкерчилиги чектелген коом же акционердик коом түрүндөгү финансы-кредиттик уюму болуп кайра түзүлүшү мүмкүн. 

8. Кредиттик союз төлөөгө жөндөмсүз болгон учурда банкроттук жөнүндө мыйзамга ылайык жоюлууга тийиш. Мында кооперативдерди банкроттукка чыгаруу процессинин өзгөчөлүктөрү кредиттик союздарга карата колдонулбайт. 

9. Төлөөгө жөндөмсүз болгон учурда өз катышуучуларынан депозиттерди тартууга лицензиясы бар кредиттик союз Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамы менен жоюлууга тийиш. 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» мыйзамы  

1-статья. Аныктамалар 

1. Жеке жана юридикалык жактар үчүн, анын ичинде банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык, микрофинансы кызматтарын көрсөтүү максатында юридикалык жак катары түзүлгөн адистештирилген финансы-кредиттик же кредиттик мекеме (микрофинансы компаниясы, микрокредиттик компания, микрокредиттик агенттик) микрофинансы уюму болуп саналат.  

Микрофинансы уюму өз ишин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) лицензиясынын (күбөлүгүнүн) негизинде ишке ашырат. Микрофинансы уюму банк болуп саналбайт жана ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык, айрым банк операцияларын жүргүзө алат. 

Микрофинансы уюму өз ишин ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен жүзөгө ашырат. 

2. Акционердик коом формасында түзүлгөн, Улуттук банктын лицензиясын алган, юридикалык жана жеке жактарды микрокредиттөөнү жана операциялардын башка түрлөрүн, анын ичинде жеке жана юридикалык жактардан ушул Мыйзамда каралган мөөнөттүү аманаттарды тартууну жүзөгө ашыруучу адистештирилген финансы-кредиттик мекеме микрофинансылык компания болуп саналат. 

3. Коммерциялык уюмдун кандай болбосун уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн, Улуттук банктын күбөлүгүн алган, жеке жана юридикалык жактарды микрокредиттөөнү жана ушул Мыйзамда каралган операциялардын башка түрлөрүн жүзөгө ашыруучу адистештирилген финансы-кредиттик мекеме микрокредиттик компания болуп саналат. 

4. Ушул мыйзамда белгиленгендерди кошпогондо, коммерциялык эмес уюм формасында түзүлгөн, Улуттук банктын күбөлүгүн алган жана уюмдун уставдык максаттарына ылайык жеке жана юридикалык жактарды микрокредиттөөнү жүзөгө ашыруучу адистештирилген кредиттик мекеме микрокредиттик агенттик болуп саналат. 

9. Финансы-кредиттик уюмдардын дагы башка түрлөрү, анын ичинде кредиттик союздардын иши Кыргыз Республикасынын «Кредиттик союздар жөнүндө» Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын дагы башка укуктук ченемдик актыларынын негизинде жөнгө салынат 

1-статья. Аныктамалар 

1. Жеке жана юридикалык жактар үчүн, анын ичинде банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык, микрофинансы кызматтарын көрсөтүү максатында юридикалык жак катары түзүлгөн адистештирилген финансы-кредиттик уюм же кредиттик уюм (микрофинансы компаниясы, микрокредиттик компания, микрокредиттик агенттик) микрофинансы уюму болуп саналат.  

Микрофинансы уюму өз ишин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) лицензиясынын (күбөлүгүнүн) негизинде ишке ашырат. Микрофинансы уюму банк болуп саналбайт жана ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык, айрым банк операцияларын жүргүзө алат. 

Микрофинансы уюму өз ишин ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жана «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен жүзөгө ашырат.  

2. Акционердик коом формасында түзүлгөн, Улуттук банктын лицензиясын алган, юридикалык жана жеке жактарды микрокредиттөөнү жана операциялардын башка түрлөрүн, анын ичинде жеке жана юридикалык жактардан ушул Мыйзамда каралган мөөнөттүү аманаттарды тартууну жүзөгө ашыруучу адистештирилген финансы-кредиттик уюм микрофинансылык компания болуп саналат.  

3. Коммерциялык уюмдун кандай болбосун уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн, Улуттук банктын күбөлүгүн алган, жеке жана юридикалык жактарды микрокредиттөөнү жана ушул Мыйзамда каралган операциялардын башка түрлөрүн жүзөгө ашыруучу адистештирилген финансы-кредиттик уюм микрокредиттик компания болуп саналат. 

4. Ушул мыйзамда белгиленгендерди кошпогондо, коммерциялык эмес уюм формасында түзүлгөн, Улуттук банктын күбөлүгүн алган жана уюмдун уставдык максаттарына ылайык жеке жана юридикалык жактарды микрокредиттөөнү жүзөгө ашыруучу адистештирилген кредиттик уюм микрокредиттик агенттик болуп саналат. 

9. Финансы-кредиттик уюмдардын дагы башка түрлөрү, анын ичинде кредиттик союздардын иши Кыргыз Республикасынын «Кредиттик союздар жөнүндө» Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын дагы башка укуктук ченемдик актыларынын негизинде жөнгө салынат  

3-статья. Микрофинансы уюмунун аталышы 

5. Микрофинансы уюмунун аталышын өзгөртүү Улуттук банк менен алдын ала макулдашылгандан кийин жүзөгө ашырылат. Микрофинансы уюму аталышы жана/же турган жери өзгөргөндөн кийин үч күндүн ичинде бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында кабарландыруу берүүгө милдеттүү

6. Кыргыз Республикасынын аймагында мурда түзүлгөн же түзүлүп жаткан банктардын же болбосо микрофинансы уюмдарынын аталышы менен бирдей же аларды алмаштырып жиберүү даражасына чейин окшош белгилөөлөрдү аталыш катары пайдаланууга жол берилбейт. 

Ушул тыюу салуу туунду банктарга же туунду микрофинансы уюмдарына негизги банктардын (башкы) же микрофинансы уюмдарынын (башкы) аталыштарын пайдаланууда жайылтылбайт. 

7. Микрофинансы уюмунун фирмалык аталышында «ислам» деген сөздү тиешелүү уруксат берүүчү документтин негизинде өз ишин банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырган микрофинансы уюмдары гана пайдаланууга укуктуу. 

5-статья. Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдарынын көз карандысыздыгы 

1. Микрофинансы уюмдары өз ишин ушул Мыйзам, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары жана Кыргыз Республикасынын дагы башка мыйзамдары аркылуу ыйгарылган компетенциянын чегинде өз алдынча уюштурушат жана жүзөгө ашырышат.  

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларды кошпогондо, мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына микрофинансы уюмдарынын ишине байланыштуу маселелерди чечүүнүн ар кандай түрлөрүнө кийлигишүүлөрүнө тыюу салынат. 

3. Көрсөтүлгөн кызматтар үчүн комиссиялык сыйакынын жана кызматтар үчүн акынын өлчөмү микрофинансы уюмдары тарабынан кардар менен түзүлгөн келишимге ылайык өз алдынча белгиленет.  

Пайыздын ставкасынын өлчөмү сүткорлукту чектөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен, микрофинансы уюмдары тарабынан өз алдынча белгиленет. 

5-статья. Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдарынын көз карандысыздыгы 

1. Микрофинансы уюмдары өз ишин ушул Мыйзам, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы, «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы, Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары жана Кыргыз Республикасынын дагы башка мыйзамдары аркылуу ыйгарылган компетенциянын чегинде өз алдынча уюштурушат жана жүзөгө ашырышат.  

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларды кошпогондо, мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына микрофинансы уюмдарынын ишине байланыштуу маселелерди чечүүнүн ар кандай түрлөрүнө кийлигишүүлөрүнө тыюу салынат. 

3. Көрсөтүлгөн кызматтар үчүн комиссиялык сыйакынын жана кызматтар үчүн акынын өлчөмү микрофинансы уюмдары тарабынан Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын талаптарына ылайык өз алдынча белгиленет.  

Пайыздын ставкасынын өлчөмү сүткорлукту чектөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен, микрофинансы уюмдары тарабынан өз алдынча белгиленет. 

8-статья. Микрофинансы уюмдары тарабынан ишке ашырылуучу бүтүмдөр  

1. Микрофинансы уюму микрокредиттөө боюнча негизги ишин жүзөгө ашыруудан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, өз ишин камсыз кылуу үчүн дагы башка бүтүмдөрдү түзүүгө укуктуу, анын ичинде: 

1) күрөө коюучунун күрөөгө коюлган мүлкүн анын микрофинансы уюмунун алдындагы милдеттенмелерин төлөттүрүү үчүн алып коюуга жана сатып өткөрүүгө

2) микрокредиттөө боюнча кызматтарды көрсөтүүгө байланыштуу консультациялык жана маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүүгө

3) коммерциялык банктарда эсептешүү (депозиттик) эсептерин ачууга жана кармап турууга; 

4) юридикалык жактардан каражаттарды карызга алып турууга; 

5) Уюштуруучулардан (акционерлерден) Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдүн чектеринде каражаттарды карызга алып турууга; 

6) туунду финансы аспаптары менен операцияларды Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен жүзөгө ашырууга. 

8-статья. Микрофинансы уюмдары тарабынан ишке ашырылуучу бүтүмдөр  

1. Микрофинансы уюму микрокредиттөө боюнча негизги ишин жүзөгө ашыруудан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, өз ишин камсыз кылуу үчүн дагы башка бүтүмдөрдү түзүүгө укуктуу, анын ичинде: 

1) күрөө коюучунун күрөөгө коюлган мүлкүн анын микрофинансы уюмунун алдындагы милдеттенмелерин төлөттүрүү үчүн алып коюуга жана сатып өткөрүүгө;  

2) микрокредиттөө боюнча кызматтарды көрсөтүүгө байланыштуу консультациялык кызматтарын көрсөтүүгө

3) коммерциялык банктарда эсептешүү (депозиттик) эсептерин ачууга жана кармап турууга; 

4) юридикалык жактардан каражаттарды карызга алып турууга; 

5) Уюштуруучулардан (акционерлерден) Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдүн чектеринде каражаттарды карызга алып турууга; 

6) туунду финансы аспаптары менен операцияларды Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен жүзөгө ашырууга. 

10-статья. Микрофинансы уюмдарын кайра уюштуруу жана/же жоюу 

4. Депозиттерди тартуу укугу бар микрофинансы компанияларын мажбурлап жоюу «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат. 

Депозиттерди тартып келбеген микрофинансы компаниясы, микрокредиттик компания жана микрокредиттик агенттик «Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жоюлат. 

10-статья. Микрофинансы уюмдарын кайра уюштуруу жана/же жоюу 

4. Депозиттерди тартуу укугу бар микрофинансы компанияларын мажбурлап жоюу «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат. 

Депозиттерди тартып келбеген микрофинансы компаниясы, микрокредиттик компания жана микрокредиттик агенттик «Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жоюлат. 

15-статья. Микрофинансы компаниясын лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү 

Аманатчы менен сүйлөшүлгөн шарттарда өз атынан депозиттерди тартуу укугуна лицензия алууга (лицензияда көрсөтүүгө) талаптанган микрофинансы компаниясы ушул мыйзамдын 23-статьясында көрсөтүлгөн документтерге кошумча банк лицензиясын алуу үчүн «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган документтерди берет. Мында микрофинансы компаниясынын жайлары жана жабдуулары аманатчылардын каражаттарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш. 

