Жамалидинов Улан Тилектешович
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү
1976-жылдын 16-мартында туулган.
Билими
1993-1997-жылдары – Кыргызстан Эл аралык университети, "Системалык анализ жана башкаруу" адистиги боюнча, Бишкек ш., Кыргыз Республикасы.
1997-1999-жылдары – Кыргызстан Эл аралык университети, "Экономика жана бизнес" багыты боюнча магистр, Бишкек ш., Кыргыз Республикасы.
Эмгек жолу:
1997-2013-жылдары – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Маалыматтык системалар башкармалыгынын Келечекке долбоорлоо бөлүмүнүн адиси, жетектөөчү адиси, начальниги.
2013-2015-жылдары – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системалары башкармалыгынын начальниги.
2015-2019-жылдары – "Банктар аралык процессинг борбору" ЖАКтын башкы директору, Башкармасынын төрагасы, Бишкек ш., Кыргыз Республикасы.
2019-2022-жылдары – "Кепилдик фонду" ААКтын Башкармасынын мүчөсү, Бишкек ш., Кыргыз Республикасы.
2022-жылы – "Банктар аралык процессинг борбору" ЖАК Башкармасынын төрагасы.
2022-жылдын октябрь айында – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банк ишин автоматташтыруу башкармалыгынын начальниги.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 29-ноябрындагы тескемеси менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү кызмат ордуна дайындалган.
Сыйлыктары:
· Ыразычылык жарыялоо, 1998-ж.,
· 10 сом номиналындагы "Манас-1000" күмүш нумизматикалык монетасы.
· Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ардак грамотасы.
· 10 сом номиналындагы "Шанхай кызматташтык уюму" күмүш нумизматикалык монетасы.
· "Банктар аралык процессинг борбору" ЖАКтын отличниги" төш белгиси.
· Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын II даражадагы төш белгиси.
Билген тилдери:
Кыргыз, орус, англис.