Кайта келүү

Долбоор 

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ  

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы жана «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынгандыгына байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

 

1-берене  

 

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1996-ж., № 6, 80-ст.; 1998-ж. № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

1) 87-статьянын 5-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

«Коммерциялык эмес уюмдардын жана финансы-кредиттик уюмдардын уюштуруу документтерин өзгөртүүлөр көрсөтүлгөн юридикалык жактар мамлекеттик кайра каттоодон өткөн күндөн тартып күчүнө кирет.»;  

2) 92-статьянын 1-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

«1. Юридикалык жакты кайра түзүү (бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп чыгаруу, өзгөртүп түзүү) анын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) же болбосо уюштуруу документтери менен ага ыйгарым укук берилген юридикалык жактын органынын чечими боюнча, же болбосо лицензияда белгиленген операцияларды жүргүзүү алар үчүн ишмердиктин жалгыз уруксат берилген түрү болуп саналган банктарга, финансы-кредиттик уюмдарга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча жүзөгө ашырылышы мүмкүн.»; 

3) 96-статьянын 2-пунктунда: 

а) төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган банкты же финансы-кредиттик уюмду жоюу банктар же башка финансы-кредиттик уюмдары үчүн белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жүргүзүлөт.»; 

б) бешинчи, алтынчы абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын; 

4) 349-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:  

«1. Банк гарантиясы боюнча банк, башка финансы-кредиттик уюм же камсыздандыруу уюму башка жактын өтүнүчү боюнча гарант тарабынан берилип жаткан милдеттенменин шарттарына ылайык ал жактын кредиторуна кредит берүүчүдөн төлөп берүү жөнүндө кат жүзүндөгү талабы боюнча акча суммасын төлөп берүү тууралуу жазуу жүзүндө милдеттенмени берет.»;  

5) 7364-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

«2. Заем алуучу кредиттин түрүнө, пайдалануу мөөнөтүнө жана суммасына карабастан, эч кандай комиссияларсыз, айыптык санкцияларсыз жана башка төлөмдөрсүз кредитти (лизингди) кайсы убакта болбосун мөөнөтүнөн мурда төлөөгө укуктуу.»;  

6) 755-статьянын 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

«4. Банк өзү алган салымдарды кайтарууну камсыз кылуу үчүн колдонууга милдеттүү каражаттар жана ыкмалар «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана келишими менен аныкталат.». 

 

2-берене 

 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 398-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

1) 71-берененин 15-пунктундагы «Улуттук банкта жана» деген сөздөр алып салынсын;  

2) 72-беренеде: 

а) 1-пункттун «ж» пунктчасындагы «, республикалык бюджетке чегерилүүчү пайданы эсептөөнүн тууралыгына» деген сөздөр алып салынсын; 

б) «з» пунктчадагы «насыялык-каржы мекемелерди» деген сөздөр «финансы-кредиттик уюмдарды» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

3) 73-берененин 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

«2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Министрлер Кабинетинин эсептерин тейлөө боюнча банктык операцияларды жүзөгө ашырат;»; 

4) 105-берененин 3-бөлүгүндөгү «Улуттук банкта жана» деген сөздөр алып салынсын. 

 

3-берене 

 

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине (2021-жылдын 16-ноябрындагы № 122123 «Эркин-Тоо» гезити) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1) 300-беренедеги «финансы-кредиттик мекемелердин» деген сөздөр «финансы-кредиттик уюмдардын» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

2) 302-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

«2. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ачылган эсептердин жана салымдарды каттабоо юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.».  

 

4-берене 

 

«Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1997-ж., № 11, 537-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1) 1-статьянын 3-пунктунун 4-пунктчасындагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында жана «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

2) 54-статьянын 1-пунктундагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы «башка кредиттик мекеме» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы «башка финансы-кредиттик уюм» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

3) 98-статьянын 5-пунктундагы «банк ссудасы» деген сөздөр «кредит» деген сөзгө алмаштырылсын.  