15-статья. Микрофинансы компаниясын лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү 

Аманатчы менен сүйлөшүлгөн шарттарда өз атынан депозиттерди тартуу укугуна лицензия алууга (лицензияда көрсөтүүгө) талаптанган микрофинансы компаниясы ушул мыйзамдын 23-статьясында көрсөтүлгөн документтерге кошумча банк лицензиясын алуу үчүн Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамында каралган документтерди берет. Мында микрофинансы компаниясынын жайлары жана жабдуулары аманатчылардын каражаттарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш. 

16-статья. Микрофинансы компаниясы тарабынан жүргүзүлүүчү операциялар 

1. Эгерде ушул пунктта башкача каралбаса, микро каржы компаниясы төмөндөгү операциялар лицензияда көрсөтүлгөн шартта, Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен мына бул банк операцияларын жүргүзө алат: 

1) камсыз кылынган жана камсыз кылынбаган микрокредиттерди берүү

2) жеке жана юридикалык жактардан кардарлардын өздүк жыйымдарын топтоо максатында кайтарып берүү шарты менен мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу; 

3) карыздык милдеттенмелерди (факторинг) сатып алуу жана сатуу;  

16-статья. Микрофинансы компаниясы тарабынан жүргүзүлүүчү операциялар 

1. Эгерде ушул пунктта башкача каралбаса, микро каржы компаниясы төмөндөгү операциялар лицензияда көрсөтүлгөн шартта, Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен мына бул банк операцияларын жүргүзө алат: 

1) камсыз кылынган жана камсыз кылынбаган микрокредиттерди берүү

2) жеке жана юридикалык жактардан кардарлардын өздүк жыйымдарын топтоо максатында кайтарып берүү шарты менен мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу; 

3) үчүнчү жактардан милдеттенмелерин акчалай түрдө (факторинг) аткаруусун талап кылуу укугуна ээ болуу; 

18-статья. Кызыкчылыктардын кагылышуусун чечүү 

.............. 

2. Микрофинансы компаниясынын башкармасынын мүчөсү жеке өзүнүн кызыкчылыгында эмес, микрофинансы компаниясынын кызыкчылыгында иш алып барууга жана микрофинансы компаниясынын таламдарын коргоо боюнча бардык күч-аракеттерди жумшоого, ошондой эле өз милдеттерин аткарууда негиздүү жана алгылыктуу чечимдерди сунуш кылууга, жүктөлгөн милдеттерди ак ниеттүүлүк менен аткарбай коюунун кесепетинен микрофинансы компаниясына келтирген чыгымдары үчүн материалдык жоопкерчилик тартууга тийиш. 

18-статья. Кызыкчылыктардын кагылышуусун чечүү 

...................... 

2. Микрофинансы компаниясынын башкармасынын мүчөсү жеке өзүнүн кызыкчылыгында эмес, микрофинансы компаниясынын кызыкчылыгында иш алып барууга жана микрофинансы компаниясынын таламдарын коргоо боюнча бардык күч-аракеттерди жумшоого, ошондой эле өз милдеттерин аткарууда негиздүү жана алгылыктуу чечимдерди сунуш кылууга, жүктөлгөн милдеттерди ак ниеттүүлүк менен аткарбай коюунун кесепетинен микрофинансы уюмуна келтирген чыгымдары үчүн материалдык жоопкерчилик тартууга тийиш. 

24-статья. Лицензия алууга жазылган арызды кароонун шарттары 

2. Улуттук банк тарабынан лицензиялануучу финансы-кредиттик мекемелер үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Юстиция министрлиги тарабынан белгиленген формада жана тартипте Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өтүүгө (кайрадан каттаалууга) макулдук билдирген кат микрофинансы компаниясына оң жооп болуп саналат. 

24-статья. Лицензия алууга жазылган арызды кароонун шарттары 

2. Улуттук банк тарабынан лицензиялануучу финансы-кредитик уюмдар үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Юстиция министрлиги тарабынан белгиленген формада жана тартипте Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өтүүгө (кайрадан каттаалууга) макулдук билдирген кат микрофинансы компаниясына оң жооп болуп саналат. 

27-статья. Жөнгө салуу жана көзөмөл органы 

1. Улуттук банк "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Улуттук банкка жүктөлгөн иш-милдеттери менен талаптарды аткаруу, туруктуу финансы тутумун колдоо, керектөөчүлөрдүн таламдарын коргоо, ошондой эле микрофинансы компаниялары тарабынан Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарынын аткарылышын камсыз кылуу максатында микрофинансы компанияларынын ишин жөнгө салат жана аларга карата көзөмөлдү жүзөгө ашырат. 

27-статья. Жөнгө салуу жана көзөмөл органы 

1. Улуттук банк «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы жана «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Улуттук банкка жүктөлгөн функцияларды жана милдеттерди аткаруу, туруктуу финансы системасын колдоо, керектөөчүлөрдүн таламдарын коргоо, ошондой эле микрофинансы компаниялары тарабынан Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарынын аткарылышын камсыз кылуу максатында микрофинансы компанияларынын ишин жөнгө салууну жана көзөмөлдү жүзөгө ашырат. 

28-статья. Улуттук банктын ыйгарым укуктары 

Улуттук банк микрофинансы компанияларына карата төмөндөгү чараларды колдонуу укугуна ээ: 

..... 

5) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында каралган таасир кылуу чараларын колдонуу; 

28-статья. Улуттук банктын ыйгарым укуктары 

Улуттук банк микрофинансы компанияларына карата төмөндөгү чараларды колдонуу укугуна ээ: 

..... 

5) «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында каралган таасир кылуу чараларын колдонуу; 

30-статья. Лицензияны токтото туруу жана кайтарып алуу 

……….. 

2. Микрофинансы компаниясынын белгилүү бир операцияларын токтото туруу же чектөө, лицензияны токтото туруу же кайтарып алуу жөнүндө Улуттук банк тарабынан кабыл алынган чечимде, бул чечимдин кабыл алынышына себеп болгон белгилүү фактыларга түшүндүрмөлөр камтылууга тийиш. Операцияларды токтото туруу же чектөө же лицензияны токтото туруу учурунда төмөндөгү чараларды камтууга тийиш, бирок булар менен гана чектелип калбаш керек: 

..... 

7) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана «банкроттук, анын ичинде банктардын банкроттугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банкроттук жол-жоболорун колдонууну. 

30-статья. Лицензияны токтото туруу жана кайтарып алуу 

………….. 

2. Микрофинансы компаниясынын белгилүү бир операцияларын токтото туруу же чектөө, лицензияны токтото туруу же кайтарып алуу жөнүндө Улуттук банк тарабынан кабыл алынган чечимде, бул чечимдин кабыл алынышына себеп болгон белгилүү фактыларга түшүндүрмөлөр камтылууга тийиш. Операцияларды токтото туруу же чектөө же лицензияны токтото туруу учурунда төмөндөгү чараларды камтууга тийиш, бирок булар менен гана чектелип калбаш керек: 

..... 

7) «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана банкроттук, анын ичинде банктардын банкроттугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банкроттук жол-жоболорун колдонууну.  

31-статья. Маалымат жана документтер 

1. Улуттук банк микрофинансы компаниясынын же анын туунду компанияларынын колундагы маалыматтарды, микрофинансы компаниясынын кардарлары жана аларды каржылоонун булактары жөнүндөгү маалыматтарды кошо алганда, суратууга жана алууга укуктуу. 

2. Өз ыйгарым укуктарын пайдалануу жол-жобосу менен Улуттук банк тарабынан алынган маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды эске албаганда, үчүнчү тарапка берилүүгө тийиш эмес. 

31-статья. Маалымат жана документтер 

1. Микрофинансы компаниясы, анын кызмат адамдары жана башка кызматкерлери, микрофинансы компаниясынын акционерлери жана микрофинансы компаниясына байланыштуу жактар Улуттук банктын талабы боюнча отчетторду, документтерди жана ар кандай маалыматтарды өз убагында берүүгө милдеттүү

2. Өз ыйгарым укуктарын пайдалануу жол-жобосу менен Улуттук банк тарабынан алынган маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды эске албаганда, үчүнчү тарапка берилүүгө тийиш эмес. 

33-статья. Микрокредиттик компаниялар жана микрокредиттик агенттиктер жүзөгө ашыруучу операциялар 

...................  

2. Микрокредиттик компания Улуттук банк тарабынан микрофинансы компанияларын лицензиялоонун тартибине ылайык берилген лицензияда бул операциялар көрсөтүлгөн шартта, төмөнкү банк операцияларын кошумча жүзөгө ашыра алат: 

1) карыз милдеттенмелерин сатып алууну жана сатууну (факторинг); 

2) кардарларга микрокредиттик компанияда эсептерди ачпастан - банк менен агенттик келишим боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү

3) өз атынан чет өлкөлүк валюталарды сатып алууну жана сатууну. 

3. Микрокредиттик агенттик өз каражаттарынын, финансы-кредиттик мекемелерден жана/же эл аралык финансы уюмдарынан карызга алынган каражаттардын эсебинен гана, микрокредиттик агенттиктин катышуучулары тарабынан аныкталуучу коммерциялык эмес мекеменин уставдык максаттарына ылайык, карыз алуучу менен макулдашылган шарттарда жеке жана юридикалык жактарга микрокредиттерди (камсыз кылынган жана камсыз кылынбаган микрокредиттер) улуттук валютада берүүнү Улуттук банктын күбөлүгү болгондо жүзөгө ашырат. 

4. Ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн банктык операцияларды жүзөгө ашырууга Улуттук банктын лицензиясын алган микрокредиттик компания өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык жүзөгө ашырууга тийиш. 

Улуттук банк ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн операцияларды жүзөгө ашыруучу ушул микрокредиттик компанияга карата ушул Мыйзамдын төртүнчү главасында микрофинансы компанияларына карата каралган жөнгө салуу чараларын жүзөгө ашырууга укуктуу. 

5. Микрокредиттик компания же микрокредиттик агенттик акционердик коомдор формасында микрокредиттик компаниялар тарабынан чыгарылуучу акциялардан тышкары, баалуу кагаздарды чыгарууга укугу жок, ошондой эле финансылык лизинг операцияларын кошпогондо, ушул статьяда каралбаган башка банк операцияларын жүзөгө ашырууга укуксуз. 

33-статья. Микрокредиттик компаниялар жана микрокредиттик агенттиктер жүзөгө ашыруучу операциялар  

................. 

2. Микрокредиттик компания Улуттук банк тарабынан микрофинансы компанияларын лицензиялоонун тартибине ылайык берилген лицензияда бул операциялар көрсөтүлгөн шартта, төмөнкү банк операцияларын кошумча жүзөгө ашыра алат: 

1) үчүнчү жактардан милдеттенмелерин акчалай түрдө (факторинг) аткаруусун талап кылуу укугуна ээ болуу; 

2) кардарларга микрокредиттик компанияда эсептерди ачпастан - банк менен агенттик келишим боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү

3) өз атынан чет өлкөлүк валюталарды сатып алууну жана сатууну. 

