Аттокуров Мелс Шерикбаевич
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары
1973-жылдын 15-ноябрында туулган.
Билими
1992-1996-жылдары - Кыргыз мамлекеттик улуттук университети, "Экономикалык жана социалдык пландаштыруу" адистиги боюнча, Бишкек ш., Кыргыз Республикасы.
"Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси", "Финансы кызматынын бухгалтери" чинине ээ.
Эмгек жолу:
1997-1999-жылдары – Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областтык башкармалыгынын Ноокен районунун финансы бөлүмүнүн 1-категориядагы адиси.
1999-2008-жылдары – Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусттук финансы башкармалыгынын Ноокен райондук финансы бөлүмүнүн начальниги, Базар-Коргон райондук бюджет бөлүмүнүн начальниги, Казыналыктын Базар-Коргон райондук регионалдык бөлүм башчысы, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областтык финансы башкармалыгынын начальнигинин орун басары.
2010-2012-жылдары – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ички аудит бөлүмүнүн башчысы, Казыналыктын Чүй областындагы регионалдык бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин орун басары.
2014-жылы – Бишкек шаарынын мэриясынын Атаандаштык саясат боюнча башкармалыгынын начальнигинин милдетин аткаруучу, Кыргыз Республикасы.
2014-2017-жылдары – Төлөм системалары боюнча тышкы консультант, "Кыргыз Кредит Банк" ААКтын Төлөм системалары башкармалыгынын начальниги, Кыргыз Республикасы.
2017-жылы – "Евразия Сактык Банкы" ААКтын Операциялык башкармалыктын начальниги, төлөм системаларынын башкармалыгынын начальниги, Кыргыз Республикасы.
2021-2022-жылдары – Борбордук казыналыктын Чыгашалар бөлүмүнүн башкы адиси, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директору.
2023-жылы – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын кеңешчиси.
2023-жылдын 12-декабрынан тартып Кыргыз Республикасынын Президентинин тескемеси менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары кызмат ордуна дайындалган.
Сыйлыктары:
· Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин "Финансы-экономикалык иштердин отличниги" сыйлыгы.
· 10 сом номиналындагы "Сомго - 30 жыл" нумизматикалык күмүш монетасы.
Билген тилдери:
Кыргыз, орус.