 

5-берене 

 

«Кредиттик союздар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 108-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1) 4-статьянын 4-пунктунун 3-пунктчасындагы «башка ыйгарым укуктуу финансы-кредиттик уюм» деген сөздөр «башка ыйгарым укуктуу финансы-кредиттик уюм» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

2) 5-статьянын 3-пунктундагы «жана маалымдоо» деген сөздөр алып салынсын; 

3) 6-статьянын 3-пунктундагы «адистештирилген финансы-кредиттик мекеме» деген сөздөр «адистештирилген финансы-кредиттик уюм» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

4) 8-статьянын 2-пунктунун 13-пунктчасындагы «каржылык-кредиттик мекеме», 28-статьянын 2-пунктундагы «финансы-кредиттик мекеме», 33-статьянын 2-пунктундагы «финансы-кредит мекеме» деген түрдүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы «финансы-кредиттик уюм» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

5) 26-статьянын 1-пунктундагы «мекемелеринен» деген сөз «уюмдарынан» деген сөзгө алмаштырылсын; 

6) 33-статьянын 9-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» деген сөздөр «Банктар жана банк иштери жөнүндө» деген сөзгө алмаштырылсын. 

 

 

 

6-берене 

 

«Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 9, 412-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1) 1-статьяда: 

а) «адистештирилген финансы-кредиттик же кредиттик мекеме», «адистештирилген финансы-кредиттик мекеме», «адистештирилген кредиттик мекеме» деген сөздөр тиешелүү түрдө «адистештирилген финансы-кредиттик же кредиттик уюм», «адистештирилген финансы-кредиттик уюм», «адистештирилген кредиттик уюм» деген сөздөргө алмаштырылсын;  

б) 1-пункттун үчүнчү абзацындагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жана «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын» деген сөздөргө алмаштырылсын;  

в) расмий тилдеги текстте 9-пунктундагы «учреждений» деген сөз «организаций» деген сөзгө алмаштырылсын; 

2) 3-статья төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:  

«7. Микрофинансы уюмунун фирмалык аталышында «ислам» деген сөздү тиешелүү уруксат берүүчү документтин негизинде өз ишин банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырган микрофинансы уюмдары гана пайдаланууга укуктуу.»; 

3) 5-статьяда: 

а) 1-пунктта «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы жана «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

б) 3-пунктта: 

биринчи абзацта «кардар менен түзүлгөн келишимге» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын талаптарына» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

экинчи абзац «мыйзамдарынын» деген сөздөрдөн кийин «жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын» деген сөздөр менен толукталсын; 

4) 8-статьянын 1-пунктунун 2-пунктчасындагы «жана маалыматтарды берүү» деген сөздөр алып салынсын; 

5) 10-статьянын 4-пунктунун биринчи абзацындагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» деген сөздөр «Банктар жана банк иштери жөнүндө» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

6) 15-статьядагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» деген сөздөр «Банктар жана банк иштери жөнүндө» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

7) 16-статьянын 1-пунктунун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

«3) үчүнчү жактардан милдеттенмелерин акчалай түрдө (факторинг) аткаруусун талап кылуу укугуна ээ болуу;»; 

8) 18-статьянын 2-пунктундагы «микрофинансы компаниясына» деген сөз «микрофинансы уюмуна» деген сөздөргө алмаштырылсын;  

9) 24-статьянын 2-пунктундагы «мекемелер» деген сөз «уюмдар» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

10) 27-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

«1. Улуттук банк «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы жана «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Улуттук банкка жүктөлгөн функцияларды жана милдеттерди аткаруу, туруктуу финансы системасын колдоо, керектөөчүлөрдүн таламдарын коргоо, ошондой эле микрофинансы компаниялары тарабынан Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарынын аткарылышын камсыз кылуу максатында микрофинансы компанияларынын ишин жөнгө салууну жана көзөмөлдү жүзөгө ашырат.»;  

