Кайта келүү

Сулайманбекова Жылдыз Сагыналиевна 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү 

1979-жылдын 18-февралында туулган 

Билими 

2000-жыл Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университети, «Экономика жана менеджмент» адистиги боюнча, Бишкек ш., Кыргыз Республикасы 

2015-жыл Россия Федерациясынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык университет, «Коммерциялык банктын инспектору-банктык менеджмент». 

Эмгек жолу: 

2000-2006-жылдар Эл аралык башкаруу, укук, финансы жана бизнес академиясы, «Финансы жана кредит» кафедрасынын окутуучусу. 

2006-2008-жылдар - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгынын финансылык отчеттуулук жана контролдоо бөлүмүнүн адиси, жетектөөчү адиси. 

2008-2011-жылдар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банктык көзөмөл башкармалыгынын тышкы көзөмөл бөлүмүнүн жетектөөчү инспектору, башкы инспектору. 

2011-2012-жылдар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банктык көзөмөл башкармалыгынын банктарды инспектирлөө бөлүмүнүн башкы инспектору. 

2012-жыл Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын көзөмөлдөө методологиясы бөлүмүнүн башкы инспектору. 

2013-2014-жылдар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Инспектирлөө башкармалыгынын БФКУларды инспектирлөө бөлүмүнүн начальниги. 

2015-2016-жылдар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын лицензиялоо бөлүмүнүн начальниги. 

2016-2018-жылдар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын начальниги. 

2018-2022-жылдар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын начальниги. 

2022-2023-жылдар «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКтын төрагасынын орун басары. 

2023-2024-жылдар «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКтын Жашыл каржылоо методологиясы боюнча департаментинин долбоорлор боюнча менеджери, директору. 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы тескемеси менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү болуп дайындалды.  

 

Сыйлыктары: 

· Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ардак грамотасы; 

· Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын II даражадагы төш белгиси; 

· Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин «Экономиканын отличниги» төш белгиси; 

· Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Ардак грамотасы; 

· «Кыргызстан Банктар Союзу» юридикалык жактардын бирикмесинин Ардак грамотасы; 

· Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин Ардак грамотасы; 

· Кыргыз Республикасынын Фондулук биржасынын Ардак грамотасы.  

Билген тилдери: 

· Кыргыз, орус, англис.