Кайта келүү

Козубеков Азат Айбекович

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары 

 

1987-жылдын 2-мартында туулган 

Билими:

2004-2009 жылдары Кыргыз-Орус Славян Университети 

2013-2015 жылдары Hitotsubashi University (Tokyo, Japan). Masters of Public Economic Policy. 

Эмгек жолу:

2008-2009 жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Экономика башкармалыгынын макроэкономикалык анализдөө жана финансы рыногуна иликтөөлөрдү жүргүзүү бөлүмүнүн стажеру.  

2009-2010 жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Экономика башкармалыгынын макроэкономикалык анализдөө жана финансы рыногуна иликтөөлөрдү жүргүзүү бөлүмүнүн экономисти. 

2010-2012 жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Экономика башкармалыгынын макроэкономикалык анализдөө жана финансы рыногуна иликтөөлөрдү жүргүзүү бөлүмүнүн жетектөөчү экономисти. 

2012-2015 жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Экономика башкармалыгынын макроэкономикалык анализдөө жана финансы рыногуна иликтөөлөрдү жүргүзүү бөлүмүнүн башкы экономисти. 

2015-2017 жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Экономика башкармалыгынын экономикалык модель түзүү бөлүмүнүн Кыргыз Республикасынын теңдештирүү моделин иштеп чыгуу тобунун жетекчиси. 

2017-2021 жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Экономика башкармалыгынын экономикалык модель түзүү бөлүмүнүн начальниги. 

2021-2022 жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Экономика башкармалыгынын начальниги. 

2022-2024 жылдары Кыргыз Республикасынын Акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын начальниги. 

2024 жылдары Эл аралык валюта фондунун кыска мөөнөттүү эксперти. 

2016-жылдан тартып азыркы күнгө чейин Борбордук Азиядагы Америка Университети, сырттан окутуучу, макроэкономика 

2024-жылдын 26-августунан тартып Кыргыз Республикасынын Президентинин тескемеси менен Улуттук банкынын төрагасынын орун басары кызмат ордуна дайындалган.  

Сыйлыктары:

· Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ыраазычылыгы. 

· Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ардак грамотасы. 

Билген тилдери:

Кыргыз, орус, англис.