Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы сомдун жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгынын алкагында жана «Сом - Кыргызстандын жүзү» аталышындагы иш-чаралар планына ылайык, Улуттук банктын Ысык-Көл областтык башкармалыгынын эмгек жамааты 2023-жылдын 5-апрелинде Каракол шаарынын «Жеңиш» паркынын аймагына Тянь-Шань карагай көчөттөрүн отургузушту.