3. Микрокредиттик агенттик өз каражаттарынын, финансы-кредиттик уюмдардан жана/же эл аралык финансы уюмдарынан карызга алынган каражаттардын эсебинен гана, микрокредиттик агенттиктин катышуучулары тарабынан аныкталуучу коммерциялык эмес уюмдун уставдык максаттарына ылайык, карыз алуучу менен макулдашылган шарттарда жеке жана юридикалык жактарга микрокредиттерди (камсыз кылынган жана камсыз кылынбаган микрокредиттер) улуттук валютада берүүнү Улуттук банктын күбөлүгү болгондо жүзөгө ашырат. 

4. Ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн банктык операцияларды жүзөгө ашырууга Улуттук банктын лицензиясын алган микрокредиттик компания өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык жүзөгө ашырууга тийиш. 

Улуттук банк ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн операцияларды жүзөгө ашыруучу ушул микрокредиттик компанияга карата ушул Мыйзамдын төртүнчү главасында микрофинансы компанияларына карата каралган жөнгө салуу чараларын жүзөгө ашырууга укуктуу. 

5. Микрокредиттик компания же микрокредиттик агенттик акционердик коомдор формасында микрокредиттик компаниялар тарабынан чыгарылуучу акциялардан тышкары, баалуу кагаздарды чыгарууга укугу жок, ушул статьяда каралбаган башка банк операцияларын жүзөгө ашырууга укуксуз. 

35-статья. Микрокредиттик компаниялар менен микрокредиттик агенттиктердин иштөө өзгөчөлүктөрү 

............ 

9. Улуттук банк же ал ыйгарым укук берген орган (жак), микрокредиттик компаниянын жана микрокредиттик агенттигинин ишине тиешелүү ар кандай маалыматтарды тышкы көзөмөлдү жана инспекторлук текшерүүлөрдү жүзөгө ашырууга, талап кылууга жана алууга укуктуу. 

Улуттук банк террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу маселеси боюнча микрокредиттик компаниялардын жана микрокредиттик агенттиктердин ишин инспекциялоону жүргүзөт жана анын натыйжалары жөнүндө маалыматты финансылык чалгындоо органына жөнөтөт. 

10. Улуттук банк же ал ыйгарым укук берген орган (жак) ушул Мыйзамдын 30-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда микрокредиттик компаниянын же микрокредиттик агенттиктин операцияларын жана бүтүмдөрүн чектөөгө, эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүгүнүн колдонулушун токтото турууга жана кайтарып алууга укуктуу. Эсептик каттоо жөнүндө күбөлүктү чакыртып алуу ушул Мыйзамдын 10-статьясына ылайык жүзөгө ашырылуучу микрокредиттик компаниянын же микрокредиттик агенттиктин жоюлушуна алып келет. 

11. Улуттук банк микрокредиттик компанияны жана микрокредиттик агенттикти Улуттук банк тарабынан жөнгө салынуучу финансы-кредиттик жана кредиттик мекемелер үчүн каттоо органы менен макулдашуу боюнча Улуттук банк тарабынан белгиленген форма боюнча жана тартипте каттоонун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында мамлекеттик каттоого (кайра каттоого) макулдук катын берет. 

12. Улуттук банк микрокредиттик компанияларга жана микрокредиттик агенттиктерге карата ушул Мыйзамда каралган жөнгө салуу, көзөмөлдөө жана таасир көрсөтүү чараларын колдонууга укуктуу. 

35-статья. Микрокредиттик компаниялар менен микрокредиттик агенттиктердин иштөө өзгөчөлүктөрү 

.............. 

9. Улуттук банк же ал ыйгарым укук берген орган (жак), тышкы көзөмөлдү жана инспекторлук текшерүүлөрдү жүзөгө ашырууга укуктуу. 

Улуттук банк террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу маселеси боюнча микрокредиттик компаниялардын жана микрокредиттик агенттиктердин ишин инспекциялоону жүргүзөт жана анын натыйжалары жөнүндө маалыматты финансылык чалгындоо органына жөнөтөт. 

Микрокредиттик компания жана/же микрокредиттик агенттик, алардын кызмат адамдары жана башка кызматкерлери, катышуучулар (уюштуруучулар, акционерлер) жана микрокредиттик компания жана/же микрокредиттик агенттик менен байланышкан адамдар Улуттук банктын талабы боюнча отчетторду, документтерди жана ар кандай маалыматтарды өз убагында берүүгө милдеттүү

10. Улуттук банк же ал ыйгарым укук берген орган (жак) ушул Мыйзамдын 30-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда микрокредиттик компаниянын же микрокредиттик агенттиктин операцияларын жана бүтүмдөрүн чектөөгө, эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүгүнүн колдонулушун токтото турууга жана кайтарып алууга укуктуу. Эсептик каттоо жөнүндө күбөлүктү чакыртып алуу ушул Мыйзамдын 10-статьясына ылайык жүзөгө ашырылуучу микрокредиттик компаниянын же микрокредиттик агенттиктин жоюлушуна алып келет.  

11. Улуттук банк микрокредиттик компанияны жана микрокредиттик агенттикти Улуттук банк тарабынан лицензиялануучу жана жөнгө салынуучу финансы-кредиттик уюмдар, кредиттик уюмдар жана башка юридикалык жактар үчүн каттоо органы менен макулдашуу боюнча Улуттук банк тарабынан белгиленген форма боюнча жана тартипте каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик каттоого (кайра каттоого) макулдук катты берет. 

12. Улуттук банк микрокредиттик компанияларга жана микрокредиттик агенттиктерге карата ушул Мыйзамда каралган жөнгө салуу, көзөмөлдөө жана таасир көрсөтүү чараларын колдонууга укуктуу. 

351-статья. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы жөнүндө маалыматтарга карата талаптар 

1. Пайыздардын ставкаларынын (пайыздык ставкалардын), ошондой эле кызмат көрсөтүүлөр үчүн комиссиялык сыйакылардын жана тарифтердин өлчөмдөрү жөнүндө маалымат ачык болууга тийиш жана коммерциялык же банктык жашыруун сырдын предмети болушу мүмкүн эмес. Берилүүчү микрокредиттердин (лизингдин) ар бир түрү боюнча пайыздын ставкасы кардарлар үчүн мезгил үчүн пайыздык ставка менен катар жылдык номиналдуу туюнтмасы жана пайыздын натыйжалуу ставкасынын усулу боюнча жылдык эсептөөдө берилиши керек. Пайыздын номиналдуу ставкасы кредиттин негизги суммасынын азайып бара жаткан калдыгына карата эсептелүүгө тийиш. Кардарларга берүү максаттары үчүн пайыздын натыйжалуу ставкасын аныктоо жана эсептөө усулу Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет. 

2. Пайыздын номиналдуу жана натыйжалуу ставкасы жөнүндө маалымат менен катар микрофинансы уюму кардар менен микрокредит (лизинг) боюнча келишим түзүүгө (кол коюуга) чейин кардарга микрокредит боюнча келишимди түзүү жана аны аткаруу менен байланышкан микрокредиттин негизги суммасын, пайыздарын, комиссиялык жыйындарды жана башка төлөөлөрдү өз өзүнчө көрсөтүү менен микрокредиттин абсолюттук маанидеги толук наркы жөнүндө маалыматты кардарга берүүгө милдеттүү. Микрофинансы уюму кардарларга кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы жөнүндө толук маалымат берүүдөн баш тартууга укуксуз. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын бурмалоочу жана кредит боюнча төлөөлөрдү кредиттик келишимдин валютасынан айырмаланган валютага байланыштырып индекстештирүүнү караган кредиттик продукцияларды пайдаланууга жол берилбейт. 

3. Берилүүчү микрокредиттер (лизинг) боюнча пайыздардын ставкалары жөнүндө маалыматты жарнамалоодо, жарыялоодо жана таратууда микрофинансы уюмдары пайыздардын номиналдуу жана натыйжалуу ставкаларын көрсөтүүгө милдеттүү. Пайыздардын номиналдуу жана натыйжалуу ставкалары, комиссиялык сыйакынын өлчөмдөрү жана тарифтери микрофинансы уюму менен кардардын ортосунда түзүлүүчү келишимде көрсөтүлүүгө тийиш. Келишимге ылайык депозиттер жана кредиттер боюнча пайыздык ставкалардын чоңдугу тараптардын өз ара макулдугу боюнча экономикада түзүлгөн кырдаалды эсепке алуу менен, мезгил-мезгилинде кайра каралып турушу мүмкүн.  

351-статья. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы жөнүндө маалыматтарга карата талаптар 

1. Пайыздардын ставкаларынын (пайыздык ставкалардын), ошондой эле кызмат көрсөтүүлөр үчүн комиссиялык сыйакылардын жана тарифтердин өлчөмдөрү жөнүндө маалымат ачык болууга тийиш жана коммерциялык же банктык жашыруун сырдын предмети болушу мүмкүн эмес. Пайыздын ставкасы кардарлар үчүн жылдык номиналдуу туюнтмада мезгил ичиндеги пайыздын ставкасы менен катар жана пайыздын натыйжалуу ставкасы усулу боюнча жылдык эсептөөдө берилиши керек. Пайыздын номиналдуу ставкасы кредиттин негизги суммасынын азайып бара жаткан калдыгына карата эсептелүүгө тийиш. Кардарларга берүү максаттары үчүн пайыздын натыйжалуу ставкасын аныктоо жана эсептөө усулу Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет. 

2. Пайыздын номиналдуу жана натыйжалуу ставкасынын өлчөмдөрү жөнүндө маалымат менен катар микрофинансы уюму кардар менен келишим түзүүгө (кол коюуга) чейин негизги сумманы, пайыздарды, комиссиялык сый акыларды жана келишимди түзүүгө жана аны аткарууга байланыштуу башка төлөмдөрдү өзүнчө көрсөтүү менен кызмат көрсөтүүнүн абсолюттук маанидеги толук наркы жөнүндө маалыматты кардарга берүүгө милдеттүү. Микрофинансы уюму кардарларга кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы жөнүндө толук маалымат берүүдөн баш тартууга укуксуз. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын бурмалоочу жана кредиттик келишимдин валютасынан айырмаланган валютага байланыштыруу менен кредит боюнча төлөмдөрдүн индексин караштырган продукттарды пайдаланууга жол берилбейт.  

3. Кызмат көрсөтүүлөр боюнча пайыздардын ставкалары жөнүндө жарнамада, жарыялоолордо жана жайылтылуучу маалыматта микрофинансы уюмдары пайыздардын номиналдуу жана натыйжалуу ставкаларын көрсөтүүгө милдеттүү. Пайыздардын номиналдуу жана натыйжалуу ставкалары, комиссиялык сый акынын өлчөмдөрү жана тарифтер микрофинансы уюму менен кардардын ортосунда түзүлүүчү келишимде көрсөтүлүүгө тийиш. Келишимге ылайык депозиттер жана кредиттер боюнча пайыздык ставкалардын өлчөмдөрү тараптардын өз ара макулдугу боюнча экономикада түзүлгөн кырдаалды эсепке алуу менен мезгил-мезгили менен кайра каралып турушу мүмкүн. 

