Алиев Бектур Кубанычбекович
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары
1974-жылдын 24-июнунда туулган.
Билими:
1991-1996-жылдары – Кыргыз мамлекеттик улуттук университети, “Бухгалтердик эсеп жана аудит” адистиги боюнча, Кыргызстан.
1999-2001-жылдары – MSc in Finance and Investment University of Durham, Durham, United Kingdom.
2007-2010-жылдары – Кыргыз-Россия-Славян университети, “Юрист, жарандык укук” адистиги боюнча, Кыргызстан.
2021-2022-жылдары – Executive MBA, Quantic School of Business & Technology, USA.
Эмгек жолу:
1996-1999-жылдары – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгынын жетектөөчү адиси
2000-2001-жылдары – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Финансы бөлүмүнүн башкы экономисти.
2001-2005-жылдары – "Кыргыз инвестициялык-кредит банкы" ЖАКтын Ички аудит башкармалыгынын начальниги.
2005-2012-жылдары – "Кыргыз инвестициялык-кредит банкы" ЖАК Башкармасынын мүчөсү, операциялык иштин жетекчиси (KICB).
2012-2015-жылдары – "Кыргыз инвестициялык-кредит банкы" ЖАК Башкармасынын төрагасынын орун басары/ банк ишинин жетекчиси (KICB).
2015-2018-жылдары – "Кыргыз инвестициялык-кредит банкы" ЖАК Башкармасынын мүчөсү / корпоративдик кредиттөөнүн жетекчиси (KICB).
2018-2019-жылдары – "Кыргыз инвестициялык-кредит банкы" ЖАК Башкармасынын төрагасынын орун басары (KICB).
2020-2021-жылдары – "Кыргыз инвестициялык-кредит банкы" ЖАК Башкармасынын төрагасынын милдетин аткаруучу (KICB).
2021-2022-жылдары – "Кыргыз инвестициялык-кредит банкы" ЖАК Башкармасынын төрагасы (KICB).
2023-жыл апрель-2024-жыл август – "Коммерциялык банк Кыргызстан" ААК Башкармасынын төрагасы (MBank).
2024-жылдын 9-сентябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Президентинин тескемеси менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары кызмат ордуна дайындалган.
Билген тилдери:
Кыргыз, орус, англис.