Тургунбаев Мелис Жусупжанович
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы
1982-жылдын 2-майында туулган
Билими:
1998-2003-жылдары – Борбордук Азиядагы Америка университети.
2005-жылы – Policy Research Institute (Tokyo, Japan). Diploma, Economic Policy.
2019-жылы – экономика боюнча докторлук диссертациясын жактаган.
2021-2023-жылдары – London Business School. The LBS Sloan Masters in Leadership and Strategy.
Эмгек жолу:
2002-2006-жылдары – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыз башкармалыгынын жетектөөчү адиси.
2006-2015-жылдары – "Газпром нефть Азия" ААКтын Рынокту анализдөө жана баа түзүү бөлүмүнүн начальниги
2013-2017-жылдары – "Кыргызнефтегаз" ААК Директорлор кеңешинин мүчөсү.
2015-2021-жылдары – "Газпром Кыргызстан" ЖЧКнын регионалдык филиалынын директору.
2017-2020-жылдары – "Кыргызнефтегаз" ААК Директорлор кеңешинин төрагасы.
2020-2021-жылдары – "Кыргызнефтегаз" ААК Башкармасынын төрагасы.
2021-2023-жылдары – "Кыргыз инвестициялык-кредит банкы" ЖАКтын Директорлор кеңешинин мүчөсү.
2023-2024-жылдары – Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри.
2024-жылдын 27-июнунан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы болуп шайланган.
Сыйлыктары:
· Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы.
· Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы.
· Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин "Экономиканын отличниги" сыйлыгы.
· Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин "Мамлекеттик менчикти башкаруу системасынын отличниги" сыйлыгы.
· Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Ардак грамотасы.
· Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин Ардак грамотасы.
· "Газпром Нефть Азия" ААК Ардак грамотасы.
Билген тилдери:
Кыргыз, орус, англис.