Кайта келүү

Темиров Канат Абайылдаевич

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү

1978-жылдын 19-июнунда туулган.

Билими:

1995-2000-жылдары - Кыргыз-Россия Славян университети, "Юриспруденция" адистиги боюнча, Бишкек ш., Кыргыз Республикасы.

Эмгек жолу:

2000-2002-жылдары – Кыргыз Республикасынын Талас областынын Манас районунун прокуратурасынын жардамчысы, тергөөчү.

2003-2009-жылдары – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Юридика бөлүмүнүн юристи, башкы юрист.

2009-2011-жылдары –– "Банктарды кайра каржылоонун атайын фонду" ЖЧКнын юристи, Бишкек ш., Кыргыз Республикасы.

2011-2022-жылдары – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Юридика башкармалыгынын Мыйзам долбоорлору менен иштөө бөлүмүнүн начальниги, Юридика башкармалыгынын начальниги.

2022-2024-жылдары – "Кыргыз инкассациясы" ЖАКтын башкы директору, Бишкек ш., Кыргыз Республикасы.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 16-февралындагы тескемеси менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү кызмат ордуна дайындалган.

Сыйлыктары:

· 10 сом номиналындагы "Манас-1000" күмүш нумизматикалык монетасы.

· Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ардак грамотасы.

· 1 сом номиналындагы акрил блогун тапшыруу менен ыраазычылык.

· 10 сом номиналындагы "Барсбек – кыргыз каганы" күмүш нумизматикалык монетасы.

· "Кыргызстан банктарынын союзу" ЮЖБнын ыраазычылык каты.

· Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын II даражадагы төш белгиси.

· Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын I даражадагы төш белгиси.

· Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы.

Билген тилдери:

Кыргыз, орус.