Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин
30 жылдыгына арналган «Сом – Кыргызстандын жүзү» темасында балдар жана жаштар арасында
эссе жазуу боюнча республикалык сынак жарыялайт
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына арналган 12-15 жаш курактагы балдар арасында эссе жазуу боюнча республикалык сынак жарыялайт.
Сынакка катышуу үчүн талапкерлер 2023-жылдын 1-сентябрынан 1-октябрына чейинки мезгилде https://forms.gle/FVUxucXgviNxEYxm8 дарек боюнча онлайн-өтүнмө толтуруп, сынакка деген эмгектерин Улуттук банктын кызматкерлеринин электрондук почтасына жөнөтүүсү зарыл.
Сынак боюнча эмгектерди баалоонун негизги критерийлери:
· теманы ачуу;
· логикалык жана ырааттуу ой жүгүртүү;
· кошумча материалдарды колдонуу;
· тыянак.
Жеңүүчүлөрдүн ысымдары 2023-жылдын 24-октябрында жарыяланат.
Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына арналган «Сом – Кыргызстандын жүзү» темасында балдар жана жаштар арасында эссе жазуу боюнча республикалык чыгармачылык сынак өткөрүү тартиби шилтемеде.