Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында 2023-жылдын 22-майынан тартып 25-май күндөрү Каракол шаарында Ысык-Көл областынын финансы-кредит уюмдарынын айымдар арасында волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү.  

Мелдешке Ысык-Көл областында жайгашкан финансы-кредит уюмдарынын ичинен 10 команда катышты.  

Оюндун жеңүүчүлөрү медаль жана башка баалуу сыйлыктар менен сыйланды.