352-статья. Кредиттөөгө карата минималдуу талаптар 

1. Микрофинансы уюмдары кредиттөөнү жана башка кызматтарды көрсөтүүнү кардарларга карата ак ниеттүүлүк, ачыктык, аныктык принциптеринде, алардын экономикалык кызыкчылыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен, коммерциялык жана банктык жашыруун сырлар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен жүзөгө ашырат. 

Микрофинансы уюмдары коммерциялык кредиттер катары тартылган каражаттарды жайгаштырууда алардын ушул Мыйзамдын 2-статьясында көрсөтүлгөн иштин максаттарына ылайык келүүсүн камсыз кылууга милдеттүү

2. Микрофинансылык уюмдар кредиттөө боюнча кызматтарды көрсөтүүдө төмөнкү минималдуу талаптардын аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү

1) микрофинансы уюму тарабынан берилүүчү кредит боюнча натыйжалуу пайыздык ставкасы кредитти берүү датасына декларацияланган (жарыяланган) натыйжалуу пайыздык ставканын маанисинен ашпоого тийиш; 

2) кредиттик келишим түзүлгөнгө чейин кардарлар (мүмкүн болуучу карыз алуучулар) үчүн кредиттик продукциянын толук наркы жөнүндө маалыматты кошуп алганда, кредиттерди берүүнүн шарттары тууралуу маалыматтарды кардардын тандоосу боюнча мамлекеттик жана/же расмий тилде толук ачуу камсыз кылынууга тийиш. Маалыматтын формасы ар түрдүү кредит берүүчүлөрдүн кредиттик продукцияларын салыштыруунун мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн унификацияланган жана тутумдаштырылган болууга тийиш; 

3) кредиттик келишим түзүлгөнгө чейин, өзгөчө карыз алуучунун жалгыз турак жайы күрөө катары берилгенде, карыз алуучунун иш менен камсыз болуу, үй-бүлө мүчөлөрүнүн кирешелеринин көрсөткүчтөрү, чыгымдарынын көлөмү, багуусундагы адамдардын саны ж.у.с. кошуп алганда, карыз алуучунун иш жүзүндөгү төлөө жөндөмдүүлүгү иликтенүүгө тийиш; 

4) кредиттик келишимдин шарттарына кошумча жыйымдарды, микрофинансы уюмдары алуучу жана төлөнүүчү комиссиялык жана башка төлөмдөрдү жана жарыялангандан тышкаркы микрокредит боюнча келишимди түзүүгө жана аткарууга байланыштуу, ошондой эле карыз алуучу менен келишилгенге көз карандылыктан тышкары акы алынуучу негиздеги башка кошумча кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүүгө тыюу салынат; 

5) типтүү кредиттик продукциялар жана аларга карата келишимдер унификацияланган болууга тийиш; 

6) кредиттик келишимдин тексти кабылдоо жана түшүнүү үчүн так жана жеткиликтүү болууга тийиш. Мында келишимдин тили - мамлекеттик же расмий тил карыз алуучунун тандоосу боюнча аныкталууга тийиш; 

7) келишимде тиешелүү келишим түзүлгөндөн кийин, кардар акча каражатын алганга же болбосо келишим боюнча лизинг боюнча мүлк үчүн төлөөнү жүзөгө ашырган учурга чейинки мезгилде кардардын кредит алуудан (лизинг боюнча сунушталган кызмат көрсөтүүдөн) акысыз негизде баш тартууга укугу каралуусу тийиш; 

8) келишимде алган кредитти (лизингди) кайтарып берген күнгө чейин отуз күн мурда бул тууралуу микрофинансы уюмуна маалымдоо менен кандай болбосун убакытта кандайдыр бир айыптык санкцияларсыз кредиттин (лизингдин) ордун мөөнөтүнөн мурда жабууга кардардын укугу каралууга тийиш; 

9) кардарга кол койдурулуп келишим боюнча өзү кабыл алган милдеттенмелерди аткарбоонун же талаптагыдай аткарбоонун бардык кесепеттери түшүндүрүлүүгө тийиш; 

10) карыз алуучулар кайрылганда иш жүзүндөгү карыздын өлчөмү жөнүндө так маалымат жана кредиттик келишимдин шарттары өзгөргөн учурда - төлөмдөрдүн жаңы графиги берилүүгө тийиш; 

11) кардар - жеке жак, анын ичинде юридикалык жакты түзбөгөн жеке ишкер менен кредиттик келишимде белгиленген негизги сумма жана пайыздар боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыз үчүн бышмана (айып акылар, туумдар) боюнча пайыздын өлчөмү кредит боюнча келишимде көрсөтүлгөн номиналдуу пайыздык ставкадан ашык болбошу керек. Мында кредиттин колдонулушунун бүткүл мезгили үчүн эсептелген бышмананын (айып акылардын, туумдардын) өлчөмү берилген кредиттин суммасынын 20 пайызынын ашпоого тийиш; 

12) кардар даттанууларды кароонун жол-жобосу жөнүндө жана микрофинансы уюмунда суроо-талаптарды, даттанууларды алуу жана аларды кароо үчүн жооп берүүчү байланыш адамы тууралуу маалымдалган болушу керек; 

13) эгерде бул карыз алуучунун укуктарын жана милдеттерин начарлатса, микрофинансы уюму кредиттик келишимдин шарттарын бир тараптуу тартипте өзгөртүүгө же толуктоого укуксуз; 

14) келишимге ылайык карыз алуучуга күрөө мүлкүн сатып алууга артыкчылыктуу укук берилүүгө тийиш. 

352-статья. Кредиттөөгө карата минималдуу талаптар 

1. Микрофинансы уюмдары кредиттөөнү жана башка кызматтарды көрсөтүүнү кардарларга карата ак ниеттүүлүк, ачыктык, аныктык принциптеринде, алардын экономикалык кызыкчылыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен, коммерциялык жана банктык жашыруун сырлар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен жүзөгө ашырат. 

Микрофинансы уюмдары коммерциялык кредиттер катары тартылган каражаттарды жайгаштырууда алардын ушул Мыйзамдын 2-статьясында көрсөтүлгөн иштин максаттарына ылайык келүүсүн камсыз кылууга милдеттүү

2. Микрофинансылык уюмдар кредиттөө боюнча кызматтарды көрсөтүүдө төмөнкү минималдуу талаптардын аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү

1) микрофинансы уюму тарабынан берилүүчү кредит боюнча натыйжалуу пайыздык ставкасы кредитти берүү датасына декларацияланган (жарыяланган) натыйжалуу пайыздык ставканын маанисинен ашпоого тийиш; 

2) келишим түзүлгөнгө чейин кардарлар (мүмкүн болуучу карыз алуучулар) үчүн кредиттерди берүүнүн шарттары тууралуу толук маалыматты, анын ичинде кызмат көрсөтүүнүн толук наркы жөнүндө маалыматты кардардын тандоосу боюнча мамлекеттик жана/же расмий тилде толук ачып берүү камсыз кылынууга тийиш. Көрсөтүлгөн кызматтардын шарттары жана наркы жөнүндө толук маалыматты берүүдөн баш тартууга жол берилбейт. Маалыматтын формасы ар түрдүү кредиторлордун кредиттик продукцияларын салыштыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн унификацияланган жана тутумдаштырылган болууга тийиш; 

3) кредиттик келишим түзүлгөнгө чейин, өзгөчө карыз алуучунун жалгыз турак жайы күрөө катары берилгенде, карыз алуучунун иш менен камсыз болуу, үй-бүлө мүчөлөрүнүн кирешелеринин көрсөткүчтөрү, чыгымдарынын көлөмү, багуусундагы адамдардын саны ж.у.с. кошуп алганда, карыз алуучунун иш жүзүндөгү төлөө жөндөмдүүлүгү иликтенүүгө тийиш; 

4) кредиттик келишимдин шарттарына кошумча жыйымдарды, микрофинансы уюмдары алуучу жана төлөнүүчү комиссиялык жана башка төлөмдөрдү жана жарыялангандан тышкаркы микрокредит боюнча келишимди түзүүгө жана аткарууга байланыштуу, ошондой эле карыз алуучу менен келишилгенге көз карандылыктан тышкары акы алынуучу негиздеги башка кошумча кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүүгө тыюу салынат;  

5) типтүү кредиттик продукциялар жана аларга карата келишимдер унификацияланган болууга тийиш; 

6) келишимдин тексти бирдей өлчөмдөгү шрифт менен басылып, кардарлардын кабыл алуусу жана түшүнүүсү үчүн мүмкүн болушунча так жана жеткиликтүү болушу керек. Ошол эле учурда келишимдин тили мамлекеттик же расмий тил карыз алуучунун тандоосу боюнча аныкталышы керек; 

7) келишимде тиешелүү келишим түзүлгөндөн кийин, кардар акча каражатын алганга же болбосо келишим боюнча лизинг боюнча мүлк үчүн төлөөнү жүзөгө ашырган учурга чейинки мезгилде кардардын кредит алуудан (лизинг боюнча сунушталган кызмат көрсөтүүдөн) акысыз негизде баш тартууга укугу каралуусу тийиш; 

8) келишимде кардардын кредитти (лизингди) каалаган убакта эч кандай комиссияларсыз, айып санкцияларысыз жана башка төлөмдөрсүз мөөнөтүнөн мурда төлөө укугу каралууга тийиш; 

9) кардарга, гарантка/кепилдик берүүчүгө, күрөө коюучуга тиешелүү келишим боюнча өзүнө алган милдеттенмелерин аткарбоонун же талаптагыдай аткарбоонун бардык кесепеттери кол койдуруу менен түшүндүрүлүүгө тийиш;  

10) карыз алуучулар кайрылганда иш жүзүндөгү карыздын өлчөмү жөнүндө так маалымат жана кредиттик келишимдин шарттары өзгөргөн учурда - төлөмдөрдүн жаңы графиги берилүүгө тийиш; 

11) кардар - жеке жак, анын ичинде юридикалык жакты түзбөгөн жеке ишкер менен кредиттик келишимде белгиленген негизги сумма жана пайыздар боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыз үчүн бышмана (айып акылар, туумдар) боюнча пайыздын өлчөмү кредит боюнча келишимде көрсөтүлгөн номиналдуу пайыздык ставкадан ашык болбошу керек. Мында кредиттин колдонулушунун бүткүл мезгили үчүн эсептелген бышмананын (айып акылардын, туумдардын) өлчөмү берилген кредиттин суммасынын 20 пайызынын ашпоого тийиш; 

12) кардар даттанууларды кароонун жол-жобосу жөнүндө жана микрофинансы уюмунда суроо-талаптарды, даттанууларды алуу жана аларды кароо үчүн жооп берүүчү байланыш адамы тууралуу маалымдалган болушу керек; 

13) эгерде бул карыз алуучунун укуктарын жана милдеттерин начарлатса, микрофинансы уюму кредиттик келишимдин шарттарын бир тараптуу тартипте өзгөртүүгө же толуктоого укуксуз; 

14) келишимге ылайык карыз алуучуга күрөө мүлкүн сатып алууга артыкчылыктуу укук берилүүгө тийиш. 