11) 28-статьянын 5-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» деген сөздөр «Банктар жана банк иштери жөнүндө» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

12) 30-статьянын 2-пунктунун 7-пунктчасындагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» деген сөздөр «Банктар жана банк иштери жөнүндө» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

13) 31-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

«1. Микрофинансы компаниясы, анын кызмат адамдары жана башка кызматкерлери, микрофинансы компаниясынын акционерлери жана микрофинансы компаниясына байланыштуу жактар Улуттук банктын талабы боюнча отчетторду, документтерди жана ар кандай маалыматтарды өз убагында берүүгө милдеттүү.»;  

14) 33-статьяда:  

а) 2-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

«1) үчүнчү жактардан милдеттенмелерин акчалай түрдө (факторинг) аткаруусун талап кылуу укугуна ээ болуу;»; 

б) 3-пункттагы «мекемелерден» деген сөз «уюмдардан» деген сөздөргө алмаштырылсын;  

в) 5-пункттагы «, ошондой эле финансылык лизинг операцияларын кошпогондо» деген сөздөр алып салынсын; 

15) 35-статьяда: 

а) 9-пункттун: 

биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:  

«9. Улуттук банк же ал ыйгарым укук берген орган (жак) тышкы көзөмөлдү жана инспектордук текшерүүлөрдү жүзөгө ашырууга укуктуу.»; 

төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: 

«Микрокредиттик компания жана/же микрокредиттик агенттик, алардын кызмат адамдары жана башка кызматкерлери, катышуучулар (уюштуруучулар, акционерлер) жана микрокредиттик компания жана/же микрокредиттик агенттик менен байланышкан адамдар Улуттук банктын талабы боюнча отчетторду, документтерди жана ар кандай маалыматтарды өз убагында берүүгө милдеттүү.»; 

б) 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

«11. Улуттук банк микрокредиттик компанияны жана микрокредиттик агенттикти Улуттук банк тарабынан лицензиялануучу жана жөнгө салынуучу финансы-кредиттик уюмдар, кредиттик уюмдар жана башка юридикалык жактар үчүн каттоо органы менен макулдашуу боюнча Улуттук банк тарабынан белгиленген форма боюнча жана тартипте каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик каттоого (кайра каттоого) макулдук катты берет.»;  

16) 351-статьяда: 

а) 1-пункттун экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Пайыздын ставкасы кардарлар үчүн жылдык номиналдуу туюнтмада мезгил ичиндеги пайыздын ставкасы менен катар жана пайыздын натыйжалуу ставкасы усулу боюнча жылдык эсептөөдө берилиши керек.»;  

б) 2, 3-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

«2. Пайыздын номиналдуу жана натыйжалуу ставкасынын өлчөмдөрү жөнүндө маалымат менен катар микрофинансы уюму кардар менен келишим түзүүгө (кол коюуга) чейин негизги сумманы, пайыздарды, комиссиялык сый акыларды жана келишимди түзүүгө жана аны аткарууга байланыштуу башка төлөмдөрдү өзүнчө көрсөтүү менен кызмат көрсөтүүнүн абсолюттук маанидеги толук наркы жөнүндө маалыматты кардарга берүүгө милдеттүү. Микрофинансы уюму кардарларга кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы жөнүндө толук маалымат берүүдөн баш тартууга укуксуз. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын бурмалоочу жана кредиттик келишимдин валютасынан айырмаланган валютага байланыштыруу менен кредит боюнча төлөмдөрдүн индексин караштырган продукттарды пайдаланууга жол берилбейт.  