15) мөөнөтү өткөн кредиттик карыз боюнча чегерилген үстөк айыптын (туумдун, айып пулдун) максималдуу суммасы Улуттук банк тарабынан белгиленген мааниден ашпоого тийиш;  

16) эгерде күрөө предметинен өндүрүп алууну жүргүзүү процессинде тараптардын макулдашуусу менен сатуунун башка ыкмасы каралбаса, турак жайлар түрүндөгү күрөөдө турган кыймылсыз мүлк ачык тоорук аркылуу гана сатылат;  

17) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка талаптар. 

3. Микрофинансы уюмдарында банк мыйзамдарынын талаптарына ылайык кардарлардын кайрылууларын кароонун тартибин жөнгө салуучу документтер милдеттүү болууга тийиш. Кардарлардын кайрылуулары жазуу жүзүндө жооп берүү менен 30 (отуз) календардык күндөн кечиктирилбестен каралууга тийиш.  

4. Кардардын кайрылууларын кароонун жыйынтыгы боюнча документтер белгиленген тартипте кеминде 3 (үч) жыл сакталууга тийиш. 

Микрофинансы уюмдары кардардын талабы боюнча ага уюштуруучу, уруксат берүүчү документтер жана финансылык отчеттор менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү.  

5. Эгерде келишимди аткаруу процессинде келип чыккан талаштар тараптардын макулдашуусу боюнча чечилбесе, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте, анын ичинде талаштарды сотко чейинки жөнгө салуунун алкагында чечилет. 

353-статья. Керектөөчүлөрдүн укуктарын бузгандык үчүн жоопкерчилик 

1. Ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарды бузгандыгы үчүн микрофинансы уюмдарынын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартышат. 

2. Керектөөчүлөрдүн «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Мыйзамда каралган укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузгандык үчүн Улуттук банк микрофинансы уюмуна карата Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында каралган таасир кылуу чараларын колдонууга укуктуу. 

353-статья. Керектөөчүлөрдүн укуктарын бузгандык үчүн жоопкерчилик 

1. Ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарды бузгандыгы үчүн микрофинансы уюмдарынын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартышат. 

2. Керектөөчүлөрдүн «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамында жана ушул Мыйзамда каралган укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузгандык үчүн Улуттук банк микрофинансы уюмуна карата Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында каралган таасир кылуу чараларын колдонууга укуктуу. 

36-статья. Жалган жарнамаларга тыюу салуу 

........... 

3. Эгерде Улуттук банктын койгон талабы ушул статьянын 2-пунктуна ылайык Улуттук банк тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде аткарылбаса, Улуттук банк микрофинансы уюмунун атынан жарыяланган кулактандыруулар же маалыматтар туура эмес берилгендиги же алар кардарларды жана коомчулукту чаташтыра тургандыгы тууралу билдирүүнү микрофинансы уюмунун каражаттарынын эсебинен жарыялоого укуктуу. Бул учурда Улуттук банк микрофинансы уюмунан кеткен чыгымдардын ордун толтуруп берүүнү талап кылууга укуктуу, анткени алар микрофинансы уюму тарабынан төлөнүп берилүүгө тийиш. 

36-статья. Жалган жарнамаларга тыюу салуу  

............ 

3. Эгерде Улуттук банктын койгон талабы ушул статьянын 2-пунктуна ылайык ал тарабынан белгиленген мөөнөттө аткарылбаса, Улуттук банк микрофинансы уюмунун атынан жарыяланган кулактандыруулар же маалыматтар туура эмес берилгендигин же алар кардарларды жана коомчулукту чаташтыра тургандыгы тууралуу билдирүүнү микрофинансы уюмунун каражаттарынын эсебинен жарыялоого жана мыйзамдарда каралган таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. Бул учурда Улуттук банк микрофинансы уюмунан кеткен чыгымдардын ордун толтуруп берүүнү талап кылууга укуктуу, анткени алар микрофинансы уюму тарабынан төлөнүп берилүүгө тийиш. 

Кыргыз Республикасынын «Акционердик коомдор жөнүндө» мыйзамы 

1-статья. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү 

........ 

5. Банктык ишти же айрым банктык операцияларды жүзөгө ашыруучу акционердик коомдорду түзүүнүн жана алардын иш-аракетинин өзгөчөлүктөрү «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына каршы келбеген бөлүгүндө ушул Мыйзам менен жөнгө салынат.  

1-статья. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү 

........ 

5. Банктык ишти же айрым банктык операцияларды жүзөгө ашыруучу акционердик коомдорду түзүүнүн жана алардын иш-аракетинин өзгөчөлүктөрү «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына каршы келбеген бөлүгүндө ушул Мыйзам менен жөнгө салынат. 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында  

инвестициялар жөнүндө» мыйзамы  

8-статья. Акча операцияларынын эркиндиги 

1. Валюталык операциялар инвесторлор тарабынан «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын валюталык жөнгө салуу тууралу башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт. 

2. Инвесторлор Кыргыз Республикасында инвестициялоого тиешелүү бардык төлөмдөрдү төлөөдө Кыргыз Республикасынын улуттук валютасын башка бардык валютага эркин алмаштырууга укуктуу.  

3. Инвестицияга байланышкан Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк валютадагы бардык акча которуулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эркин жана тоскоолдуксуз жүргүзүлөт.  

4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары чет өлкөлүк валютада акча которууларды чектеген ченемдер киргизилгенде, алар чет өлкөлүк инвесторлорго таралбайт. Чет өлкөлүк инвесторлор үчүн мындай чектөөлөр террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатындагы мыйзамдын негизинде гана киргизилиши мүмкүн.  

8-статья. Акча операцияларынын эркиндиги 

1. Валюталык операциялар инвесторлор тарабынан «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын валюталык жөнгө салуу тууралуу башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт. 

2. Инвесторлор Кыргыз Республикасында инвестициялоого тиешелүү бардык төлөмдөрдү төлөөдө Кыргыз Республикасынын улуттук валютасын башка бардык валютага эркин алмаштырууга укуктуу.  

3. Инвестицияга байланышкан Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк валютадагы бардык акча которуулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эркин жана тоскоолдуксуз жүргүзүлөт.  

4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары чет өлкөлүк валютада акча которууларды чектеген ченемдер киргизилгенде, алар чет өлкөлүк инвесторлорго таралбайт. Чет өлкөлүк инвесторлор үчүн мындай чектөөлөр мыйзамдын негизинде гана террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатындагы мыйзамдын негизинде гана, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруусу жана Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун коргоо максатында. 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын  

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө» мыйзамы  

21-берене. Банктын Директорлор кеңеши 

........ 

5. Банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык банктардын кызмат адамдарына коюлуучу бардык талаптарга жооп беришет, болгону алардын дайындалышы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан бекитүүгө жатпайт.  

21-берене. Банктын Директорлор кеңеши 

........ 

5. Банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына ылайык банктардын кызмат адамдарына коюлуучу бардык талаптарга жооп беришет, болгону алардын дайындалышы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан бекитүүгө жатпайт.  

........ 

22-берене. Банктын башкармасы 

....... 

3. Банктын башкармасынын мүчөлөрү Банкта туруктуу негизде иштешет жана «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык банктардын кызмат адамдарына колдонулуучу бардык талаптарды канааттандырышы керек. Жогоруда айтылгандарга карабастан башкарманын бир дагы мүчөсү бир эле учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөсү же министрликтин же башка мамлекеттик органдын кызмат адамы болбошу керек.  

22-берене. Банктын башкармасы 

....... 

3. Банктын башкармасынын мүчөлөрү Банкта туруктуу негизде иштешет жана Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына ылайык банктардын кызмат адамдарына колдонулуучу бардык талаптарды канааттандырышы керек. Жогоруда айтылгандарга карабастан башкарманын бир дагы мүчөсү бир эле учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөсү же министрликтин же башка мамлекеттик органдын кызмат адамы болбошу керек.  

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы  

лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» мыйзамы 

9-берене. Лицензиялардын жана уруксаттардын типтери 

Лицензиялар жана уруксаттар төмөнкү белгилер боюнча айырмаланат: 

1) колдонуу убактысы боюнча: 

… 

б) убактылуу - белгилүү бир мөөнөткө берилүүчү. Лицензияны колдонуу мөөнөтүн чектөө чектелген мамлекеттик ресурстарды пайдалануу жана тышкы соода ишин жүзөгө ашыруу лицензияларына карата, ошондой эле ушул Мыйзамдын 15-беренесинин 33-35-пункттарында каралган лицензияларга жана 17-беренесинин 2, 12-14, 26, 27-1, 29 жана 31-пункттарында каралган уруксаттарга карата, ошондой эле атайын жөнгө салуу режимдеринин алкагында «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Улуттук банк тарабынан берилүүчү лицензияларга карата гана берилет. 

2) колдонуунун аймактык чөйрөсү боюнча:  

… 

б) колдонулушу Кыргыз Республикасынын белгилүү аймагы менен чектелген жана чектелген мамлекеттик ресурстарды пайдалануу лицензияларына гана, атайын жөнгө салуу режимдеринин алкагында «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Улуттук банк тарабынан берилүүчү лицензияларга карата, ошондой эле ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 12, 35 жана 36-пункттарында каралган лицензияларга карата киргизилген. 

9-берене. Лицензиялардын жана уруксаттардын типтери 

Лицензиялар жана уруксаттар төмөнкү белгилер боюнча айырмаланат: 

1) колдонуу убактысы боюнча: 

… 

б) убактылуу - белгилүү бир мөөнөткө берилүүчү. Лицензияны колдонуу мөөнөтүн чектөө чектелген мамлекеттик ресурстарды пайдалануу жана тышкы соода ишин жүзөгө ашыруу лицензияларына карата, ошондой эле ушул Мыйзамдын 15-беренесинин 33-35-пункттарында каралган лицензияларга жана 17-беренесинин 2, 12-14, 26, 27-1, 29 жана 31-пункттарында каралган уруксаттарга карата, ошондой эле атайын жөнгө салуу режимдеринин алкагында «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Улуттук банк тарабынан берилүүчү лицензияларга карата гана берилет.  

2) колдонуунун аймактык чөйрөсү боюнча: 

… 

б) колдонулушу Кыргыз Республикасынын белгилүү аймагы менен чектелген жана чектелген мамлекеттик ресурстарды пайдалануу лицензияларына гана, атайын жөнгө салуу режимдеринин алкагында «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Улуттук банк тарабынан берилүүчү лицензияларга карата, ошондой эле ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 12, 35 жана 36-пункттарында каралган лицензияларга карата киргизилген. 

25-берене. Убактылуу лицензияны колдонуу мөөнөтүн узартуу 

1. Убактылуу лицензияны колдонуу мөөнөтү узартылышы мүмкүн.  

2. Убактылуу лицензияларды узартуунун негиздери жана тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобо, ал эми атайын жөнгө салуу режимдеринин алкагында «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Улуттук банк тарабынан берилген лицензияларга карата - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.  

3. Лицензияны колдонуу мөөнөтүн узартуудан баш тартылганда лицензия алуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу. 

25-берене. Убактылуу лицензияны колдонуу мөөнөтүн узартуу 

1. Убактылуу лицензияны колдонуу мөөнөтү узартылышы мүмкүн.  

2. Убактылуу лицензияларды узартуунун негиздери жана тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобо, ал эми атайын жөнгө салуу режимдеринин алкагында «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Улуттук банк тарабынан берилген лицензияларга карата - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.  

3. Лицензияны колдонуу мөөнөтүн узартуудан баш тартылганда лицензия алуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.  

Кыргыз Республикасынын «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» мыйзамы  

9-берене. Насыялык бюрону мамлекеттик каттоодон жана лицензия берүүдөн баш тартуу 

4. Лицензия берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим сотко даттанылышы мүмкүн. 

9-берене. Насыялык бюрону мамлекеттик каттоодон жана лицензия берүүдөн баш тартуу 

4. Лицензия берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чечимдерин сотко чейинки даттануу жол-жоболорун сактоо шарты менен сотто даттанылышы мүмкүн. 

«Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамы 

26-берене. Улуттук банкынын Кыргыз Республикасынын төлөм системасындагы функциялары жана ыйгарым укуктары 

1. Кыргыз Республикасынын улуттук төлөм системасынын натыйжалуу, ишенимдүү жана коопсуз иштешин камсыз кылуу максаттарында Кыргыз банкы Кыргыз Республикасынын аймагында төлөм системасынын ишин жөнгө салууну жүзөгө ашырат: 

1) электрондук акчаларды чыгаруу укугуна лицензия берет жана берилген лицензиялардын реестрин жүргүзөт; 

2) төлөм системасынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча иштерди жүзөгө ашырууга, ошондой эле маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына, өз ишинин натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүгө лицензияларды берет жана берилген лицензиялардын реестрин жүргүзөт;  

2-1) акча которуу системаларынын, банктык төлөм карталарын колдонуу менен эсептешүүлөрдүн эл аралык төлөм системасынын операторлорун жана электрондук акчалардын эл аралык системаларынын операторлорун/электрондук акчалардын эл аралык системаларынын эмитенттерин Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык электрондук акчаларды пайдалануу менен кызмат көрсөтүүлөр үчүн каттоону жүзөгө ашырат;  

3) банктар аралык төлөмдөрдү жүзөгө ашырууга өбөлгө түзөт;  

4) төлөм системаларынын, төлөм уюмдарынын операторлорунун жана төлөм системаларынын башка катышуучуларынын ишин жөнгө салууну жана көзөмөлгө алууну жүзөгө ашырат;  

5) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка функцияларды, ыйгарым укуктарды жана укуктарды жүзөгө ашырат.  

2. Кыргыз банкы төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм системаларынын катышуучуларынын ишин жөнгө салуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруу максаттарында төмөнкү чараларды көрүүгө милдеттүү:  

1) төлөм системаларынын операторлоруна, катышуучуларына карата талаптарды белгилөө;  

2)  төлөм системасынын категориясына жараша төлөм системасы аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн максималдуу/минималдуу өлчөмдөрү боюнча чектөөлөрдү белгилөө. Чектөөлөрдү эсептөө ыкмасы Кыргыз банкы тарабынан аныкталат;  

3) төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунда керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана атаандаштыкты коргоо боюнча монополияга каршы жөнгө салууну камсыз кылуу алкактарында талаптарды белгилөө;  

4) төлөм системасынын коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн, ишинин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу боюнча талаптарды белгилөө.  

3. Кыргыз банкы баалуу кагаздар менен эсептешүүлөр системасына жана алардын баалуу кагаздар менен операциялар боюнча акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө төлөм системалары менен өз ара иш алып баруусуна карата талаптарды белгилөөнү кошуп алганда, Кыргыз Республикасынын төлөм системасын жөнгө салуу жана аны көзөмөлгө алуу боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат.  

4. Кыргыз банкы төлөм системаларын жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун ушул системалардын катышуучулары жана операторлору менен макулдашууну жүзөгө ашырат.  

5. Ушул Мыйзам менен анын компетенциясына киргизилген маселелер боюнча ченемдик укуктук актыларда Кыргыз банкы тарабынан белгиленген талаптар төлөм системасынын бардык катышуучулары, операторлору, юридикалык жактар, ошондой эле алардын кардарлары жана аткаруу бийлик органдары тарабынан аткарылуу үчүн милдеттүү.  

26-берене. Улуттук банкынын Кыргыз Республикасынын төлөм системасындагы функциялары жана ыйгарым укуктары 

1. Кыргыз Республикасынын улуттук төлөм системасынын натыйжалуу, ишенимдүү жана коопсуз иштешин камсыз кылуу максатында Улуттук банк Кыргыз Республикасынын аймагында төлөм системаларынын ишин жөнгө салууну жүзөгө ашырат: 

1) электрондук акчаларды чыгаруу укугуна лицензия берет жана берилген лицензиялардын реестрин жүргүзөт; 

2) төлөм системасынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча ишти жүзөгө ашырууга, ошондой эле маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмаларына негизделген төлөм системалары аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына, өз ишинин натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүгө лицензияларды берет жана берилген лицензиялардын реестрлерин жүргүзөт; 

3) Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык электрондук акчаларды пайдалануу менен кызмат көрсөтүү үчүн акча которуулар системаларынын, банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн эл аралык төлөм системаларынын операторлорун жана электрондук акчалардын эл аралык системаларынын операторлорун/электрондук акчалардын эл аралык системаларынын эмитенттерин каттоону жүзөгө ашырат; 

4) банктар аралык төлөмдөрдү жүзөгө ашырууга өбөлгө түзөт. 

2. Ушул Мыйзамда каралган ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун алкагында Улуттук банк төмөнкү функцияларды аткарат: 

1) лицензиялоо (уруксат берүүчү документтерди берүү) тартибин аныктайт жана төлөм системасынын операторлорунун акционерлерине (катышуучуларына) жана төлөм уюмдарына талаптарды белгилейт; 

2) уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн, ошондой эле экономикалык ченемдерди жана көрсөткүчтөрдү, талаптарды, чектөөлөрдү белгилейт; 

3) төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын акцияларын (үлүштөрүн) сатып алуу, же болбосо капиталына чектүү катышуу тартибине карата талаптарды белгилейт; 

4) төлөм системасынын/төлөм уюмунун операторунун алар менен байланыштуу жактар менен операцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруусуна карата талаптарды белгилейт; 

5) төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын кызмат адамдарына жана башка кызматкерлерине, төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын кызмат адамдарынын фидуциардык милдеттерине карата талаптарды белгилейт; 

6) төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын кызмат адамдарын, акционерлерин/катышуучуларын алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага тартылган деп таануу тартибин аныктайт; 

7) төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын эсепке алуу жана финансылык отчеттуулук жана тышкы аудитине карата талаптарды белгилейт; 

8) төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин, бизнес-моделин, ички контролдоо жана тобокелдиктерди башкаруу системаларын баалоо үчүн алардын программаларын жана пландарын, ошондой эле финансылык проблемалар келип чыккан учурга карата финансылык чыңдоо планын берүүнүн талаптарын жана тартибин белгилейт; 

9) төлөм системасынын операторлорунун, төлөм уюмдарынын жана төлөм системасынын башка катышуучуларынын ишин жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат; 

10) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка функцияларды, ыйгарым укуктарды жана укуктарды жүзөгө ашырат. 

3. Улуттук банк төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм системаларынын катышуучуларынын ишин жөнгө салуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруу максаттында төмөнкү чараларды көрүүгө милдеттүү

1) төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине талаптарды белгилейт; 

2) төлөм системасынын категориясына жараша төлөм системасы аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн максималдуу/минималдуу өлчөмү боюнча чектөөлөрдү белгилейт. Чектөөлөрдү эсептөө методикасы Улуттук банк тарабынан аныкталат; 

3) төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунда монополияга каршы жөнгө салууну, атаандаштыкты жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуунун алкагында талаптарды белгилейт; 

4) маалымат коопсуздугу, ишенимдүүлүгү, төлөм системасынын үзгүлтүксүз иши боюнча талаптарды белгилейт. 

4. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын төлөм системасын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ченемдик укуктук актыларды, анын ичинде баалуу кагаздар менен эсептешүү системаларына жана баалуу кагаздар менен операциялар боюнча акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө алардын төлөм системалары менен өз ара аракеттенүүсүнө талаптарды иштеп чыгат.  

5. Улуттук банк тарабынан ушул Мыйзам менен анын компетенциясына киргизилген маселелер боюнча ченемдик укуктук актыларда белгиленген талаптар төлөм системасынын бардык катышуучулары, операторлору, юридикалык жактар, ошондой эле алардын кардарлары жана аткаруу бийлик органдары тарабынан аткарылууга милдеттүү болуп саналат. 

31-берене. Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алууну (оверсайт) жүзөгө ашыруунун тартиби жана принциптери 

6. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алууга (оверсайт) жана ушул ишти жүзөгө ашырууга уруксаты бар төлөм системаларынын операторлорунун жана катышуучуларынын ишин жөнгө салууга карата өз функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:  

1) жөнгө салуу жана көзөмөлгө алуу функцияларын, ошондой эле төлөм системалары боюнча эл аралык стандарттарга негизделген ченемдик укуктук актыларга ылайык тиешелүү эрежелерди жана ченемдерди белгилөө жолу менен аларды ишке ашыруу тартибин жүзөгө ашыруу максаттарында экономикалык ченемдерди белгилөөгө, директиваларды, нускамаларды жана сунуштамаларды чыгарууга;  

2) төлөм системаларынын операторлору ишин жүзөгө ашырууда финансылык-кредиттик уюмдарынын ишин банктык көзөмөлгө алуу органы тарабынан жеринде текшерүүлөрдү жүргүзүүгө катышууга же мындай текшерүүлөрдү жүргүзүүнү көз карандысыз аудиторлорго же аудитордук фирмаларга тапшырууга;  

3) Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алуу (оверсайт) боюнча өз функцияларын натыйжалуу жүзөгө ашыруу үчүн маалыматтарды жана отчетторду суратууга жана алууга жана алынган маалыматтар боюнча чечмелөөлөрдү талап кылууга;  

4) системалык тобокелдиктин же ак ниетсиз иштин келип чыгышына бөгөт коюу максатында ушул Мыйзамга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык төлөм системасынын операторлоруна карата таасир көрсөтүү чараларын колдонууга.  