3. Кызмат көрсөтүүлөр боюнча пайыздардын ставкалары жөнүндө жарнамада, жарыялоолордо жана жайылтылуучу маалыматта микрофинансы уюмдары пайыздардын номиналдуу жана натыйжалуу ставкаларын көрсөтүүгө милдеттүү. Пайыздардын номиналдуу жана натыйжалуу ставкалары, комиссиялык сый акынын өлчөмдөрү жана тарифтер микрофинансы уюму менен кардардын ортосунда түзүлүүчү келишимде көрсөтүлүүгө тийиш. Келишимге ылайык депозиттер жана кредиттер боюнча пайыздык ставкалардын өлчөмдөрү тараптардын өз ара макулдугу боюнча экономикада түзүлгөн кырдаалды эсепке алуу менен мезгил-мезгили менен кайра каралып турушу мүмкүн.»; 

17) 352-статьяда: 

а) 2-пунктта:  

2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

«2) келишим түзүлгөнгө чейин кардарлар (мүмкүн болуучу карыз алуучулар) үчүн кредиттерди берүүнүн шарттары тууралуу толук маалыматты, анын ичинде кызмат көрсөтүүнүн толук наркы жөнүндө маалыматты кардардын тандоосу боюнча мамлекеттик жана/же расмий тилде толук ачып берүү камсыз кылынууга тийиш. Көрсөтүлгөн кызматтардын шарттары жана наркы жөнүндө толук маалыматты берүүдөн баш тартууга жол берилбейт. Маалыматтын формасы ар түрдүү кредиторлордун кредиттик продукцияларын салыштыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн унификацияланган жана тутумдаштырылган болууга тийиш;»;  

6-пунктчанын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:  

«6) келишимдин тексти бирдей өлчөмдөгү шрифт менен басылып, кардарлардын кабыл алуусу жана түшүнүүсү үчүн мүмкүн болушунча так жана жеткиликтүү болушу керек.»; 

8, 9-пунктчалар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

«8) келишимде кардардын кредитти (лизингди) каалаган убакта эч кандай комиссияларсыз, айып санкцияларысыз жана башка төлөмдөрсүз мөөнөтүнөн мурда төлөө укугу каралууга тийиш; 

9) кардарга, гарантка/кепилдик берүүчүгө, күрөө коюучуга тиешелүү келишим боюнча өзүнө алган милдеттенмелерин аткарбоонун же талаптагыдай аткарбоонун бардык кесепеттери кол койдуруу менен түшүндүрүлүүгө тийиш;»; 

төмөнкүдөй мазмундагы 1517-пунктчалар менен толукталсын: 

«15) мөөнөтү өткөн кредиттик карыз боюнча чегерилген үстөк айыптын (туумдун, айып пулдун) максималдуу суммасы Улуттук банк тарабынан белгиленген мааниден ашпоого тийиш;  

16) эгерде күрөө предметинен өндүрүп алууну жүргүзүү процессинде тараптардын макулдашуусу менен сатуунун башка ыкмасы каралбаса, турак жайлар түрүндөгү күрөөдө турган кыймылсыз мүлк ачык тоорук аркылуу гана сатылат;  

17) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка талаптар.»;  

б) төмөнкүдөй мазмундагы 35-пункттар менен толукталсын: 

«3. Микрофинансы уюмдарында банк мыйзамдарынын талаптарына ылайык кардарлардын кайрылууларын кароонун тартибин жөнгө салуучу документтер милдеттүү болууга тийиш. Кардарлардын кайрылуулары жазуу жүзүндө жооп берүү менен 30 (отуз) календардык күндөн кечиктирилбестен каралууга тийиш.  

4. Кардардын кайрылууларын кароонун жыйынтыгы боюнча документтер белгиленген тартипте кеминде 3 (үч) жыл сакталууга тийиш. 

Микрофинансы уюмдары кардардын талабы боюнча ага уюштуруучу, уруксат берүүчү документтер жана финансылык отчеттор менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү.  

5. Эгерде келишимди аткаруу процессинде келип чыккан талаштар тараптардын макулдашуусу боюнча чечилбесе, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте, анын ичинде талаштарды сотко чейинки жөнгө салуунун алкагында чечилет.»;  

18) 353-статьянын 2-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» деген сөздөр «Банктар жана банк иштери жөнүндө» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

19) 36-статьянын 3-пункту «микрофинансы уюмунун каражаттарынын эсебинен жарыялоого» деген сөздөрдөн кийин «жана мыйзамдарда каралган таасир этүү чараларын колдонууга» деген сөздөр менен толукталсын. 