31-берене. Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алууну (оверсайт) жүзөгө ашыруунун тартиби жана принциптери  

6. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алууга (оверсайт) жана ушул ишти жүзөгө ашырууга уруксаты бар төлөм системаларынын операторлорунун жана катышуучуларынын ишин жөнгө салууга карата өз функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:  

1) жөнгө салуу жана көзөмөлгө алуу функцияларын, ошондой эле төлөм системалары боюнча эл аралык стандарттарга негизделген ченемдик укуктук актыларга ылайык тиешелүү эрежелерди жана ченемдерди белгилөө жолу менен аларды ишке ашыруу тартибин жүзөгө ашыруу максаттарында экономикалык ченемдерди белгилөөгө, директиваларды, нускамаларды жана сунуштамаларды чыгарууга;  

2) төлөм системаларынын операторлору ишин жүзөгө ашырууда финансылык-кредиттик уюмдарынын ишин банктык көзөмөлгө алуу органы тарабынан жеринде текшерүүлөрдү жүргүзүүгө катышууга же мындай текшерүүлөрдү жүргүзүүнү көз карандысыз аудиторлорго же аудитордук фирмаларга тапшырууга;  

3) Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алуу (оверсайт) боюнча өз функцияларын натыйжалуу жүзөгө ашыруу үчүн маалыматтарды жана отчетторду суратууга жана алууга жана алынган маалыматтар боюнча чечмелөөлөрдү талап кылууга;  

4) системалык тобокелдиктин же ак ниетсиз иштин келип чыгышына бөгөт коюу максатында ушул Мыйзамга, «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык төлөм системасынын операторлоруна карата таасир көрсөтүү чараларын колдонууга. 

311-берене. Улуттук банк тарабынан колдонулуучу таасир көрсөтүү чаралары 

1. Улуттук банк төлөм системасынын катышуучуларына карата таасир көрсөтүү чараларын төмөнкү учурларда колдонот:  

1) төлөм системасынын/төлөм уюмдарынын операторлору ишти жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган;  

2) Улуттук банктын жер-жерлердеги көзөмөлдөө функцияларын жана текшерүүлөрүн жүзөгө ашырууга каршы аракеттенген;  

3) финансылык отчетторду бурмалоо максатында орду анык жабылбаган жалган жана шектүү операцияларды жүзөгө ашырган;  

4) төлөм системаларынын катышуучуларынын жана пайдалануучуларынын кызыкчылыктарына коркунуч алып келген аракеттер же аракетсиздиктер жасалган.  

2. Улуттук банк тарабынан ушул берененин 1-бөлүгүндө баяндалган, төлөм системасынын иштөөсүн үзгүлтүккө учуратууга алып келүүчү, ошондой эле төлөм системасынын катышуучусу тарабынан алардын пайдалануучуларына көрсөтүүчү кызматтарына таасирин тийгизүүчү бузуулар аныкталган учурларда, Улуттук банк «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык эскертүү жиберет жана/же чараларды көрөт.  

311-берене. Улуттук банк тарабынан колдонулуучу таасир көрсөтүү чаралары 

1. Улуттук банк төлөм системасынын катышуучуларына карата таасир көрсөтүү чараларын төмөнкү учурларда колдонот:  

1) төлөм системасынын/төлөм уюмдарынын операторлору ишти жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган;  

2) Улуттук банктын жер-жерлердеги көзөмөлдөө функцияларын жана текшерүүлөрүн жүзөгө ашырууга каршы аракеттенген;  

3) финансылык отчетторду бурмалоо максатында орду анык жабылбаган жалган жана шектүү операцияларды жүзөгө ашырган;  

4) төлөм системаларынын катышуучуларынын жана пайдалануучуларынын кызыкчылыктарына коркунуч алып келген аракеттер же аракетсиздиктер жасалган.  

2. Улуттук банк тарабынан ушул берененин 1-бөлүгүндө баяндалган, төлөм системасынын иштөөсүн үзгүлтүккө учуратууга алып келүүчү, ошондой эле төлөм системасынын катышуучусу тарабынан алардын пайдалануучуларына көрсөтүүчү кызматтарына таасирин тийгизүүчү бузуулар аныкталган учурларда, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына ылайык эскертүү жиберет жана/же чараларды көрөт. 

21. Төлөм системасынын катышуучуларына жана алардын кызмат адамдарына карата ушул Мыйзамга ылайык колдонулуучу таасир этүү чаралары административдик жоопкерчилик чараларына кирбейт. 

Кыргыз Республикасынын «Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө  

жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» мыйзамы 

56-берене. Банкта жана финансы-кредиттик мекемеде турган акча каражаттарына, салымдарга жана башка баалуулуктарга камак салуу 

1. Сот аткаруучу карызкордун банкта турган акча каражаттарына, салымдарына жана башка баалуулуктарына аткаруу документи боюнча өндүрүп алуучунун талаптарын канааттандыруу жана аткаруу өндүрүшү боюнча мүмкүн болуучу чыгашаларды өндүрүп алуу, анын ичинде аткаруу жыйымын өндүрүп алуу үчүн зарыл болгон өлчөмдө камак салат. 

2. Карызкордун банкта турган акча каражаттарына, салымдарына жана башка баалуулуктарына камак салуу жөнүндө токтом карызкордун эсеп маалым даректери белгилүү болгондо сот аткаруучу тарабынан банкка жиберилет. Карызкордун банктагы акча каражаттарына, салымдарына жана башка баалуулуктарына камак салуу жөнүндө токтомго ушул Мыйзамда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн. 

Банк же финансы-кредиттик мекеме карызкордун акча каражаттарына, салымдарына жана башка баалуулуктарына камак салуу жөнүндө токтомду токтоосуз аткарат жана сот аткаруучуга камак салынган акча каражаттарынын, салымдардын жана башка баалуулуктардын өлчөмү жөнүндө билдирет. 

3. Карызкордун эсебинин маалым даректери белгисиз болгон учурда сот аткаруучу банкка карызкордун эсептерин издөө жана ошол эле убакта карызкордун аныкталган акча каражаттарына, салымдарына жана башка баалуулуктарына камак салуу жөнүндө токтомду банктарга жиберет. 

Банктар же финансы-кредиттик мекемелер карызкордун эсептерин издөө жана карызкордун аныкталган акча каражаттарына, салымдарына жана башка баалуулуктарына камак салуу жөнүндө токтомду токтоосуз аткарат, сот аткаруучуга карызкордун аныкталган эсептеринин маалым даректерин жана карызкордун камак салынган аныкталган акча каражаттарынын, салымдарынын жана башка баалуулуктарынын өлчөмү жөнүндө билдирет. 

4. Сот аткаруучу карызкордун банктар тарабынан ашыкча камакка алынган акча каражаттарын, салымдарын жана башка баалуулуктарын камактан чыгаруу боюнча токтосуз чараларды көрөт.  

5. Ушул берененин жоболору баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун атайын эсебиндеги карызкордун акча каражаттарына карата да колдонулат.  

56-берене. Банкта жана финансы-кредиттик уюмда турган акча каражаттарына, салымдарга жана башка баалуулуктарга камак салуу  

1. Сот аткаруучу карызкордун банкта турган акча каражаттарына, салымдарына жана башка баалуулуктарына аткаруу документи боюнча өндүрүп алуучунун талаптарын канааттандыруу жана аткаруу өндүрүшү боюнча мүмкүн болуучу чыгашаларды өндүрүп алуу, анын ичинде аткаруу жыйымын өндүрүп алуу үчүн зарыл болгон өлчөмдө камак салат. 

2. Карызкордун банкта турган акча каражаттарына, салымдарына жана башка баалуулуктарына камак салуу жөнүндө токтом карызкордун эсеп маалым даректери белгилүү болгондо сот аткаруучу тарабынан банкка жиберилет. Карызкордун банктагы акча каражаттарына, салымдарына жана башка баалуулуктарына камак салуу жөнүндө токтомго ушул Мыйзамда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн. 

Банк же финансы-кредиттик уюм карызкордун акча каражаттарына, салымдарына жана башка баалуулуктарына камак салуу жөнүндө токтомду токтоосуз аткарат жана сот аткаруучуга камак салынган акча каражаттарынын, салымдардын жана башка баалуулуктардын өлчөмү жөнүндө билдирет. 

3. Карызкордун эсебинин маалым даректери белгисиз болгон учурда сот аткаруучу банкка карызкордун эсептерин издөө жана ошол эле убакта карызкордун аныкталган акча каражаттарына, салымдарына жана башка баалуулуктарына камак салуу жөнүндө сот актысын банктарга жиберет. 

Банктар же финансы-кредиттик уюм карызкордун эсептерин издөө жана карызкордун аныкталган акча каражаттарына, салымдарына жана башка баалуулуктарына камак салуу жөнүндө сот актысын токтоосуз аткарат, сот аткаруучуга карызкордун аныкталган эсептеринин маалым даректерин жана карызкордун камак салынган аныкталган акча каражаттарынын, салымдарынын жана башка баалуулуктарынын өлчөмү жөнүндө билдирет. 

4. Сот аткаруучу карызкордун банктар тарабынан ашыкча камакка алынган акча каражаттарын, салымдарын жана башка баалуулуктарын камактан чыгаруу боюнча токтоосуз чараларды көрөт.  

5. Ушул берененин жоболору баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун атайын эсебиндеги карызкордун акча каражаттарына карата да колдонулат. 

66-берене. Акчалай каражаттан өндүрүп алуу 

1. Карызкордун улуттук валютадагы жана чет өлкөлүк валютадагы накталай акча каражаттарын, анын ичинде сейфтерде, карызкордун - юридикалык жактын кассасында, карызкордун - юридикалык жактын башка жайларындагы же болбосо банктарда, финансы-кредиттик мекемелерде сакталган акча каражаттары камакка алынат жана алып коюлат. 

Алып коюлган накталай акча каражаттары алынган күндөн кийинки операциялык күндөн кечиктирбестен сот аткаруучулардын бөлүмдөрүнүн депозиттик эсебине (мындан ары - депозиттик эсеп) которуу үчүн банкка тапшырылат. 

2. Карызкордун эсептеринен акча каражаттарын чегерүү аткаруу документинин, сот аткаруучунун токтомунун негизинде банк же башка финансылык-кредиттик мекеме тарабынан жүргүзүлөт жана банкка карызкордун төлөм тапшырмасын берүүнү талап кылбайт. 

3. Эгерде акчалай каражаттар карызкордун бир нече эсептеринде бар болсо, анда сот аткаруучу токтомдо кайсы эсептен жана канча көлөмдө акчалай каражаттар эсептен чыгарылууга тийиш экендигин көрсөтөт. 

Эгерде карызкордун эсептериндеги акчалай каражаттарга камак салынган болсо, анда сот аткаруучу токтомдо карызкордун акчалай каражаттарынан ал тарабынан салынган камак кандай көлөмдө жана тартипте алынарын көрсөтөт. 

Банк, финансы-кредиттик мекеме токтомду алган күндөн тартып үч күндүн ичинде аталган токтомдун аткарылгандыгы жөнүндө сот аткаруучусуна билдирүүгө милдеттүү

4. Карызкордун эсептерин тейлөөнү жүзөгө ашыруучу банк же финансылык-кредиттик мекеме акча каражаттарын өндүрүп алуу жөнүндө аткаруу документинде камтылган талаптарды аткаруу документи банкка келип түшкөн күндөн кийинки банктык үч күндүн ичинде тиешелүү сот аткаруучулардын кызмат бөлүмүнүн депозиттик эсебине которуу жолу менен аткарат. 

5. Эгерде карызкордун эсептеринде акчалай каражаттар жок болсо же болбосо аталган эсептерде турган акчалай каражаттарга камак салынган болсо же мыйзамда белгиленген тартипте акчалай каражаттар менен операциялар токтотулса, банк, финансы-кредиттик мекемелер аткаруу документин толугу менен аткарбай кое алышат. 

6. Эгерде карызкордун эсептериндеги акча каражаттары аткаруу документинде камтылган талаптарды аткаруу үчүн жетишсиз болсо, анда банк болгон каражаттарды которот жана карызкордун эсебине же эсептерине акча каражаттарынын түшүүсүнө жараша андан ары аткаруусун аткаруу документинин талаптарын толук көлөмдө аткарганга чейин уланта берет. 

Банк же башка финансы-кредиттик мекеме жүргүзүлгөн которуулар жөнүндө токтоосуз сот аткаруучуга маалымдайт. 

..... 

66-берене. Акчалай каражаттан өндүрүп алуу 

1. Карызкордун улуттук валютадагы жана чет өлкөлүк валютадагы накталай акча каражаттарын, анын ичинде сейфтерде, карызкордун - юридикалык жактын кассасында, карызкордун - юридикалык жактын башка жайларындагы же болбосо банктарда, финансы-кредиттик уюмдарында сакталган акча каражаттары камакка алынат жана алып коюлат. 

Алып коюлган накталай акча каражаттары алынган күндөн кийинки операциялык күндөн кечиктирбестен сот аткаруучулардын бөлүмдөрүнүн депозиттик эсебине (мындан ары - депозиттик эсеп) которуу үчүн банкка тапшырылат. 

2. Карызкордун эсептеринен акча каражаттарын чегерүү аткаруу документинин, сот аткаруучунун токтомунун негизинде банк же башка финансы-кредиттик уюм тарабынан жүргүзүлөт жана банкка карызкордун төлөм тапшырмасын берүүнү талап кылбайт. 

3. Эгерде акчалай каражаттар карызкордун бир нече эсептеринде бар болсо, анда сот аткаруучу токтомдо кайсы эсептен жана канча көлөмдө акчалай каражаттар эсептен чыгарылууга тийиш экендигин көрсөтөт. 

Эгерде карызкордун эсептериндеги акчалай каражаттарга камак салынган болсо, анда сот аткаруучу токтомдо карызкордун акчалай каражаттарынан ал тарабынан салынган камак кандай көлөмдө жана тартипте алынарын көрсөтөт. 

Банк, финансы-кредиттик уюм токтомду алган күндөн тартып үч күндүн ичинде аталган токтомдун аткарылгандыгы жөнүндө сот аткаруучусуна билдирүүгө милдеттүү

4. Карызкордун эсептерин тейлөөнү жүзөгө ашыруучу банк же финансы-кредит уюму акча каражаттарын өндүрүп алуу жөнүндө аткаруу документинде камтылган талаптарды аткаруу документи банкка келип түшкөн күндөн кийинки банктык үч күндүн ичинде тиешелүү сот аткаруучулардын кызмат бөлүмүнүн депозиттик эсебине которуу жолу менен аткарат. 

5. Эгерде карызкордун эсептеринде акчалай каражаттар жок болсо же болбосо аталган эсептерде турган акчалай каражаттарга камак салынган болсо же мыйзамда белгиленген тартипте акчалай каражаттар менен операциялар токтотулса, банк, финансы-кредиттик уюмдар аткаруу документин толугу менен аткарбай кое алышат. 

6. Эгерде карызкордун эсептериндеги акча каражаттары аткаруу документинде камтылган талаптарды аткаруу үчүн жетишсиз болсо, анда банк болгон каражаттарды которот жана карызкордун эсебине же эсептерине акча каражаттарынын түшүүсүнө жараша андан ары аткаруусун аткаруу документинин талаптарын толук көлөмдө аткарганга чейин уланта берет. 

Банк же башка финансы-кредиттик уюм жүргүзүлгөн которуулар жөнүндө токтоосуз сот аткаруучуга маалымдайт. 

..... 

95-берене. Мүлктү конфискациялоо жөнүндө аткаруу документин аткаруунун тартиби 

6. Акча каражаттарын конфискациялоодо сот аткаруучу конфискациялоо жөнүндө токтомду банкка, финансы-кредиттик мекемеге жиберет. Токтомдо акча каражаттары которулууга тийиш болгон республикалык бюджеттин эсебинин реквизиттери көрсөтүлөт. 

95-берене. Мүлктү конфискациялоо жөнүндө аткаруу документин аткаруунун тартиби 

6. Акча каражаттарын конфискациялоодо сот аткаруучу конфискациялоо жөнүндө токтомду банкка, финансы-кредиттик уюмга жиберет. Токтомдо акча каражаттары которулууга тийиш болгон республикалык бюджеттин эсебинин реквизиттери көрсөтүлөт. 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө» мыйзамы 

1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр жана терминдер 

2. Эгерде ушул Мыйзамда башкача аныкталбаса, ушул Мыйзамда пайдаланылуучу башка терминдер жана аныктамалар «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана эл аралык практикада алардын жалпы кабыл алынган маанисине ылайык түшүнүлөт. 

1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр жана терминдер 

2. Эгерде ушул Мыйзамда башкача аныкталбаса, ушул Мыйзамда пайдаланылуучу башка терминдер жана аныктамалар «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана эл аралык практикада алардын жалпы кабыл алынган маанисине ылайык түшүнүлөт. 

4-берене. Кепилдик фонддорду түзүү 

1. Кепилдик фонддор ушул Мыйзамдын талаптарын сактоо менен жеке жана юридикалык жактар тарабынан түзүлүшү мүмкүн. 

Төмөнкүлөр кепилдик фонддордун катышуучулары боло алышпайт: 

..............3) өзүнүн иши, финансылык абалы, катышуучуларынын курамы жөнүндө маалыматтарды, юридикалык жактын катышуучуларын, анын ичинде бенефициардык менчик ээлерин так идентификациялоого жана изилдөөгө мүмкүндүк берген ар кандай башка маалыматтарды жана документтерди белгиленген тартипте бербеген, же болбосо юридикалык жактын катышуучуларын, анын ичинде бенефициардык менчик ээлерин, ошондой эле эгерде алар Улуттук банк, банктар жана банк иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн кынтыксыз ишкердик беделин тастыктай албаган учурда, так идентификациялоого жана изилдөөгө мүмкүндүк бербеген маалыматтарды берген жеке жана юридикалык жактар; 

4-берене. Кепилдик фонддорду түзүү 

1. Кепилдик фонддор ушул Мыйзамдын талаптарын сактоо менен жеке жана юридикалык жактар тарабынан түзүлүшү мүмкүн. 

Төмөнкүлөр кепилдик фонддордун катышуучулары боло алышпайт: 

............... 

3) өзүнүн иши, финансылык абалы, катышуучуларынын курамы жөнүндө маалыматтарды, юридикалык жактын катышуучуларын, анын ичинде бенефициардык менчик ээлерин так идентификациялоого жана изилдөөгө мүмкүндүк берген ар кандай башка маалыматтарды жана документтерди белгиленген тартипте бербеген, же болбосо юридикалык жактын катышуучуларын, анын ичинде бенефициардык менчик ээлерин, ошондой эле эгерде алар банк мыйзамдарына ылайык өзүнүн кынтыксыз ишкердик беделин тастыктай албаган учурда, так идентификациялоого жана изилдөөгө мүмкүндүк бербеген маалыматтарды берген жеке жана юридикалык жактар; 

Кыргыз Республикасынын «Расмий статистика жөнүндө» мыйзамы  

6-берене. Улуттук статистика тутуму 

Кыргыз Республикасынын улуттук статистика тутуму (мындан ары - улуттук статистика тутуму) төмөнкү расмий статистиканы жүргүзүүчүлөрдөн турат: 

1) Улуттук статистика комитети;  

2) түзүмдүк бөлүмдөрдөн турган башка расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр:  

а) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, ал «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык расмий статистиканы иштеп чыгат, жүргүзөт жана жайылтат; 

б) бир гана же негизинен расмий статистиканы иштеп чыгуу, жүргүзүү жана жайылтуу менен алектенген мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары. 

6-берене. Улуттук статистика тутуму 

Кыргыз Республикасынын улуттук статистика тутуму (мындан ары - улуттук статистика тутуму) төмөнкү расмий статистиканы жүргүзүүчүлөрдөн турат: 

1) Улуттук статистика комитети;  

2) түзүмдүк бөлүмдөрдөн турган башка расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр: 

а) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, ал «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык расмий статистиканы иштеп чыгат, жүргүзөт жана жайылтат;  

б) бир гана же негизинен расмий статистиканы иштеп чыгуу, жүргүзүү жана жайылтуу менен алектенген мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары. 

9-берене. Расмий статистиканын башка жүргүзүүчүлөрү 

... 

3. Расмий статистиканын башка жүргүзүүчүлөрүнүн тизмеги Улуттук статистика комитетинин төрагасы тарабынан иштелип чыгып, расмий статистиканын башка жүргүзүүчүлөрү менен макулдашуу боюнча сунуштамаларды берүү үчүн Статистика боюнча кеңешке жиберилет жана төмөнкү критерийлерди сактоо менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө киргизилет: 

1) расмий статистиканын башка жүргүзүүчүлөрү ушул Мыйзамдын жоболорун жана расмий статистиканын негиз болуучу принциптерин сактоого өз жөндөмдүүлүктөрүн жана даярдыктарын көрсөтүшөт;  

2) статистиканын башка жүргүзүүчүлөрүнүн ортосунда пландалган натыйжалардын жана иш-чаралардын кайталанышына жол берилбейт; 

3) статистиканын башка жүргүзүүчүлөрүнүн пландалган натыйжалары жана иш-чаралары респонденттерге кошумча оорчулукту жокко чыгарат. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий статистиканы жүргүзүү жана жайылтуу үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмдөрүнүн тизмеги «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Статистика боюнча кеңешке берилет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалыматтык формада гана жөнөтүлөт.  

9-берене. Расмий статистиканын башка жүргүзүүчүлөрү 

... 

3. Расмий статистиканын башка жүргүзүүчүлөрүнүн тизмеги Улуттук статистика комитетинин төрагасы тарабынан иштелип чыгып, расмий статистиканын башка жүргүзүүчүлөрү менен макулдашуу боюнча сунуштамаларды берүү үчүн Статистика боюнча кеңешке жиберилет жана төмөнкү критерийлерди сактоо менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө киргизилет: 

1) расмий статистиканын башка жүргүзүүчүлөрү ушул Мыйзамдын жоболорун жана расмий статистиканын негиз болуучу принциптерин сактоого өз жөндөмдүүлүктөрүн жана даярдыктарын көрсөтүшөт; 

2) статистиканын башка жүргүзүүчүлөрүнүн ортосунда пландалган натыйжалардын жана иш-чаралардын кайталанышына жол берилбейт; 

3) статистиканын башка жүргүзүүчүлөрүнүн пландалган натыйжалары жана иш-чаралары респонденттерге кошумча оорчулукту жокко чыгарат.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий статистиканы жүргүзүү жана жайылтуу үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмдөрүнүн тизмеги «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Статистика боюнча кеңешке берилет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалыматтык формада гана жөнөтүлөт. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы К. Боконтаев