 

7-берене 

 

«Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 6, 240-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:  

1-статьянын 5-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына» деген сөздөргө алмаштырылсын.  

 

8-берене  

 

«Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 7, 252-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

8-статьяда: 

1-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

4-пункту «кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатындагы мыйзамдын негизинде гана» деген сөздөрдөн кийин «, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруусу жана Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун коргоо максатында» деген сөздөр менен толукталсын.  

 

9-берене  

 

«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2772-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1) 21-берененин 5-бөлүгүндөгү «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» деген сөздөр «Банктар жана банк иштери жөнүндө» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

2) 22-берененин 3-бөлүгүндөгү «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» деген сөздөр «Банктар жана банк иштери жөнүндө» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

10-берене 

 

«Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 990-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1) 9-беренедеги «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

2) 25-берененин 2-бөлүгүндөгү «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

11-берене 

 

«Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 10, 826-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:  

9-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

«4. Лицензия берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чечимдерин сотко чейинки даттануу жол-жоболорун сактоо шарты менен сотто даттанылышы мүмкүн.». 

 

 

12-берене 

 

«Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 1, 21-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

1) 26-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

«26-берене. Улуттук банктын Кыргыз Республикасынын төлөм системасындагы функциялары жана ыйгарым укуктары  

1. Кыргыз Республикасынын улуттук төлөм системасынын натыйжалуу, ишенимдүү жана коопсуз иштешин камсыз кылуу максатында Улуттук банк Кыргыз Республикасынын аймагында төлөм системаларынын ишин жөнгө салууну жүзөгө ашырат: 

1) электрондук акчаларды чыгаруу укугуна лицензия берет жана берилген лицензиялардын реестрин жүргүзөт; 

2) төлөм системасынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча ишти жүзөгө ашырууга, ошондой эле маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмаларына негизделген төлөм системалары аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына, өз ишинин натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүгө лицензияларды берет жана берилген лицензиялардын реестрлерин жүргүзөт; 

3) Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык электрондук акчаларды пайдалануу менен кызмат көрсөтүү үчүн акча которуулар системаларынын, банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн эл аралык төлөм системаларынын операторлорун жана электрондук акчалардын эл аралык системаларынын операторлорун/электрондук акчалардын эл аралык системаларынын эмитенттерин каттоону жүзөгө ашырат; 

4) банктар аралык төлөмдөрдү жүзөгө ашырууга өбөлгө түзөт. 

2. Ушул Мыйзамда каралган ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун алкагында Улуттук банк төмөнкү функцияларды аткарат: 

1) лицензиялоо (уруксат берүүчү документтерди берүү) тартибин аныктайт жана төлөм системасынын операторлорунун акционерлерине (катышуучуларына) жана төлөм уюмдарына талаптарды белгилейт; 

2) уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн, ошондой эле экономикалык ченемдерди жана көрсөткүчтөрдү, талаптарды, чектөөлөрдү белгилейт; 

3) төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын акцияларын (үлүштөрүн) сатып алуу, же болбосо капиталына чектүү катышуу тартибине карата талаптарды белгилейт; 

4) төлөм системасынын/төлөм уюмунун операторунун алар менен байланыштуу жактар менен операцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруусуна карата талаптарды белгилейт; 

5) төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын кызмат адамдарына жана башка кызматкерлерине, төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын кызмат адамдарынын фидуциардык милдеттерине карата талаптарды белгилейт; 

6) төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын кызмат адамдарын, акционерлерин/катышуучуларын алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага тартылган деп таануу тартибин аныктайт; 

7) төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын эсепке алуу жана финансылык отчеттуулук жана тышкы аудитине карата талаптарды белгилейт; 

8) төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин, бизнес-моделин, ички контролдоо жана тобокелдиктерди башкаруу системаларын баалоо үчүн алардын программаларын жана пландарын, ошондой эле финансылык проблемалар келип чыккан учурга карата финансылык чыңдоо планын берүүнүн талаптарын жана тартибин белгилейт; 

9) төлөм системасынын операторлорунун, төлөм уюмдарынын жана төлөм системасынын башка катышуучуларынын ишин жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат; 

10) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка функцияларды, ыйгарым укуктарды жана укуктарды жүзөгө ашырат. 

3. Улуттук банк төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм системаларынын катышуучуларынын ишин жөнгө салуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруу максаттында төмөнкү чараларды көрүүгө милдеттүү

1) төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине талаптарды белгилейт; 

2) төлөм системасынын категориясына жараша төлөм системасы аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн максималдуу/минималдуу өлчөмү боюнча чектөөлөрдү белгилейт. Чектөөлөрдү эсептөө методикасы Улуттук банк тарабынан аныкталат; 

3) төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунда монополияга каршы жөнгө салууну, атаандаштыкты жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуунун алкагында талаптарды белгилейт; 

4) маалымат коопсуздугу, ишенимдүүлүгү, төлөм системасынын үзгүлтүксүз иши боюнча талаптарды белгилейт. 

4. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын төлөм системасын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ченемдик укуктук актыларды, анын ичинде баалуу кагаздар менен эсептешүү системаларына жана баалуу кагаздар менен операциялар боюнча акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө алардын төлөм системалары менен өз ара аракеттенүүсүнө талаптарды иштеп чыгат.  

5. Улуттук банк тарабынан ушул Мыйзам менен анын компетенциясына киргизилген маселелер боюнча ченемдик укуктук актыларда белгиленген талаптар төлөм системасынын бардык катышуучулары, операторлору, юридикалык жактар, ошондой эле алардын кардарлары жана аткаруу бийлик органдары тарабынан аткарылууга милдеттүү болуп саналат.»; 

2) 31-берененин 6-бөлүгүнүн 4-пунктчасы «ушул Мыйзамга» деген сөздөрдөн кийин «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына» деген сөздөр менен толукталсын; 

3) 311-беренеде: 

а) 2-бөлүктөгү «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» деген сөздөр «Банктар жана банк иштери жөнүндө» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

б) төмөнкүдөй мазмундагы 21өлүк менен толукталсын: 

«21. Төлөм системасынын катышуучуларына жана алардын кызмат адамдарына карата ушул Мыйзамга ылайык колдонулуучу таасир этүү чаралары административдик жоопкерчилик чараларына кирбейт.».  

 

13-берене 

 

«Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 15-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

1) 56, 95-беренелердеги түрдүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы «финансы-кредиттик мекеме» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы «финансы-кредиттик уюм» деген сөздөргө алмаштырылсын;  

2) 56-берененин 3-бөлүгүндөгү «токтомду» деген сөз «сот актысын» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

3) 66-беренедеги түрдүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы «финансы-кредиттик мекеме», «башка финансы-кредиттик мекеме» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы «финансы-кредиттик уюм», «башка финансы-кредиттик уюм» деген сөздөргө алмаштырылсын.  

 

14-берене 

 

«Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 4, 187-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1) 1-берененин 2-бөлүгүндөгү «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» деген сөздөр «Банктар жана банк иштери жөнүндө» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

2) 4-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктундагы «Улуттук банк, банктар жана банк иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына» деген сөздөр «банк мыйзамдарына» деген сөздөргө алмаштырылсын.  

 

15-берене 

 

«Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (2019-жылдын 16-июлундагы № 59 «Эркин-Тоо» гезити) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1) 6-берененин 2-пунктунун «а» пунктчасындагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

2) 9-берененин 3-бөлүгүндөгү «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

16-берене 

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Президенти